Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Күзөт мунарасынын изилдөөгө арналган чыгарылышы  |  Октябрь, 2013

Жаратылган нерселер Кудуреттүү Кудайды даңазалайт

Жаратылган нерселер Кудуреттүү Кудайды даңазалайт

«Кудуреттүү Кудайыбыз Жахаба, сен даңкталууга... татыктуусуң, анткени баарын сен жараткансың» (АЯН 4:11).

1. Ишенимибиз бекем болуш үчүн, эмне кылышыбыз керек?

КӨПТӨР көргөн нерселерине гана ишенерин айтышат. Ыйык Китепте болсо: «Кудайды бир да адам көргөн эмес»,— делет (Жкн. 1:18). Андыктан өз көзү менен көргөн нерселерге гана ишенгендерге Жахабага ишенүүгө кантип жардам бере алабыз? Өзүбүздүн да «көрүнбөс Кудайга» болгон ишенимибиз бекем болуш үчүн, эмне кылышыбыз керек? (Кол. 1:15). Ан үчүн эң алгач Жахаба жөнүндөгү чындыкты кайсы окуулар бүдөмүктөтөрүн аныктап алышыбыз зарыл. Андан соң «Кудай жөнүндөгү билимге каршы турган» түшүнүктөрдүн баарын «талкалаш» үчүн Ыйык Китепти мыкты колдонууга үйрөнүшүбүз кажет (2 Кор. 10:4, 5).

2, 3. Кайсы эки окуу адамдардын акылын сокур кылып, Кудай жөнүндөгү чындыкты билишине тоскоол болууда?

2 Адамдардын акылын сокур кылып, Кудай жөнүндөгү чындыкты билишине тоскоол болгон кеңири жайылган жалган окуулардын бири — эволюция. Ал окуу Ыйык Китепке карама-каршы келет жана адамдарды үмүтүнөн ажыратат. Эволюция теориясы тиричилик өзүнөн өзү жаралган деп окутат, ошону менен бирге жашоо эч максатсыз, кокусунан эле пайда болгон деген ойго түртөт.

3 Ал эми христиан дүйнөсүндөгү айрым диндер Ыйык Китепте айтылгандарды түзмө-түз түшүнүп, ай-аалам, анын ичинде Жер планетасы жана андагы тиричилик он миң жылдай мурун 24 сааттан турган алты күндүн ичинде жаратылган деп окутушат. Ал окуу креационизм деп аталат. Аны жактагандар өздөрүнүн көз карашына дал келбеген илимий далилдердин баарын четке кагышат. Бул айрымдардын Ыйык Китептеги билдирүүлөрдүн тактыгына, акылга сыярлык экенине шек санашына алып келүүдө. Креационизмге ишенгендер 1-кылымдагы «Кудайга кызмат кылууда ынталуу» болгон, «бирок ынталуулугу так билимге ылайык келбеген» адамдарды эске салат (Рим. 10:2). Эволюция жана креационизм сыяктуу «чептерди талкалаш үчүн» Кудайдын Сөзүн кантип  колдонсок болот? * Ан үчүн терең изилдөө жүргүзүп, андагы окууларды так билүүгө бүт күч-аракетибизди жумшашыбыз керек. Ошондо гана ал «чептерди талкалай» алабыз.

ИШЕНИМ ЖҮЙӨЛҮҮ ДАЛИЛДЕРГЕ НЕГИЗДЕЛЕТ

4. Ишенимибиз эмнеге негизделиши керек?

4 Ыйык Китепте биз «билимди кенчтей» баалоого чакырылабыз (Накыл 10:14). Жахаба ага болгон ишенимибиздин адамдык ой жүгүртүүгө же диний каада-салттарга эмес, жүйөлүү далилдерге негизделишин каалайт. (Оку: Еврейлер 11:1.) Бекем ишеним өрчүтүш үчүн, адегенде Кудайдын бар экенине ынанышыбыз керек. (Оку: Еврейлер 11:6.) Биз анын бар экенине жөн эле ишенгибиз келгендиктен эмес, «акыл жөндөмүбүздү» колдонуп, жүйөлүү далилдерди изилдөөнүн аркасында ынанабыз (Рим. 12:1).

