Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) ИЮНЬ 2013

Жахабанын кереметтүү сапаттарын баалайлы

Жахабанын кереметтүү сапаттарын баалайлы

«Кудайды туурагыла, анткени силер анын сүйүктүү балдарысыңар» (ЭФ. 5:1).

1. а) Кудайдын кайсы сапаттары жөнүндө изилдесек болот? б) Кудайдын сапаттары жөнүндө изилдөөдөн кандай пайда алабыз?

ЖАХАБАНЫН кандай Кудай экени жөнүндө ойлонгондо анын кайсы сапаттары эсиңе түшөт? Көбүбүз анын сүйүүсүн, адилеттүүлүгүн, акылмандыгын жана күчүн эстейбиз. Бирок Жахабанын дагы башка көптөгөн баа жеткис сапаттары бар экенин да билебиз. Биздин адабияттарда алардын 40тан ашууну талкууланган. Андыктан өздүк же үй-бүлөлүк изилдөөбүздөн Жахабанын кандай Кудай экени жөнүндө эмне деген баа жеткис маалыматтарды биле аларыбызды элестетсең! Андай изилдөөдөн кандай пайда алабыз? Асмандагы Атабыздын сапаттарын мурдагыдан да көбүрөөк баалап калабыз. Мунун аркасында ага ого бетер жакындап, ага ого бетер окшош болгубуз келет (Жаш. 23:8; Заб. 73:28).

2. а) Жахабанын сапаттарын канткенде көбүрөөк баалай аларыбызды мисал менен түшүндүр. б) Эмнени карап чыгабыз?

2 Бир нерсени «баалоо» деген эмнени билдирет? Ал ошол нерсенин канчалык баалуу экенин түшүнүүнү билдирет. Адатта, бир нерсенин баалуулугун бара-бара түшүнөбүз. Мисалы, кайсы бир тамакты биринчи жолу жеп жатасың дейли. Адегенде анын сонун жыттанарын байкайсың. Анан ооз тийип көрүп, аябай даамдуу экенин көрөсүң. Ал эми аны өз колуң менен жасап көргөндө, ого бетер жагып калат. Анын сыңарындай эле, биз да Жахабанын кайсы бир сапатын жакшыраак билип, ал тууралуу ой жүгүртүп, аны жашообузда чагылдырганда ал сапатты ого бетер баалай баштайбыз (Эф. 5:1). Ушул жана кийинки эки макалада адатта биз Кудайдын негизги сапаттарына караганда азыраак ой жүгүрткөн айрым сапаттарын талкуулайбыз. Ар бир сапатты карап жатканда төмөнкү үч суроого токтолобуз: Ал сапат эмнени билдирет? Жахаба аны кантип көрсөтөт? Аны чагылдырууда Жахабаны кантип туурай алабыз?

 ЖАХАБАГА БААРЫ ЭРКИН КАЙРЫЛА АЛАТ

3, 4. а) Кандай адамды башкалар эркин кайрыла алган адам деп сыпаттайт элең? б) Жахабанын башкалар оңой кайрыла ала турган Кудай экени эмнеден көрүнүп турат?

3 Кел, адегенде Жахабанын баарыбыз эркин кайрыла алган Кудай экенине токтолуп көрөлү. Мисалы, сен кандай адамды башкалар эркин кайрыла алган адам деп сыпаттайт элең? Балким: «Андай адам боорукер болот, башкалардан убактысын аябайт жана аны менен сүйлөшкөн оңой»,— дейттирсиң. Кимдир бирөөнүн башкалар ага оңой кайрылган киши экенин анын сүйлөгөн сөзүнөн, турган турпатынан — жаңсоолорунан, жүзүнөн жана башка ушу сыяктуу нерселеринен — аныктай аласың.

4 Жахабанын башкалар оңой кайрыла ала турган Кудай экени эмнеден көрүнүп турат? Ал кең ааламды жараткан кудурети күчтүү Кудай болсо да, биздин тиленүүлөрүбүздү угуп, аларга жооп берүүгө даяр. (Оку: Забур 145:18; Ышая 30:18, 19.) Биз ага кайсы убакта, кайсы жерде болбосун, жүрөгүбүздөгүнүн баарын төкпөй-чачпай айта алабыз. Ага кайрылганыбыз үчүн жемелебей турганын билгендиктен ага ээн-эркин кайрыла алабыз (Заб. 65:2; Жкп. 1:5). Жахаба биздин ага кайрылышыбызды каалаарын көрсөтүш үчүн Ыйык Китепте өзүнүн кандай Кудай экенин бизге түшүнүктүү сөздөр менен ачып берген. Мисалы, забурчу Дөөтү «Жахабанын көзү» бизди көрүп турарын жана «оң колу» бизди «бекем кармап турарын» жазган (Заб. 34:15; 63:8). Ышая пайгамбар болсо Жахабаны койчуга салыштырып: «Ал... козуларды өз колу менен чогултуп, бооруна кысып көтөрүп жүрөт»,— деген (Ыш. 40:11). Ойлоп көрсөң, козусун бооруна кыскан камкор койчудай болуп, Жахаба биздин өзүнө жакын болушубузду каалайт. Ооба, асмандагы Атабызга баарыбыз эркин кайрыла алабыз! Бул жагынан андан кантип үлгү алсак болот?

КӨПТӨР ЖОГОРУ БААЛАГАН САПАТ

5. Эмне үчүн аксакалдардын башкалар оңой кайрыла алган адам болгону маанилүү?

5 Жакында эле ар кайсы өлкөлөрдө жашаган ынталуу бир туугандарга: «Сага аксакалдын өзгөчө кайсы сапатты чагылдырганы жагат?» — деген суроо  берилген. Алардын басымдуу бөлүгү аксакалдын «кайрылганга оңой адам болгону» жагарын айтышкан. Албетте, Кудайдын ар бир кызматчысы ал сапатты тийиштүү деңгээлде өрчүтүшү керек, бирок бул өзгөчө аксакалдар үчүн маанилүү (Ыш. 32:1, 2). Ал сапатты эмне үчүн абдан маанилүү деп эсептээрин түшүндүрүп, бир ишенимдеш эже: «Аксакал баары эркин кайрыла алган адам болгондо гана анын башка жакшы сапаттарынын пайдасы тиет»,— деген. Ал эже кандай гана таамай айткан. Бирок башкалар оңой кайрыла алышы үчүн, эмне кылышыбыз керек?

6. Баары эркин кайрыла алган адам болуунун сыры эмнеде?

6 Баары эркин кайрыла алган адам болуунун сыры — башкаларга чын дилден көңүл буруу. Эгер аксакал башкаларга кам көрсө жана аларга жардам берүү үчүн убактысын, күчүн аябаса, муну ишенимдештер, алардын ичинде жаштар да сезишет (Мр. 10:13—16). 12 жаштагы Карлос: «Аксакалдардын Падышалык залында жылмайып, башкаларга жылуу-жумшак мамиле кылып жатканын көрөм. Мага алардын ошонусу жагат»,— деген. Албетте, аксакалдын: «Мага башкалар оңой кайрылат»,— деп айтып койгону жетишсиз, ал аны иши менен көрсөтүшү керек (1 Жкн. 3:18). Кантип?

7. Көкүрөк көрнөкчөбүздү тагынып жүрүү кандайча маек курууга шарт түзөт жана мындан эмнени билүүгө болот?

