Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) АВГУСТ 2013

Бири-бирибизге көңүл бөлүп, бекемдейли

Бири-бирибизге көңүл бөлүп, бекемдейли

«Cүйүүгө жана жакшы иштерге үндөө үчүн бири-бирибизге көңүл бөлөлү» (ЕВР. 10:24).

1, 2. 230 бир тууганга «өлүм жүрүшүнөн» аман калганга эмне жардам берген?

ЭКИНЧИ дүйнөлүк согуш соңуна чыгып, нацисттик режим кулаганда, Гитлердин аскерлерине концлагерлердеги миңдеген туткундарды өлтүрүүгө буйрук берилген. Алар Заксенхаузенде жайгашкан концлагердеги туткундарды деңиздин жээгиндеги кеме токтоочу жайларга жөө алып барып, кемелерге отургузуп, чөктүрмөкчү болушкан. Нацисттердин ал зулумдугу кийин «өлүм жүрүштөрү» деп аталып калган амалдарынын бири болгон.

2 Заксенхаузендеги 33 000 туткун 250 км алыстыктагы деңиз жээгинен орун алган Любек шаарын көздөй жөө жүрүшү керек болгон. Алардын арасында алты өлкөдөн болгон 230 Жахабанын Күбөсү да бар болчу. Жоокерлер ал бир туугандарга чогуу басууну буйруган. Өзөктү карарткан ачкачылыкка, жан сыздаткан ар кандай оору-дартка карабай, бир туугандардын баары ошол «өлүм жүрүшүнөн» аман калган. Аларга эмне жардам берген? Бир ишенимдешибиз: «Биз бири-бирибизди токтобой басып кете бергенге үндөп жаттык»,— деп айткан. Кудай «адаттан тышкаркы күч» бергендиктен жана бири-бирин чындап сүйгөндүктөн бир туугандар башка түшкөн оор сыноону көтөрүп кете алышкан (2 Кор. 4:7).

3. Эмне үчүн башкалардын колдоосуна муктажбыз?

3 Бүгүнкү күндө биз «өлүм жүрүшүндө» баратпасак да, көптөгөн сыноолорго туш болуудабыз. 1914-жылы Кудайдын Падышалыгы орногондон кийин, Шайтан асмандан куулуп, «убактысынын аз калганын билип,.. катуу каары менен» жерге түшкөн (Аян 12:7—9, 12). Армагедон жакындаган сайын, Шайтан Жахаба менен болгон достугубузду бузуш үчүн ар кандай азгырыктарды, кыйынчылыктарды колдонот. Анысы аз келгенсип, күнүмдүк турмуштун түйшүгү да жүгүбүзгө жүк кошот (Аюп 14:1; Нас. 2:23). Кээде кыйынчылыктардын  баары бир келгендиктен, канча аракет кылбайлы, көңүл чөгөттүккө алдырып коёбуз. Мисалы, бир ишенимдешибиз ондогон жылдардан бери көптөргө Жахабага ишенимдүү бойдон калууга жардам берип келген. Бирок акыркы жылдары аялы экөөнүн ден соолугу начарлап кеткендиктен, көңүлү чөгө баштаган. Ал бир тууганга окшоп, баарыбыз эле Жахаба бере турган «адаттан тышкаркы күчкө» жана башкалардын колдоосуна муктажбыз.

4. Эгер башкаларды бекемдегибиз келсе, элчи Пабылдын кайсы кеңешин колдонушубуз керек?

4 Эгер дайыма башкаларды бекемдегибиз келсе, элчи Пабылдын еврей бир туугандарга берген кеңешин колдонгонубуз маанилүү. Ал: «Сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөө үчүн бири-бирибизге көңүл бөлөлү. Кээ бирөөлөр адатка айлантып алгандай, жолугушууларыбызды калтырбайлы, тескерисинче, ал күндүн жакындап келатканын көрүп тургандыктан бири-бирибизди ого бетер бекемдейли»,— деп жазган (Евр. 10:24, 25). Канткенде ушул кеңешке ылайык иш кыла алабыз?

«БИРИ-БИРИБИЗГЕ КӨҢҮЛ БӨЛӨЛҮ»

5. «Бири-бирибизге көңүл бөлүү» деген эмнени билдирет жана ан үчүн эмне кылышыбыз керек?

