Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) ИЮЛЬ 2013

 ӨМҮР БАЯН

Каякта болбосун, Жахабага кызмат кылууга дилгирбиз

Каякта болбосун, Жахабага кызмат кылууга дилгирбиз

Мурун эч качан жалгыз кабар айтып көрө элек болчумун. Аябай толкундангандыктан кабарга чыккан сайын, буттарым титиречү. Анысы аз келгенсип, аймагымдагы кишилер да жакшы кабарга такыр кызыкпай коюшкан. Атүгүл айрымдары ачык эле каршылык көрсөтүп, сабап салам деп коркутушкан. Ошентип, пионердик кызматымдын биринчи айында бир эле китепче тараткам (Маркус).

БУЛ окуя мындан 60 жылдан ашык убакыт мурун, 1949-жылы, болгон. Бирок адегенде жашоомдогу ага чейинки учурлардан кеп козгоюн. Атам Хендрик Нидерландиянын Дренте провинциясынын түндүгүндөгү Дондерен деген чакан айылда багбан жана өтүкчү болуп иштечү. Мен ошол жерде 1927-жылы төрөлгөм; жети баланын төртүнчүсү болчумун. Үйүбүз таштак жолдун боюнда болчу. Кошуна-колоңдорубуздун көбү жер иштетип, мал багышар эле. Мага айылдын турмушу жакчу. 1947-жылы 19 жашымда Тюнес Бен деген кошунабыздан Ыйык Китептеги чындыкты угуп калдым. Башында Тюнести анча жактырчу эмесмин. Бирок ал Экинчи дүйнөлүк согуштан көп өтпөй Жахабанын Күбөсү болуптур. Анын мурдагыга караганда бир топ кичипейил болуп калганын байкап, эмнеден улам ушунчалык өзгөргөнүн билгим келди. Ошондуктан анын Кудайдын жерди бейишке айлантары жөнүндө айтып бергендерин кызыгып угуп, дароо эле чындыкты кабыл алдым. Тюнес экөөбүз ошондон тартып ынак достордон болуп калганбыз *.

1948-жылы май айында кабар айта баштадым. Ал эми кийинки айдын жыйырмасында Утрехт шаарында болуп өткөн жыйында чөмүлдүм. 1949-жылы 1-январда пионердик кызматты баштап, Нидерландиянын чыгышындагы Боркуло деген шаарга дайындалдым. Ал жакта бир чакан жыйналыш бар болчу. Боркулого чейин 130 чакырымдай болгондуктан, велосипед менен барууну чечтим. Жолго 6 сааттай эле кетет деп ойлогом,  бирок көз ачырбай жаан жаап, бет маңдайдан катуу шамал соккондуктан, калган 90 чакырымдай жолду поезд менен жүрсөм да, 12 саат дегенде араң жеттим. Ошентип, ишенимдештеримдин үйүнө караңгы болуп калганда келдим. Ошол үй-бүлөнүкүндө жашап, пионер болуп кызмат кылып жүрдүм.

Согуштан кийинки жылдары эл аябай жакыр турчу. Менин, болгону, бир костюмум менен эки шымым бар болчу. Костюмум шалбырап чоң, шымдарым болсо өтө кыска эле. Сөзүмдүн башында кеп кылганымдай, Боркулодогу кызматымдын биринчи айы оор болду, бирок Жахаба батасын берип, бир нече киши менен ыйык китептик изилдөө баштагам. Тогуз айдан кийин Амстердам шаарына дайындалдым.

ЭЛЕТ ЖЕРИНЕН ШААРГА

Ошентип, айылда чоңоюп-өскөн бала эми Нидерландиянын эң чоң шаарларынын биринде кызмат кыла баштады. Ал жактагы кызматым аябай жемиштүү болду. Биринчи эле айда ага чейинки тогуз айдын ичинде тараткандан да көбүрөөк адабият тараттым. Көп узабай эле сегизден кем эмес изилдөө өткөрө баштадым. Жыйналыштын кызматчысы (азыр аксакалдар кеңешинин координатору) болуп дайындалгандан кийин мага биринчи жолу баяндама берилди. Ошондо аябай коркком. Бирок баяндама айтарыма аз калганда, башка жыйналышка дайындалып калып, оор жүктөн арылгандай эле болгом. Ошол кезде кийин 5000ден ашык баяндама айтарымды элестеткен да эмесмин.

