Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) МАРТ 2013

Жахабаны сүйгөндөрдү «эч нерсе мүдүрүлтпөйт»

Жахабаны сүйгөндөрдү «эч нерсе мүдүрүлтпөйт»

«Мыйзамыңды жакшы көргөндөрдүн тынчтыгы мол, аларды эч нерсе мүдүрүлтпөйт» (ЗАБ. 119:165).

1. Бир жөө күлүктүн окуясы эч качан багынбашыбыз керектигин кандайча көрсөтүп турат?

МЭРИ ДЕККЕР өспүрүм кезинен тартып эле дүйнөгө таанымал жөө күлүк болгон. Көптөр аны 1984-жылкы жайкы Олимпиадада 3000 метр аралыкка чуркоодо алтын медаль алат деп ойлошкон. Тилекке каршы, Мэри мара сызыгына жетпей калган. Ал чуркап баратып бир жөө күлүктүн бутуна чалынып жыгылып, жаракат алган жана жарышты уланта албай калганына ызаланып ыйлаган. Аны ал жактан көтөрүп кетишкен. Бирок ал багынган эмес. Бир жылга жетпей эле, ал кайрадан калыбына келип, 1985-жылы бир миля (1609 м) аралыкка чуркоодо аялдардын арасынан дүйнөлүк рекорд койгон.

2. Кудайдын кызматчылары кандай мааниде жарышка катышып жатышат жана биз эмнеге умтулушубуз керек?

2 Кудайдын кызматчылары катары баарыбыз каймана мааниде жарышка катышып жатабыз. Биздин максатыбыз жеңишке жетүү болушу керек. Биз катышкан жарыш жеңишке жетүү үчүн катуу чуркоо талап кылынган кыска аралыкка созулган жарыш эмес. Ошондой эле биз жай, анда-санда тыным жасап, ден соолукту чыңдоо үчүн гана чуркагандарга окшоп чуркабайбыз. Биздин жарышты жеңишке жетүү үчүн туруктуулук талап кылынган марафонго салыштырууга болот. Элчи Пабыл Корунтта, атлеттик жарыштары менен белгилүү болгон шаарда, жашаган ишенимдештерине жазган катында жарыш жөнүндө сөз кылган. Ал: «Жарышка катышкандардын баары чуркаганы менен, бирөө эле байге аларын билбейсиңерби? Ошондуктан байге алгыдай чуркагыла»,— деп жазган (1 Кор. 9:24).

3. Кандайча түбөлүк өмүр үчүн болгон жарышка катышкандардын баары байге алат?

3 Ыйык Китепте биздин ошол каймана маанидеги жарышка катышышыбыз керектиги айтылат. (Оку: 1 Корунттуктар 9:25—27.) Жеңүүчүлөргө бериле турган байге — түбөлүк өмүр. Майлангандар асманда, ал эми калгандары жерде түбөлүк өмүр  сүрүшөт. Жарыштын башка көптөгөн түрлөрүнөн айырмаланып, бул жарышка катышып, аягына чейин туруктуулук менен чуркагандардын баарына байге берилет (Мт. 24:13). Жарыштын эрежелерин бузгандар же марага жетпей калгандар гана байге албайт. Андан сырткары, ушул жарышта гана байгеге түбөлүк өмүр коюлган.

4. Түбөлүк өмүр үчүн болгон жарышта бизге эмне тоскоол болот?

4 Мара сызыгына жетүү оңой иштерден эмес. Ан үчүн тартипке бекем карманып, максатыңа жетүүгө бел байлашың керек. Адамзат тарыхында бир эле киши бир да жолу мүдүрүлбөй мара сызыгын ашкан. Ал — Иса Машаяк. Бирок анын шакирти Жакып анын жолдоочуларынын баары көп мүдүрүлөрүн, башкача айтканда, жаңыларын айткан (Жкп. 3:2). Ал кандай таамай айткан! Баарыбызга тең өзүбүздүн жана башкалардын жеткилеңсиздиги тоскоол болот. Ошондуктан кээде чалынышыбыз, тең салмактуулугубузду жоготушубуз жана ылдамдыгыбызды басаңдатышыбыз мүмкүн. Атүгүл кээде жыгылып калышыбыз да ыктымал. Бирок андайда кайра туруп, андан ары чуркай бергенибиз маанилүү. Айрымдар ушунчалык катуу жыгылгандыктан кайра туруп, жарышты улантыш үчүн башкалардын жардамына муктаж болушат. Ооба, кээде атүгүл кайра-кайра мүдүрүлүшүбүз же жыгылышыбыз мүмкүн (1 Пад. 8:46).

Жыгылып кетсең, жардамды кабыл алып, кайра тур

МҮДҮРҮЛҮП КЕТСЕҢ ДА, ЖАРЫШТЫ УЛАНТА БЕР

5, 6. а) Кандай мааниде Кудайдын кызматчысын «эч нерсе мүдүрүлтпөйт» жана ага кайра турууга эмне жардам берет? б) Эмне үчүн айрымдар мүдүрүлгөндөн кийин кайра турушпайт?

5 Мүдүрүлгөнүбүздө же жыгылганыбызда кандай адам экенибиз айкын болот. Айрымдар мүдүрүлгөндө же жыгылганда өкүнүп, Кудайга кызмат кылганын уланта беришет. Накыл сөздөр 24:16да: «Адил адам жети жолу жыгылышы мүмкүн, бирок сөзсүз кайра турат. Ал эми ыймансыздар алаамат учурунда кулайт»,— деп айтылат.

6 Жахаба ага таянгандардын кыйынчылыктардан же кетирген каталарынан улам кайра тура алгыс болуп мүдүрүлүшүнө же жыгылышына жол бербейт. Ага андан ары да бүт жүрөгүбүз менен кызмат кыла беришибиз үчүн, ал бизге «кайра турууга» жардам берет. Жахабаны чын жүрөктөн сүйгөндөрдү бул кандай гана жубатат! Ыймансыздар болсо кайра тургусу келбейт. Алар Кудайдын ыйык рухунан  жана элинен жардам издешпейт же жардам берилгенде, кабыл алышпайт. Ал эми Жахабанын мыйзамын жакшы көргөндөрдү эч нерсе өмүр үчүн болгон жарыштан чыгып калганчалык мүдүрүлтө албайт. (Оку: Забур 119:165.)

7, 8. Кандайча «жыгылган» киши да Кудайдын ырайымына ээ боло алат?

7 Кээ бирөөлөр кайсы бир алсыздыгынан улам анча чоң эмес күнөө кетириши, атүгүл аны бир нече жолу кайталашы мүмкүн. Бирок алар «кайра турушса», тактап айтканда, чын жүрөктөн өкүнүп, кайрадан ишенимдүү кызмат кылууга аракет кылышса, Кудайдын көз алдында дагы деле адил деп эсептелишет. Муну Кудайдын байыркы ысрайыл элине жасаган мамилесинен көрө алабыз (Ыш. 41:9, 10). Жогоруда цитата кылынган Накыл сөздөр 24:16да терс нерсеге — «жыгылышыбызга» — эмес, оң нерсеге — ырайымдуу Кудайыбыздын жардамы менен «кайра турушубузга» — басым жасалат. (Оку: Ышая 55:7.) Ырас, Жахаба Кудай менен Иса Машаяк бизге ишенерин көрсөтүп, бизди «кайра турууга» үндөшөт (Заб. 86:5; Жкн. 5:19).

8 Марафонго катышкан жөө күлүк чуркап баратып чалынып же жыгылып кеткен күндө да, дароо иш-аракет кылса, кайра туруп, жарыштын аягына чыга алат. Биз түбөлүк өмүр үчүн болгон жарышыбыз бүтө турган «күндү жана саатты» билбейбиз (Мт. 24:36). Анткен менен канчалык аз мүдүрүлсөк, ылдамдыгыбызды басаңдатпай чуркоо жана марага жетүү ошончолук оңоюраак болот. Анда бизге мүдүрүлбөгөнгө эмне жардам берет?

ЭМНЕЛЕР МҮДҮРҮЛТҮШҮ МҮМКҮН?

9. Бизди мүдүрүлтө турган кайсы нерселерди карап чыгабыз?

9 Анда эмесе, бизди мүдүрүлтө турган беш нерсени карап чыгалы. Алар: өзүбүздүн алсыздыктарыбыз, дененин каалоолору, ишенимдештерибиздин адилетсиз мамилеси, кыйынчылык же куугунтук, ошондой эле башкалардын жеткилеңсиздиги. Эгер мүдүрүлгөн болсок, Жахабанын чыдамдуу экенин эстен чыгарбаганыбыз оң. Ал бизди дароо эле ишенимсиз деп эсептеп, четке кагып салбайт.

10, 11. Дөөтү падыша кандай алсыздыктары менен күрөшкөн?

10 Өзүбүздүн алсыздыктарыбызды жөө күлүктөр чуркаган жолдо жаткан таштарга салыштырууга болот. Дөөтү падыша менен элчи Петирдин жашоосунда болгон окуяларды карап чыгуу менен алсыздыктын эки түрүн көрүүгө болот. Алар: өзүн кармай албоо жана адамдан коркуу сезими.

11 Дөөтү падышанын өзүн кармай албай, алсыздыкка алдырып койгон учурлары болгон. Алсак, ал Батшеба менен ойноштук кылган, ошондой эле Набал кемсинтерлик сөздөрдү айтканда, ойлонбой иш кылып жибере жаздаган. Ооба, анын өзүн башкара албай калган учурлары болгон, бирок ал багынбай, Жахабага жакканга аракет кыла берген. Башкалардын жардамы менен ал «кайра турган» (1 Шем. 25:5—13, 32, 33; 2 Шем. 12:1—13).

12. Элчи Петирге мүдүрүлгөнүнө карабай жарышын уланта берүүгө эмне жардам берген?

12 Элчи Петир адамдан коркуу сезимине алдырып, бир нече жолу катуу мүдүрүлгөн, бирок Иса Машаякка жана Жахабага болгон берилгендигинен жазган эмес. Мисалы, ал Мырзасынан эл алдында бир эле эмес, үч жолу баш тарткан (Лк. 22:54—62). Кийинчерээк башка улуттагы ишенимдештерине алар сүннөткө отургузулган жүйүт ишенимдештеринен төмөн тургандай мамиле кылып, жаңылыштык кетирген. Анын кылганы туура эмес болгон жана ал башка бир туугандарга терс таасир этиши мүмкүн эле. Элчи Пабыл жыйналышта андай бөлүнүүчүлүк болбошу керектигин жакшы түшүнгөн, ошондуктан аны ашкерелеп, кеңеш берген (Гал. 2:11—14). Петир ага таарынып, өмүр үчүн болгон жарышын токтотуп койду беле? Жок. Ал Пабылдын кеңеши тууралуу терең ой жүгүртүп, аны кабыл алган жана жарышын уланта берген.

13. Ден соолугубузга байланышкан кыйынчылыктар кандайча бизди мүдүрүлтүшү мүмкүн?

13 Айрым учурларда мүдүрүлүшүбүзгө ден соолугубуздун начарлыгы себеп болушу мүмкүн. Анын айынан ылдамдыгыбыз басаңдашы, атүгүл тең салмактуулугубузду жоготушубуз жана чарчап калышыбыз ыктымал. Маселен, бир жапон бир  тууганыбыз чөмүлгөнүнөн 17 жыл өткөндөн кийин катуу ооруга чалдыккан. Ал ден соолугун эле ойлоп калгандыктан рухий жактан алсырап, убакыттын өтүшү менен жигердүү болбой калган. Эки аксакал аныкына барып, ал-жайын сураган. Алардын жылуу сөздөрү дем-күч бергендиктен, ал кайрадан жыйналыш жолугушууларына бара баштаган. Ал эже: «Жыйналыштан бир туугандар мени ушунчалык жылуу тосуп алгандыктан, көзүмө жаш алдым»,— деп эскерет. Азыр ал кайрадан жарышын улантууда.

14, 15. Туура эмес каалоолор пайда болгондо, чечкиндүү түрдө кандай иш-аракет кылышыбыз керек? Мисал менен бышыкта.

14 Көптөрдү мүдүрүлткөн дагы бир нерсе — дененин каалоолору. Андай азгырыкка дуушар болгондо чечкиндүү иш-аракет кылып, Кудайдын нормаларына ылайык ой жүгүртүшүбүз керек. Иса пайгамбардын бизди мүдүрүлтө турган нерселердин баарын, атүгүл көзүбүздү же колубузду да каймана мааниде ыргытып ташташыбыз керектигин айтканын эстесең. Буга айрымдардын жарыштан чыгып калышына себеп болгон адеп-ахлаксыз ойлор менен иштер да кирет. (Оку: Матай 5:29, 30.)

15 Чындык жолундагы үй-бүлөдө чоңойгон бир ишенимдешибиз көп жылдан бери өзүнүн жынысындагы адам менен жыныстык мамиледе болуу каалоосу менен күрөшүп келген. Ал: «Каякта жүрбөйүн, эч жакка батпай, өзүмдү оңтойсуз сезе берчүмүн»,— дейт. 20 жаштарында ал жыйналышта үзгүлтүксүз пионер жана кызмат жардамчысы болуп кызмат кылчу. Бирок ал бир күнү катуу мүдүрүлгөн. Ошондо аксакалдар Ыйык Жазманын негизинде тартипке салуу чарасын көрүп, ага жардам беришкен. Тиленүүнүн, Кудайдын Сөзүн изилдөөнүн, башкаларга жардам берүүгө көңүл топтоонун аркасында ал кайра туруп, жарышын уланта алган. Бир нече жылдан кийин ал мындай деген: «Менде азыр деле кээде ошондой каалоолор болот, бирок алардын мени бийлеп алышына жол бербейм. Мен Жахабанын алың жеткис азгырыкка дуушар болушуңа эч качан жол бербей турганын түшүндүм. Демек, Кудай мени андай каалоолорго каршы тура алат деп эсептейт». Анан: «Азыр жаман каалоолорум менен күрөшүү үчүн жумшап жаткан күч-аракетимдин акыбети жаңы дүйнөдө сөзсүз кайтат. Мен ошону эңсеп келем! Ага чейин күрөшө берем»,— деп кошумчалаган. Ооба, ал ишенимдешибиз жарышын уланта берүүгө чечкиндүү.

16, 17. а) Өзүнө адилетсиз мамиле кылынгандай сезилген бир ишенимдешибизге эмне жардам берген? б) Мүдүрүлбөш үчүн эмнени эстен чыгарбашыбыз зарыл?

16 Бизди ишенимдештерибиздин адилетсиз мамилеси да мүдүрүлтүшү мүмкүн. Алсак, Франциядагы мурун аксакал болуп кызмат кылган бир бир тууган ага адилетсиз мамиле жасалды деп ойлогондуктан ачууланып, жыйналыштан алыстап, жигердүү эмес болуп калган. Эки аксакал аныкына барып, ал башынан өткөндөрдү айтып берип жатканда, сөзүн бөлбөй, түшүнүү менен угушкан. Анан аны түйшүгүн Жахабага артууга үндөп, эң маанилүү нерсе Кудайга жагуу экенин баса белгилешкен. Ал бир тууган аксакалдардын айтканын жакшы кабыл алып, көп өтпөй кайрадан жарышын улантып, жыйналыштын иштерине жигердүү катыша баштаган.

17 Баарыбыз тең жеткилеңсиз адамдардын иштерине өтө көп маани бербей, Кудайдын жыйналыштын башчысы кылып Иса Машаякты дайындаганын көңүлүбүздүн борборунда сакташыбыз керек. «Көздөрү оттун жалынындай» болгон Иса Машаяк бардык иштин чоо-жайын эң жакшы билет жана биз көргөндөн да көп нерсени көрүп турат (Аян 1:13—16). Мисалы, ал айрым нерселерди биз өзүбүз туура эмес түшүнүп алгандыктан эле, бизге адилетсиз мамиле кылынгандай сезилиши мүмкүн экенин билет. Иса Машаяк жыйналыштагы иштерди эң жакшы жол менен жана өз убагында чечет. Андыктан эч бир ишенимдешибиздин кылган ишинин же чыгарган чечиминин бизди мүдүрүлтүшүнө жол бербейли.

18. Сыноолорду же кыйынчылыктарды кантип көтөрүп кете алабыз?

18 Бизди мүдүрүлтүшү мүмкүн болгон дагы эки нерсе — кыйынчылык же куугунтук, ошондой эле башкалардын жеткилеңсиздиги. Себүүчү жөнүндөгү мисалында Иса пайгамбар айрымдарды  Кудайдын кызматчысы болгону үчүн «кыйынчылыкка же куугунтукка» кабылганы мүдүрүлтөрүн айткан. Бизди үй-бүлөбүздөгүлөр куугунтуктайбы, кошуна-колоңдорубузбу, бийликтегилерби же башкаларбы, эгер рухий жактан «терең тамыр албасак», мүдүрүлүп калышыбыз мүмкүн (Мт. 13:21). Ал эми Жахабадан алыстабаганга чечкиндүү болсок, Падышалыктын үрөнү жүрөгүбүзгө терең тамыр алып, ишенимибиз бекемделет. Ошондуктан сыноолорго дуушар болгондо тиленип, мактоого татыктуу нерселер жөнүндө ой жүгүртүшүбүз зарыл. (Оку: Филипиликтер 4:6—9.) Жахабанын жардамы менен биз кыйын учурларда мүдүрүлбөй, бекем боло алабыз.

Жарыштын аягына чыгууга сага эч нерсе тоскоол болбосун!

19. Кимдир бирөө көңүлүбүздү оорутканда, мүдүрүлбөгөнгө эмне жардам берет?

19 Өкүнүчтүүсү, айрымдар жылдар өткөндөн кийин башкалардын жеткилеңсиздигине мүдүрүлүп, жарыштан чыгып калышат. Мисалы, буга абийирге жараша чече турган иштерде алардын көз карашы башкалардыкынан айырмаланганы себеп болот (1 Кор. 8:12, 13). Кимдир бирөө көңүлүбүздү оорутса, ушунчалык катуу таарынып, чындыктан кетип калабызбы? Ыйык Китеп бизди башкаларды айыптабаганга, кечиримдүү болууга жана өзүбүздүн укугубузду биринчи орунга коюудан качууга чакырат (Лк. 6:37). Кимдир бирөө көңүлүңдү оорутканда: «Башкаларды өзүмдүн көз карашым боюнча айыптап жаткан жокмунбу? Ишенимдештеримдин жеткилең эмес экенин билип туруп эле кимдир бирөөнүн жеткилеңсиздигине мүдүрүлүп, өмүр үчүн болгон жарыштан чыгып кетемби?» — деп ой жүгүртүп көр. Жахабага болгон сүйүүбүз бизге башкалардын ишине мүдүрүлбөй, мара сызыгын ашканга чечкиндүү болууга жардам берет.

МҮДҮРҮЛБӨЙ, ТУРУКТУУЛУК МЕНЕН ЧУРКА

20, 21. Өмүр үчүн болгон жарышта эмне кылууга чечкиндүүсүң?

20 «Жарыштын аягына чыгууга» чечкиндүүсүңбү? (2 Тим. 4:7, 8). Анда өздүк изилдөөңө олуттуу көңүл бурушуң кажет. Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды колдонуп, изилдөө жүргүз, ой жүгүрт, ошондой эле сени эмне мүдүрүлтүшү мүмкүн экенин аныкта. Рухий жактан күчтүү болушуң үчүн Жахабадан ыйык рух сура. Жарышка катышкандардын кимдир бирөө мүдүрүлүп же жыгылып калса эле, бул анын жеңишке жетпей турганын билдирбесин унутпа. Ал кайра туруп, жарышын уланта алат. Атүгүл ал мүдүрүлтө турган ташты аттап өтүүгө жардам бере турган таш катары колдоно алат, башкача айтканда, башынан өткөн кыйынчылыктардан баалуу нерселерге үйрөн алат.

21 Ыйык Китепте түбөлүк өмүр үчүн болгон жарыш тыным албай чуркоону талап кылган жарыш катары сүрөттөлөт. Ал жүргүнчүлөрдү мара сызыгына жеткире турган автобуска түшүп алганга окшош эмес. Биз өмүр үчүн жарышта өзүбүз чуркашыбыз керек. Ошондо Жахаба берген мол тынчтык, артыбыздан соккон шамалдай болуп, күч берип турат (Заб. 119:165). Кудайдын бизге азыр да батасын берерине жана келечекте жарыштын аягына чыккандардын баарына чексиз батасын төгөрүнө эч шектенбесек болот (Жкп. 1:12).