5. Кудайдын бар экенине эмне себептен ишенсек болот?

5 Элчи Пабыл Кудайды көрбөсөк да, анын бар экенине ишенүүгө болорунун бир себебин айткан. Ал Жахаба Кудай жөнүндө: «Анын көзгө көрүнбөгөн сапаттары — түбөлүк күчү менен кудайлык табияты — дүйнө жаралгандан бери айкын көрүнүп турат, себеби аларды анын жараткан нерселеринен баамдап билүүгө болот»,— деп жазган (Рим. 1:20). Кудайдын бар экенине күмөн санаган кишиге элчи Пабылдын бул сөздөрүнүн чындык экенине ишенүүгө кантип жардам берсең болот? Андай киши менен маектешкенде Жараткандын күчүн жана акылмандыгын көрсөтүп турган төмөндөгү далилдердин айрымдарын келтирсең болот.

ЖАРАТЫЛГАН НЕРСЕЛЕР КУДАЙДЫН КУДУРЕТТҮҮ КҮЧҮНӨН КАБАР БЕРЕТ

6, 7. Бизди коргоп турган эки «калканч» кандайча Жахабанын кудуреттүү күчүнөн кабар берип турат?

6 Бизди коргоп турган эки «калканч» — жердин атмосферасы менен магнит талаасы — Жахабанын кудурети күчтүү экенинен кабар берет. Атмосфера бизди аба менен эле камсыз кылбастан, космостон келген көптөгөн метеордук телолордун чабуулунан коргойт. Андай телолор жерге түшсө, аябай чоң зыян келтирмек. Бирок алар атмосферага кирери менен күйүп жок болот да, түнкү асманда көз жоосун ала жарк этип сызып жок болгон жылдыздын элесин гана калтырат.

7 Жердин магнит талаасы да бизди ар кандай зыяндан сактайт. Ал жердин тээ тереңинен орун алган жана негизинен балкып эриген темирден турган ядронун тышкы бөлүгүндө пайда болуп, космос мейкиндигине чейин жайылат. Жердин магнит талаасы бизди космостук радиациядан жана күндүн атмосферасындагы жарылуулардан коргоп турат, тактап айтканда, алардан келген зыяндуу нурларды жутуп алат же кайра космоско кайтарат. Ал «калканч» болбогондо, жер бети эбак куйкаланып, жашоо-тиричилик токтоп калмак. Түндүк жана Түштүк уюлдарга жакын жерлерде түнкүсүн асманда миң кубулуп, түркүн түскө боёлгон делпилдеген көшөгө сымал уюлдук жаркыроо пайда болгондо, жердин магнит талаасынын планетабызды коргоп жатканынын далилин көрө алабыз. Ооба, чынында эле, Жахабанын «кубаты эбегейсиз, күчү зор»! (Оку: Ышая 40:26.)

ТАБИЯТ КУДАЙДЫН АКЫЛМАНДЫГЫН АЙГИНЕЛЕЙТ

8, 9. Тиричилик үчүн зарыл болгон циклдардан Жахабанын акылмандыгы кандайча айкын көрүнүп турат?

8 Жахабанын акылмандыгы жер бетиндеги тиричилик үчүн зарыл болгон циклдардан айкын көрүнүп турат. Сырттан таза суу кирип турбаган, таштандылар сыртка чыгарылбаган жана калк жыш отурукташкан чептүү шаарды элестетсең. Андай шаар тез эле булганып, киши жашай алгыс болуп калмак. Кызыктуусу, биздин планета кандайдыр бир жагынан ошондой чептүү шаарга окшош. Анда белгилүү бир өлчөмдө гана таза суу бар жана бөлүнүп чыккан «таштандыларды» космоско ыргытууга мүмкүн эмес.  Анткен менен биздин «чептүү шаарыбыз» кылымдан кылымга миллиарддаган тирүү жандыктарды жашоого керектүү нерселер менен камсыз кылып келет жана мындан ары да камсыз кыла бермекчи. Мунун сыры өмүр үчүн зарыл болгон жаратылыш циклдарында.