Маркус (оңдо) 1950-жылы Амстердамдын жанында көчөдө кабар айтып жүргөндө

1950-жылы май айында Харлем шаарына дайындалдым. Анан бир туугандар мага кыдыруучулук ишти аткарууну сунуш кылышты. Аны укканда үч күн бою жакшы уктай алган жокмун. Филиалда кызмат кылган Роберт Винклер бир тууганга кыдыруучулук ишти аркалап кете албачудай сезип жатканымды айтсам, ал: «Анкетаны толтура бер. Үйрөнүп кетесиң»,— деп койду. Көп өтпөй кыдыруучулук иш боюнча бир ай билим алып, райондук кызматчы (азыр райондук көзөмөлчү) болуп кызмат кыла баштадым. Жыйналыштарды кыдырып жүрүп Жахабаны аябай жакшы көргөн, кызматтан жанын аябаган, дайыма шайыр жүргөн Яни Татген деген бир тууган менен таанышып калдым. Экөөбүз 1955-жылы баш коштук. Эми Яниге сөз берейин. Ал пионердик кызматын кантип баштаганын, экөөбүз кантип жолугуп калганыбызды айтып берсин.

КОЛ КАРМАШЫП КЫЗМАТ КЫЛЫШЫБЫЗ

Яни: Апам 1945-жылы чөмүлгөн. Анда мен 11 жашта элем. Апам мени менен жана эки бир тууганым менен дароо эле Ыйык Китепти изилдей баштады. Бирок атам чындыкка каршы болгондуктан, ал үйдө жок болгондо изилдечүбүз.

Мен эң алгач 1950-жылы Гаагада болуп өткөн жыйынга баргам. Анан бир жумадан кийин Дренте провинциясындагы Ассен деген шаардагы Падышалык залында биринчи жолу жыйналышка катышкам. Атам буга аябай ачууланып, мени үйдөн кууп чыккан. Ошондо апам мага: «Сен каякка барыш керек экенин билесиң да»,— деген. Апам ишенимдештерибиз жөнүндө айтып жаткан болчу. Адегенде жакын жерде турган бир туугандардыкында жашадым. Бирок атам дагы  деле каршылык көрсөтүп, көп кыйынчылык туудургандыктан, үйдөн 95 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Оверэйссель провинциясындагы Девентер шаарына көчүп кеттим. Жашым жете элек болгондуктан, мени үйдөн кууп салганы үчүн атам бийликтегилер тарабынан кыйынчылыктарга учурады. Ошол себептен атам мага үйгө кайтып келсем болорун айтты. Ал чындыкты кабыл албаса да, убакыттын өтүшү менен мага жыйналыш жолугушууларынын баарына катышууга, кабарга чыгууга уруксат берди.

Яни (оңдо) 1952-жылы өргүү пионери болуп кызмат кылып жүргөндө

Үйгө кайтып келгенимден көп өтпөй, апам катуу ооруп калып, үй иштеринин баары мойнума артылды. Ошого карабай рухий жактан ийгиликтерди жасап, 1951-жылы 17 жашымда чөмүлдүм. Апам жакшы болуп калгандан кийин, 1952-жылы үч эже менен бирге эки ай өргүү (көмөкчү) пионери болуп кызмат кылдым. Биз сүзүп жүрүүчү үйдө жашап, Дрентедеги эки шаарчада кабар айтып жүрдүк. 1953-жылы үзгүлтүксүз пионер болдум. Бир жылдан кийин жыйналышыбызга бир жаш райондук көзөмөлчү келип калды. Ал Маркус болчу. Жахабага бирге кызмат кылсак жакшыраак болот деген ойдо 1955-жылы май айында экөөбүз баш коштук (Нас. 4:9—12).

Баш кошкон күнүбүз, 1955-жыл

Маркус: Үйлөнгөндөн кийин Гронинген провинциясындагы Вендам кыштагына пионер болуп дайындалдык. Ал жактан узундугу 3, туурасы 2 метр болгон кичинекей бөлмөдө жашап калдык. Бөлмөбүз кенедей болсо да, Яни аны жакшынакай, жагымдуу кылып жасалгалап койду. Күн сайын жатарда үстөл менен эки кичинекей отургучту жылдырып, дубалга жыйналган керебетти түшүрчүбүз.

Алты айдан кийин Бельгияда кыдыруучулук ишти аткарууга дайындалдык. 1955-жылы ал өлкөдө 4 000дей эле жарчы бар болчу. Азыр болсо алардын саны 24 000ден ашты! Бельгиянын түндүгүндөгү Фландрия провинциясынын тургундары нидерландиялыктар сүйлөгөн тилде сүйлөшөт. Бирок бельгиялыктардын акценти бир топ айырмаланып тургандыктан, башында бири-бирибизди түшүнүү кыйынга турду.

