Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

«Күзөт мунарасынын» изилдөөгө арналган чыгарылышы  |  Январь, 2014

Падышалыктын 100 жылдык башкаруусу сага кандай таасир этүүдө?

Падышалыктын 100 жылдык башкаруусу сага кандай таасир этүүдө?

«Жахаба Кудай, сенин иштериң улуу, кереметтүү. Түбөлүктүктүн Падышасы, сенин жолдоруң адил» (АЯН 15:3).

1, 2. Кудайдын Падышалыгы эмнени ишке ашырат жана анын келерине эмне үчүн шектенбесек болот?

ИСА МАШАЯК б.з. 31-жылы жазында Капернаум шаарынын жанындагы тоодо жолдоочуларын: «Падышалыгың келсин»,— деп тиленүүгө үйрөткөн (Мт. 6:10). Бүгүнкү күндө көптөр Падышалыктын келерине күмөн санаса да, биз анын келиши жөнүндөгү тилегибиздин орундаларына шектенбейбиз.

2 Жахаба Падышалыкты колдонуп, асмандагы жана жердеги үй-бүлөсүн бириктирет. Анын бул ой-ниети сөзсүз ишке ашат (Ыш. 55:10, 11). Акыркы 100 жылдын ичинде болгон окуялар Жахабанын Падыша болгонун жана миллиондогон берилген кызматчылары үчүн улуу, кереметтүү иштерди кылып жатканын далилдеп турат (Зак. 14:9; Аян 15:3). Анткен менен анын Падыша болушу жана Падышалыгынын келиши эки башка нерсе. Ал окуялар бири-биринен эмнеси менен айырмаланат жана бизге кандай таасир этет?

ЖАХАБА ДАЙЫНДАГАН ПАДЫША ДАРОО ИШ-АРАКЕТ КЫЛГАН

3. а) Машаяк качан жана каякта Падыша болгон? б) Иса Машаяк 1914-жылы бийлик жүргүзө баштаганын кайдан билебиз? (Шилтемени кара.)

3 Кудайдын кызматчылары 19-кылымдын аяк ченинде 2 500 жылдан ашык убак мурун жазылган: «Ошол падышалардын күндөрүндө асман Кудайы эч качан кыйратылбай турган Падышалыкты орнотот»,— деген пайгамбарлыкты айкыныраак түшүнө башташкан (Дан. 2:44). Алар ондогон жылдар  бою 1914-жыл өзгөчө жыл болорун баса белгилеп келишкен. Ошол убакта көптөгөн адамдардын келечектен үмүтү чоң болгон. Бир жазуучу: «1914-жылы дүйнө жүзү жакшылыктан үмүттөнүп, келечекке ишеним менен караган»,— деп жазган. Бирок ошол эле жылы Биринчи дүйнөлүк согуштун оту тутанып, Ыйык Китепте жазылган пайгамбарлык аткарылган. Согуш артынан куйрук улаш келген ачарчылыктын, жер титирөөлөрдүн, жугуштуу оорулардын күч алышы жана Ыйык Китептеги башка пайгамбарлыктардын аткарылышы Машаяктын 1914-жылы Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары асманда бийлик жүргүзө баштаганын далилдеген *. Уулун такка отургузуу менен Жахаба өзү да Падыша болгон!

4. Падыша болуп дайындалары менен Машаяк эмне кылган жана андан соң эмнеге киришкен?

4 Падыша болуп дайындалары менен Иса Машаяк Атасынын башкы душманы Шайтанга каршы согуш жүргүзгөн. Ал периштелери менен бирге Ибилисти жана анын жин-перилерин асмандан кууп түшүргөн. Ошондо асманда чоң кубаныч болгон, ал эми жерде мурда болуп көрбөгөндөй азап-кайгы башталган. (Оку: Аян 12:7—9, 12.) Андан соң Падыша, жердеги эли Кудайдын эркин аткарышы үчүн, аларды тазалоого, окутуп-үйрөтүүгө, уюштурууга киришкен. Анда эмесе, алардын Иса Машаяктын жетекчилигине баш ийүү менен кандайча бизге жакшы үлгү калтырганын карап көрөлү.