9 Мисалы, кычкылтектин айланышын карап көрөлү. Миллиарддаган адамдар менен жан-жаныбарлар кычкылтек менен тынымсыз дем алып, көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарып турат. Ошентсе да кычкылтек түгөнүп, атмосфера «таштандыга» — көмүр кычкыл газына — толуп кетпейт. Эмне үчүн? Мунун себеби фотосинтез деп аталган кереметтүү процесс менен түшүндүрүлөт. Ал процесстин аркасында жашыл түстөгү өсүмдүктөр өзүнө көмүр кычкыл газын, сууну, күндүн нурун, азык-заттарды сиңирип алып, углеводду жана кычкылтекти бөлүп чыгарат. Биз кычкылтек менен дем алганда, цикл аяктайт. Ошентип, Жахаба өзү жараткан өсүмдүктөр аркылуу баарыбызга өмүр жана дем берип жатат (Элч. 17:25). Чынында эле, ал кандай гана акылман Кудай!

10, 11. Монарх көпөлөгү менен ийнелик Жахабанын даанышмандыгын кандайча айгинелеп турат?

10 Жахабанын даанышмандыгын ажайып кооз планетабыздагы сан жеткис жан-жаныбарлар менен курт-кумурскалардын дүйнөсү да айгинелеп турат. Окумуштуулардын айтымында, алардын түрлөрүнүн саны 2 миллиондон 100 миллионго чейин жетет. (Оку: Забур 104:24.) Кудайдын канчалык акылман экенин көрүш үчүн алардын айрымдарын эле мисалга алалы.

Ийнеликтин көзүнүн түзүлүшү Кудайдын акылмандыгын айгинелейт (чоңойтулуп көрсөтүлүшү) (11-абзацты кара)

11 Монарх көпөлөгүнүн мээси калем саптын учундай эле болот. Анткен менен ал көпөлөк Канададан Мексикадагы токойго жетиш үчүн күндүн жардамы менен багытын аныктап, ал жакты көздөй 3000 чакырымдай аралыкты учуп өтөт. Күн бир орунда турбай, дайыма жылып турса да, ал багытын кантип аныктай алат? Жахаба анын кымындай мээсин, күндүн жылып турганына карабай, багытын так аныктагыдай кылып жараткан. Эми ийнеликтин көзүнүн түзүлүшү жөнүндө ойлонуп көрөлү. Анын көзүнүн түзүлүшү аябагандай татаал келет. Эки көзүнүн ар бири 30 000дей өз-өзүнчө линзалардан тургандыктан, анын 60 000дей көзү бар десек болот. Ошентсе да ийнеликтин кымындай мээси ал линзалардан келген маалыматтардын баарын чечмелеп, айланасындагы билинер-билинбес кыймыл-аракетти да сезе алат.

12, 13. Денебиздеги клеткалардын түзүлүшү сени эмнеси менен таасирлентет?

12 Жахабанын бардык тирүү жандыктардагы клеткаларды кандай жаратканы андан бетер таңыркатат. Алсак, биздин денебиз 100 триллиондой клеткадан турат. Ар бир клеткабызда түзүлүшү арканга окшош ДНК (дезоксирибонуклеин кислотасы) деп белгилүү болгон молекулалар бар. Ал молекулаларда бүтүндөй денебизди «курууга» керектүү маалымат камтылат.

13 ДНК канча маалымат батыра алат? Бир грамм ДНКда камтылган маалыматтын өлчөмүн компакт-дискте камтылган маалыматтын өлчөмү менен салыштырып көрөлү. Бир компакт-дискке бир чоң  сөздүктөгү маалымат батат. Дисктин кичинекей эле желим экенин эске алганда, бул аябай таң калыштуу. Ал эми бир эле грамм ДНКда бир триллион компакт-дискке бата турган маалымат камтылат! Башка сөз менен айтканда, эгер ДНКны кургатууга мүмкүн болсо, анын бир чай кашык өлчөмү бүгүнкү күндөгү бүткүл адамзаттын жалпы санынан 350 эсе көп кишинин денесин «курууга» жете турган маалыматты камтымак.

