Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) АВГУСТ 2013

Эч качан «Жахабага каарданба»

Эч качан «Жахабага каарданба»

«Адамдын акылсыздыгы жолунан адаштырат, ал эми жүрөгү Жахабага каарданат» (НАКЫЛ 19:3).

1, 2. Адамзат кабылып жаткан кыйынчылыктар үчүн эмне себептен Жахабаны күнөөлөбөшүбүз керек? Мисал келтир.

ЖУБАЙЫҢ экөөңөр көп жылдан бери бактылуу жашап келатасыңар дейли. Анан бир күнү эле жумуштан келсең, үйүң чакчелекей түшүп жаткан болот: эмеректер талкаланган, килемдер тытылган, идиш-аяктардын бырын-чырыны чыккан. Айтор, бир кездеги жакшынакай үйүң көчкү түшкөндөй таанылгыс болуп калган. Сен шак эле жубайыңдан көрөт белең же: «Муну ким кылды болду экен?» — дейт белең? Албетте, дароо эле: «Муну ким кылды болду экен?» — деп ойломоксуң. Эмне үчүн? Анткени жаныңдай көргөн жарыңдын эч качан андай ишке барбасын жакшы билесиң.

2 Бүгүнкү күндө адамзаттын жалпы үйү да аёосуз кыйратылууда. Алсак, айлана-чөйрө булганып, зордук-зомбулук, адеп-ахлаксыздык кулач жаюуда. Ыйык Китепти изилдегендиктен биз мындай көйгөйлөргө Жахаба күнөөлүү эмес экенин жакшы билебиз. Ал Жер планетасын көз жоосун алган бейиш болсун деп жараткан (Башт. 2:8, 15). Ыйык Жазмада: «Кудай — сүйүү»,— делет (1 Жкн. 4:8). Аны изилдөө менен дүйнөдөгү көптөгөн кайгы-касыреттерге «бул дүйнөнүн башкаруучусу» Шайтан Ибилис күнөөлүү экенин билдик (Жкн. 14:30; 2 Кор. 4:4).

3. Кандайча туура эмес ой жүгүртүшүбүз мүмкүн?

3 Анткен менен бардык эле кыйынчылыктарыбызга Шайтан күнөөлүү боло бербейт. Себеби айрымдарына өзүбүз ката кетиргендиктен кабылабыз. (Оку: Мыйзам 32:4—6.) Бирок ушуларды билип турсак да, жеткилеңсиздигибизден улам туура эмес ой жүгүртүп, каргашага алып бара турган жолго түшүп алышыбыз мүмкүн (Накыл 14:12). Кандайча? Өзүбүз же Шайтан себепкер болгон кыйынчылыктар үчүн Жахабаны күнөөлөп, атүгүл ага «каардана» башташыбыз ыктымал (Накыл 19:3).

4, 5. Жахабанын кызматчысы кандайча ага «каардана» башташы мүмкүн?

 4 Биз пенде болуп туруп чын эле «Жахабага каарданышыбыз» мүмкүнбү? Эгер ошенте турган болсок, өзүбүз эле зыян тартабыз (Ыш. 41:11). «Жахабага каардануу» жакшылыкка алып барбайт. Бир акын: «Колуң өтө эле кыска, Кудайды муштай албайсың»,— деп жазган. Биз Жахабага нааразы экенибизди ачык билдирбешибиз деле мүмкүн. Бирок Накыл сөздөр 19:3тө: «Адамдын акылсыздыгы жолунан адаштырат, ал эми жүрөгү Жахабага каарданат»,— деп айтылгандай, адам Кудайга жүрөгүндө каарданышы мүмкүн. Адатта, андай терс маанай анча байкалбайт. Бирок Кудайга жүрөгүндө каарданган киши убакыттын өтүшү менен жыйналыштан алыстап кетиши же таза сыйынууну жан-дили менен колдобой калышы ыктымал.

