Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) НОЯБРЬ 2013

Чыдамдуулук менен күтүүгө эмне жардам берет?

Чыдамдуулук менен күтүүгө эмне жардам берет?

«Мен... Кудайымды күтөм» (МИК. 7:7).

1. Эмнеден улам айрымдардын чыдамы кетиши мүмкүн?

МАШАЯК башкарган Падышалык 1914-жылы орногондо, Шайтандын дүйнөсүнүн акыркы күндөрү башталган. Асманда болгон согуштун жыйынтыгында Иса Машаяк Ибилис менен анын жин-перилерин жерге кулаткан. (Оку: Аян 12:7—9.) «Ибилис убактысынын аз калганын» жакшы билет (Аян 12:12). Анткен менен ал жерге кулатылгандан бери жүз жылдай өтүп калгандыктан, айрымдарга ал убакыт өтө эле көпкө созулуп жаткандай сезилиши мүмкүн. Жахабанын бул дүйнөнү жок кыларын күтүп жатып кээде биздин да чыдамыбыз кетпейби?

2. Бул макалада кайсы суроолор каралат?

2 Чыдамсыз болуу өтө кооптуу. Анткени анын айынан ойлонбой иш кылып алышыбыз мүмкүн. Бизге Кудайды чыдамдуулук менен күтүүгө эмне жардам берет? Бул макалада талкуулана турган төмөнкү үч суроонун жообу жардам берет: Микей пайгамбардын үлгүсүнөн чыдамдуулукка байланыштуу эмнени биле алабыз? Бул дүйнөнүн бүтөрүнө аз калганын кайсы окуялар көрсөтөт? Кудайдын чыдамдуулугуна ыраазы экенибизди кантип көрсөтө алабыз?

МИКЕЙ ПАЙГАМБАРДАН ЭМНЕГЕ ҮЙРӨНӨ АЛАБЫЗ?

3. Микей пайгамбардын убагында ысрайылдыктардын абалы кандай болгон?

3 Оку: Микей 7:2—6. Микей пайгамбар ысрайылдыктардын жаман иштерди кылып отуруп, ыймансыз Ахаз падышанын убагында чектен чыгып кетишкенин көргөн. Ал ишенимсиз ысрайылдыктарды «тикенектүү бадалга» жана «тикенектүү тосмого» салыштырган. Себеби тикенектүү тосмо же бадал кишинин денесин тытып кеткендей эле, ысрайылдыктар башкаларга зыян гана келтиришкен. Алар Кудайдан ушунчалык алыстап кеткендиктен, атүгүл үй-бүлөлөрдүн ыркы кетип, ынтымагы ыдыраган. Мекендештерине такыр жардам бере албасына  көзү жеткен Микей пайгамбар ичиндегисин Жахабага төгүп, аны чыдамдуулук менен күткөн. Ал Жахабанын өз убагы келгенде кийлигишерине күмөн санаган эмес.

4. Биз кандай кыйынчылыктарга кабылуудабыз?

4 Микей пайгамбар сыяктуу эле биз да «жакшылыкты билбеген, ишенимсиз, жакындарын сүйбөгөн», өзүмчүл адамдардын арасында жашап жатабыз (2 Тим. 3:2, 3). Жумуштагылар, классташтарыбыз, кошуна-колоңдорубуз өз көмөчүнө күл тартканда, капаланбай койбойбуз. Бирок айрымдарыбыз андан да чоң кыйынчылыктарга кабылуудабыз. Иса Машаяк жолдоочуларына үй-бүлөсүндөгүлөрү каршылык көрсөтөрүн пайгамбарлык кылып, Микей 7:6дагыга окшош сөздөрдү айткан. Ал: «Мен баланы атасынан, кызды энесинен, келинди кайненесинен бөлүш үчүн келдим. Ооба, адамга өз үйүндөгүлөрү душман болот»,— деген (Мт. 10:35, 36). Жахабага кызмат кылбаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн шылдыңына, каршылыгына чыдоо аябай эле оор. Ошондой сыноого кабылганда багынып бербей, Жахабага болгон берилгендигибизди сактап, ал жагдайды оңдогуча, чыдамдуулук менен күткөнүбүз жакшы. Эгер андан дайыма жардам сурасак, ал бизге баарын көтөрүп кетүүгө күч жана акыл берет.

5, 6. Микей пайгамбар Жахабадан кандай бата алган жана ал кайсы пайгамбарлыктын аткарылганын көргөн эмес?

