Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) ДЕКАБРЬ 2013

Өмүрлүк жарыңан айрылганда...

Өмүрлүк жарыңан айрылганда...

ЫЙЫК КИТЕПТЕ күйөөлөрдүн аялын өзүн «сүйгөндөй сүйүшү» керектиги айтылат. Ал эми зайыптар «күйөөсүн терең урматтоого» чакырылат. Алар өз милдеттерин «бир денедей» болуп аткарышат (Эф. 5:33; Башт. 2:23, 24). Натыйжада убакыт өткөн сайын, жубайлардын бири-бирине болгон сүйүүсү артып, экөө аябай ынак болуп калышат. Аларды тамырлары чырмалышып, жанаша өскөн эки бакка салыштырууга болот. Бактылуу түгөйлөр бири-биринин сезимдерин жүрөгү менен туюп, жаны бирге болуп калат.

Ошондуктан алардын бири көз жумганда, чогуу жашап жүргөндө эч качан үзүлбөчүдөй көрүнгөн түйүн үзүлөт. Жесир калгандар көп учурда ичи туз куйгандай ачышып, жүрөк сыдырган жалгыздыктан кыйналышы, атүгүл ачууланышы же өзүн күнөөлүү сезиши мүмкүн. Мисалы, күйөөсү менен 58 жыл чогуу жашаган Даниела деген ишенимдешибиз жарынан айрылган көп эле кишилерди билчү *. Бирок өзүнүн жолдошу каза болгондо, ал: «Мен мунун кандай болорун такыр билбептирмин. Аны өз башыңан өткөрмөйүн толук түшүнбөйт экенсиң»,— деген.

АЯГЫ ЖОКТОЙ СЕЗИЛГЕН КАЙГЫ

Айрым окумуштуулардын айтымында, адам баласы үчүн сүйүктүү жарынан айрылгандан өткөн кайгы жок. Андай азапты башынан өткөргөндөрдүн көбү буга кошулат. Алсак, Милинин күйөөсү көп жыл мурун каза болгон. Ошентсе да ал: «Өзүмдү майыптай сезе берем» — деп, канчалык кыйналып жатканын айтат. Ал күйөөсү менен 25 жыл чогуу жашаган.

 Түгөйүнөн айрылгандардын бир канча жыл бою жаны сыздап, күйүт тартарын Сюзен көрүп эле жүрчү. 38 жыл чогуу өмүр сүргөндөн кийин ал да жолдошунан айрылган. Андан бери 20 жылдан ашуун убакыт өтсө да: «Аны ойлобогон бир да күнүм болбойт»,— дейт Сюзен. Күйөөсүн ушунчалык сагынгандыктан анын көз жашын көл кылып ыйлаган учурлары көп болот.

Жарынан айрылгандардын көпкө чейин азап тартары Ыйык Китептеги окуялардан да көрүнүп турат. Мисалы, сүйүктүү байбичеси Саара көз жумганда, Ыбрайым пайгамбар «аны жоктоп ыйлаган» (Башт. 23:1, 2). Тирилүү болоруна ишенсе да, ал катуу кайгырган (Евр. 11:17—19). Жакып пайгамбар да, Рахил өлгөндө, бир топко чейин кыйналган. Ал жанындай жакшы көргөн аялын эскерип, уулдарына айтып берчү (Башт. 44:27; 48:7).

Бул билдирүүлөрдөн эмнени биле алабыз? Жесир калгандар көп жыл бою кыйналышат. Андыктан алардын кайгырып, көз жашын төккөнүн көргөндө, жашык же кайраты жок деп ойлобой, чоң жоготуунун азабын чегип жатканын түшүнө билишибиз керек. Алар көпкө чейин колдоо көрсөтүшүбүзгө, боорукердик менен мамиле кылышыбызга муктаж болушат.

ЭРТЕҢКИ КҮНДҮ ОЙЛОП ТЫНЧСЫЗДАНА БЕРБЕ

Кудай сага бүдөмүк ойлорго чөмүлүп, санаа тартпоого жардам берет

Жарынан айрылгандардын жашоосу кайрадан бойдок кезиндегидей эле болуп калат деп ойлоо туура эмес болуп калмак. Себеби үйлөнгөндөн кийин күйөөсү аялын бир нерсеге капаланып же көңүлү чөгүп жатканда кантип сооротуп, көңүлүн көтөрүштү убакыттын өтүшү менен жакшыраак билип калат. Андыктан жолдошу каза болгондо, аял аны дайыма сүйүүсүнө бөлөп, жубатып турган асыл кишисинен айрылат. Ошо сыяктуу эле, жыл өткөн сайын зайып канткенде күйөөсүн сүйүнтүп, жан дүйнөсүн тынчтандыра аларын түшүнүп калат. Анын назик мамилеси, жылуу сөзү, чын жүрөктөн көңүл буруп, кам көргөнү күйөөсү үчүн эң бир баалуу нерсеге айланат. Ошондуктан аялынан айрылганда эркек кишинин ичи аңгырап, эңшериле түшөт. Жарын жоготкондор ушундай себептерден улам эртеңки күндү ойлоп тынчсызданышат, атүгүл коркушат. Ыйык Китеп аларга жан дүйнө бейкуттугуна ээ болууга кантип жардам берет?

