Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) МАРТ 2013

Чынында эле Иосиф Флавий жазганбы?

Чынында эле Иосиф Флавий жазганбы?

Биринчи кылымда жашаган тарыхчы Иосиф Флавий «Жүйүт байыркылары» деген китебинде «Машаяк деп аталган Исанын бир тууганы Жакыптын» өлүмү жөнүндө жазган. Көптөгөн окумуштуулар ал сөздөрдүн Иосиф Флавийге таандык экенин айтышат. Бирок айрымдар ошол эле эмгектеги Иса тууралуу айтылган башка сөздөрдү Иосиф Флавий жазганына шектенишет. «Флавийдин ырастоосу» («Testimonium Flavianum») деп аталган ал үзүндүдө мындай делет:

«Ошол убактарда Иса деген акылман киши жашаган. Бирок ал көптөгөн кереметтерди жасагандыктан, аны дегеле киши деп айтуу кыйын. Ал окутканда, башкалар аны ыракаттанып уккан. Ал көптөгөн жүйүттөрдү да, бутпарастарды да өзүнө тарткан. Ал Машаяк болгон. Пилат арабыздагы көрүнүктүү кишилердин тукуруусу менен Исаны устунга кадатканда, аны башында эле жакшы көрүп калган адамдар аны таштап кетишкен эмес. Андан үч күн өткөндөн кийин, ал тирилип, аларга жолуккан. Кудайдын пайгамбарлары ага байланыштуу ушул жана башка он миңдеген кереметтүү нерселерди алдын ала айтышкан. Анын атынан аталган машаякчылар ушул күнгө чейин жок болуп кеткен жок» («Иосиф Флавий. Эмгектердин толук жыйнагы», Уильям Уистондун котормосу).

16-кылымдын аягынан тартып жогорудагы сөздөрдү Иосиф Флавий жазган деп ишенгендер менен ага күмөн санагандардын ортосунда кызуу талаш-тартыш жүрүп келген. Француз тарыхчысы жана классикалык адабияттар боюнча адис Серж Бардет акыркы төрт кылым бою чечилбей келген ошол талаштын чиелүү түйүнүн чечүүгө аракет кылган. Ал өзүнүн изилдөөлөрүн «Флавийдин ырастоосу — тарых барактарын тарыхый көз караш менен талдоо» деп аталган китепке басып чыгарган («Le Testimonium Flavianum—Examen historique considérations historiographique»).

Иосиф Флавий христиан динин туткан жазуучу эмес, жүйүт тарыхчысы болгон. Ошондуктан анын Исаны «Машаяк» деп атагандыгы талаш жараткан. Бардет изилдөөлөрдөн кийин ал наамдын колдонулушу бардык жагынан гректердин маданияты боюнча кишинин ысымынын ордуна наамды колдонушканына шайкеш келерин ырастаган. Бардет айткандай, жүйүт христиандардын көз карашы боюнча, «Иосиф Флавийдин Машаяк деген терминди колдонгондугу мүмкүн эмес нерсе болгон эмес», тескерисинче, бул Исанын чынында эле тарыхый инсан экенин көрсөткөн маанилүү нерсе болгон. «Муну сынчылар көз жаздымында калтырып жатышат».

Кийинчерээк кимдир бирөө Иосиф Флавийдин стилин туурап, текстти өзгөртүп коюшу мүмкүн беле? Тарыхый далилдерди жана тексттин өзүн изилдеп чыккандан кийин Бардет кимдир бирөө анын стилин туураса, керемет болмок деген жыйынтыкка келген. Тарыхта Иосиф Флавийдикиндей стилде жазган эч ким болбогондуктан, аныкындай стилде жазуу дээрлик мүмкүн эмес болгон.

Окумуштуулар эмнеге жогорудагы сөздөрдү Иосиф Флавий жазганына шектенип жатышат? Көйгөйдүн тамыры эмнеде жатканын баса белгилеп, Бардет канчалаган байыркы тексттерге эмес, Флавийдин ырастоосуна шек туулгандыгына ага байланыштуу суроолордун көтөрүлгөнү себеп болгонун айткан. Андан ары ал кылымдар ичинде өрчүгөн мындай көз караш текстти калыстык менен изилдөөгө эмес, «жашыруун ниетке» негизделет деген. Эгер алар текстти калыстык менен изилдешсе, анын ишенүүгө татыктуу экенине ынана алышмак.

Бардеттин изилдөөлөрү окумуштуулардын оюн өзгөртөбү, жокпу, көрө жатарбыз. Бирок алар эллинистик иудаизмди жана байыркы христиан динин изилдеген атактуу адис Пьер Жолтрейнди ынандырган. Ал көптөн бери эле Флавийдин ырастоосу кийин кошумчаланып өзгөртүлгөн деп ишенип келген. Атүгүл ал сөздөрдүн Флавийге таандык экенине ишенгендерди шылдыңдаган. Бирок кийин оюн өзгөрткөн. Буга Бардеттин эмгеги түрткү бергенин айткан. Жолтрейн «мындан ары эч ким Иосиф Флавийдин „ырастоосу ишенүүгө татыксыз“ деп айтпашы керектигин» айткан.

Албетте, Жахабанын Күбөлөрүндө Исаны Машаяк катары кабыл алууга андан да жүйөлүү себеп бар. Анткени ал тууралуу Ыйык Китептин өзүндө айтылган (2 Тим. 3:16).