Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) АПРЕЛЬ 2013

 ӨМҮР БАЯН

Түндүк уюл жакта 50 жыл толук убакыт кызмат кылдык

Түндүк уюл жакта 50 жыл толук убакыт кызмат кылдык

Бир жолу пионер болуп кызмат кылган бир досубузга: «Сага пионер болгон оңой. Анткени ата-энең чындыкта, алар сага кам көрүп, жардам берип турушат»,— дегенде, ал: «Баарыбыздын бир эле Атабыз бар да»,— деп жооп берген. Анын сөздөрүндө бир маанилүү ой камтылган: асмандагы Атабыз өзүнүн кызматчыларына кам көрүп, дем-күч берип турат. Ал сөздөрдүн калетсиз экенине өз тажрыйбабыздан улам ынандык.

 БИЗ Түндүк Остроботнияда (Финляндия) фермердин үй-бүлөсүндө туулганбыз; он бир тууган болчубуз. Бала чагыбызда Экинчи дүйнөлүк согуш тутанып, анын таасири бизге да тийген. Согуш майданынан жүздөгөн чакырым алыс жашасак да, согуштун каары көкөйүбүздөн кеткис из калтырды. Бир жолу түн ичинде бизге жакын жайгашкан Оулу жана Калайоки шаарлары бомбаланганда, асман кызыл түскө боёлуп калган. Ата-энебиз бизге төбөбүздөн согуш учактары учуп баратканын көрөрүбүз менен жашынып калышыбыз керектигин айтчу. Ошондуктан Тауно байкебиз жер бейишке айланып, адилетсиздик жок болорун айтканда, жүрөгүбүз козголгон.

Тауно 14 жашында Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр басып чыгарган адабияттардан чындыкты тааныган. Экинчи дүйнөлүк согуш башталганда, Ыйык Китеп боюнча тарбияланган абийири жол бербегендиктен, ал аскердик кызматтан баш тарткан. Ошол себептен аны кесип жиберишкен. Түрмөдөн ага ырайымсыз мамиле жасалган. Бирок бул кайра анын Жахабага кызмат кылууга болгон чечкиндүүлүгүн бекемдеген. Ошондуктан ал түрмөдөн чыккандан кийин мурдагыдан да ынталуу кызмат кылган. Байкебиздин эң сонун үлгүсү бизге коңшу айылдагы Жахабанын Күбөлөрү өткөргөн жыйналышка барууга түрткү берди. Ошондой эле биз жыйындарга да барып турчубуз. Ал жакка барууга акча топтош үчүн жан талашып иштер элек. Мисалы, кошуналарыбызга кийим тигип берчүбүз, пияз өстүрчүбүз, мөмө-жемиш терчүбүз. Фермада иш көп болгондуктан, жыйындарга көбүнесе чогуу эмес, кезектешип барчубуз.

Солдон: Матти (атасы), Тауно, Сайми, Мариа Эмилия (апасы), Вайно (бөбөгү), Айли жана Анники, 1935-жыл

Жахаба жана анын ой-ниети жөнүндөгү чындыкты билүүнүн аркасында ага болгон сүйүүбүз өскөндүктөн, өмүрүбүздү ага арноону чечтик. Ошентип, 1947-жылы экөөбүз тең Кудайга арналганыбызды чөмүлтүлүү менен билдирдик. (Ошол убакта Анники 15те, Айли 17де болчу.) Ошол эле жылы Сайми эжебиз да чөмүлдү. Биз турмушка чыккан Линнеа эжебиз менен да ыйык китептик изилдөө өткөрчүбүз. Ал да үй-бүлөсү менен Жахабанын Күбөсү болду. Чөмүлгөндөн кийин мезгил-мезгили менен көмөкчү пионер болуп кызмат кылабыз деп максат койдук.