Иса Машаяк: «Эч качан эртеңки күндү ойлоп тынчсызданбагыла, анткени эртеңки күндүн өз түйшүгү болот. Ар бир күндүн түйшүгү өзүнө жетиштүү»,— деген (Мт. 6:34). Анын бул сөздөрү биринчи кезекте материалдык нерселерге карата айтылса да, күйүт тартып жүргөндөргө да жардам берип келет. Зайыбы каза болгондон бир нече ай өткөндөн кийин, Чарльз: «Моникти аябай сагынып, куса болуп жатам. Кээде кусалыгым күндөн күнгө күчөп бараткандай сезилет. Бирок бул табигый нерсе экенин жана бара-бара күйүтүм басаңдаарын түшүнөм»,— деп жазган.

Кудай сага бүдөмүк ойлорго чөмүлүп, санаа тартпоого жардам берет

Ооба, Чарльзга убакыт керек болчу. Ага күйүтүн көтөрүп кетүүгө эмне жардам берген? «Жахабанын жардамы менен эртеңки күндү ойлоп тынчсыздана бербөөгө үйрөндүм»,— деген ал. Кайгысы бир эле түндө тарап кетпесе да, Чарльз убайым тартып, такыр эле мүңкүрөп калган эмес. Эгер сен да жарыңан айрылган болсоң, эртеңки күндү ойлоп тынчсыздана бербе. Мүмкүн, эртеңки күнү кайгың жеңилдеп, өзүңдү жакшыраак сезип каласың.

 Жахаба эч качан адамдардын өлүшүн каалаган эмес. Өлүм «Ибилистин иштерине» кирет (1 Жкн. 3:8; Рим. 6:23). Шайтан өлүмдү жана өлүмдөн коркууну колдонуп, адамдарды үмүтүнөн ажыратып, кул кылып келет (Евр. 2:14, 15). Кимдир бирөө жакшылыктан үмүтүн үзүп, бактысыз болсо, анын чырагына май тамат. Ал атүгүл адамдардын жаңы дүйнөдө да бактысыз болушун каалайт. Түгөйүнөн айрылгандардын ыйы, муң-зары Адам атанын күнөөсүнүн жана Шайтандын кыянаттыгынын кесепети экенин унутпа (Рим. 5:12). Жахаба келечекте Шайтандын куралы болгон өлүмдү жок кылып, ал келтирген зыянды толугу менен жоёт. Ошондо өлүмдөн коркуп жүргөндөр, анын ичинде жубайын жоготкондор да Шайтандын ал кулчулугунан бошонушат.

Жаңы дүйнөдө өлгөндөр тирилгенде, адамдардын ортосундагы мамилелер кыйла өзгөрөрү шексиз. Ата-энелердин, чоң ата-чоң энелердин өздөрүнүн балдары, небере-чөбүрөлөрү менен бирге жеткилеңдикке умтулуп жатышканы жөнүндө ойлонуп көрсөң. Ал кезде карылыктын бир да изи калбайт. Кичүү муун улуу муунга азыркыдан такыр башкача көз караш менен караганга үйрөнөрү бышык. Ушундай өзгөрүүлөр жалпы адамзат үй-бүлөсүнүн өз ара мамилесине зор таасир этери турган иш.

Негизи, тирилгендерге байланыштуу суроолор аябай көп. Айрымдар: «Эки же андан көп жубайынан айрылгандар эмне болот?» — деп түпөйүлдөнүшү мүмкүн. Учурунда садукейлер Иса пайгамбардан улам бир күйөөсү каза боло берип, акыры жетинчи күйөөсүнөн да айрылган  аял жөнүндө сурашкан (Лк. 20:27—33). Тирилгенде ал аял сыяктуулар эмне болот? Биз муну билбейбиз. Бирок белгисиз нерселер жөнүндө ой толгоп, кыйнала берүүнүн зарылдыгы жок. Бул жагынан Жахабага таянганыбыз оң. Анткени ал келечекте эмне кылбасын, баары сонун болот. Андыктан алдыдагыны ойлоп санаага бата бербегенибиз жакшы.

