Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) МАРТ 2013

«Кудайды таанып-билгенден кийин» эмне кылышың керек?

«Кудайды таанып-билгенден кийин» эмне кылышың керек?

«Кудайды таанып-билдиңер» (ГАЛ. 4:9).

1. Эмне себептен учкучтардан учар алдында текшерүү тизмесин карап чыгуу талап кылынат?

ЭҢ МЫКТЫ деп эсептелген учактардын бирин башкарган учкучтардан учар алдында эмнелерди кылышы керектигине байланыштуу текшерүү тизмесин карап чыгуу талап кылынат. Анда 30дан ашуун көрсөтмө жазылган. Эгер алар ал тизме боюнча баарын кылдат карап чыкпаса, кырсыкка учурашы ыктымал. Бул өзгөчө кандай учкучтардан талап кылынарын билесиңби? Абдан тажрыйбалуу учкучтардан! Анткени дасыккан учкуч өзүнө ишенип, текшерүү тизмесинде берилген көрсөтмөлөрдү кылдат карабай коюшу мүмкүн.

2. Кудайдын кызматчылары кандай текшерүү тизмесин колдонушу керек?

2 Оор учурда ишенимиң солгундап калбашы үчүн, сен да, коопсуздукка көз жумду мамиле кылбаган учкучтай болуп, рухий текшерүү тизмесин колдонсоң болот. Жаңы эле чөмүлгөнсүңбү же Кудайга көп жылдардан бери кызмат кылып келатасыңбы, ага канчалык бекем ишенериңди, ага канчалык берилгениңди ар дайым жана кылдат текшерип турганың абдан маанилүү. Болбосо рухий кырсыкка кабылып калышың мүмкүн. Ыйык Китепте бизге: «Ким туруп турам деп ойлосо, жыгылып калбашы үчүн сак болсун»,— деген эскертүү берилет (1 Кор. 10:12).

3. Галатиядагы бир туугандар эмне кылышы керек эле?

3 Галатиядагы бир туугандар ишениминин канчалык бекем экенин текшерип турушу жана рухий эркиндикти баалашы керек болчу. Өз өмүрүн курмандыкка берүү менен Иса Машаяк ага ишенгендерге Кудайды таанып-билүүгө өзгөчө жол ачкан: алар Кудайдын уулдары боло алышмак (Гал. 4:9). Ошол кезде жыйналыштын айрым мүчөлөрү Машаяктын жолдоочулары Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамды аткарганда гана адил боло алат деп эсептешкен. Бирок Кудай менен ынак мамиледе болууну каалагандар алардын окууларын четке кагышы керек болчу. Алардын окуусу акылга сыйгыс болгон, себеби жыйналыштарда эч качан ал Мыйзам  боюнча жашабаган жана сүннөткө отургузулбаган башка улуттагы бир туугандар да болгон. Жыйналыштагы жүйүттөр да, башка улуттагылар да рухий жактан алгалай бериши керек эле. Ан үчүн алар Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамды аткаруу менен адил боло албай турганын түшүнүшү керек болчу.

КУДАЙДЫ ТААНЫП-БИЛҮҮ ҮЧҮН ЖАСАЛЧУ АЛГАЧКЫ КАДАМДАР

4, 5. Элчи Пабыл Галатиядагы ишенимдештерине кандай кеңеш берген жана анын бизге кандай тиешеси бар?

4 Элчи Пабыл галатиялыктарга кеңеш бергенде белгилүү бир максатты көздөгөн. Ал аларды Ыйык Китептеги баа жеткис чындыктан баш тартып, артта калган нерселерге кайрылып кетүүдөн сактагысы келген. Жахаба ыйык руху аркылуу ага Галатиядагы жыйналыштагыларды эле эмес, бардык кызматчыларын бекем болууга үндөөгө түрткү берген.

5 Ар бирибиз кандайча рухий кулчулуктан бошонуп, Жахабанын Күбөсү болгонубузду эстей жүрүшүбүз зарыл. Ан үчүн төмөнкү эки суроонун үстүнөн ой жүгүртүп көр: Чөмүлтүлүү үчүн кандай кадамдарды жасадың эле? Кудайды кантип таанып-билгениң жана ал сени таанып-билгенде, кандай сезимде болгонуң эсиңдеби?

6. Кайсы текшерүү тизмесин карап чыгабыз?

6 Негизинен, баарыбыз тогуз кадамды жасаганбыз. Алар  «Чөмүлтүлүүгө жана рухий жактан өсүүгө жардам берген кадамдар» деген кутучада текшерүү тизмеси катары берилди. Ал тогуз кадамды дайыма эстеп жүрүү бизди кайраттандырып, дүйнөгө кайра кайрылып барбаганга чечкиндүү болууга жардам берет. Тажрыйбалуу, бирок сак учкуч кырсыкка кабылбаш үчүн учар алдында дайыма текшерүү тизмесин карап тургандай эле, сен да рухий текшерүү тизмесин дайыма карап турсаң, ар кандай азгырыктарды четке кагып, Кудайга ишенимдүү кызмат кыла аласың.

