Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

«Күзөт мунарасынын» изилдөөгө арналган чыгарылышы  |  Март, 2014

Ишенимдеш эмес туугандарыңарга жардам бергиле

Ишенимдеш эмес туугандарыңарга жардам бергиле

«ҮЙҮҢӨ, туугандарыңа барып, болгон нерсенин баарын: Жахабанын сага эмне кылганын, кантип кайрымдуулук көрсөткөнүн айтып бер». Бул сөздөрдү Иса Машаяк, кыязы, Галилея деңизинин түштүк-чыгышындагы Гадара шаарынын жанында жүргөндө анын жолдоочусу болгусу келген кишиге айткан. Анын бул сөздөрүнөн адамдардын кызыктуу жана маанилүү нерселерди туугандарына айтууга ынтызар келерин жакшы түшүнгөнү көрүнүп турат (Мр. 5:19).

Айрым маданияттарда бул көбүрөөк, башкаларында азыраак байкалганы менен, бардык эле адамдардын ушундай өзгөчөлүгү бар. Ошондуктан кимдир бирөө чыныгы Кудай Жахабанын кызматчысы болгондо, адатта, ал жөнүндө жакындарына айткысы келет. Бирок аларга жакшы кабарды кантип айтыш керек? Бөлөк динди туткан же Кудайга такыр эле ишенбеген тууган-туушкандарыбызга канткенде жардам бере алабыз? Буга байланыштуу Ыйык Китепте пайдалуу жана иш жүзүндө колдонорлук кеңештер камтылган.

«БИЗ МАШАЯКТЫ ТАПТЫК»

1-кылымда Исанын Машаяк экенин Андрес алгачкылардан болуп түшүнгөн. Ал аны билер замат кимге сүйүнчүлөп барган? Ыйык Китепте: «[Андрес] адегенде бир тууганы Симонду таап, ага: „Биз Машаякты таптык“,— деди»,— деп жазылган. Ошентип, Петир бир тууганынын жардамы менен Иса Машаяктын шакирти болуп калган (Жкн. 1:35—42).

Ошондон алты жыл өткөндөн кийин Петир Жапада жүргөндө түндүк тарапта жайгашкан Кесариядагы жүз башы Корнелийдин үйүнө чакырылган. Петир Корнелийдикине барганда, аныкында кимдер бар эле? «Корнелий туугандары менен жакын досторун чогултуп, аларды [Петирди жана аны менен чогуу келаткандарды] күтүп жаткан»,— делет Ыйык Китепте. Корнелий туугандарынын да Петирдин айткандарын угуп,  ошого жараша чечим чыгарышын каалаган (Элч. 10:22—33).

Андрес менен Корнелийдин жакындарына кылган мамилесинен эмнеге үйрөнө алабыз?

Туугандары жакшы кабарды угушу үчүн, экөө тең иш-аракет кылышкан. Алсак, Андрес Петирди Иса Машаяктын өзүнө алып барган, ал эми Корнелий, Петир келерде, үйүнө туугандарын чогулткан. Ошол эле учурда экөө тең, үйүндөгүлөрү Машаяктын жолдоочусу болушу үчүн, аларды күчкө салып кыйнаган эмес же амалкөйлүк менен иш кылган эмес. Ооба, алар бизге жакшы үлгү калтырган. Биз да билгендерибизди жакындарыбызга айтып, Ыйык Китептеги чындыкты угушуна жардам берип, ишенимдештерибиз менен тааныштырсак болот. Бирок алардын чечим чыгаруу эркиндигин сыйлап, чындык жолуна түшүүгө мажбурлагыбыз келбейт. Тууган-туушкандарыбызга жардам берүү үчүн германиялык Юрген жана Петра деген жубайлардын да үлгүсүн карап көрөлү.

Петра Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп, кийинчерээк чөмүлгөн. Анын күйөөсү Юрген офицер болчу. Башында Юрген аялынын Жахабанын Күбөсү болгонун жактырчу эмес. Бирок убакыттын өтүшү менен Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китептеги чындык жөнүндө кабар айтышарын түшүнгөн. Ошентип, ал да өмүрүн Жахабага арнаган. Бүгүнкү күндө ал жыйналышта аксакал болуп кызмат кылат. Бөлөк динди туткан үй-бүлө мүчөлөрүбүзгө кантип жардам берсек болору жөнүндө Юрген эмне дейт?