5 Айрымдардын «Жахабага каарданышына» эмнелер себеп болот? Андай тузакка түшүп калбаш үчүн эмне кылышыбыз керек? Жахаба Кудай менен болгон мамилебизди бузуп алгыбыз келбегендиктен, бул суроолорду карап чыкканыбыз абдан маанилүү.

«ЖАХАБАГА КААРДАНУУГА» ЭМНЕЛЕР ТҮРТҮШҮ МҮМКҮН?

6, 7. Муса пайгамбардын убагында ысрайылдыктар эмне үчүн Жахабага нааразы болушкан?

6 Жахабанын ишенимдүү кызматчысы эмнеден улам ага «каардана» башташы мүмкүн? Келгиле, мунун беш себебин жана байыркы убакта айрымдар андай тузакка кантип түшүп калганын карап көрөлү (1 Кор. 10:11, 12).

Башкалардын терс маанайда айтылган сөздөрү бизге жаман таасир этиши мүмкүн (7-абзацты кара)

7 Башкалардын терс маанайда айтылган сөздөрү бизге таасир этиши мүмкүн. (Оку: Мыйзам 1:26—28.) Мисалга ысрайылдыктар менен болгон окуяны алып көрөлү. Жахаба ырайымсыз мисирликтерге керемет жолу менен он жаза жиберип, фараон менен анын аскерин Кызыл деңизде кыйратып, ысрайыл элин Мисирдин кулчулугунан бошоткон (Чыг. 12:29—32, 51; 14:29—31; Заб. 136:15). Алар убада кылынган жерге мына-мына киргени турган. Бирок так ошол маанилүү учурда Жахабага наалый башташкан. Эмне үчүн? Алар убада кылынган жерди көрүп келген айрым чалгынчылардын терс маанайда айтылган сөздөрүнөн улам корко башташкан (Сан. 14:1—4). Натыйжада ошол муундагылар «жакшы жерге» кирбей калган (Мыйз. 1:34, 35). Бизге да кээде башкалардын терс маанайда айтылган сөздөрү таасир этпейби? Ошондон улам ишенимибиз алсырап, Жахабанын бизге кылган иштерине нааразы болбойбузбу?

8. Ышая пайгамбардын күндөрүндө ысрайыл эли эмнеден улам Жахабаны күнөөлөшкөн?

8 Кыйынчылыктар ындыныбызды өчүрүшү мүмкүн. (Оку: Ышая 8:21, 22.) Ышая пайгамбардын күндөрүндө ысрайыл эли кыйын кезеңге туш болгон. Ар тараптан жоо жакалап, тамак-аш жетишпей, ачарчылык алкымдан алып турган. Баарынан да жаманы, алар рухий жактан ачка болушкан (Амос 8:11). Бирок эл Жахабадан жардам сурагандын ордуна, падышасы менен «Кудайын каргаган». Ошентип, алар тарткан азабы үчүн Жахабаны күнөөлөшкөн. Биз да кыйынчылыктан улам жаныбыз кыйналганда Жахаба жардам бербей койду деп ойлоп, ичибизден ага нааразы болбойбузбу?

9. Жезекиел пайгамбардын убагында ысрайыл эли эмне үчүн Кудайдын жолу жөнүндө туура эмес ойдо болгон?

9 Дайыма эле бардык нерсени майда-чүйдөсүнө чейин биле бербейбиз. Жезекиел пайгамбардын убагында ысрайылдыктар иштин чоо-жайын толугу менен түшүнбөгөндүктөн: «Жахабанын жолу туура эмес»,— деп ойлошкон (Жез. 18:29). Мындайча айтканда, алар өздөрүнүн нормаларын Жахабаныкынан жогору коюп, аны чектелүү түшүнүгүнүн негизинде соттошкон. Биз да кээде Ыйык Китепте жазылган же өзүбүздүн жашообузда болгон кайсы бир окуянын себебин толук түшүнбөгөндүктөн: «Жахабанын жолу туура эмес»,— деп ойлоп кирбейбизби? (Аюп 35:2).

