Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) ЯНВАРЬ 2014

Түбөлүктүктүн Падышасы Жахабага сыйынгыла

Түбөлүктүктүн Падышасы Жахабага сыйынгыла

«Түбөлүктүктүн Падышасы... түбөлүктөн түбөлүккө урматталып, даңктала берсин» (1 ТИМ. 1:17).

1, 2. а) Түбөлүктүктүн Падышасы деген ким жана эмне үчүн ошентип айта алабыз? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.) б) Эмне үчүн Жахабанын бийлик жүргүзүшүн каалайбыз?

СВАЗИЛЕНДДИН падышасы Собхуза II тактыда дээрлик 61 жыл отурган. Ал — эң эле узак убакыт бийлик жүргүзгөн башкаруучулардын бири. Анткен менен бул жагынан бир падышага эч ким тең келе албайт. Ал Ыйык Китепте «Түбөлүктүктүн Падышасы» деп аталат (1 Тим. 1:17). Забур китебиндеги: «Жахаба — кылымдан кылымга, түбөлүктөн түбөлүккө Падыша»,— деген сөздөрдөн анын ысмы ким экенин биле алабыз (Заб. 10:16).

2 Жахаба Кудай, жер жүзүндөгү бардык өкүмдарлардан айырмаланып, чексиз убакыт бою бийлик жүргүзүп келатат. Бирок бизди ага баарынан да бийлигин кантип колдонуп жатканы жакындатат. Ысрайыл элин 40 жыл башкарган бир падыша аны: «Жахаба кайрымдуу жана ырайымдуу, ачууланууга шашылбайт, чексиз мээримдүү... Жахаба тактысын асманга бекем орнотту, анын падышалыгы бардыгына үстөмдүк кылат»,— деп даңктаган (Заб. 103:8, 19). Бирок Жахаба биздин Падышабыз эле эмес, асмандагы мээримдүү Атабыз да болуп эсептелет. Ал кандайча Атабыз катары иш кылат? Эйден багында болгон окуяда ал өзүнүн Падыша экенин кантип көрсөткөн? Ушул суроолорго жооп алуу менен Жахабага мурдагыдан да жакындап, ага болгон ишенимибизди бекемдей алабыз.

 ТҮБӨЛҮКТҮКТҮН ПАДЫШАСЫНЫН ААЛАМДЫ КУЧАГЫНА АЛГАН ҮЙ-БҮЛӨСҮ

3. Жахабанын ааламды кучагына алган үй-бүлөсүнүн алгачкы мүчөсү ким болгон жана андан кийин дагы кимдер жаратылган?

3 Жахаба өзүнүн тун Уулун жаратканда аябай сүйүнгөнү шексиз. Ал ага кыңк этпей баш ийиши керек болгон жаратуу катары мамиле кылбай, аталык мээримин төгүп, аны менен чогуу миллиондогон периштелерди жараткан (Кол. 1:15—17). Кудай периштелерди өзүнүн «уулдары» деп атайт жана Ыйык Китепте алардын Кудайдын эркин кубаныч менен «аткарган кызматчылар» экени айтылат. Периштелер Жахабанын ааламды кучагына алган үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүнө кирет (Заб. 103:20—22; Аюп 38:7).

4. Адамдар кантип Кудайдын үй-бүлөсүнүн бир бөлүгү болуп калышкан?

4 Асман менен жер жаратылгандан кийин, Жахабанын үй-бүлөсү дагы чоңойгон. Жерди кооз, өзүн өзү жаңылантып турган үй кылып даярдаган соң Кудай жердеги жаратууларынын эң өзгөчөсүн — өзүнүкүндөй сапаттарды чагылдыра алган Адам атаны — жараткан (Башт. 1:26—28). Жахаба Жараткан катары анын баш ийишин каалаган. Ошондой эле мээримдүү, боорукер Ата катары көрсөтмөлөрдү берген. Анын талаптары адам баласынын эркиндигин өтө деле чектебейт болчу. (Оку: Башталыш 2:15—17.)

