Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Күзөт мунарасынын изилдөөгө арналган чыгарылышы  |  Июнь, 2013

Жахабанын берилгендигин жана кечиримдүүлүгүн баалайлы

Жахабанын берилгендигин жана кечиримдүүлүгүн баалайлы

«Оо, Жахаба, сен жакшылык кыласың, кечирүүгө даярсың, өзүңдү чакыргандардын баарынан мээримдүүлүгүңдү аябайсың» (ЗАБ. 86:5).

1, 2. а) Эмне үчүн берилгендигин сактаган, кечиримдүү досторубузду баалайбыз? б) Кайсы суроолорду карап чыгабыз?

ЧЫНЫГЫ дос деп кимди айтат элең? «Мен чыныгы дос деп жардам берүүгө дайым даяр жана ката кетиргениңде, кечире билген адамды айтмакмын»,— дейт Эшли деген бир ишенимдешибиз. Баарыбыз эле берилгендигин сактаган жана кечиримдүү досторубузду баалайбыз. Алардын бизди жакшы көрөрүнө, бизге дайыма жөлөк-таяк болоруна шектенбейбиз (Накыл 17:17).

2 Жахаба — абдан кечиримдүү жана берилгендигин сактаган Досубуз. Забурчу ал жөнүндө: «Оо, Жахаба, сен жакшылык кыласың, кечирүүгө даярсың, өзүңдү чакыргандардын баарынан мээримдүүлүгүңдү [же «берилгендик менен көрсөтүлүүчү сүйүүңдү»] аябайсың»,— деп айткан (Заб. 86:5). Берилгендикти сактоо жана кечиримдүү болуу деген эмнени билдирет? Жахаба ал кереметтүү сапаттарды кантип көрсөтөт? Андан бул жагынан кандай үлгү алсак болот? Бул суроолорго жооп алуунун аркасында эң мыкты Досубузга, Жахабага, болгон сүйүүбүз артат. Ошондой эле ишенимдештерибиз менен болгон достугубуз бекемделет (1 Жкн. 4:7, 8).

ЖАХАБА — БЕРИЛГЕНДИГИН САКТАГАН КУДАЙ

3. Берилгендик деген эмнени билдирет?

3 Берилгендик — өз ичине ишенимдүүлүктү, туруктуулукту камтыган жагымдуу сапат. Кимдир бирөөгө же бир нерсеге берилген адам ага жасаган мамилесинде туруктуу болот. Ал аны ушунчалык жакшы көргөндүктөн оор жагдайларда да таштап кетпейт. Берилгендик көрсөтүү жагынан Жахабага эч ким тең келбейт (Аян 16:5).

4, 5. а) Жахабанын берилгендик сактаган Кудай экени эмнеден көрүнүп турат? б) Кудайдын берилгендик көрсөтөрү жөнүндө ой жүгүртүү кандайча бизге дем-күч берет?

4 Жахабанын берилгендик сактаган Кудай экени эмнеден көрүнүп турат? Ал ишенимдүү кызматчыларын  эч качан таштабайт. Ошондой кызматчыларынын бири Дөөтү падыша анын берилгендигин сактаган Кудай экенин айтып, аны даңазалаган. (Оку: 2 Шемуел 22:26.) Ал сыноолорго дуушар болгондо, Жахаба аны жетектеген, коргогон жана куткарган (2 Шем. 22:1). Дөөтү Жахабанын сөзү менен эле эмес, иши менен да берилгендик көрсөтөрүн билген. Жахаба эмне үчүн ага берилгендик көрсөткөн? Анткени Дөөтү падыша өзү да ага берилген адам болгон. Ооба, Жахаба кызматчыларынын берилгендигин аябай баалайт жана өзү да аларга берилгендик менен мамиле кылат (Накыл 2:6—8).

