Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) НОЯБРЬ 2013

 БИЗДИН АРХИВДЕН

«Калканын такыр таштабаган таш бакага окшоп...»

«Калканын такыр таштабаган таш бакага окшоп...»

1929-ЖЫЛЫ август—сентябрларда болгон 9 күндүк өнөктүктө 10 000ден ашуун жарчы Кошмо Штаттарды тез арада узун-туурасынан кыдырып, 25 0000 китеп жана китепче таратышкан. Ал жарчылардын арасында миңдей адабият таратуучу бар болчу. Алардын саны аябагандай өскөн! «Бюллетенде» * айтылгандай, 1927-жылдан 1929-жылга чейин пионерлер үч эсеге көбөйгөн.

1929-жылдын аяк ченинде каржы каатчылыгы күч алган. «Кара шейшемби» деп белгилүү болуп калган 29-октябрда Нью-Йорк фондулук биржасында баалардын кескин түшүп кетиши менен дүйнөнүн экономикалык түзүлүшү дүрбөлөңгө түшүп, Улуу Депрессияга — далайлардын кендирин кескен катуу каатчылыкка — чалдыккан. Миңдеген банктар жабылып, фермалар, ири завод-фабрикалар ишин токтотуп, миллиондогондор жумушсуз калышкан. 1933-жылы Кошмо Штаттарда бир жолу үй-жайынан кол жуугандардын жогорку саны бир күндө миңге жеткен.

Толук убактагы кызматчылар ошол оор убакта кыйынчылыктарды кантип жеңишкен? Алардын көбүнө дөңгөлөктүү үйлөрдө жашаганы жеңилдик болгон. Анткени авточиркемеде жашаганда эч кандай салык же батир акысын төлөбөгөндүктөн көптөгөн пионерлер азыраак чыгым болуп, кызматын уланта алышкан *. Жыйын учурунда дөңгөлөктүү үйлөр акысыз мейманкана болчу. 1934-жылы «Бюллетенде» атүгүл андай машинелерге кантип суу түтүктөрүн киргизип, меш жана бүктөмө керебет орнотуп, ичи-тышын жылуулап, чакан, бирок ыңгайлуу үй кылып алса болоруна байланыштуу көрсөтмөлөр берилген.

Дүйнөнүн чар тарабындагы тапкыч бир туугандар дөңгөлөктүү үйлөрдү жасай башташкан. «Нух пайгамбар деле кеме куруп көргөн эмес болчу. Менде да дөңгөлөктүү үй курууда билимим да, тажрыйбам да жок эле»,— деп эскерген Виктор Беквел. Бирок ал ошондой үй жасай алган.

Индиядагы жаанчыл мезгилде дөңгөлөктүү үйдү дарыянын аркы өйүзүнө өткөрүү

Эйвери менен Ловиния Бристоу бир туугандардын да дөңгөлөктүү үйү бар болчу. Эйвери: «Мен калканын такыр таштабаган таш бакага окшоп, дайыма үйүмдү ала жүрчүмүн»,— деген. Ал аялы экөө Харви жана Энн Конроу деген жубайлар менен кызматташышкан. Ал жубайлардын дөңгөлөктүү үйүнүн «дубалы» кара кагаз (толь) менен капталган болчу. Алар үйүн айдаган сайын, кара кагаз айрылып, кичинеден түшө берчү. «Эч ким ага чейин жана андан кийин да ошондой авточиркеме көргөн эмес!» — деген Эйвери бир тууган. Бирок ал айткандай, Харви менен Энн жана алардын эки уулу бактылуу үй-бүлөлөрдөн болушкан. Харви: «Бизде эң зарыл нерселердин баары бар болчу. Жахабага кызмат кылуу менен анын камкордугун көрүп, өзүбүздү коопсуз сезчүбүз»,— деп жазган. Кийин Харви менен Энн жана алардын эки уулу Гилат мектебинен билип алып, Перуга миссионер болуп дайындалышкан.

Гюсто менен Винчентса Батайностор да пионер болуп кызмат кылышкан. Алар балалуу болорун билишкенде «Форд» маркасындагы машинесин үй сыяктуу кылып жасап алышкан. Ал «үйү» мурун жашаган жерлерине салыштырмалуу «сонун мейманканадай» болуп калган. Гюсто жана  Винчентса кичинекей кызы менен өздөрү жакшы көргөн ишти, Кошмо Штаттардагы италиялыктарга кабар айтууну, уланта беришкен.

Ошол жылдары жакшы кабарга көптөр кулак кагышкан. Бирок жумушсуздук кулач жайып, эл жакыр жашагандыктан адабияттар үчүн чанда эле акчалай тартуу кылышчу. Адамдар көбүнчө колунда болгон нерселеринен беришчү. Бир жолу эки пионер кызыккан адамдар берген тартуулардын 64 түрүн эсептеп чыгышкан. Алардын тизмеси айылдын дүкөнүндө сатылган азык-түлүк, буюм-тайымдарды эске салган.

Бир дыйкан Фред Андерсон бир тууганга китептер үчүн апасынан калган көз айнекти тартуу кылган. Кийинки фермадан да бир киши биздин адабияттарды алгысы келген, бирок көзү начар көргөндүктөн окуй албай турганын айткан. Фред бир тууган ага китептер менен кошо тиги көз айнекти да берген. Ал киши көз айнек менен окуп көрүп, кубанганынан китептер үчүн эле эмес, көз айнек үчүн да тартуу кылган.

Герберт Эббот машинесине атайын тооктор үчүн капас сала жүрчү. Үч-төрт тоок чогулганда, аларды сатып, түшкөн акчага май куйчу. Ал: «Кээде такыр эле акчабыз жок болуп калчу. Бирок биз багынчу эмеспиз, машинеде май болсо, Жахабага таянып алып, жолго чыга берчүбүз»,— деп айткан.

Жахабанын эли ага таянып, чечкиндүү болгондуктан ошол кыйынчылыктардын баарын көтөрүп кете алышкан. Бир жолу жаан аралаш катуу шамал болуп жатканда, Максвелл менен Эми Льюис деген түгөйлөрдүн авточиркемесин чоң бак басып калган. Алар кулап келаткан бакты байкап калып, сыртка чыгып кетүүгө жетишип калышкан. «Биз андай окуяларга жолтоо катары эмес, тек гана кырсык катары карачубуз,— дейт Максвелл бир тууган.— Кызматыбызды токтотуу оюбузга да келчү эмес. Иш абдан көп болгондуктан, талыкпай эмгектене берүүгө чечкиндүү болчубуз». Максвелл менен Эми кыйынчылыктарга моюн сунбай, досторунун жардамы менен дөңгөлөктүү үйүн калыбына келтиришкен.

Азыркы оор убакта да Жахабанын миллиондогон кызматчылары жан аябастык көрсөтүп жатышат. Алгачкы пионерлердей болуп, биз да Жахаба өзү: «Бүттү»,— демейинче, кабар айтууну уланта берүүгө чечкиндүүбүз.

^ абз. 3 «Падышалык кызматыбыздын» мурунку аталышы.

^ абз. 5 Ал кезде көптөгөн пионерлер эч жерде иштечү эмес. Алар уюмдун адабияттарын аябай арзан баада алышчу жана адабияттар үчүн берилген тартууларды жашоосундагы эң зарыл нерселерге колдонушчу.