5. Жер бети жеткилең адамдарга толушу үчүн, Жахаба эмне кылган?

5 Көптөгөн башкаруучулардан айырмаланып, Жахаба өзүнө баш ийгендерге жооптуу иштерди тапшырып, аларга үй-бүлөсүнүн ишенүүгө татыктуу мүчөлөрүндөй мамиле кылат. Мисалы, ал Адам атага бардык жан-жаныбарлардын үстүнөн бийлик берип, ага кызыктуу ишти, аларга ат коюп чыгууну, тапшырган (Башт. 1:26; 2:19, 20). Кудай жерди толтуруш үчүн миллиондогон жеткилең адамдарды жараткан эмес. Ал Адам атаны толуктап турган жеткилең түгөйдү, Обо энени, жаратууну туура көргөн (Башт. 2:21, 22). Анан аларга бала-чакалуу болуп, жерди толтурууну буйруган. Ошентип, адамдар бейкуттукта өмүр сүрүп, бара-бара бүт жер бетин бейишке айлантышмак. Алар периштелер менен чогуу бир үй-бүлө катары Жахабага түбөлүккө сыйынышмак. Жахаба Адам ата менен Обо энеге ушундай сонун үмүт берип, аларга аталык мээримин төккөн.

КУДАЙДЫН КОЗГОЛОҢЧУ УУЛДАРЫ АНЫН БИЙЛИГИН ЧЕТКЕ КАГЫШАТ

6. а) Кудайга үй-бүлөсүнүн айрым мүчөлөрү кантип каршы чыгышкан? б) Эйдендеги окуядан кийин Жахаба дагы деле Эгедер экенин кантип далилдеген?

6 Өкүнүчтүүсү, Адам ата менен Обо эне Жахабаны Эгедери катары кабыл алгысы келген эмес. Алар Кудайдын козголоңчу уулун, Шайтанды, ээрчип кетишкен (Башт. 3:1—6). Мунун кесепетинде алар өздөрүн эле эмес, урпактарын да азап-кайгыга, өлүмгө дуушар кылышкан (Башт. 3:16—19; Рим. 5:12). Жер бетинде Жахабага сыйынган эч ким калган эмес. Бирок бул Жахабанын жер тургундарынын үстүнөн болгон бийлигин жоготуп, Эгедер болбой калганын билдиргенби? Албетте, жок! Ал Адам ата менен Обо энени Эйден багынан кууп чыгарып, алар кайра ал жакка кирбеши үчүн, бакчанын оозуна керуптарды коюу менен өзүнүн дагы деле Эгедер экенин далилдеген (Башт. 3:23, 24). Ошол эле учурда өзүнүн ишенимдүү периштелер менен адамдардан турган үй-бүлөсү жөнүндөгү ой-ниети ишке ашарын убадалап, мээримдүү Ата экенин көрсөткөн. Ал Шайтанды жок кылып, Адам атанын күнөөсүнүн кесепетин жоё турган «тукум» келерин убадалаган. (Оку: Башталыш 3:15.)

7, 8. а) Нух пайгамбардын күндөрүндө дүйнө канчалык бузулган? б) Жер бетин жамандыктан тазалап, адамзаттын үй-бүлөсүн аман алып калыш үчүн Жахаба эмне кылган?

7 Кийинки кылымдар аралыгында Абыл жана Энох сыяктуу айрым адамдар Жахаба тарапты ээлеп, ага берилгендик  сактоону тандашкан. Бирок элдин көпчүлүгү дагы деле Жахабаны Атасы жана Падышасы катары кабыл алган эмес. Нух пайгамбардын убагында болсо «жер бети зордук-зомбулукка толуп» кеткен (Башт. 6:11). Бул Жахабанын жер бетиндеги иштерди көзөмөлдөбөй калганын билдиргенби? Ыйык Китепте бул тууралуу эмне делет?