10. Кандайча Адам атадай болуп калышыбыз мүмкүн?

 10 Өзүбүздүн күнөөбүздү бирөөгө оодара салууга жакын келебиз. Адамзат тарыхынын башталышында эле Адам ата өзүнүн күнөөсү үчүн Кудайды айыптаган (Башт. 3:12). Ал кесепети кандай болорун беш колдой билип туруп Кудайдын мыйзамын бузуп, кайра аны күнөөлөгөн. Ал Жахабага: «Мага жаман аял бериптирсиң»,— деп айткандай эле болгон. Ушул убакка чейин көптөр, Адам атадай болуп, өздөрүнүн каталары үчүн Кудайды күнөөлөп келишет. Андыктан: «Кетирген күнөө-каталарымдын айынан көңүлүм чөккөндө Жахабанын мыйзам-принциптерине нааразы болбоймунбу?» — деп ойлонуп көргөнүбүз жакшы.

11. Жунус пайгамбардан кандай сабак алсак болот?

11 Өзүбүздү эле ойлой беришибиз мүмкүн. Жахаба нинебиликтерге ырайым кылганда, Жунус пайгамбар нааразы болгон (Жун. 4:1—3). Эмне үчүн? Нинебинин талкаланары жөнүндө айткан сөздөрү аткарылбай калганда, ал өзүнүн аброюн ойлоп, аябай тынчсызданган көрүнөт. Ошонун айынан атүгүл нинебиликтердин өкүнгөнүнө да сүйүнгөн эмес. Биз да өзүбүздү эле ойлоп, Жахабанын бул дүйнөнү жок кылбай жатканына нааразы болуп, ага каарданбайбызбы? Эгер Жахабанын күнүнө аз калганын ондогон жылдардан бери жарыялап келатсак, башкалар жакшы кабарды айтканыбыз үчүн сындаганда, Жахабанын чыдамдуулук көрсөтүп жатканына кыжырданбайбызбы? (2 Пет. 3:3, 4, 9).

«ЖАХАБАГА КААРДАНБООГО» ЭМНЕ ЖАРДАМ БЕРЕТ?

12, 13. Жахабаны күнөөлөбөш үчүн эмне кылышыбыз керек?

12 Эгер анткор жүрөгүбүз Жахабанын айрым иштеринин тууралыгына күмөн санай баштаса, эмне кылышыбыз керек? Жахабанын дайыма туура иш кыларына шектенүү акылсыздыкка жатарын унутпа. Ыйык Китептин бир котормосунда Накыл сөздөр 19:3: «Адам түркөйлүгүнөн улам баш аламан иш кылат да, анан Жахабаны күнөөлөйт»,— деп берилген (Баингтондун котормосу). Анда эмесе, келгиле, кыйынчылыкка кабылганыбызда Жахабаны күнөөлөбөгөнгө  жардам бере турган беш кеңешти карап көрөлү.

13 Жахаба менен болгон мамилеңди баала. Эгер Кудай менен дайыма ынак мамиледе болсок, ага эч качан каарданбайбыз. (Оку: Накыл сөздөр 3:5, 6.) Андыктан Жахабага таянганыбыз маанилүү. Ошондой эле өзүбүздү «акылдуу эсептебешибиз», өзүбүз жөнүндө эле ойлой бербешибиз керек (Накыл 3:7; Нас. 7:16). Ошондо башыбызга мүшкүл түшкөндө, дароо эле Жахабаны күнөөлөп кирбейбиз.

14, 15. Башкалардын терс маанайда айткан сөздөрүнүн таасирине алдырбоого эмне жардам берет?