Ал мындай деп ой бөлүшөт: «Биз туугандарыбызды мажбурлабашыбыз жана аларга тынбай эле кабар айта бербешибиз керек. Болбосо алар иренжип, ого бетер уккусу келбей калышат. Андан көрө, кабарды сылыктык менен, кызыктуу кылып, аз-аздан айтып турганыбыз жакшы. Ошондой эле өздөрүнүн курагындагы жана кызыккан нерселери окшош бир туугандар менен тааныштырганыбыз оң. Ушуларды кылсак, аларга жардам берүү оңоюраак болот».

«Биз туугандарыбызды мажбурлабашыбыз жана аларга тынбай эле кабар айта бербешибиз керек» (Юрген)

Андрестин бир тууганы Петир жана Корнелийдин туугандары жакшы кабарга дароо кулак кагышкан. Бирок 1-кылымда айрымдарга чындык жолуна түшүү үчүн көбүрөөк убакыт талап кылынган.

МАШАЯКТЫН ТУУГАНДАРЫ ЧЫНДЫККА КАНДАЙ КАРАГАН?

Иса Машаяк кызмат кылып жүргөндө, айрым туугандары жакшы кабарды кабыл алышкан. Сыягы, элчи Жакып менен элчи Жакан анын бөлөлөрү, ал эми алардын энеси Саломе таежеси болгон. Ошондой эле «өздөрүнүн каражатын Иса менен анын элчилерине кызмат кылууга жумшаган» көп аялдардын арасында Саломе да болгон көрүнөт (Лк. 8:1—3).

Анткен менен Иса Машаяктын кээ бир туугандары ага дароо эле ишенип калышкан эмес. Айталы, ал чөмүлгөндөн бир жылдай өткөн соң, көп эл анын айткандарын угуш үчүн бир үйгө чогулган. «Элдин чогулганын укканда туугандары: „Ал акылынан айнып калыптыр“ — деп, Исаны алып кеткени келишкен». Кийинчерээк инилери ага майрамга барышы керектигин айтышканда, ал эмне кыларын ачык айткан эмес. Эмне үчүн? Анткени «алар Исага ишенишчү эмес» (Мр. 3:21; Жкн. 7:5).

Иса Машаяктын туугандарына кылган мамилесинен эмнени биле алабыз? Алар: «Ал акылынан айнып калыптыр»,— деп айтышканда, Иса таарынган эмес. Ал тирилгенден кийин уялаш  иниси Жакыпка көрүнгөн. Муну менен туугандарынын ишенимин бекемдеген. Анткени ошондон улам Жакып эле эмес, башка бир туугандары да анын чынында эле Машаяк экенине ишенип калышкан. Бул алардын элчилер жана башка шакирттер менен бирге Иерусалимдеги үйдүн үстүнкү кабатында болуп, кыязы, алар менен бирге ыйык рух алганынан көрүнүп турат. Иса Машаяктын уялаш инилери Жакып менен Жүйүт кийинчерээк сыймыктуу жоопкерчиликтерди аркалашкан (Элч. 1:12—14; 2:1—4; 1 Кор. 15:7).

АЙРЫМДАРГА КӨБҮРӨӨК УБАКЫТ КЕРЕК

«Ийгиликке жетиш үчүн баарынан да чыдамдуулук, чыдамдуулук жана чыдамдуулук керек» (Розвита)

1-кылымдагыдай эле, азыр да айрымдарга чындык жолуна түшүү үчүн көбүрөөк убакыт талап кылынат. Мисалга Розвитаны алалы. Күйөөсү 1978-жылы Жахабанын Күбөсү катары чөмүлгөндө, ал динге бекем карманган католик болчу. Өзүнүн динин туура деп эсептегендиктен башында ал күйөөсүнө каршы болуп жүргөн. Бирок жылдар өткөн сайын, ал мурдагыдай каршылык көрсөтпөй калган жана Жахабанын Күбөлөрү чындыкты окутарын түшүнгөн. 2003-жылы болсо өмүрүн Жахабага арнап, чөмүлгөн. Ага өзгөрүүгө эмне түрткү болгон? Күйөөсүнүн ага каршылыгына жараша жооп кайтарбай, өз алдынча чечим чыгарууга мүмкүнчүлүк бергени түрткү болгон. Розвита: «Ийгиликке жетиш үчүн баарынан да чыдамдуулук, чыдамдуулук жана чыдамдуулук керек»,— деп айтат.