8 Нух пайгамбар жөнүндөгү билдирүүгө токтололу. Ал үй-бүлөсү менен аман калышы үчүн, Жахаба ага чоң кеме куруу керектигин айтып, кылдат ойлонуштурулган айкын-так көрсөтмөлөрдү берген. Ошондой эле аны «адилдиктин кабарчысы» кылып дайындоо менен адамдардын баарын аябай жакшы көрөрүн далилдеген (2 Пет. 2:5). Нух пайгамбар замандаштарына жакындап келаткан алаамат жөнүндө эскертип, аларды өкүнүүгө чакырганы шексиз. Тилекке каршы, адамдар анын айткандарын кулагынын сыртынан кетиришкен. Нух пайгамбардын үй-бүлөсү ондогон жылдар бою зордук-зомбулукка, адеп-ахлаксыздыкка белчесинен баткан дүйнөдө жашаган. Бирок Жахаба камкор Ата катары аларды коргоп, жетектеген. Топон суу каптатканда Жахаба баш ийбес адамдар менен каардуу периштелердин үстүнөн бийлиги бар экенин жана бардыгына көз салып турарын айгинелеген (Башт. 7:17—24).

Жахаба ааламдын Эгедери катары дайыма өзүнүн бийлигин колдонуп келет (6, 8, 10, 12, 17-абзацтарды карагыла)

ЖАХАБАНЫН ТОПОН СУУДАН КИЙИНКИ БАШКАРУУСУ

9. Жахаба Топон суудан кийин адамзатка кандай мүмкүнчүлүк берген?

9 Нух пайгамбар менен анын үй-бүлөсү жамандыктан тазаланган жер бетине алгачкы кадамын таштап, таза абадан кере дем алганда Жахабанын кам көрүп, коргогонуна чексиз ыраазы болушканы шексиз. Нух пайгамбар дароо курмандык жайын куруп, Жахабага курмандык чалган. Ошондо Кудай анын үй-бүлөсүнө батасын берип: «Укумдап-тукумдагыла, жер бетин толтургула»,— деп айткан (Башт. 8:20—9:1). Ошентип, адамзатка кайрадан Жахабага анын үй-бүлөсү менен биримдикте сыйынууга жана жер бетин толтурууга мүмкүнчүлүк берилген.

10. а) Топон суудан кийин адамдар кайсы жерде жана кантип Жахабага каршы чыгышкан? б) Өзүнүн ой-ниетин ишке ашыруу үчүн Жахаба кандай чара көргөн?

10 Анткен менен Топон суу жеткилеңсиздикти жууп кеткен эмес. Адамзат андан кийин деле Шайтандын жана жин-перилердин көзгө көрүнбөгөн таасирине кабыла берген. Көп өтпөй, адамдар кайрадан Жахабанын бийлигине каршы чыгышкан. Алсак, Нух пайгамбардын чөбөрөсү Нимрот «Жахабага каршы чыккан күчтүү аңчы болгон». Ал Бабыл сыяктуу чоң шаарларды куруп, «Шынар жерине» падыша болуп алган (Башт. 10:8—12). Ошол текебер падыша Кудайдын «жер бетин толтурууга» байланыштуу ой-ниетине каршы иш кылганда, Түбөлүктүктүн Падышасы кандай чара көргөн? Ал адамдардын тилин аралаштырып, Нимроттун кол алдындагыларынын баарын «бүт жер бетине таратып жиберген». Алар өздөрү менен кошо жалган диндин жана адамдык башкаруунун уругун ала кетишкен (Башт. 11:1—9).

11. Жахаба досу Ыбрайым пайгамбарга берилгендигин кантип көрсөткөн?

11 Топон суудан кийин көптөгөн адамдар жалган кудайларга сыйынып кетсе да, айрымдар Жахабага болгон берилгендигин сакташкан. Алардын бири Ур шаарындагы ыңгайлуу үй-жайын калтырып, көп жылдар бою чатырларда жашаган Ыбрайым пайгамбар болгон (Башт. 11:31; Евр. 11:8, 9). Ал көчүп-конуп жүргөндө жанындагы чептүү шаарларда жашаган падышаларга таянбастан, Жахабанын коргооруна толук ишенген. Жахабанын аны кантип коргогону тууралуу забурчу: «Кудай аларды эч кимге алдаткан эмес, аларга болушуп, падышаларды ашкерелеген»,— деп жазган (Заб. 105:13, 14). Жахаба досу Ыбрайым пайгамбарга болгон берилгендигинен улам ага: «Сенден падышалар чыгат»,— деп убада берген (Башт. 17:6; Жкп. 2:23).