5 «Бири-бирибизге көңүл бөлүү» деген башкалардын муктаждыктарын эске алууну, алар жөнүндө ойлонууну билдирет. Эгер Падышалык залына келгенде бир туугандар менен жөн эле учурашып койсок же майда-чүйдө нерселер жөнүндө эле сүйлөшсөк, кантип алардын эмнеге муктаж экенин биле алабыз? Албетте, «башкалардын ишине кийлигишип» кетүүдөн сак болушубуз керек (1 Тес. 4:11; 1 Тим. 5:13). Бирок бир туугандарды бекемдегибиз келсе, алардын жашоо-шартын, рухийлигин, жакшы сапаттарын жана алсыз жактарын билишибиз зарыл. Бир туугандар бизди досторундай көрүп, аларды жакшы көрөрүбүзгө ынанышы кажет. Ан үчүн башына мүшкүл түшкөндө же көңүлү чөккөндө эле эмес, башка учурларда да алар менен убакыт өткөргөнүбүз маанилүү (Рим. 12:13).

6. Аксакалдар канткенде отордогуларга «көңүл бөлө» алат?

6 Ыйык Китепте жыйналыштын аксакалдары Кудайдын өзүлөрүнө тапшырылган оторун даярдуулук менен, чын көңүлдөн кайтарууга чакырылат (1 Пет. 5:1—3). Эгер алар бир туугандарды жакшы билбесе, аларга кантип тийиштүү түрдө кам көрө алышат? (Оку: Накыл сөздөр 27:23.) Аксакалдар бир туугандарга жардам берүүгө дилгир болушса жана алар менен убакыт өткөрүүнү жакшы көрүшсө, жыйналыштагылар зарыл учурда аларга оңой кайрыла алат, ошондой эле өзүлөрүнүн сезимдерин, тынчсызданууларын ачык айтуу жеңил болот. Натыйжада аксакалдар отордогуларга «көңүл бөлүп», ар бирине керектүү жардамды бере алышат.

7. Көңүлү чөккөн киши «ойлонбой сүйлөп» алса, эмнени эстен чыгарбашыбыз керек?

7 Пабыл Тесалоникадагы жыйналышка: «Алсыздарды колдогула»,— деп жазган. (Оку: 1 Тесалоникалыктар 5:14.) «Көңүлү чөккөндөрдү» да кандайдыр бир мааниде «алсыз» деп айтса болот. Накыл сөздөр 24:10до: «Башыңа кыйынчылык түшкөн күнү ындының өчсө, алдан-күчтөн таясың»,— деп айтылган. Көңүлү чөккөндөр кээде «ойлонбой сүйлөп» алышы мүмкүн (Аюп 6:2, 3). Андай кишилерге көмөк көрсөтүүдө алардын айтпайын деген нерселерди айтып алышы мүмкүн экенин эсибизден чыгарбашыбыз абзел. Апасы депрессиянын оор түрүнөн кыйналган Рашель буга өз тажрыйбасынан ынанган. Ал мындай дейт: «Апам көп учурда чучукка жеткен сөздөрдү айтат. Андайда мен апамдын чынында мээримдүү, боорукер, ак көңүл экенин унутпаганга аракет кылам. Адатта, депрессия болгондор оюна да келбеген нерселерди айтып алышат. Эгер аларга сөзүнө же кылган ишине жараша мамиле кылсаң, жүрөгүн ого бетер жаралайсың». Накыл сөздөр 19:11де:  «Адамдын түшүнүктүүлүгү ачуусун басат, анын көркү айыпка маани бербегенинде»,— делет.

8. Жакшы көрөрүбүзгө өзгөчө кимдерди ынандырышыбыз керек жана эмне үчүн?

8 Мурун кылган күнөөсүн ойлоп кыйналып жүргөн бир тууганга кантип «көңүл бөлсөк» болот? Ал азыр оңолсо да, өткөндү эстеп, уялып жүрүшү мүмкүн. Корунттагы жыйналыштагыларга элчи Пабыл күнөөсү үчүн өкүнгөн бир тууган жөнүндө: «Кайгыга чөгүп кетпеши үчүн, аны айкөлдүк менен кечирип, сооротконуңар жакшы. Силерден суранарым, аны сүйөрүңөргө ынандыргыла»,— деп жазган (2 Кор. 2:7, 8). Бир сөздүккө ылайык, бул жердеги «ынандыруу» деген сөз «ырастоо, ишендирүү, далилдөө» деген маанини туюнтат. Андыктан жакшы көрөрүбүздү бир тууганыбыз өзү эле билет деп ойлобой, аны сүйөрүбүздү сөзүбүз жана ишибиз менен далилдешибиз керек.

«СҮЙҮҮГӨ ЖАНА ЖАКШЫ ИШТЕРГЕ ҮНДӨЙЛҮ»

9. «Сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөө» деген эмнени билдирет?

