Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) ДЕКАБРЬ 2013

Жахаба аларды тоолордун көлөкөсүндө калкалаган

Жахаба аларды тоолордун көлөкөсүндө калкалаган

БИР аял таң заарда эшикке чыгып, босогодо кутуча турганын көрөт. Ал аны алып, эки жагын карайт, бирок айланада бир да жан көрүнбөйт. Аны белгисиз бирөө түн ичинде таштап кеткен эле. Аял кутучаны акырын ачып көрүп, дароо ичкери кирет да, эшикти шарт жабат. Анын шашканы жөндүү эле: кутучада тыюу салынган адабияттар бар болчу. Аял аны бооруна кысып, Жахабага баа жеткис рухий тамак үчүн ичинен ыраазычылык билдирет.

1930-жылдары Германияда ушул сыяктуу окуялар көп боло турган. Анткени 1933-жылы нацисттик режим күч алганда, өлкөнүн көп бөлүгүндө Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салынган. «Биз адамдар чыгарган буйрук Жахабанын жана анын ысмынын даңкталышына тоскоол боло албасына эч шектенген эмеспиз,— дейт азыр 100дөн ашып калган Ричард Рудольф бир тууган *.— Ыйык Китепке негизделген адабияттар изилдөө жүргүзгөндө да, кызмат кылганда да баалуу куралыбыз болчу. Тилекке каршы, тыюу салынгандан кийин аларды алуу кыйын болуп калды. Ошондуктан андан ары кандай болорун ойлоп, тынчсыздана баштадык». Көп өтпөй Ричард бир тууган ал ишке өзгөчө жол менен катышарын билген. Ал иш тоолордун көлөкөсүндө аткарылмак (Бий. 9:36).

КОНТРАБАНДИСТТЕРДИН ЖОЛУ МЕНЕН

Эльба (Лаба) дарыясын бойлоп, агымга каршы жол жүрүп отурсаң, Чех Республикасы менен Польшанын чек арасында жайгашкан Исполин тоолоруна (Крконоше) жетесиң. Эң бийик жери 1600 метрдей эле болсо да, ал тоолорду сууктугунан улам Европанын ортосундагы «арктикалык арал» деп коюшат. Ал чөлкөмдө кышкысын кардын калыңдыгы 3 метрге жетип, жарым жыл бою тоо бетин каптап турат. Аба ырайынын өзгөрүлмө экенин этибарга албагандар тоолордун башын күтүлбөгөн жерден чулгап калган коюу тумандын кучагында калышы мүмкүн.

Исполин тоолору кылымдар бою нечендеген провинциялардын, падышалыктардын, өлкөлөрдүн табигый чек арасы болуп келген. Ал жерди көзөмөлдөө кыйын болгондуктан, мурун көптөр  ошол тоолор аркылуу ар түрдүү нерселерди жашыруун алып өтө турган. 1933—1936-жылдары, Исполин тоолору Чехословакия менен Германияны ажыратып турган кезде, Жахабанын эр жүрөк кызматчылары контрабандисттердин ошол жолу аркылуу Ыйык Китепке негизделген баа жеткис адабияттарды алып өтө башташкан. Алардын арасында жаш Ричард да бар болчу.

Ишенимдештерибиз саякатчыларга окшоп кийинип, Исполин тоолору аркылуу Германияга адабият алып баратышат

КООПТУУ «САЯКАТЧЫЛАР»

«Дем алыш күндөрү жети же андан көп жаш бир тууган саякатчылардай болуп кийинип алып, тоого чыкчубуз. Германия тараптан Шпиндлерув-Млинге чейин үч сааттай жол жүрчүбүз»,— деп эскерет Ричард бир тууган. Шпиндлерув-Млин эс алуучу жайы Чехословакиядан 16 жарым километрдей алыс жайгашкан. Ошол убакта ал жерде көп немистер жашачу. Алардын арасынан бир фермер бир туугандар менен кызматташууга макул болгон. Ал өргүүгө келгендерди ташый турган ат арабасы менен жакын жердеги шаарчага барып, Прагадан поезд менен келген адабияттар салынган кутучаларды алып кетчү да, чөп сарайына катып койчу. Анан бир туугандар келип, аларды Германия тарапка алып кетишчү.

Ричард бир тууган: «Биз ал фермага барып, атайын оор жүктөрдү ташуу үчүн жасалган жон баштыктарыбызга адабияттарды толтура салчубуз. Ар бирибиздин жонубузда 50 килограммдай жүк боло турган»,— дейт. Башкалардын көзүнө урунбаш үчүн алар түн ката жол жүрүп, таң сөгүлө электе, кайра үйлөрүнө келип калышчу. Ошол кезде райондук көзөмөлчү болуп кызмат кылган Эрнст Виснер сактык үчүн көрүлгөн айрым чаралар жөнүндө мындай дейт: «Эки бир тууган алдыраак басып, кимдир бирөөнү көрөр замат фонарлары менен белги беришчү. Андайда оор жон баштыктарын асынып 100 метрдей артта келаткандар дароо жол боюндагы бадалдардын арасына жашынып калышчу. Алдыдагы эки бир тууган келип, жашыруун белгисин айткан соң, кайра жолун улашчу. Жашыруун белги жума сайын өзгөртүлүп турар эле». Анткен менен ал «саякатчылар» үчүн Германиянын көк формачан полициясынан башка да коркунучтар бар болчу.