5 Микей пайгамбар чыдамдуу болуунун аркасында Жахабадан бата алган. Ал Ахаз падышанын көз жумуп, ыймансыз башкаруусунун соңуна чыкканын көргөн. Ошондой эле анын уулу Хискиянын такка отуруп, чыныгы сыйынууну калыбына келтиргенине күбө болгон. Ал эми ашурлуктар Ысрайыл түндүк падышалыгын басып алганда, Кудайдын Самария жөнүндө ага жаздырган өкүмүнүн ишке ашканын көргөн (Мик. 1:6).

6 Бирок Микей айткан пайгамбарлыктардын баары эле анын көзү тирүүсүндө аткарылган эмес. Маселен, ал: «Акыркы күндөрдө Жахабанын үйүнүн тоосу тоолордун чокусунан бийик коюлат, адырлардан жогору көтөрүлөт, ага элдер агылып келет. Көптөгөн элдер келип: „Келгиле, Жахабанын тоосуна... чыгалы“,— дешет»,— деп жазган (Мик. 4:1, 2). Микей пайгамбар бул сөздөрдүн аткарылганын көргөн эмес. Ошентсе да, айланасындагылар эмне иш кылбасын, өмүрүнүн аягына чейин Жахабага болгон берилгендигин сактоого чечкиндүү болгон. Ал: «Бардык элдер, ар бири өз кудайынын ысмы менен аталат, биз болсо кылымдан кылымга, түбөлүктөн түбөлүккө Жахаба Кудайыбыздын ысмы менен аталабыз»,— деген (Мик. 4:5). Микей пайгамбар Жахабанын бардык убадаларынын аткарыларына толук ишенгендиктен кыйынчылыктарга карабай аны чыдамдуулук менен күтө берген. Ооба, ал Жахабага таянган.

7, 8. а) Жахабага таянууга кандай себеп бар? б) Канткенде убакыт тез өтөт?

7 Микей пайгамбардай болуп, биз да Жахабага толук таянабызбы? Ага таянууга орчундуу себеп бар. Биз Микей айткан пайгамбарлыктын аткарылып жатканын өз көзүбүз менен көрүүдөбүз. «Акыркы күндөр» башталгандан бери, ар кайсы элден, уруудан чыккан, ар кандай тилдерде сүйлөгөн миллиондогон адамдар «Жахабанын үйүнүн тоосуна» агылып келүүдө. Бири-бирине кас элдердин арасынан чыкканына карабай, алар «кылычтарынан соконун тишин» жасап, «согушууга үйрөнүүдөн» баш тартууда (Мик. 4:3). Жахабанын тынчтыкты сүйгөн элинин арасында болуу кандай чоң сыймык!

8 Биз Жахабанын бул дүйнөнү тезирээк жок кылышын каалайбыз. Бирок ал күндү чыдамдуулук менен күткүбүз келсе, Жахабаныкындай көз карашта болушубуз керек. Ал «өзү дайындаган киши» — Иса Машаяк — аркылуу адамзатты соттой турган күндү белгилеп койгон (Элч. 17:31). Бирок ал убак келгенге чейин, Кудай ар кандай адамдарга «чындыкты так таанып-билүүгө», ага  ылайык жашап, куткарылып калууга мүмкүнчүлүк берүүдө. Азыр адамдардын өмүрү кылдын учунда турат. (Оку: 1 Тиметей 2:3, 4.) Эгер аларга Кудай жөнүндө так билим алууга жардам бере берсек, убакыт ушунчалык тез өткөндүктөн, Жахабанын сот күнү кантип келип калганын да билбей калабыз. Ошондо бүт убактыбызды Падышалык жөнүндө кабар айтуу ишине жумшаганыбызга абдан сүйүнөбүз.

БУЛ ДҮЙНӨНҮН БҮТӨРҮНӨ АЗ КАЛГАНЫН КАЙСЫ ОКУЯЛАР КӨРСӨТӨТ?

9—11. 1 Тесалоникалыктар 5:3тө айтылган пайгамбарлык аткарылдыбы? Түшүндүргүлө.

9 Оку: 1 Тесалоникалыктар 5:1—3. Жакында элдер: «Тынчтык жана коопсуздук!» — деп жарыялайт. Алардын айтканына алданып калбаш үчүн «сергек жана сак болушубуз» керек (1 Тес. 5:6). Рухий жактан мындан ары да сергек болуу үчүн кандай окуялар «Тынчтык жана коопсуздук!» деп жарыяланышына алып барарын кыскача карап көрөлү.