ТОЛУК УБАКЫТ КЫЗМАТТЫ БАШТАШЫБЫЗ

Солдон: Ева Каллио, Сайми Маттила-Сириала, Айли, Анники жана Саара Нопонен, 1949-жыл

1955-жылы Түндүк уюлга жакыныраак жайгашкан Кеми шаарына көчүп бардык. Экөөбүз тең толук убактагы жумушта иштеп жүрдүк. Биз пионер болуп да кызмат кылгыбыз келчү, бирок өзүбүздү бага албай калабыз деп коркчубуз. Пионер болуш үчүн адегенде анча-мынча акча чогултуп алышыбыз керек деп ойлочубуз. Так ошол убакта макаланын башында айтылган пионер бир тууган менен сүйлөшкөнбүз. Анын сөздөрү бизге Жахабага толук убакыт кызмат кылуу колубузда бар-жогунан же үй-бүлөбүздүн колдоосунан гана көз каранды эмес экенин түшүнүүгө жардам берди. Эң негизгиси асмандагы Атабызга таянышыбыз керектигин түшүндүк.

1952-жылы Куопиодогу жыйынга баратканда. Солдон: Анники, Айли, Ева Каллио

Ошол убакта эки айга жетерлик акчабыз бар болчу. Андыктан коркконубузга карабай, 1957-жылы майда Түндүк уюлдун жогору жагында жайгашкан Лапландиядагы Пелло деген жерде эки ай пионер болуп кызмат кылууга арыз жаздык.  Эки айдан кийин баягы акчабыз ошол эле бойдон тургандыктан, дагы эки айга арыз толтурдук. Ал эки ай бүткөндөн кийин деле акчабыздын чыпчыргасы корогон жок. Ошондо Жахабанын бизге кам көрөрүнө көзүбүз жетти. 50 жыл пионер болуп кызмат кылгандан кийин деле топтоп койгон ошол акчабыз эч корогон жок! Артка кылчая карап, Жахаба колубуздан кармап: «Коркпо, мен сага жардам берем»,— деп айтып келгендей сезебиз (Ыш. 41:13).

50 жыл пионер болуп кызмат кылгандан кийин деле топтоп койгон ошол акчабыз эч корогон жок!

Кайсу Рейкко менен Айли кабар айтуу кызматында

1958-жылы райондук көзөмөлчүбүз бизге Лапландиядагы Соданкюля деген шаарга көчүп барып, атайын пионер болуп кызмат кылууну сунуштап калды. Ошол кезде ал жакта бир эле Жахабанын Күбөсү бар болчу. Ал эженин чындыкты кантип тааныганы да аябай кызыктуу болгон экен. Анын уулу классташтары менен Финляндиянын борбор калаасы Хельсинкиге саякатка барып калат. Алар шаарды кыдырып жүргөндө, улгайып калган бир ишенимдешибиз «Күзөт мунарасы» журналын балдардын эң артында бараткан ошол балага сунуп, апаңа берип кой дейт. Ал бала ишенимдешибиз айткандай кылат. Апасы аны окуур замат чындыкты тапканын түшүнөт.

Биз тактай тилүүчү жайдын жогорку кабатындагы бир бөлмөдө акы төлөп жашап турдук. Жыйналыш жолугушууларын ошол жерде өткөрчүбүз. Башында жолугушууларга экөөбүз жана ошол жакта жашаган эже менен кызы гана катышчу. Биз изилдөөгө арналган макалаларды чогуу окучубуз. Кийинчерээк Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп жүргөн бир киши тактай тилүүчү жайга жумушка орношуп калды. Ал үй-бүлөсү менен бирге биздин топко кошулду жана убакыттын өтүшү менен жубайы экөө тең чөмүлдү. Ошондон кийин жолугушууларды ошол байке өткөрө баштады. Жыйналыш жолугушууларына тактай тилүүчү жайда иштеген башка кишилер да келе башташты жана алар да чындыкты кабыл алышты. Убакыттын өтүшү менен тобубуз өсүп, эки жылдай убакыт өткөндөн кийин, жыйналыш уюшулду.