Яни: Кыдыруучулук кызматты аркалоо үчүн жан аябас болуш керек. Биз жыйналыштарды велосипед менен кыдырып, бир туугандардыкында жашачубуз. Өзүбүздүн үйүбүз болбогондуктан, жыйналыштарды кыдырганда ишенимдештерибиздин үйүндө дүйшөмбүгө чейин калып, кийинки жыйналышка шейшемби күнү эртең менен жөнөп кетчүбүз. Бирок биз дайыма кызматыбызды Жахабанын батасы деп эсептечүбүз.

Маркус: Алгач жыйналыштагы бир туугандардын эч кимисин таанычу эмеспиз, бирок алар бизге боорукердик менен мамиле кылып, меймандостук көрсөтүштү (Евр. 13:2). Бир нече жылдын ичинде Бельгиядагы нидерланд тилинде өткөрүлгөн жыйналыштардын баарын бир канча жолу кыдырып чыктык. Мунун аркасында көптөгөн баталарга ээ болдук. Алсак, ал жактагы нидерланд тилинде сүйлөгөн бир туугандардын дээрлик баарын жакшы таанып, аларды аябай жакшы көрүп калдык. Көз алдыбызда жүздөгөн жаштар чоңоюп-өстү. Биз алардын рухий жактан да жетилип, Падышалыктын кызыкчылыктарын биринчи орунга коюп, өздөрүн Жахабага арнашканына күбө болдук. Алардын көбүнүн Жахабага толук убакта ишенимдүү кызмат  кылып жатканын көрүп, аябай сүйүнөбүз (3 Жкн. 4). Бул бизди бекемдеп, кызматыбызды жан-дилибиз менен аткара бергенге дем-күч берип келет (Рим. 1:12).

ЧОҢ СЫНОО ЖАНА МОЛ БАТА

Маркус: Баш кошкондон тартып эле биз Гилат мектебинен билим алууну эңсечүбүз. Англис тилин үйрөнүүгө күнүгө бир сааттан кем эмес убакыт бөлчүбүз. Бирок китептерден тил үйрөнүү биз үчүн кыйын болгондуктан, өргүү учурунда Англияга барып, ошол жактан кабар айтып, англис тилин дагы жакшыраак өздөштүрүүнү чечкенбиз. Акыры, 1963-жылы Бруклиндеги бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыктан конверт келди. Ичинде эки кат бар экен: бирөө мага, экинчиси Яниге экен. Менин катымда Гилат мектебинин атайын он айлык классына чакырылганым жазылыптыр. Анда негизинен эркек бир туугандарга уюмдагы иштерге байланыштуу көрсөтмөлөр берилмек экен. Ошол себептен ал класска чакырылган 100 кишинин 82си эркек бир туугандар болчу.

Яни: Мага жолдонгон катта бир туугандар менден, Маркус Гилатта окуп жаткан кезде, Бельгияда кала алар-албасым жөнүндө Кудайдан жетекчилик сурап, ойлонуп көрүшүмдү суранышыптыр. Чынын айтсам, адегенде аябай жаман болдум. Мага максатыма жетүү үчүн кылган аракеттериме Жахаба батасын бербей койгондой сезилди. Бирок кайра Гилат мектебинин максаты андан билим алгандарга жакшы кабар айтуу ишин дүйнө жүзү боюнча аткарууга жардам берүү экенин эстедим. Ошондуктан Бельгияда калууга макул болдум. Анан тажрыйбалуу атайын пионерлер Анна жана Мария Колперт менен бирге Гент шаарында атайын пионер болуп кызмат кылууга дайындалдым.

Маркус: Англис тилимди жакшыртышым керек болгондуктан Бруклинге мектеп башталарына 5 ай калганда чакырылдым. Ал жактан адабият жөнөтүү бөлүмүндө жана кызмат бөлүмүндө кызмат кылдым. Башкы башкармалыкта адабияттарды Азияга, Европага жана Түштүк Америкага жөнөтүүгө жардам берүүнүн аркасында эл аралык бир туугандыгыбыз жөнүндө көбүрөөк биле алдым. Өзгөчө, Рассел бир туугандын убагында кыдыруучу көзөмөлчү болуп кызмат кылган А. Х. Макмиллан бир тууган эсимде калыптыр. Ал ошол кезде бир топ куракка келип, кулагы укпай калган болчу, бирок ошого карабай жыйналыш жолугушууларын калтырчу эмес. Анын үлгүсү мага аябай таасир этип, бир туугандар менен пикир алышууну боло жүргөн нерсе катары көрбөгөнгө түрткү берген (Евр. 10:24, 25).