10 Дүйнөнү бүлгүнгө учураткан эки дүйнөлүк согуштан кийин тең элдер түп көтөрө тынчтыкты талап кылышкан. Биринчи дүйнөлүк согуш аяктаганда, тынчтыкты орнотуу максатында Улуттар Лигасы негизделген. Ал эми Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Бириккен Улуттар Уюму пайда болгон. Өкмөттөр да, диний жетекчилер да ошол уюмдар жер бетине тынчтык алып келет деп үмүттөнүшкөн. Бириккен Улуттар Уюму 1986-жылды Эл аралык тынчтык жылы деп жарыялаган. Ошол жылы көп өлкөлөрдүн бийлик төбөлдөрү жана диний жетекчилери католик чиркөөсүнүн башчысынын демилгеси менен Италиянын Ассизи шаарына чогулуп, тынчтык жөнүндө тиленишкен.

11 Анткен менен ал окуя да, ага окшогон башка окуялар да 1 Тесалоникалыктар 5:3тө айтылган пайгамбарлыктын аткарылышын билдирген эмес. Эмне үчүн? Анткени алдын ала айтылган «капысынан келе» турган кыйратылуу али боло элек.

12. 1 Тесалоникалыктар 5:3тө айтылган пайгамбарлыкка байланыштуу эмнени айкын билебиз?

12 «Тынчтык жана коопсуздук!» деп ким жарыялайт? Анын жарыяланышында  христиан дүйнөсүнүн жана башка диндердин жетекчилери кандай роль ойнойт? Ага ар кайсы өлкөлөрдүн бийлик башчыларынын кандай катыштыгы болот? Ыйык Китепте бул тууралуу эч нерсе айтылбайт. Бир билгенибиз, ал кантип жарыяланбасын жана канчалык ишеничтүү угулбасын, тек гана ооздун жели болот. Андан кийин деле дүйнөгө мурдагыдай эле Шайтан бийлик кылып турган болот. Анын дүйнөсү түп-тамыры менен чирип кеткендиктен эч качан оңолбойт. Андыктан Шайтандын карандай калпына ишенип, бул дүйнөнүн иштерине аралашып кеткенибиз кандай гана өкүнүчтүү болмок!

13. Эмне үчүн периштелер улуу алааматтын кыйратуучу шамалдарын бекем кармап турушат?

13 Оку: Аян 7:1—4. Биз 1 Тесалоникалыктар 5:3тө айтылган пайгамбарлыктын аткарылышын күтүп жаткан азыркы учурда, кубаттуу периштелер улуу алааматтын кыйратуучу шамалдарын бекем кармап турушат. Эмне үчүн? Мунун негизги себеби, элчи Жакан айткандай, алар Кудайыбыздын майланган кулдарынын чекесине соңку мөөр басылышын күтүп жатышат *. Майлангандарга соңку мөөр басылып бүтөрү менен, периштелер кыйратуучу шамалдарды коё беришет. Андан кийин эмне болот?

14. Улуу Бабылдын жакында жок болорун эмне көрсөтүп турат?

14 Жалган диндин дүйнөлүк империясы Улуу Бабыл чукул арада өзүнүн тиешелүү жазасын алат. Жакында элдер, сүрмө топтор, улуттар ага колдоо көрсөтө албай калышат. Анын соодасынын бүтүп калганы азыртадан эле байкалууда (Аян 16:12; 17:15—18; 18:7, 8, 21). Жалпыга маалымдоо каражаттарында диндердин жана алардын жетекчилеринин катуу сынга алынып жатканы — динге болгон нааразычылыктын өсүп баратканынын айкын далили. Ошого карабай Улуу Бабылдын жетекчилери өздөрүн коопсуз сезишет. Алар кандай гана жаңылышат! «Тынчтык жана коопсуздук!» — деп жарыяланары менен, Шайтандын дүйнөсүнүн саясий түзүлүшү жалган динге капысынан кол салып, аны күм-жам кылат. Улуу Бабыл ошол бойдон түбөлүккө жок болот. Жүрөк толкутарлык ошондой окуяларды чыдамдуулук менен күткөнүбүз кандай гана маанилүү (Аян 18:8, 10).

КУДАЙДЫН ЧЫДАМДУУЛУГУНА ЫРААЗЫ ЭКЕНИБИЗДИ КАНТИП КӨРСӨТӨ АЛАБЫЗ?

15. Жахаба эмне үчүн чыдамдуулук менен күтүүдө?

15 Көптөр Жахабанын ысмына тил тийгизип жатышса да, ал өзү белгилеген убакытты чыдамдуулук менен күтүүдө. Себеби ал жүрөгү таза адамдардын эч кимисинин өлүшүн каалабайт (2 Пет. 3:9, 10). Бизчи? Жахабанын күнү келгиче, анын чыдамдуулугуна ыраазы экенибизди төмөнкү жолдор менен көрсөтө алабыз.

16, 17. а) Жигердүү эмес болуп калгандарга эмне үчүн жардам беришибиз керек? б) Жигердүү эмес болуп калгандардын Жахабага эртерээк кайтып келгени эмне себептен жакшы?