ТАРТКАН КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРЫБЫЗ

Жолдун узактыгынан улам кызматыбыз ар кандай кыйынчылыктар менен коштолчу. Жайында аймагыбыздагы адамдарга жөө, велосипед менен, атүгүл кайык менен барчубуз. Өзгөчө, велосипедибиз чоң ишке жарай турган. Аны менен жыйындарга жана жүздөгөн чакырым ыраакта жашаган ата-энебиздикине барчубуз. Кышкысын болсо таң атпай автобус менен айыл-кыштактарга барып, үймө-үй кабар айтар элек. Бир айылды кыдырып бүткөн соң кийинкисине жөнөчүбүз. Кар калың жаап, жолдор тазаланбай калган учурлар болчу. Андайда көбүнчө атка чегилген чана таптап кеткен жол менен басчубуз. Бирок кээде кар дагы жаап койгондуктан, бизге  чейинкилер таптап кеткен жолду кайра кар басып калчу. Ал эми эрте жазда кар аябай суу болгондуктан, араңдан-зорго басчубуз.

Экөөбүз кычыраган суукта кызматта жүрөбүз

Ызгаар суук жана көз ачырбай жааган кар бизди жылуу кийингенге үйрөттү. Биз узун жүн байпак, анын үстүнөн дагы эки-үч кат байпак, анан кончу узун өтүк кийип алчубуз. Ошого карабай, көп учурда өтүгүбүздүн ичине кар толуп калар эле. Үйлөрдүн тепкичине жеткенде, өтүгүбүздү чечип, ичиндеги карын күүчүбүз. Ошондой эле кар кечип, алыс жол жүргөндө, узун пальтолорубуздун этеги суу болуп, кычыраган суукта темирдей калдайып тоңуп калчу. Бир үйгө барганыбызда, бир аял: «Ушундай суукка карабай келгениңерге караганда, ишенимиңер аябай бекем окшойт»,— деген. Ал үйгө чейин 11 километр жолду басып өткөн элек.

Жол ушунчалык алыс болгондуктан, биз көбүнчө жергиликтүү тургундардын үйүндө түнөп калчубуз. Кеч кире баштаганда, түнөк жай сураштыра баштачубуз. Ал жактагы үйлөр жупуну, бирок адамдар кичипейил, меймандос болчу. Алар бизге түнөк жай эле эмес, жегенге тамак-аш да бере турган. Көп учурда түндүк бугусунун, багыштын, атүгүл аюунун терисине жатчубуз. Бирок кээде жашоо шарты жакшы үйлөргө да туш келчүбүз. Мисалы, бир жолу заңгыраган үйдө жашаган айым бизди үстүнкү кабаттагы конок бөлмөсүнө алып чыкты. Ал жакта бизди апаппак шейшеп салынган кооз керебет күтүп туруптур. Көбүнчө биз үй ээси менен Ыйык Китеп жөнүндө түн бир оокумга чейин сүйлөшчүбүз. Бир жолу бир жубайлардын үйүнө түнөп калдык. Алар бөлмөнүн бир тарабында, биз экинчи тарабында жаттык. Ал жубайлар алмак-салмак суроолорду жаадыра бергендиктен, алар менен Ыйык Китепте жазылгандар тууралуу сүйлөшүп жатып, таң сүрүп кеткенин да байкабай калыптырбыз.

КЫЗМАТЫБЫЗДЫН ЖЕМИШИ

Лапландия, өсүмдүк көп өспөсө да, аябай кооз жер жана жыл мезгилине жараша түркүн түскө боёлуп турат. Бирок бизге баарынан да анын Жахабаны таанып-билген тургундары сулуу көрүнөт. Биз кабар айткан жүрөгү таза адамдардын арасында Лапландияга көчүп барып, бак кыйып иштеген кишилер да болгон. Айрым учурларда экөөбүз алар жашаган чакан үйлөрдүн бирине кабар айтып, кирип калганда, ичинде бир топ киши боло турган. Ошол чымыр денелүү чоң кишилер Ыйык Китептеги кабарды жакшы угуп, адабияттарды сүйүнүп алышчу.

