Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) МАЙ 2013

 БИЗДИН АРХИВДЕН

Алар «сыноо учурунда» бекем турушкан

Алар «сыноо учурунда» бекем турушкан

1914-ЖЫЛЫ Биринчи дүйнөлүк согуш оту тутанганда, Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн бейтараптуулугу дүйнөнүн көңүлүн өзүнө бурган (Ыш. 2:2—4; Жкн. 18:36; Эф. 6:12). Ошол убакта Улуу Британиядагы бир туугандар эмне кылышкан?

Генри Худсон

Улуу Британияда 1916-жылы чыккан аскердик кызмат жөнүндөгү мыйзамда 18ден 40 жашка чейинки бойдок эркектердин аскердик кызматка чакырылышы керектиги жазылган. Ошол мыйзамга ылайык, диний ишенимине байланыштуу аскердик кызматтан баш тарткандарды бошотууга жол берилген. Өкмөттүн буйругу менен аскердик кызматтан кимди жана канчалык деңгээлде бошотуу керектигин аныктай турган комиссиялар түзүлгөн.

Көп өтпөй эле Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн 40ы камакка алынып, алардын 8и фронтко, Францияга, жөнөтүлгөн. Британиядагы бир туугандар андай адилетсиздикке нааразы болуп, премьер-министр Герберт Асквитке 5500 кишинин колу коюлган кат жөнөтүшкөн.

Бир туугандар Францияга жөнөтүлгөн ошол 8 бир туугандын согушуудан баш тартканы үчүн атууга кетери жөнүндө кабар алышкан. Бирок алар атууга кеткени жатканда, аларга чыгарылган өкүм алмашылып, он жылга кесилишкен. Ошентип, ал бир туугандар Англиядагы абакка которулушкан.

Джеймс Фредерик Скотт

Согуш улана бергендиктен, үй-бүлөлүү эркектер да аскерге чакырыла баштаган. Ошондон улам дарыгерлик кесипти аркалаган манчестерлик (Англия) Генри Худсон деген бир тууганга каршы сот иши козголгон. 1916-жылы 3-августта сот аны айыптуу деп таап, айып пул салган жана аскерге жөнөткөн. Ошол эле убакта Эдинбургда (Шотландия) 25 жаштагы адабият таратуучу Фредерик Скоттун сот иши болуп, ал айыпсыз деп табылган. Бийликтегилер соттун чечимине нааразы болуп, андан жогору турган сотко даттанышкан. Бирок Лондондо дагы бир сот иши, Герберт Кипстин сот иши, боло тургандыктан, доо арызын кайра кайтарып алышкан. Сот Герберт бир тууганды күнөөлүү деп таап, айып пул салып, аскерге жөнөткөн.

1916-жылдын сентябрына чейин 264 бир тууган аскердик кызматтан бошонууга арыз жазышкан. Бирок алардын бешөө гана аскердик кызматтан бошотулуп, 154ү «мамлекет үчүн маанилүү иштерге» жиберилген, 23ү болсо аскердик курамга кирбеген аскер кызматкери катары кызмат өтөөгө, 82си аскерге жөнөтүлгөн. Ал эми алардын айрымдары баш ийбегени үчүн аскердик соттун алдында жоопко тартылышкан. Коомчулук аларга жасалган ырайымсыз мамилеге нааразычылыгын билдиргенде, бийликтегилер аларды аскердик түрмөлөрдөн кадимки түрмөлөргө которушкан.

Прайс Хьюз

 Кийинчерээк Улуу Британиядагы филиалдын көзөмөлчүсү болуп кызмат кылган Эдгар Клей менен Прайс Хьюз Уэльстеги дамба курууда иштешкен. Ал эми Франциядан кайтып келген 8 бир туугандын бири Гильберт Синьор Улуу Британиянын Йоркшир графтыгындагы Уэйкфилд түрмөсүнө жөнөтүлгөн. Башкалары Дартмурдагы түрмөгө жиберилип, ал жактагы катаал шарттарда оор жумуштарды аткарышкан. Аскер кызматынан баш тарткан бойдок бир туугандардын эң чоң тобу ошол түрмөдө болгон.

Аскердик курамга кирбеген аскер кызматкери катары кызмат өтөөгө макул болгон Ыйык Китеп Изилдөөчү Фрэнк Плат фронтко жиберилип, ал жактан узак убакыт бою катуу куугунтукталган. Ошондой эле аскерге чакырылгандан кийин чындыкты тааныган Атинксон Паджет да согушка катышуудан баш тартканы үчүн аскер башчыларынын ырайымсыз мамилесине дуушар болгон.

Гильберт Синьор

Жүз жылдай мурун жашаган ал бир туугандар бейтараптуулук жөнүндө толук түшүнүшпөсө да, Жахаба Кудайга жагууга умтулушкан. Алар «сыноо учурунда» бейтараптуу болуу жагынан бизге эң сонун үлгү калтырышкан (Аян 3:10). (Биздин Улуу Британиядагы архивден.)

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Жахабанын Күбөлөрү эмне үчүн саясатка аралашпайт?

Алар өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурабы?