Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) ФЕВРАЛЬ 2013

Даңкка ээ болууга сага эч нерсе тоскоолдук кылбасын

Даңкка ээ болууга сага эч нерсе тоскоолдук кылбасын

«Момун киши даңкка ээ болот» (НАКЫЛ 29:23).

1, 2. а) Ыйык Жазманын түп нускасында «даңк» деп берилген сөздүн мааниси кандай? б) Бул макалада кайсы суроолорду карайбыз?

«ДАҢК» деген сөздү укканда шак эле оюңа эмне келет? Аябай бай, акылдуу же чоң жетишкендиктерге жеткен киши ээ болгон атак-даңкпы? Ыйык Жазманын түп нускасында «даңк» деп берилген сөз салмактуулук деген ойду берет. Байыркы убакта, акча катары баалуу металлдар колдонулган маалда, тыйын канчалык оор болсо, ошончолук баалуу болгон. Ошондуктан салмактуулукту билдирген сөздөрдү адамдар абдан баалуу, даңазалуу, таасирдүү деген ойлорду бериш үчүн каймана мааниде да колдонушкан.

2 Адамдар көбүнчө башкалардын бийлигине, аброюна, беделине карап кадырлап-сыйлашат. Ал эми Кудай адамдын эмнесине карайт? Ыйык Жазмада Кудайдын кандай адамдарга даңк ыйгарары айтылган. Мисалы, Накыл сөздөр 22:4тө: «Момундуктун жана Жахабадан коркуунун натыйжасы — байлык, даңк жана өмүр»,— делет. Ал эми шакирт Жакып: «Жахабанын алдында момун болгула, ошондо ал силерди жогору көтөрөт»,— деп жазган (Жкп. 4:10). Жахаба адамдарга кандай мааниде даңк ыйгарат? Ага ээ болууга бизге эмне тоскоолдук кылышы мүмкүн? Башкаларга даңкка ээ болууга кантип жардам бере алабыз?

3—5. Жахаба бизди кандайча даңкка жеткирет?

3 Забурчу Жахабанын аны оң колунан кармап чыныгы даңкка жеткирерине бекем ишенген. (Оку: Забур 73:23, 24.) Жахаба момун кызматчыларын кандайча даңкка жеткирет? Көптөгөн жолдор менен батасын төгүү менен. Алсак, аларга өзүнүн эркин түшүнүүгө көмөк кылат (1 Кор. 2:7). Ошондой эле анын сөзүн угуп, аны урматтагандарга анын досу болууга мүмкүнчүлүк берет (Жкп. 4:8).

4 Андан сырткары, Жахаба өзүнүн кызматчыларына баа жеткис кызматты тапшыруу менен да аларды даңкка жеткирет (2 Кор. 4:1, 7). Анткени  ага кызмат кылуу менен аны даңктап, башкаларга пайда алып келгендерге ал: «Мени урматтаганды урматтайм»,— деп убада кылат (1 Шем. 2:30). Алар Жахабанын алдында жакшы атка ээ болушат жана ишенимдештери да алар жөнүндө жакшы сөздөрү айтышат. Ушундайча ал аларга урмат көрсөтөт (Накыл 11:16; 22:1).

5 «Жахабага үмүт артып», «анын жолунан чыкпагандардын» келечеги кандай болот? Ыйык Китепте: «Жерди мураска алышың үчүн, ал сени жогорулатат. Сен ыймансыздардын кырылып жатканын өз көзүң менен көрөсүң»,— деген убада берилет (Заб. 37:34). Ооба, Жахаба аларга урмат көрсөтүп, баа жеткис белек — түбөлүк өмүр — тартуу кылат (Заб. 37:29).

«МЕН ӨЗҮМӨ АДАМДАРДАН ДАҢК ИЗДЕБЕЙМ»

6, 7. Эмне себептен көптөр Иса Машаякка ишенишкен эмес?

6 Бизге Жахаба бере турган даңкка ээ болууга эмне тоскоолдук кылышы мүмкүн? Мисалы, Кудайга кызмат кылбагандардын оюна өтө эле чоң маани берүү. Элчи Жакандын Иса Машаяктын күндөрүндөгү башкаруучулар жөнүндө айткан сөздөрүнө көңүл бурсаңар. Ал мындай деген: «Атүгүл башкаруучулардын арасынан да көптөр Исага ишенип калышты. Бирок фарисейлерден улам бул тууралуу ачык билдиришкен жок, анткени синагогадан чыгарылып калгандан коркушту. Алар Кудайдын алдында даңкталганга караганда адамдардын алдында даңкталганды артык көрүштү» (Жкн. 12:42, 43). Ооба, өкүнүчтүүсү, ал башкаруучулар фарисейлердин оюна өтө эле чоң маани беришкен.