14. Окумуштуулар жасаган ачылыштар сага эмне кылууга түрткү берет?

14 Дөөтү падыша Жахабанын адамды жаратууга зарыл болгон маалыматты каймана мааниде китепке жазарын айткан. Ал Жахаба Кудай жөнүндө: «Көздөрүң мени түйүлдүк кезимде эле көргөн. Денемдин бардык бөлүктөрү, алардын качан калыптанары бири да пайда боло электе эле китебиңе жазылып коюлган»,— деген (Заб. 139:16). Дөөтү падышанын өзүнүн кереметтүү жаратылганы жөнүндө ойлонгондо эмне үчүн Жахабаны даңктоого түрткү алгандыгы таң калыштуу эмес. Окумуштуулардын акыркы жылдарда адамдын организмине байланыштуу жасаган ачылыштары ого бетер таңыркатып, Жахабанын бизди укмуштуудай жаратканына ынандырат. Андай ачылыштардан улам, Дөөтү падышадай болуп, Жахаба жөнүндө: «Сени даңктайм, анткени мен ары таң каларлык, ары кереметтүү жаратылгам. Сенин иштериң кереметтүү, муну менин жаным эң сонун билет»,— деп айткың келет (Заб. 139:14). Ушуларды эске алганда, адамдардын жаратылган нерселер Кудуреттүү Кудайды даңазалап жатканын көрбөй жатышканына таң калбай койбойсуң.

БАШКАЛАРГА КУДУРЕТТҮҮ КУДАЙДЫ ДАҢКТАГАНГА ЖАРДАМ БЕР

15, 16. а) Биздин адабияттар кандайча Жахабанын улуу иштерине болгон ыраазычылыгыбызды арттырат? б) «Өзү жаралганбы?» деген рубрикадагы кайсы макала сага өзгөчө жаккан?

15 Ондогон жылдардан бери «Ойгонгула!» журналы миллиондогондорго жаратылган нерселер Кудурети Күчтүү Кудай жөнүндө эмнелерди ачып берерин түшүнүүгө жардам берип келет. Мисалы, 2006-жылы ал журналдын октябрь—декабрдагы атайын даярдалган саны жарык көргөн. Ал «Жараткан чынында эле барбы?» деп аталып, эволюция жана креационизм сыяктуу окууларга ишенгендердин көзүн ачууга арналган. Ошол журналга байланыштуу бир эже Кошмо Штаттардагы филиалга: «Бул журналды таратуу боюнча жүргүзүлгөн өнөктүк аябай жакшы өттү. Биология сабагынан берген бир мугалим журналды ар бир окуучусуна бериш үчүн 20 нуска сурап алды»,— деп жазган. Дагы бир ишенимдешибиз мындай деген: «Мен кабар айтуу ишине 1940-жылдардын аяк ченинен бери катышып келатам. Азыр 75ке таяп калдым. Бирок буга чейин кабар айтуу кызматынан „Ойгонгула!“ журналынын бул атайын санын тараткандагыдай кубаныч алып көргөн эмесмин».

16 2008-жылдан тартып «Ойгонгула!» журналына «Өзү жаралганбы?» деген рубрика чыгып келет. Ал рубрикадагы кыска макалаларда Улуу Долбоорчунун чеберчилигинин табияттагы таңдандырган жемиштери жөнүндө айтылып, адамдардын аны кандайча тууроого аракет кылып жатканы баса белгиленет. 2010-жылы болсо «Тиричилик өзүнөн өзү пайда болгонбу?» деген китепченин чыгышы менен Кудайды даңктоого жардам берген дагы бир куралга ээ болдук. Андагы кооз сүрөттөр жана айрым нерселерди түшүнүүгө жардам берген схемалар Жахабанын улуу иштерине болгон ыраазычылыгыбызды арттырат. Ар бир теманын аягындагы суроолор окурманга окугандары тууралуу ой жүгүртүүгө жардам берүү максатында түзүлгөн. Сен ал китепчени үйдөн үйгө, көчөдө же расмий эмес кабар айтканда колдонуп жатасыңбы?