5 Жахабанын берилгендиги жөнүндө ой жүгүртүү бизге дем-күч берет. Рид деген ишенимдешибиз: «Жахабанын оор учурларда Дөөтүгө кандай мамиле кылганы жөнүндө окугандарым мага абдан жардам берет,— деп ой бөлүшөт.— Дөөтү качкын болуп, үңкүрлөрдө жашынып жүргөндө да, Жахаба аны ар дайым колдоп келген. Бул мени ушунчалык бекемдейт! Бул мага кандай жагдайга туш болбоюн, абалым канчалык оор болбосун, эгер Жахабага берилген бойдон калсам, ал мага сөзсүз жардам берерин эсиме салып турат». Сенин да ушундай ойдо экениң шексиз (Рим. 8:38, 39).

6. Жахаба дагы кандай жолдор менен берилгендик көрсөтөт жана мындан анын кызматчылары кандай пайда алышат?

6 Жахаба дагы кандай жолдор менен берилгендик көрсөтөт? Ал өзүнүн нормаларына бекем карманат. Ал бизди: «Карыганыңарда да мен ошол эле Кудаймын»,— деп ынандырат (Ыш. 46:4). Жахаба ар дайым өзүнүн өзгөрүлгүс нормаларына ылайык чечим чыгарат (Мал. 3:6). Ошондой эле ал убадаларын аткаруу менен берилгендик көрсөтөт (Ыш. 55:11). Анын берилгендик көрсөткөнүнөн бардык ишенимдүү кызматчылары пайда алышат. Кандайча? Жахабанын нормаларына бекем карманууга бүт күчүбүздү жумшасак, ал өзү убада кылгандай, бизге сөзсүз батасын берет (Ыш. 48:17, 18).

БЕРИЛГЕНДИГИН САКТАГАН КУДАЙЫБЫЗДАН ҮЛГҮ АЛАЛЫ

7. Берилгендик сактаган Кудайыбыздан үлгү алуунун бир жолу кайсы?

 7 Берилгендигин сактаган Кудайыбыздан кантип үлгү алсак болот? Мунун бир жолу — кыйынчылыктарга кабылгандарга жардам берүү (Накыл 3:27). Балким, кайсы бир бир туугандын ден соолугунун начарлыгынан, үй-бүлөсүндөгүлөрдүн каршылыгынан же өзүнүн кемчиликтеринен улам көңүлү чөгүп жүргөнүн билеттирсиң. Демилгени колго алып, ага «жакшы сөздөрдү, жубатарлык сөздөрдү» айтканга эмне үчүн болбосун? (Зак. 1:13) *. Ошентсең, «бир туугандан да жакын», ишенимдүү, чыныгы дос экениңди далилдейсиң (Накыл 18:24).

8. Жубайлар берилгендик көрсөткөн Жахабадан кантип үлгү алса болот?

8 Жакшы көргөн адамдарыбызга берилгендик сактоо менен да Жахабадан үлгү алган болобуз. Мисалы, жубайыбыз бар болсо, ага берилгендик көрсөтүшүбүз керек экенин жакшы билебиз (Накыл 5:15—18). Андыктан ойноштуктан эле эмес, ага алып бара турган бардык нерселерден оолак болобуз (Мт. 5:28). Ошондой эле ишенимдештерибизге да берилгендик көрсөтүп, алар жөнүндө ушак таратуудан же аларга жалаа жабуудан, атүгүл андай нерселерди угуудан качабыз (Накыл 12:18).

9, 10. а) Баарынан да кимге берилгендик көрсөткүбүз келет? б) Эмне үчүн кээде Жахабанын буйруктарына баш ийүү оңой эмес?

9 Биз баарынан да Жахабага берилгендик көрсөткүбүз келет. Муну кантип кылсак болот? Ан үчүн бардык нерсеге карата аныкындай көз карашта болушубуз, башкача айтканда, ал жакшы көргөн нерсени жакшы көрүп, ал жек көргөн  нерсени жек көрүшүбүз жана ошого ылайык иш кылышыбыз керек. (Оку: Забур 97:10.) Ой жүгүртүүбүздү Жахабанын ой жүгүртүүсүнө канчалык ылайык келтирсек, анын осуяттарына баш ийүүгө ошончолук дилгир болобуз (Заб. 119:104).