ПАДЫША БЕРИЛГЕН КЫЗМАТЧЫЛАРЫН ТАЗАЛАГАН

5. 1914-жылдан тартып 1919-жылга чейин кандай иш аткарылган?

5 Такка отурган Падыша асманды Шайтандын жана жин-перилердин зыяндуу таасиринен арылткан соң, Жахаба ага жердеги кызматчыларынын рухий абалын текшерип, аларды тазалоону буйруган. Малаки пайгамбар муну жууп-тазалоо ишине салыштырган (Мал. 3:1—3). Тарых тастыктагандай, ал иш 1914-жылдан тартып 1919-жылга чейин созулган *. Эгер Жахабанын ааламды кучагына алган үй-бүлөсүнүн мүчөсү болууну кааласак, таза, башкача айтканда, ыйык болушубуз керек (1 Пет. 1:15, 16). Жалган динден же саясаттан оолак болуп, булганып калуудан сак болушубуз кажет.

6. Рухий тамак кандай жол менен берилип жатат жана ал эмне үчүн маанилүү?

6 Тазалоо ишинен кийин Иса Машаяк «ишенимдүү жана акылдуу кулду» дайындаган. Ал кул Машаяктын көзөмөлү астындагы «бир оторду» түзгөндөрдүн баарына өз маалында пайдалуу рухий тамак берип турушу үчүн коюлган (Мт. 24:45—47; Жкн. 10:16). 1919-жылдан тартып ишенимдүү кул Машаяктын «үйүндөгүлөрүнө» кам көрүү милдетин берилгендик менен аткарып келет. Ал аркылуу берилген мол рухий тамактын аркасында ишенимибиз өсүүдө. Ошондой эле бул бизге сыйынуубузду, иштерибизди, ой жүгүртүүбүздү жана өзүбүздү Кудайдын нормаларына ылайык таза сактоого көмөк кылууда. Андан тышкары, Машаяк бизди рухий тамак аркылуу окутуп-үйрөтүп, дүйнө жүзү боюнча жүрүп жаткан эң маанилүү ишке — кабар айтуу ишине — толук кандуу катышууга жардам берүүдө. Сен рухий тамак менен үзгүлтүксүз азыктанып жатасыңбы?

ПАДЫША КЫЗМАТЧЫЛАРЫН ДҮЙНӨ ЖҮЗҮ БОЮНЧА КАБАР АЙТУУГА ОКУТУП-ҮЙРӨТКӨН

7. Жерде жүргөндө Иса Машаяк кайсы маанилүү ишти баштаган жана ал качанкыга чейин созулат?

7 Иса Машаяк жердеги кызматынын башында: «Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды башка шаарларга да жарыялашым керек, анткени мен ошол үчүн жиберилгем»,— деп айткан (Лк. 4:43). Үч жарым жыл бою ал кабар айтуу ишин көңүлүнүн борборунда сактаган. Ал шакирттерине: «Баратканыңарда: „Асман Падышалыгы жакындап калды“,— деп кабар айткыла»,— деген көрсөтмө берген (Мт. 10:7). Тирилгенден кийин Машаяк жолдоочулары  жакшы кабарды «жердин учу-кыйырына чейин» таратышарын пайгамбарлык кылган (Элч. 1:8). Ошондой эле дүйнө түзүлүшүнүн акырына чейин бул маанилүү ишти аткарууда аларды колдоорун убадалаган (Мт. 28:19, 20).

8. Падыша жердеги кызматчыларына кабар айтууга кантип түрткү берген?