Ричард бир тууган мындай деп эскерет: «Бир жолу кечке чейин иштөөгө туура келгендиктен, Чехословакия тараптан шериктериме караганда кечирээк чыгып калдым. Теребелди туман каптап, капкараңгы эле. Муздак жаандан улам калчылдап  үшүп бараттым. Анысы аз келгенсип, жапыз өскөн карагайлардын арасында адашып, бир нече саат бою жолду таппай жүрдүм. Мурун көптөгөн саякатчылар ошентип өмүрүнөн айрылган болчу. Шериктериме алар таң эрте үйлөрүнө кайтып келатканда гана жолуктум».

Ал кайраттуу бир туугандар үч жылдай ошол тоолорго жума сайын «саякатка» чыгып турушкан. Кыш мезгилинде баалуу жүктөрүн лыжа же чана менен ташышчу. Кээде алар күндүз 20 чактыдай киши болуп, саякатчылардын белгилер коюлган жолу аркылуу чек араны ашып өтүшөр эле. Башкалар шекшип калбашы үчүн, бир туугандар эже-карындаштардан да кошуп алышчу. Алардын айрымдары алдыга басып, шектүү бирөөнү көрөрү менен баш кийимдерин өйдө ыргытып, белги бере турган.

Исполин тоолорунун кар жамынган чокуларын ашып өтүү кыйла кооптуу болчу

Саякатчылар түнкү сапарынан кайткандан кийин, кандай иштер аткарылчу? Адабияттар тез арада таратылчу. Кантип? Аларды самынга окшош кылып ороп, Хиршбергдеги темир жол бекетине алып барышчу да, Германиянын чар тарабына жөнөтүшчү. Ал жактан бир туугандар адабияттарды сактык менен, макаланын башында айтылгандай, ишенимдештеринин үйлөрүнө жеткиришчү. Ошентип, адабияттар жарчылардын колуна тийгенге чейин, эриш-аркак кызматташууну талап кылган зор иштер жасалчу. Андыктан бирөө эле кармалып калса, натыйжасы аябагандай опурталдуу болмок. Өкүнүчтүүсү, бир жолу каргаша такыр күтүлбөгөн жактан келген.

1936-жылы полиция Берлиндин жанындагы адабияттардын кампасын таап алган. Анын ичиндеги буюмдардын арасында Хиршбергдеги белгисиз бирөөдөн келген үч кутуча да бар болчу. Полиция ал ишти аткарган жашыруун топтун башчысын таап, түрмөгө каматыш үчүн жазууларды ким жазганын изилдеп, көп өтпөй дагы эки шектүү адамды, анын ичинде Ричард Рудольфту кармаган. Ал бир туугандар бүт жоопкерчиликти өз мойнуна алгандыктан, башка ишенимдештер адабияттарды жеткирүү ишин, канчалык кооптуу болгонуна карабай, уланта беришкен.

ЭМНЕГЕ ҮЙРӨНСӨК БОЛОТ?

Исполин тоолору аркылуу жеткирилип турган адабияттар Германиядагы Күбөлөр үчүн рухий азыктын маанилүү булагы болгон. Бирок адабияттар жалгыз эле ошол тоолор аркылуу жеткирилчү эмес. 1939-жылы Чехословакияны немистердин аскери басып алганга чейин, Германияга аны менен чектеш Франция, Нидерландия, Швейцария сыяктуу өлкөлөрдөн да адабияттар келип турган. Куугунтукталып жаткан ишенимдештерибизди рухий тамак менен камсыз кылуу үчүн ал өлкөлөрдөгү жана Германиядагы бир туугандар өмүрлөрүн тобокелге салышкан.

Бүгүнкү күндө биз Ыйык Китепке негизделген адабияттарды жазуу түрүндө болобу, аудио же видео түрүндө болобу, каалашыбызча ала алабыз. Жаңы адабияттарды Падышалык залынан алганда же jw.org веб-сайтынан көчүргөндө, алар сага жеткиче, эмне деген эмгек кылынганы жөнүндө ойлонуп көр. Аларды даярдоого катышкан көптөгөн ишенимдештерибиз түн уйкусунан кечип, кар чүмкөнгөн тоолорду ашып өтпөсө да, бизди рухий тамак менен камсыз кылыш үчүн жан үрөп кызмат кылып жатышат.

^ абз. 3 Ал Силезия аймагындагы «Хиршберг» жыйналышында кызмат кылчу. Польшанын түштүк-батышындагы Зелёна-Гура шаары мурун Хиршберг деп аталган.