Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) АВГУСТ 2013

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Чындык жолундагы ата-эненин жыйналыштан чыгарылган баласы менен жыйналыш жолугушууларында чогуу отурганы орундуубу?

Жыйналыштан чыгарылгандардын Падышалык залында кайсы жерде отурушу керектигине байланыштуу өтө эле тынчсыздануунун зарылдыгы жок. «Күзөт мунарасы» журналы ата-энелерди жыйналыштан чыгарылган жана өздөрү менен чогуу жашап жаткан жашы жете элек баласына, эгер орундуу болсо, рухий жактан жардам берүүгө үндөп келет. 2001-жылы 1-октябрда чыккан «Күзөт мунарасынын» 27, 28-беттеринде ата-энелер андай баласы менен атүгүл Ыйык Китепти изилдесе болору айтылган. Анын аркасында бала кайрадан туура жолго түшүшү мүмкүн *.

Жыйналыштан чыгарылган жашы жете элек баланын ата-энесинин жанында тынч отурганы орундуу болот. Жыйналыштан чыгарылгандардын арткы катарларда отурушу талап болбогондуктан, жыйналыштан чыгарылган баланын, залдын кайсы жеринде болбосун, ата-энесинин жанында отурушуна тыюу салынбайт. Ата-энеси ага рухий жактан да кам көрүшү керек болгондуктан, балким, анын жолугушууларда кунт коюп угуп отурган-отурбаганына көз салып тургусу келеттир. Мындай учурда баласын жалгыз отургузуп коюуга караганда аны менен чогуу отурганы пайдалуураак болушу мүмкүн.

Бирок жыйналыштан чыгарылган бала ата-энеси менен чогуу жашабасачы? Ал жолугушууларда ата-энеси менен чогуу отура алабы? Биздин адабияттарда Жахабанын Күбөсү жыйналыштан чыгарылган, бирок чогуу жашабаган үй-бүлө мүчөсү менен мүмкүн болушунча мамилелешпегенге аракет кылышы керектиги айтылып келет *. Бирок бир туугандардын жолугушуу учурунда жыйналыштан чыгарылган баласынын же башка үй-бүлө мүчөсүнүн жанында сүйлөшпөй отурганы аны менен зарылдыгы жок эле мамилелешип жатканын билдирбейт. Эгерде үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү жыйналыштан чыгарылган жакын кишиси менен мамилелешпөөгө карата туура көз карашта болушса жана Ыйык Жазмадагы кеңештерге ылайык иш кылып жатышса, тынчсызданууга себеп деле жок (1 Кор. 5:11, 13; 2 Жкн. 11).

Жыйналыштан чыгарылган бала үйүндөгүлөрүнүн жанында отурабы же башка бир туугандардын жанындабы, өзүн туура алып жүрсө, оңтойсузданбай эле койсок болот. Жыйналыштан чыгарылгандардын кайсы жерде отурушу керектигине байланыштуу эрежелерди чыгаруу ар түрдүү жагдайларда ар кандай көйгөйлөрдү туудурушу мүмкүн. Эгерде бир туугандар, анын ичинде жыйналыштан чыгарылгандардын үй-бүлө мүчөлөрү Ыйык Китептеги бул маселеге байланышкан принциптерди бузбаса жана башкалардын мүдүрүлүшүнө эч кандай себеп жок болсо, жыйналыштан чыгарылгандардын кайсы жерге отурса болоруна өтө чоң маани бере берүүнүн зарылдыгы жок.

^ абз. 3 Бул макалада айтылгандар эркек балдарга да, кыздарга да тиешелүү.

^ абз. 5 «Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоого умтулгула» китебинин 207—209-беттерин карагыла.