8 1919-жылдан тартып Падышалык жөнүндөгү жакшы кабардын таралышына өзгөчө көңүл бурула баштаган (Мт. 24:14). Асманда башкарып жаткан Падыша жердеги тазаланган кызматчыларынан турган топ уюштурган. Алар анын Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды жер жүзүнө жарыялоого байланыштуу буйругуна даярдуулук менен баш ийишкен (Элч. 10:42). Мисалы, 1922-жылы сентябрда Сидар-Пойнтто (Огайо штаты, АКШ) өткөрүлгөн эл аралык жыйынга 20000ге жакын киши катышкан. Рутерфорд бир туугандын «Падышалык» деген баяндамасында: «Мына, Падыша башкарып жатат! Силер болсо анын жарчыларысыңар. Ошондуктан Падышаны жана анын падышалыгын жарлагыла, жарлагыла, жарлагыла»,— деп айтканы канчалык жүрөк толкутарлык болгонун элестетип көрсөң. Эртеси күнү ошол жыйынга катышкандардын 2000и жыйын өткөрүлгөн жерден 72 км алыстыкта жайгашкан жерлерге чейин барып, кабар айтышкан. Ошол окуяга күбө болгон бир ишенимдешибиз: «Падышалыкты жарлоого байланыштуу чакырыкты жана ошондо чогулган элдин ынталуулугун эч качан унутпайм»,— деген. Башка көптөгөн бир туугандар да ушундай таасир алышкан.

9, 10. а) Падышалыктын жарчыларын окутуп-үйрөтүш үчүн кандай чаралар көрүлгөн? б) Уюмдагы мектептердин жеке сага кандай пайдасы тийип жатат?

9 1922-жылы дүйнө жүзү боюнча 58 өлкөдө 17 000ден ашуун Падышалыктын жарчысы кабар айтышкан. Албетте, алар окутулуп-үйрөтүлүүгө муктаж болчу. 1-кылымда Иса Машаяк шакирттерине эмне жөнүндө, каякта жана кантип кабар айтыш керектигин айкын-так түшүндүрүп берген (Мт. 10:5—7; Лк. 9:1—6; 10:1—11). Ошол сыяктуу эле, бүгүнкү күндөгү жолдоочулары да натыйжалуу кабар айта алышы үчүн, ал аларга так көрсөтмөлөрдүн берилишине жана ошол ишке керектүү куралдардын болушуна кам көрүүдө (2 Тим. 3:17). Ал бизге кабар айтууну жыйналыш аркылуу үйрөтүп жатат. Мисалы, Теократиялык кызмат мектебин алалы. Бул мектеп дүйнө жүзүндөгү 111 000ден ашык жыйналыштын ар биринде өткөрүлүп турат. Андан билим алган жети миллиондон ашуун жарчы ар кандай адамдарга кабар айтууга, аларды окутууга үйрөнүп жатат. (Оку: 1 Корунттуктар 9:20—23.)

10 Теократиялык кызмат мектебинен тышкары, жыйналыштын аксакалдары, пионерлер, бойдок ага-инилер, жубайлар, филиалдын комитетинин мүчөлөрү жана алардын жубайлары, кыдыруучу көзөмөлчүлөр жана алардын жубайлары, ошондой эле миссионерлер үчүн да уюштурулган мектептер бар *. Жубайлар  үчүн ыйык китептик мектепте окуган бир түгөйлөр алган билимине абдан ыраазы болуп: «Ал мектеп Жахабага болгон сүйүүбүздү арттырып, башкаларга дагы жакшыраак жардам берүүгө үйрөттү»,— деп айтышкан.

11. Каршылыктарга карабай кабар айтуу ишин уланта берүүгө бизге эмне жардам берип жатат?

11 Падышалык жөнүндөгү кабардын кеңири жайылышы Шайтандын көз жаздымында калган жок. Ал бул ишти токтотууга ачыктан-ачык да, байкалбаган жол менен да аракет кылууда. Бирок анын аракетинен майнап чыкпайт. Анткени Жахаба Уулун «бардык өкмөттөрдөн, бийликтерден, күчтөрдөн, башчылыктан» жогору койгон (Эф. 1:20—22). Уулу болсо бийлигин колдонуп, Атасынын эрки аткарылышы үчүн, өзүнүн жолдоочуларын коргоп, жетектеп келет *. Ошондуктан жакшы кабар бүт дүйнө жүзүнө таратылып, миллиондогон жүрөгү таза адамдар Жахабанын жолунда жүрүүгө үйрөнүп жатышат. Ушундай ишке катышуу биз үчүн кандай гана чоң сыймык!