Яни: Маркус экөөбүз жумасына бир нече жолу кат алышып турдук. Биз бири-бирибизди аябай сагынчубуз. Анткен менен Маркус Гилат мектебинен билим алуудан, мен болсо кабар айтуу кызматынан кубаныч алып жаттым. Маркус Кошмо Штаттардан кайтып келген учурда, мен 17 изилдөө өткөрүп жаткам. 15 ай көрүшпөгөнүбүз, чындап эле, чоң сыноо болду. Бирок Жахаба өз кызыкчылыгыбыздан баш тартып, анын эркин биринчи орунга койгонубуз үчүн батасын берди. Көпкө көрүшпөгөнүбүз аз келгенсип, Маркус келе турган күнү учак бир нече саатка кармалып калса болобу. Акыры, экөөбүз жолугушканда, кучакташып алып, токтоно албай ыйладык. Ошондон бери экөөбүз бири-бирибизден такыр ажырабайбыз.

АР БИР СЫЙМЫКТУУ ЖООПКЕРЧИЛИК ҮЧҮН ЫРААЗЫБЫЗ

Маркус: Мен Гилат мектебинен 1964-жылы декабрда келгенде, жубайым экөөбүз Бейтелге дайындалдык. Көрсө, ал дайындообуз убактылуу болчу экен. Үч айдан кийин эле Фландрияга облустук көзөмөлчү болуп дайындалдым. Алзен  менен Элс Викерсма Бельгияга миссионер катары жөнөтүлүп, кыдыруучулук ишке дайындалгандан кийин, биз кайрадан Бейтелге чакырылдык. Ал жактан кызмат бөлүмүндө кызмат кылдым. 1968-жылдан 1980-жылга чейин Яни экөөбүз бирде Бейтелде кызмат кылсак, бирде кыдыруучулук ишти аткарып жаттык. Ал эми 1980-жылдан тартып 2005-жылга чейин облустук көзөмөлчү болуп кызмат кылдым.

Дайындообуз бат-баттан алмашып турса да, өзүбүздү Жахабага жан-дилибиз менен кызмат кылууга арнаганыбызды унуткан жокпуз. Кызматыбыздагы ар бир өзгөрүүнүн максаты Падышалыктын иштерин алдыга жылдыруу экенине бекем ишенгендиктен, кайсы кызматка дайындалбайлы, аны кубаныч менен аткарчубуз.

Яни: Маркус Филиалдын комитетинин мүчөсү катары кошумча билим алуу үчүн 1977-жылы Бруклинге, ал эми 1997-жылы Патерсонго чакырылганда, аны коштоп баруу мен үчүн баа жеткис сыймык болду.

ЖАХАБА ЭМНЕГЕ МУКТАЖ ЭКЕНИБИЗДИ БИЛЕТ

Маркус: 1982-жылы Яниге операция жасалып, бара-бара жакшы болуп кетти. 3 жылдан кийин Левендеги жыйналыш бизге Падышалык залынын үстүнкү кабатынан жашаганга жай берди. Ошондо 30 жылдан бери биринчи жолу өзүбүздүн баш калкалоочу жайыбыз болду. Бирок шейшемби сайын жыйналыштарды кыдырыш үчүн оокаттарыбызды чогултуп, ылдый түшүрүш керек болгондо 54 тепкичтен бир нече жолу түшүп-чыкканга туура келчү. Бактыга жараша, 2002-жылы бир туугандар биринчи кабатта жашашыбызга чара көрүштү. 78ге чыкканымда, Локерен шаарына атайын пионер болуп дайындалдык. Ушундай жол менен кызмат кылып жатканыбызга жана кабарга күн сайын чыга аларыбызга аябай сүйүнөбүз.

«Кайсы жерде, кандай кызмат аткарганыбыз эмес, кимге кызмат кылганыбыз маанилүү экенин жакшы түшүнөбүз»

Яни: Экөөбүздүн толук убакыт кызмат кылган жылдарыбызды кошкондо, 120 жылдан ашат. Биз Жахабанын өз кызматчыларын «эч качан калтырбай» турганына жана ага ишенимдүүлүк менен кызмат кылгандар «эч нерседен өксүбөй» турганына өз тажрыйбабыздан ынандык (Евр. 13:5; Мыйз. 2:7).

Маркус: Яни экөөбүз жаш кезибизде эле өзүбүздү Жахабага арнаганбыз. Биз эч качан чоң нерсени көксөгөн эмеспиз. Кайсы жерде, кандай кызмат аткарганыбыз эмес, кимге кызмат кылганыбыз маанилүү экенин жакшы түшүнгөндүктөн, кандай дайындоо болбосун, даярдуулук менен кабыл алып келебиз.

^ абз. 5 Бара-бара ата-энем, улуу эжем, эки иним да Жахабанын Күбөсү болушкан.