12. Жахаба Мисирдин үстүнөн да бийлиги бар экенин кантип көрсөткөн жана элин эмне кылган?

 12 Жахаба Ыбрайым пайгамбардын уулу Ыскакка жана кийинчерээк небереси Жакыпка да батасын берерин, ошондой эле алардын тукумунан падышалар чыгарын убада кылган (Башт. 26:3—5; 35:11). Бирок жылдар өткөндөн кийин Жакыптын урпактары Мисир жеринде кул болуп калышкан. Бул Жахабанын ой-ниети ишке ашпай калганын же анын жер үстүнөн бийлик жүргүзбөй калганын билдиргенби? Түк да! Убагы келгенде Жахаба тоң моюн фараонго өзүнүн эбегейсиз күчү менен бийлигин көрсөткөн. Кулчулукта жүргөн ысрайылдыктар Жахабага таянган. Жахаба болсо аларды Кызыл деңиз аркылуу алып өтүп, керемет жолу менен куткарган. Ооба, ал өзүнүн дагы деле Ааламдын Эгедери экенин жана камкор Ата катары элин коргош үчүн чексиз күчүн колдонорун айгинелеген. (Оку: Чыгуу 14:13, 14.)

ЖАХАБА ЫСРАЙЫЛГА ПАДЫША БОЛОТ

13, 14. а) Ысрайылдыктар Жахаба жөнүндө эмне деп ырдашкан? б) Кудай Дөөтү падышага кандай убада берген?

13 Мисирдин эзүүсүнөн керемет жолу менен бошонгондо ысрайылдыктар Жахабаны даңктап жеңиш ырын ырдашкан. Ал ыр Чыгуу китебинин 15-бөлүмүндө жазылган. Анын 18-аятынан алардын: «Жахаба кылымдан кылымга, түбөлүккө падышалык кылат»,— деген сөздөрүн окуйбуз. Ошондо Жахаба жаңы уюшулган ысрайыл элине Падыша болгон (Мыйз. 33:5). Бирок ысрайыл эли көзгө көрүнбөгөн Падышанын башкарып жатканына ыраазы болгон эмес. Ошондуктан Мисирден чыкканынан 400 жылдай өткөн соң, алар Кудайдан башка элдердикиндей падыша шайлап беришин суранышкан (1 Шем. 8:5). Жахаба алардын өтүнүчүн орундатса да, дагы деле элинин Падышасы бойдон кала берген. Бул Ысрайылдын экинчи падышасы Дөөтүнүн убагында айкын көрүнгөн.

14 Мисалы, Дөөтү падыша келишим сандыгын Иерусалимге алып киргендеги окуяга токтололу. Ошол кубанычтуу салтанат учурунда лебилер Жахабаны даңктап: «Элдердин арасында: „Жахаба падыша болду!“ — дешсин»,— деп ырдашкан (1 Жылн. 16:31). Эгер Жахаба Түбөлүктүктүн Падышасы болсо, кандайча ал ошол учурда падыша болгон? Жахаба бийлигин  колдонгондо же кимдир бирөөнү кайсы бир учурда өзүнүн өкүлү болууга же өзгөчө бир ишти аткарууга дайындаганда Падыша болот. Анын ушундайча да Падыша болорун түшүнүү абдан маанилүү. Дөөтү падыша көз жумардан мурун, Жахаба ага башкаруусу түбөлүккө созуларын убада кылып: «Сенин ордуңа сенден төрөлгөн тукумуңду коюп, анын падышалыгын бекемдейм»,— деп айткан (2 Шем. 7:12, 13). Дөөтү падышанын «тукуму» ошондон 1000 жылдан ашуун убакыт өткөндөн кийин төрөлгөн. Ал ким болгон жана качан падыша болмок?