17, 18. а) Ата-энелер, балдарыңарды ишенимин коргоого кантип үйрөтө аласыңар? б) Бул макалада айтылган китепчелерди үй-бүлөлүк изилдөөңөрдө кантип колдонуп жатасыңар?

17 Ата-энелер, үй-бүлөлүк изилдөөңөрдө бул түстүү китепчени балдарыңар менен талкуулап көрдүңөр беле? Анын жардамы менен алардын Кудайга болгон ыраазычылыгын арттыра аласыңар. Балким, балдарыңар жогорку класста окуйттур. Андай болсо, алар эволюция теориясын жактагандардын соккусуна көп кабылышат. Окумуштуулар, мугалимдер,  жаратылыш жөнүндөгү документалдык фильмдер, телеберүүлөр, кинотасмалар эволюцияны факт катары көрсөтүшөт. 2010-жылы чыккан «Тиричиликтин пайда болушуна байланышкан беш суроо» (ор.) деген китепчени да колдонуп, балдарыңарга алардын таасирине алдырбаганга жардам бере аласыңар. Ал китепче «Тиричилик өзүнөн өзү пайда болгонбу?» деген китепче сыяктуу эле жаштардын «ой жүгүртүү жөндөмүн» өрчүтөт (Накыл 2:10, 11). Ал аларга мектепте окуп-билгендеринин канчалык туура экенин текшерүүгө көмөк кылат.

Ата-энелер, балдарыңарды ишенимин коргоого үйрөткүлө (17-абзацты кара)

18 «Тиричиликтин пайда болушуна байланышкан беш суроо» (ор.) деген китепче окуучуларга эволюция теориясын бышыктаган археологиялык далилдердин табылганы жөнүндөгү бүйүрдү кызыткан маалыматтардын чын-төгүнүн аныктаганга жардам берүү үчүн чыгарылган. Китепче аларга андай маалыматтар адам баласынын чынында эле өзүнөн төмөн турган жандыктардан пайда болгонун далилдеп турган-турбаганын текшерүүгө түрткү берет. Ошондой эле тиричилик кокусунан пайда болгонун окумуштуулар лабораториядагы тажрыйбалар аркылуу далилдешти деген ырастоолорго кантип жооп берсе болорун үйрөтөт. Ата-энелер, эгер бул китепчелерди колдонсоңор, балдарыңарды эмне үчүн Жаратканга ишенерин сурагандарга ишенимдүү түрдө жооп бергенге үйрөтө аласыңар. (Оку: 1 Петир 3:15.)

19. Ар бирибиз кандай сыймыкка ээбиз?

19 Жахабанын уюму аркылуу алган адабияттардан жаратылыш жөнүндө окуганыбызда анын сонун сапаттары тууралуу көп нерселерди биле алабыз. Бул бизге анын «даңкын жар салууга» түрткү берет (Заб. 19:1, 2). Жандуу менен жансыздын баарын жараткан Жахаба Кудайыбызды урматтап, даңктоо кандай чоң сыймык! (1 Тим. 1:17).

^ абз. 3 Креационизмди жактагандар менен кантип талкуу жүргүзсө болорун билиш үчүн «Тиричилик өзүнөн өзү пайда болгонбу?» деген китепченин 24—28-беттерин кара.

Көбүрөөк билиңиз

Ыйык Китепте чынында эмне делет?

Кудай жөнүндөгү чындык

Кудай силерге кам көрөбү? Анын сапаттары жана ага канткенде жакындай аларыңар жөнүндө окуп көргүлө.

КИТЕПТЕР ЖАНА КИТЕПЧЕЛЕР

Тиричилик өзүнөн өзү пайда болгонбу?