16 Жигердүү эмес болуп калгандарга жардам бергиле. Иса Машаяк жоголгон бир эле кой табылганда асманда чоң кубаныч болорун айткан (Мт. 18:14; Лк. 15:3—7). Жахаба өзүнүн ысмын жакшы көргөндөрдүн баарын, атүгүл учурда жигердүү эмес болуп калгандарды да баалайт. Андыктан ошондой бир туугандарыбызга жыйналышка кайтып келүүгө жардам бергенибизде Жахабанын жана периштелердин жүрөгүн кубантабыз.

17 Балким, сен да азыр жыйналыштан алыстап кеткендирсиң. Мүмкүн, буга кайсы бир ишенимдешиңдин сага кылган мамилеси себеп болгондур. Бирок андан бери аздыр-көптүр убакыт өткөндүктөн: «Жашоом мурункуга караганда маңыздуураак болуп, өзүмдү  бактылуураак сезип калдымбы? Мени Жахаба таарынттыбы же жеткилеңсиз адамбы? Жахабанын мага жамандык кылган учуру болду беле?» — деп ойлонуп көр. Чынында, ал бизге дайыма жакшылык гана кылып келет. Атүгүл арналуубузга ылайык жашабай калган күндө да, ал бизге өзү жараткан нерселерден кубаныч алууга жол берет (Жкп. 1:16, 17). Азыр Жахабанын күнүнө аябай аз калды. Андыктан асмандагы мээримдүү Атабызга жана жыйналышка — акыркы күндөрдөгү эң коопсуз жайга — эртерээк кайтып келгениң абзел (Мыйз. 33:27; Евр. 10:24, 25).

Бир туугандар жигердүү эмес жарчыларга Жахабага кайтып келүүгө жардам берүүдө бүт күчүн жумшашат (16, 17-абзацтарды карагыла)

18. Жетекчиликти колго алгандарды эмне үчүн колдошубуз керек?

18 Жетекчиликти колго алгандарды чын жүрөктөн колдогула. Камкор Койчу катары Жахаба бизди дайыма жетектеп, коргоп келет. Ал өзүнүн Уулун отордун Башкы койчусу кылып дайындаган (1 Пет. 5:4). Ал эми 10 0000ден ашуун жыйналыштагы аксакалдар Кудайдын ар бир коюна кам көрүшөт (Элч. 20:28). Жетекчиликти колго алган ал бир туугандарды чын жүрөктөн колдосок, Жахаба менен Иса Машаякка бизге кылган бардык жакшылыктары үчүн ыраазы экенибизди көрсөтөбүз.

19. Душманга каршы туруш үчүн эмне кылышыбыз зарыл?

19 Бири-бириңер менен жакын болгула. Бул эмнени билдирет? Илгери майданда дасыккан аскерге душман кол салганда, жоокерлер бири-бирине жанаша, эч жылчык калбагыдай абдан жакын турушчу. Алардын андай катарлары урагыс чеп сымал кас тараптын соккусунан коргочу. Учурда душманыбыз Шайтан да барган сайын күчөп, Кудайдын элине тыным албай сокку урууда. Ошо себептен азыр ич ара согушпай, бири-бирибизге жакын болуп, ката-кемчиликтерибизге көз жумуп, Жахабанын жетекчилигине баш ийгенибиз болуп көрбөгөндөй маанилүү.

Шайтан менен жин-перилерге каршы туруу үчүн бири-бирибизге жакын болушубуз керек (19-абзацты карагыла)

20. Азыр эмне кылганыбыз маанилүү?

20 Келгиле, баарыбыз рухий жактан сергек болуп, «Тынчтык жана коопсуздук!» деп жарыяланышын, ошондой эле майлангандарга соңку мөөр басылышын чыдамдуулук менен күтөлү. Ал убак келгенде, төрт периште кыйратуучу шамалдарды коё берет жана Улуу Бабыл түп-орду менен жок болот. Ошол тарыхый окуяларды күтүп жатып Жахабанын уюмунда жетекчиликти колго алгандарга баш ие берели. Шайтан менен жин-перилерге каршы туруу үчүн бири-бирибизге ынак бололу. Забурчунун: «Жахабаны күткөндөрдүн баары, кайраттуу болгула, жүрөгүңөр бекем болсун»,— деген сөздөрүн эсибизге бек сактайлы (Заб. 31:24).

^ абз. 13 Майлангандарга басыла турган алгачкы мөөр менен соңку мөөрдүн ортосунда кандай айырма бар экенин билүү үчүн «Күзөт мунарасынын» 2007-жылы 1-январдагы санынын (ор.) 30, 31-беттерин карагыла.