ТИРИЛҮҮГӨ БОЛГОН ҮМҮТ — СООРОТУУНУН БУЛАГЫ

Кудайдын Сөзүндө каза болгон жакын адамдарыбыздын тирилери ачык-айкын айтылат. Андагы байыркы убакта тирилген кишилер жөнүндөгү билдирүүлөр «мүрзөлөрдө жаткандардын баары анын [Иса Машаяктын] үнүн угуп», «мүрзөдөн чыгышарын» далилдеп турат (Жкн. 5:28, 29). Ошондо ажалдын уу тырмагынан бошонгон жакындарын көргөндө адамдар чексиз кубанышат. Ошол эле учурда тирилгендердин өздөрү да сөз менен айтып жеткиргис сезимдерге чулганары күмөнсүз.

Ал убакта бүт жер жүзү шаттыкка бөлөнөт. Миллиарддаган маркумдар кайрадан тирүүлөрдүн катарына кошулат (Мр. 5:39—42; Аян 20:13). Ушундай зор керемет тууралуу ой жүгүртүү сүйүктүү жакынын жоготкондордун баарын сооротот.

Тирилүү болгондо кимдир бирөөнүн кайгырышына орчундуу себеп болбойт. Анткени Ышая 25:8ге ылайык, Жахаба «өлүмдү түбөлүккө жок кылат». Бул өлүм менен кошо анын бүт залакасы жок болорун билдирет, себеби ал пайгамбарлыкта андан ары: «Эгедер Теңир Жахаба бардык адамдардын жүзүндөгү көз жашты аарчыйт»,— деп айтылат. Эгер өмүрлүк түгөйүңдү жоктоп, кайгырып жүрсөң, тирилүү болгондо кубанычың койнуңа батпай сүйүнөрүң шексиз.

Эч кимибиз Кудайдын жаңы дүйнөдө кыла турган иштерин толугу менен түшүнүп бүтө албайбыз. Анткени Жахаба: «Асман жерден канчалык бийик болсо, менин жолум силердин жолуңардан, менин оюм силердин оюңардан ошончолук бийик»,— деп айткан (Ыш. 55:9). Иса Машаяктын тирилүү болоруна байланыштуу убадасы бизге, Ыбрайым пайгамбардай болуп, Жахабага ишеним артууга мүмкүнчүлүк берет. Азыр биз үчүн Кудайдын талаптарын аткарып, тириле тургандар менен бирге  «келечектеги дүйнө түзүлүшүндө жашоого татыктуу болууга» аракет кылуу маанилүү (Лк. 20:35).

ҮМҮТТӨНҮҮГӨ КАНДАЙ СЕБЕП БАР?

Бүдөмүк ойлорго чөмүлүп, санаа тарта бергендин ордуна, үмүтүңдү тунук сакта. Адамдардын көбүнө келечек эч кандай жакшылык алып келбечүдөй көрүнөт. Бирок Жахаба бизге эң сонун үмүт тартуулоодо. Анын бардык каалоо, муктаждыктарыбызды кантип канааттандырарын так билбесек да, сөзсүз ошентерине шектенбешибиз керек. Элчи Пабыл: «Үмүттөнгөн нерсебизди көрүп турсак, анда үмүтүбүз үмүт эмес. Анткени адам көрүп турган нерсесине үмүттөнмөк беле? Ал эми көрүнбөгөн нерсеге үмүттөнсөк, аны туруктуулук менен күтө беребиз»,— деп жазган (Рим. 8:24, 25). Жахабанын убадаларына болгон бекем үмүт сага туруктуу болууга жардам берет. Ал эми туруктуулуктун аркасында Жахаба «жүрөгүңдөгү ой-тилектерди орундата» турган жаркын келечекти өз көзүң менен көрөсүң. Ошол убак келгенде, ал «бардык тирүү жандардын каалоосун орундатат» (Заб. 37:4; 145:16; Лк. 21:19).

Жахабанын жаркын келечек жөнүндөгү убадасына бекем ишен

Иса Машаяктын өлөрүнө аз калганда, элчилери андан аркысы кандай болорун ойлоп, түпөйүлдөнүшкөн. Бирок Мырзасы аларды: «Жүрөк заада болбогула. Кудайга ишенгиле, мага да ишенгиле»,— деп тынчтандырган. Ошондой эле: «Мен силерди жетимсиретпейм, сөзсүз кайра келем»,— деген (Жкн. 14:1—4, 18, 27). Анын айткандары кылымдар бою майланган жолдоочуларынын үмүтүн жандырып, туруктуу болууга дем берип келет. Андыктан көзү өтүп кеткен жакындарын көрүүнү эңсеп жүргөндөрдүн баарында үмүт үзбөөгө орчундуу себептер бар. Жахаба менен Иса Машаяк аларды эч качан өкүттө калтырбайт. Буга түк да шектенбе!

^ абз. 3 Ысымдар өзгөртүлдү.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Кудайдын сүйүүсүнөн бизди «эч бир нерсе ажырата албайт»

«Кудай сени сүйбөйт, сен эч нерсеге татыксызсың» деген ойлорду четке каккыла.