10 Албетте, Жахабанын буйруктарына баш ийүү дайыма эле оңой боло бербейт. Ага болгон берилгендигибизди сактоо үчүн бүт күчүбүздү жумшоо талап кылынышы мүмкүн. Алсак, айрым бойдок бир туугандар турмуш кургусу келиши, бирок Жахабанын кызматчыларынын арасынан ылайыктуу жар таппай жүрүшү ыктымал (1 Кор. 7:39). Турмушка чыга элек ишенимдешибизди чогуу иштешкендери такай эле кимдир бирөө менен тааныштырууга аракет кыла бериши мүмкүн. Бирок ишенимдешибиз, жалгыздык жанына батып жүрсө да, Жахабага болгон берилгендигин сактоого бүт күчүн жумшайт. Биз андай бир туугандарыбызды абдан баалайбыз. Арийне, Жахаба кыйынчылыктарга карабай ага ишенимдүүлүгүн сактагандардын баарына батасын берет (Евр. 11:6).

«Бир туугандан да жакын дос болот» (Накыл 18:24) (7-абзацты кара)

«Бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле» (Эф. 4:32) (16-абзацты кара)

ЖАХАБА — КЕЧИРИМДҮҮ КУДАЙ

11. Кечиримдүү болуу деген эмнени билдирет?

11 Жахабанын эң сонун сапаттарынын дагы бири — анын кечирүүгө даярдуулугу. Кечиримдүү болуу деген эмнени билдирет? Жалпы жонунан ал, негиз бар болсо, таарынткан адамды кечирүүнү билдирет. Бул анын кылган ишине кол шилтеп коюуну же эчтеке болбогондой түр көрсөтүүнү эмес, ичтеги таарынычтан арылууну билдирет. Ыйык Китепте Жахабанын чын жүрөктөн өкүнгөндөрдү «кечирүүгө даяр» экени айтылат (Заб. 86:5).

12. а) Жахабанын кечиримдүүлүгү эмнеден көрүнүп турат? б) Күнөөлөрүбүздүн «кечирилиши» эмнени билдирет?

12 Жахабанын кечиримдүүлүгү эмнеден көрүнүп турат? Ал «айкөлдүк менен кечирет»; толугу менен жана биротоло кечирет (Ыш. 55:7). Жахабанын толугу менен кечирерин кайдан билебиз? Элчилер 3:19да айтылгандарга көңүл бурсаң. (Аятты оку.) Элчи Петир элди: «Өкүнгүлө, Кудайга кайрылгыла»,— деп үндөгөн. Күнөөсү үчүн чын дилден өкүнгөн адам кылган иши үчүн  кайгырып, аны экинчи кайталабаганга чечкиндүү болот (2 Кор. 7:10, 11). Андан сырткары, андай адам «Кудайга кайрылат», тактап айтканда, жаман жолунан бурулуп, Кудайга жаккан жолго түшөт. Эгер Петирди угуп тургандар чын жүрөктөн өкүнүшсө, жыйынтыгы кандай болмок? Петир алардын күнөөлөрү «кечирилерин» айткан. Грек тилиндеги бул сөз «сүртүп салуу, өчүрүп салуу» деген маанини туюнтат. Демек, Жахаба кечиргенде мурунку каталардын баарын өчүрүп салат. Ооба, ал толугу менен кечирет (Евр. 10:22; 1 Жкн. 1:7).

13. «Күнөөсүн экинчи эстебейм» деген сөздөр бизди эмнеге ынандырат?

