Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) ОКТЯБРЬ 2013

«Жахабага кулдары катары кызмат кылгыла»

«Жахабага кулдары катары кызмат кылгыла»

«Ынталуу болгула, жалкоо болбогула... Жахабага кулдары катары кызмат кылгыла» (РИМ. 12:11).

1. Көптөр элестеткен кулчулук менен Римдиктер 12:11де айтылган кулчулуктун кандай айырмасы бар?

КУЛ деген сөздү укканда көптөр кожоюнунан запкы жеген, басынтылган, кордук көргөн кишини элестетишет. Бирок Кудайдын кулу болуу таптакыр башкача. Ыйык Китепте Кудайдын кулдары ага — мээримдүү Кожоюнуна — өз эрки менен кызмат кылышары айтылат. Мисалы, элчи Пабыл 1-кылымдагы ишенимдештерине «Жахабага кулдары катары кызмат кылуу» жөнүндө айтканда аларды ага сүйүүсү менен ыйык кызмат кылууга чакырган (Рим. 12:11). Кудайдын кулу болуу деген эмнени билдирет? Шайтанга жана анын дүйнөсүнө кул болуп калуудан кантип кача алабыз? Жахабага кулдары катары ишенимдүү кызмат кылгандар кандай сыйлык алышат?

«МЕН КОЖОЮНУМДУ... ЖАКШЫ КӨРӨМ»

2. а) Еврей кулдардын айрымдары эркиндикке чыгуудан эмне үчүн баш тартчу? б) Кул кулагын тештирүү менен эмнени көрсөтчү?

2 Ысрайыл элине берилген Мыйзам Жахабанын кулу болуу деген эмнени билдирерин түшүнүүгө жардам берет. Ал Мыйзамга ылайык, еврей кул жетинчи жылы эркиндикке чыкчу (Чыг. 21:2). Бирок кожоюнун жакшы көргөн жана ага андан ары да кызмат кылгысы келген кулдар үчүн Жахаба өзүнчө жол-жобо берген. Кожоюну андай кулду эшиктин же кашектин жанына тургузуп, кулагын шибеге менен тешчү (Чыг. 21:5, 6). Эмне үчүн? Еврей тилинде тил алуу деген ой «угуу», «кулак кагуу» деген сөздөр менен тыгыз байланышта. Андыктан кул кулагын тештирүү менен кожоюнуна тил алып, ага кызмат кыла бергиси келерин көрсөткөн. Анын сыңарындай, биз да Жахабага арналганыбызда аны жакшы көрөрүбүздү жана анын тилин алууга даяр экенибизди көрсөтөбүз.

3. Бизге өзүбүздү Кудайга арноого эмне түрткү берет?

3 Биз чөмүлгөнгө чейин эле Жахабага кулу катары кызмат кылууну чечебиз. Өзүбүздү Жахабага анын тилин алып, эркин аткаргыбыз келгендиктен арнайбыз. Буга бизди эч ким мажбурлабайт. Атүгүл балдар  да Жахабага өз эрки менен арналгандан кийин гана чөмүлүшөт. Алар муну ата-энесин сүйүнтүш үчүн эмес, чын жүрөктөн каалагандыктан кылышат. Ооба, өзүбүздү асмандагы Кожоюнубузга арноого ага болгон сүйүүбүз түрткү берет. Элчи Жакан: «Кудайды сүйүү — бул анын осуяттарын аткаруу»,— деп жазган (1 Жкн. 5:3).

КУЛ БОЛСОК ДА, ЭРКИНБИЗ

4. «Адилдиктин кулу» болуш үчүн эмне кылышыбыз керек?