9 Элчи Пабылдын: «Cүйүүгө жана жакшы иштерге үндөө үчүн бири-бирибизге көңүл бөлөлү»,— деп жазганын эстесеңер. Мисалы, өчөйүн деп калган отту тутантыш үчүн аны көсөп, үйлөш керек болот (2 Тим. 1:6). Бир туугандарыбыз Жахабага жана башкаларга болгон сүйүүсүн муздатпай, жакшы иштерди кылышы үчүн, так ошондой иш-аракет кылганыбыз, башкача айтканда, аларды жылуу-жумшак үндөп турганыбыз маанилүү. Мунун натыйжалуу жолдорунун бири — чын жүрөктөн мактоо.

Башкалар менен кызматка чык

10, 11. а) Мактоого кимдер муктаж? б) Туура эмес иш кылып алган бир тууганга жакшы сөз кандай таасир этет? Мисал келтириле.

10 Мактоого көңүлү чөккөндөр эле эмес, баарыбыз муктажбыз. «Атам мени эч качан мактачу эмес,— деп айткан бир аксакал.— Ошон үчүн өзүмдү эч нерсеге татыксыз сезип чоңойгом... Азыр 50гө чыксам да, досторумдун аксакалдык милдетимди жакшы аткарып жатканыма ынандырып турушуна муктажмын... Башыман өткөндөрдөн улам башкалардын көңүлүн көтөрүп туруу канчалык маанилүү экенин жакшы билем жана ошенткенге дайыма аракет кылам». Ырас, мактоо баарына: пионерлерге  да, аксакалдарга да, көңүлү чөккөндөргө да канат байлатат (Рим. 12:10).

11 «Кимдир бирөө билбестиктен туура эмес иш кылып алса,.. рухий жактан жетилгендер» жумшактык менен кеңеш берип, бекемдээрлик сөздөрдү айтуу менен ага кайрадан туура жолго түшкөнгө жардам бере алышат (Гал. 6:1). Буга Мириям деген ишенимдешибиз менен болгон окуя далил боло алат. Ал мындай деген: «Бир жылдары жакын досторумдун айрымдары жыйналыштан кетип калышты. Так ошол убакта атамдын да мээсине кан куюлуп, катуу ооруп калды. Ошондо көңүлүм чөгүп, көкүрөгүм муңга толуп жүрдү. Өзүмдү алаксытыш үчүн ишенимдеш эмес жигит менен сүйлөшө баштадым». Мириям ошонун айынан өзүн Жахабанын сүйүүсүнө татыксыз сезип, чындыктан кетүүнү чечкен. Бирок бир аксакал ага ишенимдүү кызмат кылган жылдарын эсине салып, жылуу сөздөрдү айткан. Аксакалдар ага көңүл бөлүп, Жахабанын аны дагы деле жакшы көрөрүнө ынандырган. Натыйжада Мириям жигити менен мамилесин үзүп, Жахабага кайрадан жалындуу кызмат кыла баштаган.

Сүйүүгө жана жакшы иштерге үндө

12. Бир тууганга түрткү бериш үчүн аны уяткаруу, сындоо же күнөөлөө туурабы?

12 Кимдир бирөөгө иш-аракет кылганга түрткү бериш үчүн аны уяткарып, башкаларга салыштырганыбыз, өзүбүз ойлоп тапкан эрежелерге ылайык иш кылбаганы үчүн сындаганыбыз же көбүрөөк кылбаганы үчүн күнөөлөгөнүбүз кандайдыр бир деңгээлде натыйжа бериши мүмкүн, бирок бул кыска эле убакытка созулат. Ал эми бир тууганыбызды мактап, ага Кудайга болгон сүйүүсүн өрчүтүүгө түрткү берсек, жыйынтыгы алда канча жакшы болору бышык. (Оку: Филипиликтер 2:1—4.)

БИРИ-БИРИБИЗДИ БЕКЕМДЕЙЛИ

13. Көңүлү чөккөндөрдү бекемдөө үчүн эмне кылышыбыз зарыл? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

13 Жахабанын күнү «жакындап келатканын көрүп тургандыктан бири-бирибизди ого бетер бекемдешибиз» керек. Бул башкаларга Кудайдын ишин аткарууда дайыма алга илгерилөөгө түрткү берүүнү да билдирет. Сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөө отту тутантууга окшош болсо, башкаларды бекемдөө күйүп жаткан отко отун салып турууга окшош. Көңүлү чөккөндөрдү бекемдөө үчүн аларды сооротуп, кайраттандырышыбыз зарыл. Ан үчүн алар менен сылык-сыпаа, жылуу-жумшак сүйлөшүшүбүз керек (Накыл 12:18). Андан тышкары, «укканга даяр болуп», «сүйлөгөнгө... шашпаганыбыз» маанилүү (Жкп. 1:19). Эгер кунт коюп уксак, жагдайга туура баа берип, көңүлү чөккөн бир тууганга дем бере турган сөздөрдү айтабыз.