КӨБҮРӨӨК ИШ АТКАРЫЛЫШЫ ҮЧҮН, ПАДЫША КЫЗМАТЧЫЛАРЫН УЮШТУРГАН

12. Падышалык орногондон бери уюштуруу ишинде эмнелер жакшыртылганын айтып бер.

12 1914-жылы Падышалык орнотулгандан бери, Кудайдын эрки аткарылышы үчүн, Падыша Кудайдын элинин уюштуруу тартибин жакшыртып келүүдө. (Оку: Ышая 60:17.) Алсак, кабар айтуу ишине жетекчилик кылышы үчүн, 1919-жылы ар бир жыйналышта кызмат жетекчиси дайындалган. 1927-жылы жекшемби сайын үймө-үй кабар айтуу уюштурула баштаган. 1931-жылы Падышалыктын жарчылары Ыйык Китептин негизинде Жахабанын Күбөлөрү деп аталышкан. Бул да аларга кабар айтуу ишине ого бетер жигердүү катышууга түрткү берген (Ыш. 43:10—12). 1938-жылы жыйналышты жетектеген бир туугандар демократиялык эмес, теократиялык жол менен дайындала баштаган. 1972-жылы болсо жыйналышты көзөмөлдөөгө бир эле аксакал эмес, аксакалдар кеңеши дайындалышы керектиги чечилген. Ошондо аксакалдарга жана кызмат жардамчыларына коюлган талаптарга жооп берген бир туугандардын баары Кудайдын «оторун кайтарууга» жардам берүүгө чакырылган (1 Пет. 5:2). Ал эми 1976-жылы бүт дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлгөн Падышалыктын ишин көзөмөлдөө үчүн курамына Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрү кирген алты комитет түзүлгөн. Мына ушинтип, Жахаба дайындаган Падыша акырындык менен Падышалыктын жарчыларын теократиялык, тактап айтканда, Кудайдын талабына ылайык келген жол менен иш жүргүзүүгө үйрөтө берген.

13. Падышалыктын 100 жылдык башкаруусу сенин жашооңо кандай таасир этти?

13 Кудайдын Падышалыгынын Падышасы 100 жылдын ичинде кандай  иштерди кылганын карап көрөлү. Ал Жахабанын элин анын ысымы менен аталууга татыктуу боло тургандай кылып каймана мааниде тазалап, даярдады. Ошондой эле Падышалык жөнүндөгү жакшы кабардын 239 өлкөдө жарыяланып, миллиондогон кишилердин Жахабаны таанып-билип, анын жолуна түшүшүнө кам көрүүдө. Атасынын эркин аткарууга дилгир болгон жети миллиондон ашуун адамды бир уюмга бириктирүүдө (Заб. 110:3). Ооба, Машаяк башкарган Падышалык улуу жана кереметтүү иштерди аткарды. Бирок бул анын келечекте аткара турган иштеринин чети гана.

МАШАЯК БАШКАРГАН ПАДЫШАЛЫК АЛЫП КЕЛЕ ТУРГАН БАТАЛАР

14. а) «Падышалыгың келсин»,— деп тиленгенибизде Кудайдан эмнени суранган болобуз? б) 2014-жылдын аяты катары кайсы аят тандалды жана бул эмне үчүн орундуу?