4 Бизге кулу болууга мүмкүнчүлүк берип жатканы үчүн Жахабага кандай гана ыраазыбыз. Машаяктын куткаруу курмандыгына ишенгендиктен күнөөнүн кулчулугунан бошондук, башкача айтканда, күнөө бизге толугу менен үстөмдүк кыла албай калды. Демек, дагы деле жеткилеңсиз болсок да, биз өз эркибиз менен Жахабага жана Иса Машаякка баш ийүүнү тандап алдык. Элчи Пабыл муну ыйык рухтун жетеги менен жазган каттарынын биринде: «Өзүңөрдү күнөө үчүн өлүк деп, ал эми Кудай үчүн Машаяк Иса аркылуу тирүү деп эсептегиле»,— деп түшүндүргөн. Анан мындай деп эскерткен: «Өзүңөрдү кимге кулдукка берип, кимге баш ийсеңер, ошого кул болоруңарды билбейсиңерби? Силер же өлүмгө алып баруучу күнөөнүн, же адилдикке жеткире турган тил алчаактыктын кулусуңар. Бирок мен Кудайга ыраазымын, себеби күнөөнүн кулу болуп келсеңер да, азыр өзүңөр үйрөтүлгөн окутууга чын жүрөктөн баш ийип жатасыңар. Ооба, силер күнөөнүн кулчулугунан бошонуп, адилдиктин кулу болуп калдыңар» (Рим. 6:11, 16—18). Пабылдын «чын жүрөктөн баш ийишибиз» керектиги жөнүндө айтканына көңүл бурсаң. Анын сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, өзүбүздү Жахабага арнаганда «адилдиктин кулу» болобуз.

5. Биз кандай күрөш жүргүзөбүз жана эмне үчүн?

5 Анткен менен арналуубузга ылайык жашоо үчүн күрөш жүргүзүшүбүз керек. Биринчиден, элчи Пабылга окшоп, өзүбүздүн жеткилеңсиздигибиз менен күрөшүшүбүз кажет. Ал: «Жүрөгүмдө Кудайдын мыйзамынан ырахат алам, ал эми денемде башка мыйзам бар экенин көрүп турам. Бул мыйзам акылымдагы мыйзамга каршы күрөшүп, мени денемдеги күнөөнүн мыйзамына туткун кылып келет»,— деп жазган (Рим. 7:22, 23). Баарыбызга жеткилеңсиздик тукум кууп өткөндүктөн, денебиздин каалоолоруна каршы күрөшкөнүбүз маанилүү. Элчи Петир бизди: «Эркин адамдардай болгула, бирок эркиндигиңерди жаман иштерди жаап-жашырыш үчүн эмес, Кудайдын кулдары катары пайдалангыла»,— деп чакырган (1 Пет. 2:16).

6, 7. Шайтан бул дүйнөнү кантип кызыктуу кылып көрсөтөт?

6 Экинчиден, биз жин-перилердин таасири астында жаткан бул дүйнөгө каршы күрөш жүргүзөбүз. Бул дүйнөнүн башкаруучусу Шайтан өзүнүн бүт «курал-жарактарын» колдонуп, Жахаба менен Иса Машаякка болгон берилгендигибизден тайдырууга аракет кылат. Ал бизди өзүнүн дүйнөсү менен камыр-жумур болууга азгырып, кул кылып алууну көздөйт. (Оку: Эфестиктер 6:11, 12.) Ан үчүн ал дүйнөнү кызыктуу, жагымдуу кылып көрсөтөт. Бирок элчи Жакан: «Ким дүйнөнү сүйсө, ал Атабызды сүйбөйт. Анткени дүйнөдөгүнүн баары: дене кумары, көз кумары жана колунда болгон нерселерине мактангандык Атабыздан эмес, бул дүйнөдөн»,— деп эскерткен (1 Жкн. 2:15, 16).

7 Бүгүнкү күндө адамдардын көбү байлык кууп, дүнүйө жыйнайт. Шайтан адамдарды бактылуу болуу чөнтөктүн калыңдыгынан дегенге ишендиргиси келет. Кайсы жерге барба, заңгыраган дүкөндөр. Жарнамалар болсо каалаганыңды алып, сайран куруп жүрө берүүгө чакырат. Туристтик агенттиктер жашоонун ырахатын көрүүнү эле ойлогон адамдар менен бирге дүйнөнүн эң бир кооз жерлерине саякаттап келүүнү сунуш кылат. Айтор, айлана-чөйрөбүздүн баары эле жыргал турмушта чардап жашаганга үндөйт. Бирок ан үчүн бул дүйнөнүн нормаларына ылайыкташууга туура келет.