Башыбыздан көптөгөн кызыктуу окуяларды өткөрдүк. Бир жолу автобекеттин сааты 5 мүнөт алдыда болгондуктан, автобусубузга кечигип калдык. Андыктан башка кыштакка бара турган автобуска отурууну чечтик. Мурун ал жакта эч качан кабар айткан эмес элек. Биринчи эле үйгө барганыбызда, бир айым чыгып: «Кыздар, келгиле, мен силерди күтүп жаткам»,— деди. Көрсө, ал биз изилдөө өткөргөн эженин сиңдиси экен. Ал эжесинен биздин так ошол күнү аныкына келип кетишибизди сураныптыр. Бирок биз ал жөнүндө эч нерсе уккан эмеспиз. Биз аны менен жана кошуна үйдө жашаган туугандары менен изилдөө баштадык. Көп өтпөй ал изилдөөлөрдүн баарын кошуп, бир эле өткөрө баштадык. Ошондон  тартып ал үй-бүлөдөн көптөр Жахабанын Күбөсү болушту.

1965-жылы Түндүк уюлдун төмөн жагында жайгашкан Куусамодогу азыркы жыйналышыбызга дайындалдык. А кезде жыйналышта бир нече эле жарчы бар болчу. Башында жаңы аймагыбызда кабар айтуу бир аз кыйындай сезилген. Адамдар аябай динчил болушчу жана бизди жактырышчу эмес. Анткен менен көптөрү Ыйык Китепти баалашчу, ошондуктан алар менен маектешкенде жалпылыкты табуу оңоюраак болчу. Акырындык менен жергиликтүү калкты жакшыраак таанып-биле бердик, ал эми эки жылдай өткөндөн кийин, ыйык китептик изилдөө баштоо бир топ оңой болуп калды.

ДАГЫ ДЕЛЕ ЖИГЕРДҮҮ КЫЗМАТ КЫЛУУДАБЫЗ

Биз изилдөө өткөргөндөрдүн айрымдары

Азыр бир күн кечке кабарда жүрө албасак да, дээрлик күн сайын кабар айтуу кызматына катышабыз. Айли 1987-жылы 56 жашында байкебиздин баласынын кеңеши менен айдоочунун окуусун окуп, күбөлүк алгандан бери, чоң аймагыбызда жакшы кабар таратуу кыйла жеңил болуп калды. Кийин жаңы Падышалык залы курулганда, биз да ал ишке катыштык жана ага кошулуп курулган бөлмөгө көчүп бардык.

Көптөгөн адамдардын чындыкты кабыл алып жатканын көрүү бизге зор кубаныч тартуулайт. Финляндиянын түндүгүндө толук убакыт кызмат кыла баштаганыбызда, ошол чоң аймактын ар кайсы жеринде саналуу эле жарчы бар болчу. Азыр ал жакта бир нече жыйналыштан турган бир район бар. Жыйындарда кимдир бирөө өзүн тааныштырып, аны эстээр-эстебесибизди сурап калган учурлар көп эле болот. Айрымдары, мурун алардын үйүндө ыйык китептик изилдөө өткөргөнүбүздө, кичинекей бала болгонун айтып калышат. Ошентип, бир нече, атүгүл ондогон жылдар мурун себилген үрөн түшүм берүүдө (1 Кор. 3:6).

Жаан жааган күндөрү да кабар айтабыз

2008-жылы атайын пионер болгонубузга 50 жыл болду. Экөөбүз бири-бирибизге дем-күч берип, Жахаба тапшырган баа жеткис кызматты туруктуулук менен аткарууга колдоо көрсөтүп келдик. Бул үчүн Жахабага миң мертебе ыраазыбыз. Биз жөнөкөй жашадык, бирок эч нерседен өксүгөн жокпуз (Заб. 23:1). Башында бекер эле коркуп, олку-солку болуптурбуз. Ушунча жыл бою Жахаба Ышая 41:10догу: «Мен сага күч берем, жардам берем, сени адилдик боюнча оң колум менен колдойм»,— деген убадасына ылайык, бизге күч берип келди.