ЖАХАБА ЖАҢЫ ПАДЫШАНЫ ДАЙЫНДАЙТ

15, 16. Иса Машаяк келечектеги Падыша катары качан майланган жана жерде жүргөндө Падышалыгы үчүн эмне кылган?

15 Б.з. 29-жылы Чөмүлдүрүүчү Жакан: «Асман Падышалыгы жакындап калды»,— деп жарыялай баштаган (Мт. 3:2). Иса Жаканга келип чөмүлгөндө, Жахаба аны Машаяк жана асман Падышалыгынын келечектеги Падышасы кылып майлаган. Ошондой эле: «Бул — менин сүйүктүү Уулум, мен Уулумду колдойм» — деп айтып, ага аталык сезимин көрсөткөн (Мт. 3:17).

16 Жерде кызмат кылып жүргөндө Иса Машаяк Атасын даңктаган (Жкн. 17:4). Ал аны Падышалык жөнүндө кабар айтуу менен даңктаган (Лк. 4:43). Ошондой эле шакирттерин: «Падышалыгың келсин»,— деп тиленүүгө үйрөткөн (Мт. 6:10). Келечектеги Падыша катары ал каршылаштарына: «Кудайдын Падышалыгы силердин араңарда»,— деп айта алган (Лк. 17:21). Кийинчерээк, өлөр алдындагы түнү, Иса Машаяк элчилери менен Падышалык келишимин түзгөн. Ошентип, ал айрым ишенимдүү жолдоочуларынын Кудайдын Падышалыгында аны менен бирге бийлик жүргүзүшүнө жол ачкан. (Оку: Лука 22:28—30.)

17. Б.з. 33-жылы Иса Машаяк кимдердин үстүнөн бийлик жүргүзө баштаган жана ал эмнени күтүшү керек болчу?

17 Иса Машаяк качан Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары бийлик жүргүзө баштамак? Ал элчилери менен келишим түзөр замат бийлик кыла баштамак эмес. Кийинки күнү түштөн кийин ал өлүм жазасына тартылмак жана шакирттери туш-тушка качып кетишмек (Жкн. 16:32). Бирок Жахаба байыркы убактагыдай эле баарын көзөмөлдөп турган. Ал үчүнчү күнү Уулун тирилткен. Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамынан тартып Машаяк өзүнүн майланган жолдоочуларынан турган жыйналыштын үстүнөн бийлик жүргүзө баштаган (Кол. 1:13). Бирок ал Дөөтү падышага убада кылынган «тукум» катары бүт жер жүзүн башкара турган убакты күтүшү керек болчу. Жахаба ага: «Душмандарыңды бут алдыңа жыгып бергенимче, оң жагымда отур»,— деп айткан (Заб. 110:1).

ТҮБӨЛҮКТҮКТҮН ПАДЫШАСЫНА СЫЙЫНГЫЛА

18, 19. Биз эмне кылууга түрткү алдык жана кийинки макалада эмнелер талкууланат?

18 Миңдеген жылдар бою асманда да, жерде да Жахабанын ааламды башкарууга укуктуу экени талашка салынып келген. Бирок Жахаба дайыма ааламдын Эгедери катары бардыгын көзөмөлдөп турган. Камкор Ата катары ал Нух, Ыбрайым, Дөөтү пайгамбарлар сыяктуу ишенимдүү кызматчыларына ар дайым кам көрүп, аларды коргогон. Бул бизге Падышабыз Жахабага баш ийип, ага жакындоого түрткү бербейби?

19 «Жахаба биздин күндөрдө кантип Падыша болгон? Канткенде биз Кудайдын Падышалыгынын берилген жарандары жана Кудайдын жеткилең уулдары боло алабыз? „Падышалыгың келсин“,— деп тиленгенибиз эмнени билдирет?» — деген суроолорго да жооп алышыбыз керек. Булар тууралуу кийинки макалада талкууланат.