8, 9. Эмнеден сак болушубуз керек жана эмне үчүн?

 8 1-кылымда элчи Петир ишенимдештерине бул дүйнөнүн таасирине алдырып койгондор жөнүндө айтып, мындай деп эскерткен: «Алар, ал тургай, күндүз да жыргалга батып жашоону ырахат көрүшөт. Кемтик, так сыяктуу андай адамдар силер менен тойлоп жатканда жалган окууларын таратуудан ырахат алышат. Алар ооз көптүрө сүйлөшөт, жаман жолдо жүргөндөрдөн жаңы эле кутулгандарды дене кумарлары, уятсыз жүрүм-туруму менен азгырышат. Эркиндикти убада кылышканы менен, өздөрү — бузулгандыктын кулдары. Анткени ким кимден жеңилсе, ал ошого кул болот» (2 Пет. 2:13, 18, 19).

9 «Көз кумарын» кандыруу менен, тактап айтканда, каалаган нерсесине ээ болуу менен адам эркин болуп калбайт. Тескерисинче, бул дүйнөнүн көзгө көрүнбөгөн кожоюнуна, Шайтан Ибилиске, кул болот (1 Жкн. 5:19). Чынында эле, дүнүйөкорлуктун торуна түшүп калуу абдан кооптуу. Андан сак болушубуз керек, анткени анын кулчулугунан бошонуу оңой эмес.

ЖАШООБУЗДУ ЭМНЕ ЧЫНДАП МАҢЫЗДУУ КЫЛАТ?

10, 11. а) Шайтан өзгөчө кимдерге чабуул коёт? б) Жогорку окуу жайынан билим алгандар кандай кыйынчылыкка туш болушу мүмкүн?

10 Эйден багындагыдай эле, Шайтан азыр да биринчи кезекте тажрыйбасыздарга чабуул коёт. Ал, айрыкча, жаштарды олжолоп алгысы келет. Шайтан эч кимдин, анын ичинде жаштардын да Жахабага өз ыктыяры менен кул катары кызмат кылышын каалабайт. Ал Жахабанын душманы болгондуктан, өзүн Жахабага арнагандардын баарынын берилгендигин сактабай, ишенимсиз болуп калышын самайт.

11 Кожоюнуна өмүр бою кызмат кылгысы келген кулдар жөнүндө кайрадан ой жүгүртүп көрөлү. Кул кулагын тештиргенде убактылуу кыйналчу. Бирок андан кийин жарааты айыгып, кулагында кожоюнуна кызмат кылууну чечкенин көрсөткөн белги калып калчу. Ошо сыяктуу эле, жаштар курбу-курдаштарынан айырмаланган жолго түшкөндө адегенде кыйналышы, атүгүл азап тартышы мүмкүн. Шайтан өзүнүн дүйнөсүндө мансапка жеткендердин жашоосун маңыздуудай кылып көрсөткүсү келет, бирок биз Кудайдыкын биринчи орунга койгондо гана жашообуз чындап маңыздуу болорун унутпашыбыз керек. «Рухий муктаждыгын сезгендер бактылуу»,— деп айткан Иса Машаяк (Мт. 5:3). Анын жолдоочулары Шайтандын эмес, Жахабанын эркин аткарууга умтулушат. Алар Жахабанын мыйзамынан ырахат алышат жана ал тууралуу күнү-түнү ой жүгүртүшөт. (Оку: Забур 1:1—3.) Ал эми жогорку окуу жайынан билим алып жаткандардын Жахабанын Сөзүнөн окугандары  тууралуу ой жүгүртүүгө, ага кызмат кылууга убактысы дээрлик калбай калат.

12. Жаштарга эмнени чечүүгө туура келет?