7 Иса пайгамбар кызматынын башында эле эмне себептен көптөрдүн аны кабыл албай, ага ишенбей турганын жакшы билген. (Оку: Жакан 5:39—44.) Ысрайыл эли кылымдар бою Машаякты күтүп келишкен эле. Иса элди окута баштаганда, айрымдар Даниелдин пайгамбарлыгынан Машаяктын келер убагы болуп калганын түшүнүшсө керек. Андан бир нече ай мурун Чөмүлдүрүүчү Жакан кабар айта баштаганда, көптөр: «Бул Машаяк эмеспи?» — дешкен (Лк. 3:15). Бирок көптөн күткөн Машаяк келип, элге Кудайдын сөзүн айта баштаганда, Мыйзамды жакшы билгендер аны кабыл албай коюшкан. Иса Машаяк мунун себебин көрсөтүп: «Жалгыз Кудайдан келген даңкты издебей, бири-бириңерден даңк издеп жатсаңар, кантип ишенесиңер?» — деген.

8, 9. Жарык жөнүндөгү мисалды колдонуп, адамдардын көз алдында даңкка жетүүгө умтулуу Кудай бере турган даңкка жетүүгө кандайча тоскоолдук кылышы мүмкүн экенин түшүндүр.

8 Адамдардын көз алдында даңкка жетүүнү көздөө Кудай бере турган даңкты кандайча басып салышы мүмкүн экенин түшүнүүгө жардам берген мисал карап көрөлү. Биздин кереметтүү ааламда сан жеткис жылдыздар бар. Балким, түнкүсүн ачык асмандагы миң сандаган жылдыздарга көз чаптырган учуруң болгондур. Ырас, жылдыздардын даңкы кастарлоо сезимин пайда кылат (1 Кор. 15:40, 41). Бирок шаардын жакшы жарыктандырылган көчөсүнөн ошол эле асманды карасаң, эмнени байкайсың? Шаардагы жарыктан улам тээ алыстагы жылдыздар дээрлик байкалбай калат. Көчөлөрдөгү, стадиондордогу жана имараттардагы шам-чырактар асмандагы жылдыздардан кубаттуураак же коозураак болгондуктанбы? Албетте, жок. Шаардагы жарык жакын болгондуктан ал бизге жылдыздарды көрүүгө тоскоолдук кылат. Эгер шаардан алыс чыксак, асмандагы жымыңдаган жылдыздарды айкын көрө алабыз.

9 Анын сыңарындай эле, жүрөгүбүзгө адамдар бере турган даңк жакыныраак болсо, ал Жахаба бере турган даңкка жетүүгө тоскоолдук кылышы мүмкүн. Көптөр тааныштар же үйдөгүлөр эмне деп ойлоп калат деп корккондуктан Кудайдын жакшы кабары  жөнүндө чындыкты кабыл алышпайт. Адамдардын көз алдында даңкка жетүүнү каалоо Кудайдын кызматчыларына да таасир этиши мүмкүнбү? Мисалы, бир жигит аны башкалар жакшы тааныган, бирок анын Жахабанын Күбөсү экенин билбеген жерде кабар айтууга дайындалды деп коёлу. Ал коркуп ал жакка барбай коёбу? Же кимдир бирөө рухий максаттарды көздөп жатканы үчүн шылдыңга алынсачы? Ал чечим чыгарарда Жахабага кызмат кылууга маани бербегендердин оюн угабы? Же эгер Кудайдын кызматчысы олуттуу күнөө кылып алсачы? Жыйналышта кадыр-баркым түшүп калат же жакындарымды капа кылып алам деп корккондуктан кылган күнөөсүн жашырабы? Эгер ал баарынан мурда Жахаба менен болгон мамилесин калыбына келтирүүнү кааласа, «жыйналыштын аксакалдарын чакырып», алардан жардам алууга умтулат. (Оку: Жакып 5:14—16.)

10. а) Башкалар биз жөнүндө кандай ойдо болот деп ашыкча тынчсыздануу кандайча ой жүгүртүүбүздү тумандатышы мүмкүн? б) Момундук менен иш кылсак, эмнеден күмөн санабасак болот?

10 Балким, сен Кудайдын кызматчысы катары ийгилик кылууга аракет кылып жаткандырсың, бирок бир ишенимдешиң сага бир нече жолу кеңеш бергендир. Эгер текеберденип, беделибизди ойлоп тынчсызданып же актанып, кеңешин четке кагып койбой, туура кабыл алсак, андан пайда алабыз. Же бир бир тууган менен кайсы бир ишти кылып жатасың дейли. Аны менен кызматташканыңда жакшы ойлор же чоң эмгек үчүн урмат-сый кимге көрсөтүлөт деп тынчсызданасыңбы? Эгер ушундай жагдайларга кабылсаң, «момун киши даңкка ээ болорун» эсиңен чыгарба (Накыл 29:23).

11. Бизди мактаганда, жүрөгүбүздө кандай жооп кайтарышыбыз керек жана эмне үчүн?

11 Көзөмөлчүлөр жана андай кызматка «умтулуп жаткандар» да адамдардын көз алдында даңкка жетүүнү көздөөдөн сак болушу керек (1 Тим. 3:1; 1 Тес. 2:6). Эгер бир тууганды башкалар кайсы бир ишти жакшы аткарганы үчүн мактаса, анын кандай жооп кайтарганы дурус? Албетте, ал, Шабул падышадай болуп, өзүнө эстелик тургузбайт дечи (1 Шем. 15:12). Бирок жетишкендиктерине Жахабанын ырайымынын аркасында гана жеткенин жана келечекте да ийгиликке жетиш үчүн анын батасына, жардамына муктаж экенин моюнга алабы? (1 Пет. 4:11). Мактоого жүрөгүбүздө кандай жооп кайтарганыбыздан кандай даңкты көздөп жатканыбыз айкын болот (Накыл 27:21).

«АТАҢАРДЫН КААЛООСУН АТКАРГЫҢАР КЕЛЕТ»

12. Айрым жүйүттөргө Иса пайгамбарды угууга эмне тоскоол болгон?

12 Кудай бере турган даңкка ээ болууга дагы бир нерсе, каалоолорубуз, жолтоо болушу ыктымал. Туура эмес каалоолордун айынан адамдын чындыкты такыр эле уккусу келбеши мүмкүн. (Оку: Жакан 8:43—47.) Иса пайгамбар айрым жүйүттөрдүн атасынын, Ибилистин, каалоосун аткаргысы келгендиктен аны укпай жатышканын айткан.

13, 14. а) Окумуштуулар мээбиз жана адамдын үнү жөнүндө эмне дешет? б) Кимди угарыбыз эмнеден көз каранды?

13 Кээде биз кайсы бир нерсени уккубуз келбегендиктен эле, аны укпай коюшубуз мүмкүн (2 Пет. 3:5). Жахаба бизди уккубуз келбеген үндөрдү укпай коё алгыдай кылып жараткан. Бир паска токтоп, азыр канчалаган үндөрдү уга аларыңды байкап көрсөң. Бир мүнөт мурун эле ошол үндөрдүн көбүнө маани бербеген чыгарсың. Мээңдин лимбикалык системасы, бир учурда ар кандай үндөрдү уга алсаң да, бир эле нерсеге көңүл топтоого жардам берет. Бирок, окумуштуулар аныктагандай, бир учурда бир нече кишинин үнүн укканыбызда, мээбизге аларды ажыратуу кыйынга турат. Мындайча айтканда, бир учурда эки кишинин үнүн уксаң, алардын кайсынысына  көңүл топтооруңду чечишиң керек болот. Кайсынысын тандаарың, кайсынысын уккуң келип жатканынан көз каранды болот. Жүйүттөр атасы Ибилистин каалоосун аткаргысы келгендиктен Иса Машаякты уккан эмес.

14 Ыйык Китепте каймана мааниде «акылмандыктын» жана «акылсыздыктын» бизге сүйлөөрү айтылат (Накыл 9:1—5, 13—17). Алардын кимисин угарыбызды өзүбүз чечебиз. Кимисине кулак кагабыз? Бул кимисин уккубуз келип жатканынан көз каранды. Иса Машаяктын койлору анын үнүн угуп, аны ээрчишет (Жкн. 10:16, 27). Алар «чындык тарапта» турушат (Жкн. 18:37). Алар «чоочундардын үнүн таанышпайт» (Жкн. 10:5). Андай момун адамдар даңкка ээ болушат (Накыл 3:13, 16; 8:1, 18).

«МЕНИН АЗАПТАРЫМ — СИЛЕРДИН ДАҢКЫҢАР»

15. Кандай мааниде Пабылдын азаптары Эфестеги бир туугандардын даңкы болгон?

15 Жахабанын эркин аткарууда туруктуу болуу менен биз башкаларга Кудайдын көз алдында даңкка ээ болууга жардам бере алабыз. Эфестеги жыйналышка Пабыл: «Силер үчүн азап тартып жатканыма кайгырбашыңарды суранам, анткени менин азаптарым — силердин даңкыңар»,— деп жазган (Эф. 3:13). Кандай мааниде Пабылдын азаптары Эфестеги бир туугандардын даңкы болгон? Эфестиктер анын сыноолорго карабай туруктуулук менен кызмат кылганынан Кудайга кызмат кылуу баа жеткис сыймык экенин көрүшкөн. Пабыл кыйынчылыктарга моюн сунуп берип койсо, алар Жахаба менен болгон мамилебиз, кызматыбыз жана үмүтүбүз анча деле маанилүү эмес турбайбы деген ойдо калышмак. Пабылдын туруктуулугу Кудайга кызмат кылууну даңазалап, анын бардык курмандыктарга арзый турганын көрсөткөн.

16. Пабыл Листрада кандай кыйынчылыкка дуушар болгон?

16 Пабылдын ынталуулугу жана туруктуулугу бир туугандарга кандай таасир эткени жөнүндө ойлонуп көрсөң. Элчилер 14:19, 20да мындай делет: «Антиохия менен Икониядан жүйүттөр келип, элди тукуруп коюшкандыктан, алар Пабылды таш бараңга алышты. Анан аны өлдү деп ойлоп, шаардын [Листранын] сыртына сүйрөп чыгарып салышты. Тегерегине шакирттер чогулганда, Пабыл ордунан туруп, шаарга кирди. Эртеси күнү болсо Барнаба экөө Дербеге жөнөп кетишти». Элестетсең, өлөрчө таяк жегендин эртеси 100 километр жолду жөө басуу кандай кыйын болгон!

17, 18. а) Тиметей Пабылдын Листрада азап тартканы жөнүндө кайдан билиши мүмкүн эле? б) Пабылдын туруктуулугу Тиметейге кандайча жардам берген?

17 Ошондо Пабылдын тегерегине чогулган шакирттердин арасында Тиметей да болгонбу? Элчилер китебинде  ал жөнүндө так айтылбаса да, болгон деп божомолдоого болот. Пабылдын Тиметейге жазган экинчи катында эмне дегенине көңүл бурсаң: «Сен болсо менин окутуума, жашоомо... көңүл коюп, үлгүмө так кармандың. Ошондой эле Антиохияда [шаардан куулганда], Иконияда [таш бараңга алынганы калганда] жана Листрада [таш бараңга алынганда] кандай куугунтуктарга, кыйынчылыктарга дуушар болгонумду билесиң. Бирок Мырзабыз мени алардын баарынан куткарды» (2 Тим. 3:10, 11; Элч. 13:50; 14:5, 19).

18 Тиметей ал окуяларга «көңүл коюп», Пабылдын чыдамдуулугун, туруктуулугун көргөн. Бул ага терең таасир калтырса керек. Пабыл Листрага барганда Тиметейдин үлгүлүү бир тууган болгонун байкаган; аны «Листрадагы жана Икониядагы бир туугандар... дайыма макташчу» (Элч. 16:1, 2). Убакыттын өтүшү менен Тиметей жоопкерчиликтүү кызматтарды аркалай баштаган (Флп. 2:19, 20; 1 Тим. 1:3).

19. Туруктуулугубуз башкаларга кандай таасир этиши мүмкүн?

19 Биздин Кудайдын эркин аткарууда туруктуу болгонубуз башкаларга, өзгөчө, жаштарга жакшы таасир этет. Алардын көбү Кудайдын абдан баалуу кызматчыларынан болуп чоңоюшат. Жаштар бизди жөн эле байкап койбостон, кызматта жүргөндө кантип кабар айтканыбызды жана жашоодогу кыйынчылыктарды кантип көтөрүп жатканыбызды көрүп, көп нерсеге үйрөнө алышат. Кудайга ишенимдүү бойдон калгандардын баары тең «түбөлүк даңк менен куткарылышы» үчүн, Пабыл «бардыгына туруктуулук менен чыдап келген» (2 Тим. 2:10).

Жаштар жашы өтүп калган бир туугандардын туруктуулугун абдан баалашат

20. Эмне үчүн Кудай берген даңкка жетүүгө умтула беришибиз керек?

20 Андыктан «жалгыз Кудайдан келген даңкты издешибиз» керек эмеспи? (Жкн. 5:44; 7:18). Сөзсүз. (Оку: Римдиктер 2:6, 7.) Жахаба «даңкка... умтулгандарга түбөлүк өмүр берет». Ошондой эле «дайыма жакшылык кылганыбыз» башкаларга бекем болууга жана түбөлүк өмүргө ээ болууга жардам берет. Андыктан Кудай берген даңкка ээ болууга сага эч нерсе тоскоолдук кылбасын!