Моника деген ишенимдешибиз 1974-жылы, ал эми эки уулу андан он жылдай өткөндөн кийин чөмүлүшкөн. Бирок анын жолдошу Ханс, аларга эч качан каршылык көрсөтпөгөнү менен, 2006-жылга чейин Жахабанын Күбөсү болгон эмес. Артка кылчая карап, ал үй-бүлө: «Жахабага берилгендик сакта жана ишенген нерселериңе ар дайым бекем карман»,— деп кеңеш айтат. Албетте, Ханска үй-бүлөсүнүн аны жакшы көрөрүнө ынандырып турганы да чоң жардам болгон. Алар анын акыр-аягы чындыкка келеринен эч качан үмүт үзүшкөн эмес.

АЛАРДЫ ЧЫНДЫКТЫН СУУСУ МЕНЕН СЕРГИТКИЛЕ

Машаяк чындык жөнүндөгү кабарды «түбөлүк өмүр бере турган» сууга салыштырган (Жкн. 4:13, 14). Эч кимибиз каймана мааниде туугандарыбыздын үстүнө суу куюп жиберип, аларды чочутуп алгыбыз келбейт. Биз алардын чындыктын таза, мөлтүр суусунан ичип, сергишин каалайбыз. Кандай натыйжага жетерибиз ишенген нерселерибизди аларга кантип түшүндүрүп бергенибизге жараша болот. Ыйык Китепте «адил адамдын жүрөгү ойлонуп жооп берери» жана «акылмандын жүрөгү оозуна түшүнүк, тилине ынанымдуулук кошору» айтылат. Бул кеңештерди кантип колдонсок болот? (Накыл 15:28; 16:23).

Аялы ишенген нерселери тууралуу күйөөсүнө айтып бергиси келип жатат деп коёлу. Эгер ал адегенде жакшылап ойлонсо, ылайыктуу сөздөрдү тандап, оюн туура жеткире алат. Ал адилсинип, өзүн күйөөсүнөн жогору коюп жаткандай түр көрсөтпөшү керек. Анын жакшылап ойлонуп айткан сөздөрү көңүлдү сергитип, үй-бүлөдө тынчтык болушуна өбөлгө түзөт. Төмөнкү суроолор тууралуу ой жүгүртүү ага акылдуулук менен сүйлөөгө жана иш кылууга жардам берет: «Кайсы учурда жолдошумдун көңүлү жайдары болуп, ага кайрылуу оңой болот? Ал эмнелер тууралуу сүйлөшкөндү же окуганды жакшы көрөт? Эмнеге кызыгат: илимгеби, саясаткабы же спорткобу? Анын Ыйык Китепке болгон кызыгуусун өстүрүп, ошол эле учурда көз карашын сыйлаарымды, сезимдерин эске аларымды кантип көрсөтө алам?»

Жахабага кызмат кылбаган туугандарыбызга жардам бериш үчүн аларга аз-аздан кабар айтып койгонубуз жетишсиз. Айткан сөздөрүбүзгө иштерибиз да ылайык келиши керек.

ЖҮРҮМ-ТУРУМУҢАР ДАЙЫМА ҮЛГҮЛҮҮ БОЛСУН

«Ыйык Китептеги принциптерди күнүмдүк турмушта дайыма колдон. Ошондо туугандарың сага айтпаган күндө да, бир саамга токтоп, ойлонушу мүмкүн»,— дейт жогоруда сөз кылынган Юрген. Аялынан кийин 30 жылдай өткөн соң чөмүлгөн Ханс да ага кошулат. Ал: «Туугандарыбыз чындыктын жашообузга жакшы таасир этип жатканын көрүшү үчүн, жүрүм-турумубуздун үлгүлүү болгону абдан маанилүү»,— дейт. Ооба, тууган-туушкандарыбыз ишенимибиздин аркасында башкалардан жаман эмес, жакшы жактарыбыз менен айырмаланып турарыбызды көрө алгыдай болушу керек.