14 Жахаба 1914-жылы Иса Машаякты такка отургузса да, бул биздин: «Падышалыгың келсин»,— деген тиленүүбүзгө толук жооп болгон эмес (Мт. 6:10). Ыйык Китепте алдын ала айтылгандай, Машаяк душмандарынын «арасында үстөмдүк кылмак» (Заб. 110:2). Шайтандын бийлиги астындагы өкмөттөр дагы деле Падышалыкка каршылык көрсөтүүдө. «Падышалыгың келсин»,— деп тиленгенибизде биз Жахабадан ал дайындаган Падышанын жана аны менен кошо бийлик кыла тургандардын адамдардын башкаруусун, ошондой эле Падышалыктын жердеги душмандарынын бардыгын жок кылуусун суранган болобуз. Ошол өтүнүчүбүз орундалганда, Даниел 2:44төгү: «[Кудайдын Падышалыгы] ушул падышалыктардын баарын талкалайт, жок кылат»,— деген пайгамбарлык аткарылат. Падышалык өзүнө каршы чыккан өкмөттөрдүн баарынын таш-талканын чыгарат (Аян 6:1, 2; 13:1—18; 19:11—21). Ал күнгө аябай эле аз калды. Андыктан 2014-жылдын аяты катары Матай 6:10догу: «Падышалыгың келсин»,— деген сөздөрдүн тандалганы кандай гана орундуу. Быйыл Машаяктын асманда бийлик жүргүзүп жатканына 100 жыл болот!

2014-жылдын аяты: «Падышалыгың келсин» (Матай 6:10).

15, 16. а) Машаяктын миң жылдык башкаруусунун тушунда жүрөк толкутарлык кандай окуялар болот? б) Машаяк Падышалыгынын соңунда эмне кылат жана бул Жахабанын бардык жаратууларына байланышкан ой-ниетине кандай таасир этет?

15 Иса Машаяк Кудайдын душмандарын жок кылгандан кийин Шайтан менен анын жин-перилерин миң жылга түпсүз туңгуюкка ыргытат (Аян 20:1—3). Алардын зыяндуу таасири жок кылынган соң, Падышалык адамдарга Машаяктын куткаруу курмандыгынын пайдасын көрүүгө жардам берип, Адам атанын күнөөсүнүн бардык кесепеттерин жоёт. Падыша мүрзөдө жаткан миллиондогон маркумдарды тирилтип, алардын Жахаба жөнүндө билим алышына кам көрөт (Аян 20:12, 13). Бүт жер бети Эйден багындай бейиш болот жана Кудайдын бардык ишенимдүү кызматчылары жеткилеңдикке жетет.

16 Миң жылдык башкаруунун соңунда Жахабанын жерге байланышкан ой-ниети толугу менен аткарылып бүтөт. Анан Машаяк Падышалыкты Атасына өткөрүп берет. (Оку: 1 Корунттуктар 15:24—28.) Ошондон кийин Жахаба менен анын жердеги балдарынын ортосунда арачынын зарылдыгы болбой калат. Кудайдын асмандагы уулдары менен жердеги балдарынын баары анын ааламды кучагына алган үй-бүлөсүнүн мүчөсү катары аны менен биримдикте болушат.

17. Сен Падышалыкка байланыштуу эмне кылууга чечкиндүүсүң?

17 Падышалыктын 100 жылдын ичинде кылган кереметтүү иштери бизди Жахабанын баарын көзөмөлдөп турарына жана анын жерге байланышкан эрки сөзсүз аткарыларына ынандырат. Келгиле, мындан ары да Жахабага берилгендикте кызмат кылып, Падыша жана анын Падышалыгы жөнүндө жарыялай берели. Биз: «Падышалыгың келсин»,— деген чын жүрөктөн чыккан тиленүүбүзгө Жахабанын жакында жооп берерине эч шектенбейбиз.

^ абз. 3 «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 88—92-беттерин кара.

^ абз. 10 2012-жылы 15-сентябрда чыккан «Күзөт мунарасынын» 13—17-беттериндеги «Теократиялык мектептер — Жахабанын сүйүүсүнүн далили» деген макаланы кара.

^ абз. 11 Ар кайсы өлкөлөрдөгү сот иштериндеги жеңиштер тууралуу 2013-жылы 15-августта чыккан «Күзөт мунарасынын» 30-бетинен окуй аласың.