7 Бир мисалга токтолуп көрөлү. Жакында эле бир бир тууган жыйындан кийин үйүнө учак менен кайтып бараткан; ал көкүрөк көрнөкчөсүн тагынып алган болчу. Учактагы тейлөө кызматкери «Кудайдын Падышалыгы келсин!» деген сөздөр жазылган көкүрөк көрнөкчөнү көрүп, бир тууганыбызга: «Ооба, келсин. Бул жөнүндө сиз менен дагы көбүрөөк сүйлөшүшүбүз керек экен»,— деген. Анан экөө маектешип, тейлөө кызматкери бир нече журнал алып калган. Көптөрүбүз ушу сыяктуу окуяларга туш болгонбуз. Эмне үчүн көкүрөк көрнөкчө маектешүүгө шарт түзөт? Анткени ал кандайдыр бир мааниде: «Мага ээн-эркин кайрыла бергиле. Каякка баратканымды сурагандан тартынбагыла»,— деп айтып тургандай болот. Мындайча айтканда, көкүрөк көрнөкчө — башкалар менен ишенимибиз тууралуу сүйлөшкүбүз келерин көрсөткөн белги. Анын сыңарындай эле, аксакалдар ишенимдештерине: «Мага ээн-эркин кайрыла бер»,— деп айтып турган «белгилердин» айкын көрүнүп турушун каалашат. Ал «белгилердин» айрымдары кайсылар?

8. Аксакалдар башкалардын жыргалчылыгына чындап кызыкдар экенин кантип көрсөтө алышат жана бул жыйналышка кандай таасир этет?

8 Ар кайсы жердин маданияты, үрп-адаттары ар башка болушу мүмкүн, бирок адатта бир туугандарыбыз менен жылуу жылмайып, кол алышып, досторчо учурашканыбызда аларга чын жүрөктөн көңүл буруп жатканыбызды билдиребиз. Бул жагынан ким демилгени колго алышы керек? Иса пайгамбардын үлгүсүн карап көрөлү. Матай жазгандай, ал шакирттери менен жолугушканда өзү алардын жанына басып барып, алар менен сүйлөшкөн (Мт. 28:18). Анын сыңарындай, аксакалдар да демилгени колго алып, жыйналыштан ишенимдештерине өзүлөрү басып барып, сүйлөшөт. Бул жыйналышка кандай таасир этет? 88 жаштагы пионер апа: «Падышалык залына киргенимде, аксакалдар жылуу жылмайып, көңүлүмдү көтөргөн сөздөрдү айтканда, тим эле эт жүрөгүм элжиреп кетет»,— деген. Дагы бир эже: «Жолугушууга келгенимде аксакалдын мени жылуу жылмайып тосуп алганы кичинекей эле нерседей көрүнсө да, мен үчүн абдан маанилүү»,— деген.

БАШКАЛАР ОҢОЙ КАЙРЫЛА АЛЫШЫ ҮЧҮН, АЛАРГА УБАКЫТ ТАБАЛЫ

9, 10. а) Жахаба кандай мыкты үлгү көрсөтөт? б) Аксакалдар кантип башкаларга убакыт таба алышат?

 9 Эгер дайыма эле бир нерсе менен алек болуп, бош эместей көрүнсөк, башкалар бизге эркин кайрыла алышпайт. Андыктан Жахабадан үлгү алганыбыз  маанилүү. «Ал ар бирибизге жакын» (Элч. 17:27). Аксакалдар жыйналыш жолугушууларына чейин же андан кийин убакыт таап, ар кандай курактагы бир туугандарга көңүл бөлүшү керек. Пионер болуп кызмат кылган бир ишенимдешибиз: «Аксакал ал-акыбалымды сурап, мени кунт коюп укканда, өзүмдү баалуу сезип калам»,— дейт. Ал эми 50 жылга жакын убакыттан бери Жахабага кызмат кылып келаткан бир эже: «Аксакалдар жыйналыштан кийин мени менен сүйлөшүү үчүн убакыт бөлгөндө, өзүмдү ушунчалык баалуу сезип кетем»,— дейт.

10 Албетте, аксакалдардын башка милдеттери да бар. Бирок алар жыйналышка келгенде биринчи кезекте Жахабанын койлоруна көңүл бөлүшү кажет.

ЖАХАБА БЕТ КАРАМА ЭМЕС

11, 12. а) Бет карама болбоо деген эмнени билдирет? б) Ыйык Китепте Жахабанын бет карама эмес экени кандайча баса белгиленет?