13 Жахабанын күнөөлөрдү биротоло кечирерин кайдан билебиз? Исанын майланган жолдоочулары менен түзүлгөн жана кунга ишенгендердин күнөөлөрүнүн кечирилишине шарт түзө турган жаңы келишимге байланыштуу Жеремия пайгамбардын айткандарын карап көрөлү. (Оку: Жеремия 31:34.) Жахаба ал аркылуу: «Мен алардын кылмышын кечирем, күнөөсүн экинчи эстебейм»,— деген. Бул сөздөр менен ал бизди күнөөлөрүбүздү кечиргенден кийин, эч качан ошол күнөөлөрүбүз үчүн бизге каршы чара колдонбой турганына ынандырууда. Ооба, ал бизди кайра-кайра жазалоо үчүн же айыптоо үчүн мурун кылган күнөөлөрүбүздү эсибизге сала бербейт. Ал күнөөлөрүбүздү биротоло кечирет (Рим. 4:7, 8).

14. Жахабанын кечиримдүүлүгү жөнүндө ой жүгүртүү бизди кандайча жубатат? Мисал келтир.

14 Жахабанын кечиримдүүлүгү жөнүндө ой жүгүртүү бизди жубатат. Бир мисалга токтолуп көрөлү. Көптөгөн жылдар мурун бир ишенимдешибиз жыйналыштан чыгарылып, бир нече жылдан кийин кайра кабыл алынган. Ошентсе да ага Жахабанын кечиргенине толук ишенүү кыйын болгон жана Жахаба ага караганда башкаларды көбүрөөк жакшы көргөндөй сезиле берген. Ошондой учурларда ага Ыйык Китептен Жахабанын кечиримдүүлүгү тууралуу айтылган аяттарды окуп, ой жүгүртүү жардам берген. Ал: «Ошонун аркасында Жахабанын мени жакшы көрөрүн, мага назик мамиле кыларын толугу менен түшүндүм»,— дейт. Адабияттарыбыздын бириндеги: «Жахаба күнөөлөрүбүздү кечирген соң, алардын тагы өмүр бою өчпөйт деп ойлобошубуз керек» *,— деген ой ага өзгөчө таасир эткен. Ал мындай дейт: «Көрсө, мен Жахабанын мени толугу менен кечирерин түшүнбөй, күнөөнүн оор жүгүн өмүр бою көтөрүп жүрүп өтөм деп ойлоптурмун. Азыр мен бара-бара Жахаба менен абдан ынак мамиледе боло аларымды түшүнө баштадым. Андыктан өзүмдү оор жүктөн арылгандай сезем». Биз кандай гана мээримдүү, кечиримдүү Кудайга кызмат кылып жатабыз! (Заб. 103:9).

КЕЧИРИМДҮҮ КУДАЙЫБЫЗДАН ҮЛГҮ АЛАЛЫ

15. Кечиримдүү Кудайыбызды кантип туурай алабыз?

15 Кечирүүгө негиз бар болгондо, бири-бирибизди кечирүү менен Жахабаны туурайбыз. (Оку: Лука 17:3, 4.) Жахаба күнөөлөрүбүздү кечиргенден кийин аларды унутарын, башкача айтканда, бизди жазалаш үчүн аларды эстеп жүрө бербей турганын эстесең. Биз да башкаларды кечиргенде алардын каталарын биротоло унутуп, кийин кайра алар тууралуу кеп козгой бербешибиз керек.

16. а) Кечиримдүү болуу туура эмес ишке кол шилтеп коюшубуз же башкалардын бизге адилетсиз мамиле кылышына жол беришибиз керектигин билдиреби? Түшүндүр. б) Кудай бизди кечириши үчүн, эмне кылышыбыз керек?

 16 Кечиримдүү болуу туура эмес ишке кол шилтеп коюшубуз же башкалардын бизге адилетсиз мамиле кылышына жол беришибиз керектигин билдирбейт. Ал ичибиздеги таарынычтан арылууну билдирет. Белгилей кетчү нерсе, Кудай бизди кечириши үчүн, биз да башкаларга мамиле кылууда,  аны туурап, кечиримдүү болушубуз керек (Мт. 6:14, 15). Жахаба боорукер болгондуктан биздин «топурак экенибизди унутпайт» (Заб. 103:14). Андыктан биз да боорукер болуп, башкалардын жеткилең эмес экенин эске алып, чын жүрөктөн кечиришибиз керек (Эф. 4:32; Кол. 3:13).