КУДАЙ КИМДИ ТААНЫП-БИЛСЕ, АЛ РУХИЙ ЖАКТАН ӨСӨ БЕРЕТ

7. Кайсы үлгүгө карманышыбыз керек жана эмне үчүн?

7 Текшерүү тизмеси учкучка ар бир учардын алдында эмнелерди кылышы керектигин эсине салып турат. Биз да дайыма өзүбүздү жана чөмүлгөндөн бери кандай ийгиликтерди кылганыбызды текшерип турушубуз керек. Пабыл Тиметейди: «Машаяк Иса менен биримдикте болгондуктан ишенимге, сүйүүгө ээ болуп, менден уккан туура сөздөрдүн үлгүсүнө мындан ары да карман»,— деп үндөгөн (2 Тим. 1:13). Ал айткан «туура сөздөр» Кудайдын Сөзүндө камтылган (1 Тим. 6:3). Сүрөтчү тарта турган сүрөтүнүн алгачкы көрүнүшүн түшүргөндө, анын эмнени тартканы жатканы жалпы жонунан түшүнүктүү болот. Анын сыңарындай, «туура сөздөрдүн үлгүсү» Кудайдын талаптарын жалпы жонунан түшүнүүгө жана аларды аткарууга көмөк кылат. Эмесе, келгиле, «туура сөздөрдүн үлгүсүнө» канчалык бекем карманып жатканыбызды көрүш үчүн чөмүлгөнгө чейин кандай кадамдарды жасаганыбызды карап көрөлү.

8, 9. а) Эмне үчүн билимибизди, ишенимибизди өстүрө беришибиз керек? б)Рухий жактан өсүүнүн маанилүүлүгүн жана анын үзгүлтүксүз процесс экенин мисал менен түшүндүр.

8 Текшерүү тизмесинин эң башында билим алышыбыз керектиги жазылган. Билим алуунун аркасында ишеним өрчүтө алабыз. Бирок биз билимибизди да, ишенимибизди да өстүрө беришибиз кажет (2 Тес. 1:3). «Өсүү» өз ичине бир катар өзгөрүүлөрдү, чоңоюуну, кеңейүүнү камтыйт. Демек, чөмүлгөндөн кийин да токтоп калбастан, рухий жактан өсө беришибиз керек.

Дарак өсө бергендей эле, Кудайдын кызматчысы да өсө бериши керек

9 Рухий жактан өсүүнү бактын өсүшүнө салыштырууга болот. Айрыкча, терең тамыр алганда бак абдан бийик болуп өсөт. Алсак, айрым Лебанон кедрлеринин бийиктиги 12 кабаттуу үйдүн бийиктигине, жоондугу, айланта эсептегенде, 12мге жетет, тамырлары абдан бекем болот жана терең кетет (Ыр 5:15).  Белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин, ал дарактын алгачкы дүркүрөп өсүшү токтойт, бирок андан кийин деле ал, көп байкалбаса да, өсүшүн уланта берет. Жылдан жылга бак жооноюп, тамырлары тереңдеп, кеңири жайылат. Ошентип, ал барган сайын бекемделе берет. Рухий жактан өсүү жөнүндө да ушуну айтууга болот. Ыйык Китепти изилдей баштагандан кийин, балким, тез эле өсүп, чөмүлгөндүрбүз. Андыктан кылган ийгилигибиз жыйналыштагыларга айкын көрүнгөндүр. Атүгүл пионер болгондурбуз же башка сыймыктуу жоопкерчиликтерди алгандырбыз. Ал эми андан кийинки жылдары рухий өсүшүбүз анча деле байкалбашы мүмкүн. Анткен менен биз «жетилген адамдын деңгээлине, Машаяктын толуктугуна мүнөздүү деңгээлге жеткиче» ишенимибизди өстүрүп, билимибизди арттыра беришибиз керек (Эф. 4:13). Ошонун аркасында биз, каймана мааниде айтканда, кичинекей көчөттөн чоң, бекем даракка айланабыз.

10. Эмне үчүн Кудайдын жетилген кызматчылары да рухий жактан өсө бериши керек?