11 Жахабанын баа жеткис сапаттарынын дагы бири — бет карама эместиги. Бет карама болбоо деген эмнени билдирет? Ал бейкалыстык кылбай, бирөөгө тартпай, баарына текши карап, калыс болууну билдирет. Кимдир бирөөнүн бет карама эмес экени эки нерседен: көз карашынан жана кылган иштеринен айкын болот. Эмне үчүн? Анткени адам башкаларга карата калыс көз карашта болгондо гана бет карамалык кылбай, баарына бирдей мамиле кылат. Грек Жазмаларындагы «бет карама эмес» деген сөз айкашы бирөөнү бирөөдөн артык көрбөө дегенди туюнтат (Элч. 10:34). Демек, бет карама эмес киши адамдын сырткы көрүнүшүнө же жагдай-шартына эмес, анын адамдык сапаттарына көңүл бурат.

12 Жахаба бет карамалык кылбоо жагынан эң сонун үлгү. Ыйык Китепте анын «бет карама эмес» экени жана «эч качан бет карамалык кылбай» турганы айтылат. (Оку: Элчилер 10:34, 35; Мыйзам 10:17.) Бул Муса пайгамбардын күндөрүндө болгон окуядан айкын көрүнүп турат.

Салапаттын кыздары Жахабанын бет карама эмес экенине ыраазы болушкан (13, 14-абзацтарды кара)

13, 14. а) Салапаттын беш кызы кандай жагдайга туш болгон? б) Жахаба бет карама эмес Кудай экенин кантип көрсөткөн?

 13 Ысрайылдыктар Убада кылынган жерге кирер алдында, турмушка чыга элек беш эже-сиңди чиелүү маселеге дуушар болушкан. Ал кандай маселе болгон? Алар, башка ысрайылдык үй-бүлөлөрдөй эле, алардын үй-бүлөсү атасына бөлүнгөн жерди үлүшкө алышы керектигин билишкен (Сан. 26:52—55). Бирок алардын атасы, Менаше уруусунан болгон Салапат, каза болуп калган. Салт боюнча, Салапаттын жери уулдарына өтүшү керек болчу. Бирок анын кыздары эле болгон (Сан. 26:33). Анын жерин мурастай турган уулу жок болгондуктан, жери туугандарына өтүп кетип, кыздары кур жалак калат беле?

14 Беш кыз Муса пайгамбарга келип: «Эркек баласы болбогондуктан эле, атабыздын аты өз уруусунун арасынан өчүп калабы?» — дешкен. Анан: «Атабыздын бир туугандары менен кошо бизге да үлүшкө жер бер»,— деп суранышкан. Муса пайгамбар аларга: «Мыйзамда мындай көрсөтмө жок»,— деп жооп берди  беле? Жок, ал «бул тууралуу Жахабага айткан» (Сан. 27:2—5). Жахаба эмне деп жооп берген? Ал ага: «Салапаттын кыздары туура айтып жатат. Аларга атасынын бир туугандары менен кошо үлүшкө жер бер, аларга атасынын үлүшүн бер»,— деген. Андан соң: «Эгер кимдир бирөө эркек бала көрбөй өтүп кетсе, анын энчисин кызына бергиле» — деп, Мыйзамга өзгөртүү киргизген (Сан. 27:6—8; Жаш. 17:1—6). Ошондон тартып Салапаттын кыздарыныкындай жагдайга туш болгон бардык ысрайылдык аялдардын укугу корголгон.

15. а) Жахаба өз элине, анын ичинде кейиштүү абалда тургандарга кандай мамиле кылат? б) Жахабанын бет карама эмес экенин Ыйык Китептеги дагы кайсы окуялардан көрүүгө болот?

15 Ал маселенин кандай чечилгенинен Жахабанын боорукер, бет карама эмес Кудай экендиги кандай гана айкын көрүнүп турат. Жахаба жагдай-шарты жакшыраак ысрайылдыктарга кандай мамиле кылса, кейиштүү абалда турган ал кыздарга да ошондой мамиле кылып, алардын кадыр-баркын сыйлаган (Заб. 68:5). Бул Ыйык Китептеги жүрөк козгогон чындыкты — Жахабанын өзүнүн бардык кызматчыларына бирдей мамиле кыларын — ачып берген билдирүүлөрдүн бири гана (1 Шем. 16:1—13; Элч. 10:30—35, 44—48).

ЖАХАБАДАН ҮЛГҮ АЛАЛЫ

16. Бет карама болбоого эмне жардам берет?

16 Биз бет карама эмес Кудайыбыз Жахабаны кантип туурай алабыз? Кимдир бирөөнүн бет карама эмес экени эки нерседен айкын болорун эстесең. Биз бет карама эмес болгондо гана башкаларга бет карамалык кылбайбыз. Ооба, баарыбыз эле өзүбүз жөнүндө калысмын, бет карама эмесмин деп ойлоого жакын келебиз. Бирок өзүбүздүн ой-сезимдерибизге туура баа берүү оңой эмес экенине кошулат чыгарсың. Андыктан өзүбүздүн кандай адам экенибизди билүү үчүн эмне кылсак болот? Иса пайгамбар башкалар ал жөнүндө эмне деп жатышканын билгиси келип, ишенимдүү досторунан: «Эл адам Уулун ким деп ойлойт?» — деп сураган (Мт. 16:13, 14). Биз да ошентсек болот. Мисалы, ачык айтып, ак сүйлөгөн досуңан сени башкалар бет карама эмес адам катары билеби же жокпу, сурап көрсөң болот. Эгер ал кээде башкаларга улутуна, ээлеген абалына, колунда бар-жогуна карап мамиле кылганыңдай сезилерин айтса, эмне кылышың керек? Жахабага ошол тууралуу айтып, жалындуу тилен. Бет карамалык кылбоо жагынан ага мүмкүн болушунча көбүрөөк окшош болуу үчүн көз карашыңды өзгөртүүгө жардам беришин сура (Мт. 7:7; Кол. 3:10, 11).

17. Бет карама эмес экенибизди кандай жолдор менен көрсөтөбүз?

 17 Жыйналышта бет карама эмес Кудайыбыз Жахабадан үлгү алгыбыз келерин бардык ишенимдештерибиздин кадыр-баркын сыйлап, аларга жакшы мамиле кылуу менен көрсөтөбүз. Мисалы, меймандостук көрсөтүү жөнүндө айта турган болсок, конокко ар кандай ишенимдештерибизди, анын ичинде тек-жайы биздикинен айырмалангандарды жана жакыр, жетим же жесир бир туугандарды чакыргыбыз келет. (Оку: Галатиялыктар 2:10; Жакып 1:27.) Ошондой эле Падышалык тууралуу жакшы кабарды тек-тамыры, коомдо ээлеген абалы ар кандай адамдарга, анын ичинде чет өлкөдөн келгендерге айтуу менен да бет карама эмес экенибизди айгинелейбиз. Ыйык Китепке негизделген адабияттарды 600гө жакын тилде окуганга мүмкүнчүлүгүбүз бар экенине кандай гана ыраазыбыз. Бул — бет карама эместиктин кандай гана зор далили!

18. Жахабанын кайрылууга оңой жана бет карама эмес экени тууралуу ой жүгүртүү эмне кылууга түрткү берет?

18 Ооба, убакыт бөлүп, Жахабанын башкалар ага оңой кайрыла алган, бет карама эмес Кудай экени жөнүндө ой жүгүрткөнүбүздө анын ошол сапаттарын ого бетер баалап калабыз. Бул бизге ишенимдештерибизге жана кабарда жолуктурган адамдарга мамиле кылууда Жахабадан үлгү алууга түрткү бериши керек.

«Жахаба Өзүн чакыргандардын баарына... жакын» (Заб. 145:18) (9-абзацты кара)

«Жахаба Кудайыңар... эч качан бет карамалык кылбайт» (Мыйз. 10:17) (17-абзацты кара)