Көңүлүңдү ооруткан киши үчүн чын жүрөктөн тилен (17-абзацты кара)

17. Ишенимдешибиз көңүлүбүздү оорутса, аны кечирүүгө эмне жардам берет?

 17 Албетте, кимдир бирөөнү кечирүү дайыма эле оңойго тура бербейт. Атүгүл Исанын 1-кылымдагы айрым майланган жолдоочуларына да келишпестиктерди чечүү оңой болгон эмес (Флп. 4:2). Анда ишенимдешибиз көңүлүбүздү оорутса, аны кечирүүгө эмне жардам берет? Аюп пайгамбардын башынан өткөн окуяны карап көрөлү. Аны Элипаз, Билдат, Сопар деген «достору» ак жерден каралап, чучукка жеткен сөздөрдү айтышканда, анын көңүлү чөкпөй койгон эмес (Аюп 10:1; 19:2). Акырында Жахаба ал жалган айыптоочуларды ашкерелеп, аларга Аюпка барып, күнөөлөрү үчүн курмандык чалууну буйруган (Аюп 42:7—9). Бирок Жахаба Аюптан да бир нерсе кылууну талап кылган. Эмнени? Ал ага айыптоочулары үчүн тилениши керектигин айткан. Аюп пайгамбар Жахаба айткандай кылган жана Жахаба ага кечиримдүүлүгү үчүн батасын берген. (Оку: Аюп 42:10, 12, 16, 17.) Мындан кандай сабак алсак болот? Көңүлүбүздү ооруткан киши үчүн чын жүрөктөн тиленсек, ага болгон таарынычыбыз жазылышы мүмкүн.

ЖАХАБАНЫН САПАТТАРЫН МЫНДАН АРЫ ДА ЖОГОРУ БААЛА

18, 19. Жахабанын кереметтүү сапаттарын мындан ары да жогору баалаш үчүн эмне кылышыбыз керек?

18 Жахабанын баа жеткис сапаттарынын айрымдарын карап чыгуудан көп кубаныч алганыбыз шексиз. Биз анын баарыбыз эркин кайрыла алган, бет карама эмес, берешен, түшүнүктүү, берилгендик сактаган жана кечиримдүү Кудай экенин талкууладык. Бирок бул ал жөнүндөгү билимдин чети гана. Биз Жахабаны түбөлүктөн-түбөлүккө таанып-биле беребиз (Нас. 3:11). Ооба, элчи Пабыл айткандай, «Кудайдын байлыгы кандай түгөнгүс, акылмандыгы, билими кандай терең»! Анын биз карап чыккан алты сапаты жана сүйүү сыяктуу башка сапаттары жөнүндө да ушуну айтууга болот (Рим. 11:33).

19 Анда эмесе, баарыбыз Жахабанын кереметтүү сапаттарын мындан ары да жогору баалайлы. Ан үчүн алар жөнүндө көбүрөөк билип, алар тууралуу ой жүгүртүп, аларды жашообузда чагылдырышыбыз зарыл (Эф. 5:1). Ошондо забурчунун: «Мага болсо Кудайга жакындаган жакшы»,— деген сөздөрүнүн калетсиз экенине барган сайын көбүрөөк ынана беребиз (Заб. 73:28).

^ абз. 7 Буга байланыштуу кеңештерди «Күзөт мунарасынын» төмөнкү сандарынан табууга болот: 2011-жыл, 15-октябрь, «Кыйналгандардын бардыгын сооротолу»; 1995-жыл, 15-январь, «Жакын арада кимдир бирөөнү бекемдедиңби?» (ор.); 1995-жыл, 1-апрель, «Кантип башкаларды сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөй алабыз?» (ор.).

^ абз. 14 «Жахабага жакында» деген китептин 26-бөлүмүнүн 10-абзацын кара.