14 Башкалардын терс маанайда айтылган сөздөрүнүн таасирине алдырба. Муса пайгамбардын күндөрүндөгү ысрайылдыктарда Жахабанын аларды убада кылган жерге алып бара аларына шектенүүгө эч кандай негиз жок болчу (Заб. 78:43—53). Бирок он ишенимсиз чалгынчынын терс маанайда айтылган сөздөрүн укканда «алар анын күчтүү колун... унутуп коюшкан» (Заб. 78:42). Эгер дайыма Жахабанын иштери жөнүндө ой жүгүртүп, анын кылган жакшылыктарын эсибизге салып турсак, аны менен болгон мамилебиз бекем болот. Натыйжада башкалардын зыяндуу сөздөрү аны менен болгон мамилебизге доо кетире албайт (Заб. 77:11, 12).

15 Жахаба менен ынак мамиледе болуш үчүн, ишенимдештерибиз жөнүндө жаман ойдо болбогонубуз да маанилүү (1 Жкн. 4:20). Айталы, ысрайылдыктар Арунду Кудай дайындаганына күмөн санап, наалышканда, Кудай ал ишти өзүнө каршы жасалгандай кабыл алган (Сан. 17:10). Эгер биз да Жахаба өзүнүн уюмунун жердеги бөлүгүн жетектөө үчүн колдонуп жаткан бир туугандарга каршы болуп, наалысак, Жахабанын өзүнө наалыган болуп калабыз (Евр. 13:7, 17).

16, 17. Башыбызга жамандык түшкөндө, эмнени унутпашыбыз керек?

16 Кыйынчылыктарыбызга Жахаба себепкер эмес экенин унутпа. Ышая пайгамбардын убагында ысрайылдыктар Жахабадан баш тартып кетишсе да, Жахаба аларга жардам бергиси келген (Ыш. 1:16—19). Башыбызга кандай гана жамандык түшпөсүн, Жахаба бизге да кам көрөт жана жардам берүүгө даяр. Бул бизди абдан сооротот (1 Пет. 5:7). Кудай бизге, оор сыноолорго туруштук бере алышыбыз үчүн, күч берерин убада кылган (1 Кор. 10:13).

17 Эгер, ишенимдүү Аюп пайгамбардай болуп, адилетсиздиктен жапа чегип жатсак, ага Жахаба күнөөлүү эмес экенин эсибизден чыгарбайлы. Кудай адилетсиздикти жек көрөт, ал эми адилдикти сүйөт (Заб. 33:5). Аюп пайгамбардын досу Элиу: «Кудай эч качан жамандык кылбайт, Кудурети Күчтүү адилетсиздик кылбайт!» — деген. Биз анын айткандарына толугу менен кошулабыз (Аюп 34:10). Жахаба «жакшы, жеткилең белектерди» берет, ал эч качан бизге кайгы-касиреттерди жибербейт (Жкп. 1:13, 17).

18, 19. Эмне үчүн Жахабанын дайыма туура иш кыларына эч качан шектенбешибиз керек? Мисал келтир.

18 Жахабанын дайыма туура иш кыларына эч качан шектенбе. Ал жеткилең, андыктан анын ойлору биздикинен алда канча бийик (Ыш. 55:8, 9). Эгер момун, жөнөкөй болсок, түшүнүгүбүз чектелүү экенин унутпайбыз (Рим. 9:20). Биз көп учурда бардык нерсени майда-чүйдөсүнө чейин биле бербейбиз. Балким, Ыйык Китептеги: «Атаандашы келип изилдегиче биринчи келгендин кеби жүйөөлүүдөй туюлат»,— деген сөздөрдүн калетсиз экенине сен да өз тажрыйбаңдан ынангандырсың (Накыл 18:17, «Үмүт нуру» котормосу).