10 Бирок биздин өсүшүбүз ошону менен эле токтоп калбашы керек, тескерисинче, билимибиз кеңейип, ишенимибиз тереңдей бериши талап. Ошонун аркасында Кудайдын Сөзүнө терең тамырлай беребиз (Накыл 12:3). Жыйналышта көптөгөн ага-инилер, эже-карындаштар ошентүүдө. Мисалы, 30 жылдан ашуун убакыттан бери аксакал болуп кызмат кылып келаткан бир бир тууган азыр да рухий жактан өсүп жатканын айтат. Ал: «Мен Ыйык Китепти барган сайын көбүрөөк баалап, андагы принциптерди жана мыйзамдарды колдонуунун жаңы жолдорун табуудамын. Кызматка болгон сүйүүм да өсүүдө»,— дейт.

КУДАЙ МЕНЕН БОЛГОН ДОСТУГУҢДУ ЧЫҢДАЙ БЕР

11. Канткенде убакыттын өтүшү менен Жахабаны жакшы таанып-биле алабыз?

11 Рухий жактан өсүү Жахабаны Досубуз жана Атабыз катары көрүп, ага жакындай берүүнү да камтыйт. Жахаба биздин анын ырайымына ээ экенибизди билишибизди каалайт. Ал өзүбүздү камкор атасынын кучагында турган жана анын жакшы көрөрүн, коргой турганын билген кичинекей баладай же ишенимдүү, берилген досубуздун жанында тургандай сезишибизди каалайт. Сен жакшы түшүнгөндөй, Жахаба менен болгон ынак мамиле бир эле күндүн ичинде өрчүп кетпейт. Кудайды таанып-билип, ага сүйүү өрчүтүшүбүз үчүн убакыт талап кылынат. Андыктан Жахабаны жакшыраак билиш үчүн күнүгө убакыт бөлүп, анын Сөзүн окууга чечкиндүү бол. Ошондой эле «Күзөт мунарасы», «Ойгонгула!» журналдарынын ар бир санын жана Ыйык Китепке негизделген башка адабияттарды оку.

12. Жахаба бизди таанып-билиши үчүн, эмне кылышыбыз керек?

 12 Кудайдын достору чын жүрөктөн тиленүү жана анын эли менен мамилелешүү аркылуу да рухий жактан өсүшөт. (Оку: Малаки 3:16.) Жахабанын «кулагы алардын жалынычын угат» (1 Пет. 3:12). Жардам сураганыбызда, ал мээримдүү атадай болуп, бизди кунт коюп угат. Андыктан үзгүлтүксүз тиленишибиз зарыл (Рим. 12:12). Кудайдын жардамысыз эч качан рухий жактан жетиле албайбыз. Бул дүйнөнүн кысымына жалгыз туруштук берүү мүмкүн эмес. Эгер дайыма тиленбей калсак, Кудай марттык менен бере турган күчтөн кур калабыз. Тиленүүңдүн сапаты сени канааттандырабы же бул жагынан дагы жакшырышың керек деп ойлойсуңбу? (Жер. 16:19).

13. Рухий жактан өсүү үчүн жыйналыш жолугушууларына дайыма барып туруу эмне үчүн маанилүү?

13 Жахаба «андан баш маана издегендердин» баарын жакшы көрөт. Андыктан аны таанып-билгенден кийин деле аны билгендер менен тыгыз мамиледе болуу үчүн жыйналыш жолугушууларына барып тургубуз келет (Нкм. 1:7). Азыркы жамандыкка толгон дүйнөдө өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон бир туугандардын арасында болгонубуз акылдуулукка жатат. Мунун кандай пайдасы бар? Жыйналыштан сени «сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөй» турган досторду табасың (Евр. 10:24, 25). Эгер жыйналыш жолугушууларына барып турбасак, Пабылдын кеңешине ылайык иш кыла албайбыз. Андыктан текшерүү тизмеңен жолугушууларды калтырбай барууну, ал жактан жооп берүүнү дайыма белгилеп тур.

14. Эмне үчүн өкүнүү жана жаман жолдон бурулуу улана берилүүчү процесс деп айта алабыз?