12 1-кылымда айрым бир туугандардын жашоосун Жахабага кызмат кылбаган кожоюндары оордоткон көрүнөт. Ошондуктан элчи Пабыл Корунттагы ишенимдештерине жазган биринчи катында: «Кул кезиңде чакырылган болсоң, тынчсызданба. Бирок эркиндикке чыгууга мүмкүнчүлүгүң болсо, андан пайдаланып кал»,— деп кеңеш берген (1 Кор. 7:21). Ал айткандай, эгер кимдир бирөө кожоюнунан запкы чегип жатса, кулчулуктан бошонгону оң болмок. Бүгүнкү күндө көптөгөн өлкөлөрдө окуучулардан кайсы бир жашка чейин сөзсүз мектепке баруу талап кылынат. Ал эми ал курактан өткөндөн кийин андан ары билим алабы же жокпу, өздөрү чечишет. Эгер кайсы бир ишенимдешибиз бул дүйнөдө мансапка жетүү үчүн жогорку билим алууну тандаса, эркиндиги чектелип, Кудайга толук убакыт кызмат кылуу аябай кыйын болуп калат. (Оку: 1 Корунттуктар 7:23.)

Кайсы кожоюнга кул болосуң?

ЖОГОРКУ БИЛИМДИ ТАНДАЙСЫҢБЫ ЖЕ ЭҢ ЖОГОРКУ БИЛИМДИБИ?

13. Жахабанын кызматчылары үчүн кандай билим алуу көбүрөөк пайдалуу?

13 Пабыл Колосадагы бир туугандарга: «Сак болгула, кимдир бирөө Машаяктын окууларына эмес, бул дүйнө карманган жол-жоболорго, адамдар чыгарган салттарга негизделген философия менен курулай калпты колдонуп, силерди тузакка түшүрүп албасын»,— деп жазган (Кол. 2:8). Учурда билим берүү тармагындагы көптөгөн адистердин айткан сөздөрүндө «адамдар чыгарган салттарга негизделген философия менен курулай калп» байма-бай кездешет. Жогорку окуу жайлары бүтүрүүчүлөргө көп билим бергени менен, адатта, күнүмдүк жашоодо пайдасы тие турган жөндөмдүүлүктөрдү өрчүтүүгө, турмуштун ысык-суугуна даяр болууга жардам бербейт. Ал эми Жахабанын кызматчылары жөнөкөй жашап, ага кызмат кылууга өбөлгө түзө турган кесипке үйрөткөн билимди тандашат. Алар Пабылдын Тиметейге: «Кудайга берилгендик көрсөтүп, колдо бар нерсеге ыраазы болсок, көп нерсеге ээ болобуз. Андыктан ичкенге тамагыбыз, кийгенге кийимибиз жана баш калкалаар жайыбыз болсо, ошого ыраазы бололу»,— деп айткан кеңешине олуттуу карашат (1 Тим. 6:6, 8). Кудайдын кызматчылары кайсы бир наамдарга же жогорку даражага жетүүгө эмес, кабар айтуу кызматына мүмкүн болушунча көбүрөөк катышып, «кепилдеме катка» ээ болууга умтулушат. Ал «кепилдеме кат» — алар Машаяктын жолдоочусу болууга жардам берген адамдар. (Оку: 2 Корунттуктар 3:1—3.)

14. Филипиликтер 3:8ге ылайык, Пабыл Кудай менен Машаякка кул катары кызмат кылууга кандай караган?

 14 Бул жагынан элчи Пабылдан эмнеге үйрөнө аларыбызды карап көрөлү. Ал жүйүттөргө берилген Мыйзамды мыкты билген Гамалеил деген окутуучудан билим алган. Анын билими азыркы университеттик билимге тете болчу. Бирок Пабыл алган билимине карата кандай көз карашта болгон? Ал Кудай менен Машаякка кул катары кызмат кылуу сыймыгын андан артык көрөрүн билдирип: «Мырзам Машаяк Иса жөнүндөгү теңдешсиз билим үчүн... бардыгынан баш тарттым. Машаяк үчүн баарын четке кактым, ага ээ болуу үчүн баарын таштанды деп эсептейм»,— деп жазган (Флп. 3:8). Анын сөздөрү Кудайга кызмат кылган жаштарга жана алардын ата-энелерине билим алууга байланыштуу туура чечим чыгарууга жардам берет. (Сүрөттү кара.)