Бир туугандар менен чогуу убакыт өткөр

14. Бир аксакал көңүлү чөккөн ишенимдешибизге кантип жардам берген?

14 Бир нече жылдан бери жигердүү эмес болуп калган ишенимдешибизге бир аксакалдын кантип жардам бергенин карап көрөлү. Аксакал ал бир тууган менен сүйлөшүп көргөндөн кийин анын Жахабаны дагы деле аябай  жакшы көрөрүн байкаган. Ал «Күзөт мунарасынын» ар бир санын кылдат изилдеп, жыйналыштарды калтырбаганга аракет кылчу. Бирок жыйналыштагы айрым бир туугандардын кылган иштеринен улам көңүлү ооруп, капа болуп жүргөн. Ал жүрөгүн өйүгөн нерселерди айтып жатканда, аксакал аны эч айыптабай, боорукердик менен кунт коюп угуп, аны жыйналыштагылар жакшы көрөрүнө ынандырган. Убакыттын өтүшү менен ал бир тууган Жахабага кызмат кылууга өткөндү ойлой бергени жолтоо болуп жатканын түшүнгөн. Аксакал аны менен чогуу кызматка да чыккан. Анын жардамы менен ишенимдешибиз кызматка жигердүү катыша баштап, кийинчерээк кайрадан аксакал болуп дайындалган.

Көңүлү чөккөндөрдү кунт коюп ук (14, 15-абзацтарды карагыла)

15. Көңүлү чөккөндөрдү бекемдөөдө Жахабаны кантип туурай алабыз?

15 Көңүлү чөккөн киши жардамыбызды дароо кабыл албашы же айткандарыбыздан улам көңүлү шак эле көтөрүлүп кетпеши мүмкүн. Андайда талыкпай колдоо көрсөтө бергенибиз маанилүү. Элчи Пабыл: «Алсыздарды колдогула, баарына чыдамкайлык менен мамиле кылгыла»,— деген (1 Тес. 5:14). Андыктан алсыздарга жардам берүүгө жумшаган аракетибизден майнап чыкпай жаткандай сезилсе, кол шилтеп коюуга шашпай, чыдамкай болушубуз керек. Байыркы убакта Жахаба да көңүлү чөккөн кызматчыларына чыдамкайлык менен мамиле кылган. Алсак, ал Илияс пайгамбардын сезимдерин түшүнө билип, кызматын улантууга зарыл нерселер менен камсыз кылып, ага мээримдүүлүк менен кам көргөн (1 Пад. 19:1—18). Дөөтү падыша чын жүрөктөн өкүнгөндө, аны кечирген (Заб. 51:7, 17). Ошондой эле 73-забурду жазган кызматчысы аз жерден түз жолдон тайып кете жаздаганда, ага жардам берген (Заб. 73:13, 16, 17). Жахаба кызматчыларынын баарына, өзгөчө, көңүлү чөгүп, кайгыга батып жүргөндөргө ырайымдуулук, боорукердик менен мамиле кылат (Чыг. 34:6). Анын «кайрымдуулугу күнүгө эртең менен жаңырып турат» жана эч качан «түгөнбөйт» (Ый 3:22, 23). Жахаба биздин да, ага окшоп, көңүлү чөккөндөргө жумшак мамиле кылышыбызды күтөт.

БИРИ-БИРИБИЗГЕ ӨМҮР ЖОЛУНАН ЧЫКПООГО ЖАРДАМ БЕРЕЛИ

16, 17. Бул дүйнөнүн акыры жакындап келаткандыктан эмне кыла беришибиз керек жана эмне үчүн?

16 Заксенхаузендеги концлагерден чыккан 33 000 туткундун ичинен миңдегендер каза болгон. Бактыга жараша, алардын арасындагы 230 бир туугандын баары ошол каргашадан аман калган. Алар бири-бирин бекемдеп, жөлөп-таябаса, «өлүм жүрүшүнөн» түгөл чыгары күмөн болчу.

17 Биз бүгүн «өмүргө алып бараткан» жолдо баратабыз (Мт. 7:14). Жакында баарыбыз адилдик өкүм сүрө турган жаңы заманга кирип барабыз (2 Пет. 3:13). Андыктан түбөлүк өмүргө алып бараткан жолдо мындан ары да бири-бирибизге өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк боло берели.