14 Биз өкүнүп, жаман жолубуздан бурулгандыктан, тактап айтканда, күнөөлөрүбүздү калтыргандыктан Кудайдын кызматчысы болгонбуз. Бирок өкүнүү — үзгүлтүксүз процесс. Биз жеткилең эмеспиз. Ошондуктан күнөө оролуп, чакканга даяр жаткан жылан сымал ичибизде жашынып жатат деп айтууга болот (Рим. 3:9, 10; 6:12—14). Андыктан баарыбыз алсыз жактарыбыз бар экенин унутпашыбыз керек. Бактыга жараша, биз алсыз жактарыбыз менен колубуздан келишинче күрөшүп, зарыл өзгөрүүлөрдү жасап жаткандыктан, Жахаба бизге чыдамдуулук менен мамиле кылат (Флп. 2:12; 2 Пет. 3:9). Керт башыбыздын гана кызыкчылыгын көздөөдөн баш тартып, убактыбызды, күчүбүздү туура пайдалансак, бул бизге чоң жардам болот. Бир ишенимдеш эже: «Мен чындыкта чоңойсом да, Жахабага карата болгон көз карашым башкалардыкынан кыйла айырмаланчу. Аны адамдардын андан дайыма коркуп турушун талап кылган Кудай катары көрчүмүн, андыктан эч качан ага жакпайт болушум керек деп ойлочумун»,— деп жазган. Ал бир тууганыбыз бир канча жолу туура эмес иш кылып алгандыктан убакыттын өтүшү менен рухий жактан абдан алсырап калган. «Мен Жахабаны сүйбөгөндүктөн эмес, аны жакшы билбегендиктен алсырап кеттим. Бирок көп жолу жалындуу тиленгенден кийин жаман жолуман бурула баштадым»,— дейт ал. Анан: «Жахаба мени кичинекей баладай кылып колуман жетелеп, бардык тоскоолдуктарды жеңгенге жардам берип, эмне кылышым керектигин ушунчалык назиктик менен көрсөтүп жатканын түшүндүм»,— деп кошумчалайт.

15. Иса Машаяк жана Жахаба эмнени көз жаздымында калтырышпайт?

15 Элге жакшы кабарды «мындан ары да айта бер». Кудайдын периштеси бул сөздөрдү Петирге жана башка элчилерге алар керемет жолу менен түрмөдөн бошонуп чыкканда айткан (Элч. 5:19—21). Ооба, текшерүү тизмебиздеги дагы бир нерсе — жума сайын кабар айтуу кызматына катышуу. Иса Машаяк жана анын Атасы ишенимибизди да, кызматыбызды да көз жаздымында калтырбайт (Аян 2:19). Жогоруда сөздөрү келтирилген аксакал: «Кабар айтуу кызматы — жашообуздун ажырагыс бөлүгү»,— деп айткан.

16. Жахабага арналганыбыз жөнүндө ой жүгүрткөнүбүз эмне үчүн пайдалуу?

16 Арналууң жөнүндө ой жүгүрт. Биз  ээ болгон баа жеткис нерсе — Жахаба менен болгон мамилебиз. Жахаба өзүнө таандыктардын баарын билет. (Оку: Ышая 44:5.) Аны менен канчалык ынак мамиледе экениңди текшерип тур жана аны бекем сактоого жардам беришин сура. Андан сырткары, чөмүлтүлгөн күнүңдү дайыма эстеп жүр. Чөмүлтүлүү менен сен өмүрүңдү Кудайга арнаганыңды көрсөткөнсүң. Бул болсо жашооңдо эң маанилүү чечим болгон.

ЖАХАБАДАН АЛЫСТАБАШ ҮЧҮН ТУРУКТУУ БОЛ

17. Жахабадан алыстабаш үчүн эмне себептен туруктуу болушубуз керек?

17 Галатиялыктарга жазган катында Пабыл туруктуулуктун маанилүүлүгүн баса белгилеген (Гал. 6:9). Ал сапат бүгүн биз үчүн да маанилүү. Сыноолор сенден кыя өтпөйт, бирок Жахаба сага сөзсүз жардам берет. Андан ыйык рух сурап тилене бер. Атүгүл кыйынчылыгыңдан арылбасаң да, ал кайгыңды кубанычка айлантып, жүрөгүңдү санаадан арылтып, тынчтыкка бөлөйт (Мт. 7:7—11). Бул жөнүндө ойлонуп көрсөң: Жахаба чымчыктарга кам көрсө, аны сүйгөн жана ага өмүрүн арнаган сага андан бетер кам көрбөйбү? (Мт. 10:29—31). Кандай кысым көрсөтүлбөсүн, эч качан багынба. Ооба, Жахаба бизди таанып-билгендиктен, биз мол бата алуудабыз!

18. Кудайды таанып-билгенден кийин эмне кылгың келет?

18 Демек, эгер Кудайды жакында эле таанып-билип, чөмүлтүлгөн болсоң, эмне кылышың керек? Жахабаны дагы жакшыраак билүүгө, рухий жактан жетилген адам болууга умтул. Чөмүлгөнүңө көп жыл болгон болсочу? Жахаба жөнүндөгү билимиңди тереңдетип, кеңейте бер. Эч качан аны жетиштүү эле билем, аны менен болгон мамилемди жакшыртуунун зарылдыгы жок деп ойлобойлу. Тескерисинче, мээримдүү Атабыз, Досубуз жана Кудайыбыз Жахаба менен болгон мамилебизди бекемдей берүү үчүн рухий текшерүү тизмесин мезгил-мезгили менен карап туралы. (Оку: 2 Корунттуктар 13:5, 6.)