19 Эгер көп жылдан бери ынак болуп келген ишенимдүү досуңдун кайсы бир ишин жакшы түшүнбөй калсаң же кылган иши сага бир кызыктай көрүнсө, дароо эле аны туура эмес кылды деп айыптап киресиңби? Же актаганга аракет кыласыңбы? Эгер жеткилең эмес  досубузга ушунча ишенсек, анда жолдору менен ойлору биздикинен алда канча бийик Атабызга ого бетер ишенишибиз керек эмеспи?!

20, 21. Кыйынчылыктарыбызга ким же эмне себеп болуп жатканын аныктап алганыбыз эмне үчүн маанилүү?

20 Ким же эмне себеп болуп жатканын аныкта. Бул эмне үчүн маанилүү? Айрым кыйынчылыктарыбызга өзүбүз күнөөлүү болушубуз мүмкүн. Эгер ошондой болсо, аны мойнубузга алышыбыз керек (Гал. 6:7). Дароо эле Жахабаны күнөөлөп киргенибиз туура эмес болуп калмак. Эмне үчүн? Мисалы, машине катуу ылдамдыкта жүрө алат. Бирок айдоочу белгиленген ылдамдыктан ашырып, чукул бурулуштан жол кырсыгына учураса, буга машине чыгарган завод күнөөлүү болот беле? Албетте, жок. Анын сыңарындай, Жахаба бизге чечим чыгаруу эркиндигин берген. Бирок ошол эле учурда ал бизге туура чечим чыгарууга жардам бере турган кеңештерди да берет. Андыктан өзүбүздүн каталарыбыз үчүн Жаратканыбызды күнөөлөгөнүбүз туура болот беле?

21 Бирок, албетте, бардык эле кыйынчылыктарыбызга өзүбүздүн кемчилик-каталарыбыз себеп боло бербейт. Кээде «күтүлбөгөн убакта күтүлбөгөн жагдайга кабылабыз» (Нас. 9:11). Андан сырткары, жамандыктын көп болушуна биринчи кезекте Шайтан Ибилис күнөөлүү экенин унутпашыбыз керек (1 Жкн. 5:19; Аян 12:9). Ооба, биздин душманыбыз Жахаба эмес, Шайтан Ибилис (1 Пет. 5:8).

ЖАХАБА МЕНЕН БОЛГОН МАМИЛЕҢДИ ЖОГОРУ БААЛА

Жашыя менен Калеп Жахабага таянганы үчүн бата алышкан (22-абзацты кара)

22, 23. Кайсы бир себептен улам көңүлүң чөгүп жатса, эмне кылышың керек?

22 Кайсы бир себептен улам азап чегип жатсаң, Кудайдын ишенимдүү кызматчылары Жашыя менен Калептин үлгүсүн эсте. Берки он чалгынчыдан айырмаланып, ал экөө Кудай убада кылган жер жөнүндө жакшы сөздөрдү айтып келишкен (Сан. 14:6—9). Алар Жахабага бекем ишенишкен. Ошентсе да ысрайыл эли менен бирге 40 жыл бою чөл кезип жүрүүгө аргасыз болушкан. Ал экөө муну адилетсиздик деп эсептеп, Кудайга нааразы болуп, ачууланышты беле? Жок. Алар Жахабага толугу менен таянышкан жана мунун аркасында андан бата алышкан. Ошол муундагылардын ичинен экөө гана Кудай убада кылган жерге кирген (Сан. 14:30). Биз да, «алсырап эле калбасак», Кудайдын эркин аткарганыбыз үчүн андан мол бата алабыз (Гал. 6:9; Евр. 6:10).

23 Эгер кыйынчылыктардан, башкалардын жеткилеңсиздигинен же өзүңдүн жеткилеңсиздигиңен улам көңүлүң чөгүп жатса, эмне кылышың керек? Жахабанын кереметтүү сапаттары тууралуу ой жүгүрт. Анын убадалары жакында кандайча аткарыларын айкын элестет. «Эгер Жахабаны билбесем, азыр каякта жүрмөкмүн?» — деп ойлон. Эч качан Жахабадан алыстаба жана ага каарданба!