ЭҢ ЖОГОРКУ БИЛИМДИН ПАЙДАСЫ

15, 16. Жахабанын уюму адамдарга кандай билим берүүдө жана андай билимдин негизги максаты эмне?

15 Жогорку окуу жайларынын көбүндө кандай маанай өкүм сүрөт? Өкүнүчтүүсү, алар саясий жана коомдук көтөрүлүштөрдүн очогу болгон учурлар көп кездешүүдө (Эф. 2:2). Алардан айырмаланып, Жахабанын уюму адамдарга бейкуттук өкүм сүргөн жыйналыштар аркылуу эң жогорку билим берүүдө. Алсак, ар бирибиз жума сайын Теократиялык кызмат мектебинен билим алабыз. Ал эми пионер болуп кызмат кылган көптөгөн бир туугандарыбыз Бойдок ага-инилер үчүн ыйык китептик мектептен же Жубайлар үчүн ыйык китептик мектептен билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Андай мектептер бизди асмандагы Кожоюнубуз Жахабанын тилин алууга үйрөтөт.

16 Биз «Күзөт мунарасы коомунун адабияттарынын индексин» (ор.), «Күзөт мунарасы коомунун электрондук китепканасын» (ор.) жана «Күзөт мунарасы коомунун онлайн китепканасын» колдонуу менен да баа жеткис билимдин кенчин таба алабыз. Билим алганыбыздын негизги максаты — Жахабага болгон сыйынуубуздун сапатын жакшыртуу. Ал билимдин аркасында биз башкаларга Кудай менен элдешүүгө көмөк кыла алабыз (2 Кор. 5:20). Ал эми алар болсо дагы башкаларды окутушат (2 Тим. 2:2).

КУДАЙДЫН КУЛУ КАНДАЙ СЫЙЛЫК АЛАТ?

17. Эң жогорку билимди тандагандар кандай сыйлык алат?

17 Иса пайгамбар таланттар жөнүндөгү мисалында эки ишенимдүү кулдун мырзасынын мактоосуна татыктуу болгонун жана көбүрөөк жоопкерчиликтерге ээ болуп, мырзасынын кубанычына ортоктош болгонун айткан. (Оку: Матай 25:21, 23.) Биз да эң жогорку билимди тандасак, зор кубанычка бөлөнүп, чоң сыйлык алабыз. Мисалга Майклды алалы. Ал мектепте аябай жакшы окугандыктан, мугалимдери аны чакырып, университетке тапшырууга мүмкүнчүлүгү бар экени тууралуу сүйлөшмөкчү болушат. Бирок Майкл, мугалимдерин таң калтырып, жогорку билимди эмес, үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кыла алышы үчүн, убакытты көп албаган жана өзүн камсыз кылууга өбөлгө түзгөн кесипти тандайт. Кийин ал чыгарган чечимине өкүнгөнбү? «Пионер катары алган билимимди жана азыр жыйналыштын аксакалы катары үйрөнүп жаткан нерселеримди эч нерсеге салыштырып болбойт,— дейт Майкл.— Бул дүйнөдө канча акча таппайын, баары бир алып жаткан баталарым менен ээ болгон сыймыктуу жоопкерчиликтериме тең келмек эмес. Жогорку билимди тандабаганыма аябай сүйүнөм».

18. Эң жогорку билимди тандоого сага эмне түрткү берди?

18 Эң жогорку билим бизди Жахаба Кудайдын эркин аткарууга, ага кулдары катары кызмат кылууга үйрөтөт. Ошондой эле келечекте «жок болуу кулчулугунан бошонууга» жана «Кудайдын уулдары катары даңктуу эркиндикке чыгууга» үмүт берет (Рим. 8:21). Баарынан маанилүүсү, эң жогорку билимдин аркасында асмандагы Кожоюнубуз Жахабаны чын жүрөктөн жакшы көрөрүбүздү кандай жолдор менен көрсөтсөк болорун үйрөнөбүз (Чыг. 21:5).