«Туугандарыбыз чындыктын жашообузга жакшы таасир этип жатканын көрүшү үчүн, жүрүм-турумубуздун үлгүлүү болгону абдан маанилүү» (Ханс)

Элчи Петир күйөөсү ишенимдеш эмес аялдарга төмөндөгүдөй баалуу кеңеш берген: «Күйөөңөргө баш ийгиле. Кудайдын Сөзүнө баш ийбегендери сөзүңөр аркылуу эмес, жүрүм-турумуңар аркылуу баш ийгидей болушсун. Алар силердин терең урмат көрсөтүп жатканыңарды, таза жүрүм-турумуңарды көрүп, Сөзгө баш ийишсин. Жасалгаңар көзгө көрүнгөн нерселер: өрүлгөн чач, алтын жасалгалар же кымбат кийимдер  эмес, жүрөктүн түпкүрүндө катылган чирибес жасалга — Кудайдын көз алдында абдан баалуу эсептелген токтоолук жана жумшактык — болсун» (1 Пет. 3:1—4).

Элчи Петир аялдын үлгүлүү жүрүм-туруму күйөөсүнө Кудайдын жолуна түшүүгө түрткү бериши мүмкүн экенин жазган. Криста деген ишенимдешибиз 1972-жылы чөмүлгөндөн тартып ошол кеңешке ылайык иш кылууну, күйөөсүнө жакшы жүрүм-туруму менен таасир этүүнү, максат кылып койгон. Анын жолдошу бир учурда Ыйык Китепти изилдесе да, азыр Жахабанын Күбөсү боло элек. Ал айрым жыйналыш жолугушууларына барып, бир туугандар менен жакшы мамиледе болуп калган. Жыйналыштагылар болсо анын чечим чыгаруу эркиндигин сыйлап, чындык жолуна түшүүгө мажбурлашпайт. Жолдошуна жардам берүү үчүн Криста эмнелерди кылып жатат?

Ал мындай дейт: «Мен Жахабанын жолунан чыкпоого чечкиндүүмүн. Ошол эле учурда жолдошума сөзүм менен эмес, жүрүм-турумум менен түрткү берүүгө аракет кылам. Ыйык Китептеги принциптер бузулбаса, анын каалоолорун аткарыш үчүн бүт күчүмдү жумшайм. Ошондой эле анын чечим чыгаруу эркиндигин сыйлап, баарын Жахабанын колуна тапшырам».

Кристанын үлгүсүнөн ылайыкташа билүүнүн канчалык маанилүү экени көрүнүп турат. Ал рухий иштерге, алсак, жыйналыш жолугушууларына, кабар айтуу кызматына жигердүү катышат. Бирок күйөөсүнүн да анын сүйүүсүнө, көңүл буруп, убакыт бөлүшүнө укуктуу экенин жакшы түшүнөт. Ырас, үйүндөгүлөрү чындык жолуна түшө элек ишенимдештерибиздин ийилчээк жана түшүнүктүү болгону акылдуулукка жатат. «Бардык нерсенин өз убагы бар»,— делет Ыйык Китепте. Бул ишенимдеш эмес үй-бүлө мүчөлөрүбүз менен, өзгөчө, өмүрлүк жарыбыз менен убакыт өткөрүшүбүз керектигин да билдирет. Чогуу убакыт өткөрүү пикир алышууга өбөлгө түзөт. Ал эми жакшы пикир алышуунун аркасында, тажрыйба көрсөткөндөй, жакыныбыз жалгызсырап, өзүн эч кимге кереги жоктой сезбейт жана көп кызганбайт (Нас. 3:1).

ЭЧ КАЧАН ҮМҮТҮҢӨРДҮ ҮЗБӨГҮЛӨ

«Жакыныбызга аны жакшы көрөрүбүздү жана ал үчүн тиленерибизди билдирип турганыбыз маанилүү»,— дейт Хольга. Анын атасы башка үй-бүлө мүчөлөрүнө караганда 20 жыл кеч чөмүлгөн. Криста болсо күйөөсүнүн акыр-аягы Жахаба тарапты ээлеп, чындыкты кабыл аларынан эч качан үмүт үзбөй турганын айтат. Биздин да ишенимдеш эмес туугандарыбызга карата туура көз карашта болуп, алардан үмүт үзбөгөнүбүз маанилүү.

Биздин максат — алар менен болгон мамилебизди бекем сактоо, Ыйык Китептеги жакшы кабар аркылуу жүрөгүн козгоо жана чындыкты табышына жардам берүү. Андыктан, келгиле, аларга дайыма «жумшактык, терең урмат-сый менен» мамиле кыла берели! (1 Пет. 3:15).