Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) ЯНВАРЬ 2013

Сени эч нерсе Жахабадан алыстатпасын!

Сени эч нерсе Жахабадан алыстатпасын!

«[Кимге кызмат кыларыңарды] өзүңөр тандагыла» (ЖАШ. 24:15).

1—3. а) Эмне үчүн Жашыя туура чечим чыгаруу жагынан жакшы үлгү калтырган деп айта алабыз? б) Чечим чыгарууга туура келгенде эмнени эсибизден чыгарбашыбыз керек?

«ТАНДА». Бул сөз абдан чоң мааниге ээ. Эмнени тандаганыбыздан кандай жашоо өткөрөрүбүз көз каранды. Жолдо кетип баратып эки жолдун айрылышына туш болгон кишини элестетсең. Ал кайсы жолду тандайт? Эгер каякка баратканын жакшы билсе, көздөгөн жеринен алыстата турган эмес, ал жакка жеткире турган жолду тандаары шексиз.

2 Ыйык Китепте ушу сыяктуу жагдайга кабылган көптөгөн адамдар жөнүндө жазылган. Алсак, Кабыл ачуусун басабы же жокпу, чечиши керек болчу (Башт. 4:6, 7). Ал эми Жашыяга чыныгы Кудайга кызмат кылууну же жалган кудайларга кызмат кылууну тандоого туура келген (Жаш. 24:15). Ал ар дайым Жахабага жакын болууну көздөгөндүктөн ага жакындата турган жолго түшкөн. Ал эми Кабылда андай каалоо жок болгондуктан, Жахабадан алыстата турган жолду тандаган.

3 Кээде биз да каймана мааниде эки жолдун айрылышына туш болушубуз мүмкүн. Андайда бара турган жериң, башкача айтканда, көздөгөн максатың бардык иштериңде Кудайга даңк алып келип, андан алыстата турган нерселердин баарынан оолак болуу экенин эсиңден чыгарба. (Оку: Еврейлер 3:12.) Ушул жана кийинки макалада жашообуздун жети тармагына токтолуп, Жахабадан алыстабаш үчүн эмне кылышыбыз керектигин карайбыз.

ЖУМУШ ЖАНА МАНСАП

4. Күнүмдүк жашоого акча табуу эмне үчүн маанилүү?

4 Кудайдын кызматчылары өзүлөрүнө жана үй-бүлөсүнө кам көрүүгө милдеттүү. Ыйык Китепте үй-бүлөсүнө кам көргүсү келбеген адамдын ишенбегендерден да жаман экени айтылат (2 Тес. 3:10;  1 Тим. 5:8). Ооба, жумуш — жашообуздун маанилүү бөлүгү. Бирок абайлабасак, жумуштун жана мансаптын айынан Жахабадан алыстап кетишибиз мүмкүн. Кандайча?

5. Жумушка орношордо эмнелерди эске алышыбыз керек?

5 Мисалы, жумуш издеп жүрөсүң дейли. Эгер жумуш табуу кыйын өлкөдө жашасаң, кандай жумуш болбосун, иштөөгө азгырылышың мүмкүн. Бирок тапкан жумушуң Ыйык Китептеги принциптерге каршы келсечи? Жумуштун графигине же башка жактарга көп катташ керек болгонуна байланыштуу жыйналыштын иштерине катыша албай калсаңчы же үй-бүлөңдөн алыс кетүүгө туура келсечи? Жумушсуз жүргөндөн көрө иштеп алганым жакшы деген ойдо, кандай жумуш болбосун, орношо бересиңби? Туура эмес жолго түшүп алсаң, Жахабадан алыстап кетериңди эсиңден чыгарба (Евр. 2:1). Учурда жумуш издеп жүрсөң же башка жумушка орношоюн деп жатсаң, канткенде туура чечим чыгара аласың?

6, 7. а) Адам жумушка орношууда кандай максаттарды көздөшү мүмкүн? б) Жумушка орношууда кандай максатты көздөө Жахабага жакындатат жана эмне үчүн?

6 Жогору жакта айтылгандай, көздөгөн максатыңды эсиңден чыгарба. Өзүңө: «Бул жумушка эмне үчүн орношкум келип жатат?» — деген суроо берип көр. Эгер Жахабага кызмат кылууда өзүңдү жана үй-бүлөңдү камсыз кылуу үчүн орношкуң келип жатса, анда Жахаба аракетиңе батасын берет (Мт. 6:33). Жумушуңан айрылып калсаң же өлкөдө экономикалык абал начарлап кетсе, Жахаба сага кантип жардам беришти билбей калбайт (Ыш. 59:1). Ал «Өзүнө берилген адамдарды сыноодон кантип куткарууну... билет» (2 Пет. 2:9).

7 А эгер тек гана баюуну көздөп жатсаңчы? Балким, ойлогон оюңа жететтирсиң. Бирок мунун арты жакшы болбойт. (Оку: 1 Тиметей 6:9, 10.) Байлыкка же мансапка берилүү Жахабадан алыстаткандан башка эч пайда алып келбейт.

8, 9. Жумушка жана мансапка байланыштуу ата-энелер өзүлөрүнө кандай суроолорду берип көрүшү керек? Эмне үчүн?

8 Эгер ата же эне болсоң, сенин үлгүң балдарыңа кандай таасир этери жөнүндө ойлонуп көр. Алар сен үчүн эмне баалуу деп ойлошот? Жумушуңбу же Жахаба менен болгон мамилеңби? Эгер сенин жашооңдо мансап, байлык, коомдо ээлеген абалың биринчи орунда турганын байкашса, алар да сени туурап, ушундай кооптуу жолго түшүшү мүмкүнбү? Же кандайдыр бир деңгээлде алардын алдында кадыр-баркың түшүп калбайбы? Бир жаш ишенимдешибиз мындай деп ой бөлүшкөн: «Мен эс тарткандан бери эле атамдын колу жумуштан бошобойт. Башында ал бизди бардык жакшы нерселер менен камсыз кылыш үчүн көп иштеп жаткандай сезилчү. Ал бизди эч нерседен кем кылгысы келчү эмес. Бирок акыркы жылдары бир нерсе өзгөргөнүн байкадым. Ал жумушуна баш-оту менен кирип кетти жана үйгө жашоого анча зарыл болбогон эле кымбат баалуу буюмдарды сатып келе берчү болду. Ошондуктан биз башкаларды Кудайга кызмат кылууга үндөгөн үй-бүлө катары эмес, акчасы көп үй-бүлө катары таанымал болуп калдык. Атам көп акча тапканга караганда бизге рухий жактан колдоо көрсөтсө, жакшы болмок».

9 Ата-энелер, жумушка өзгөчө маани берип жатып, Жахабадан алыстап кетпегиле. Балдарыңарга материалдык нерселерге караганда Жахаба менен болгон мамилеңер баалуу экенине ишенериңерди үлгүңөр менен көрсөткүлө (Мт. 5:3).

10. Жумуш тандоодо жаш бир тууган эмнелерди эске алышы керек?

10 Кийин кандай жумушта иштөөнү ойлонуп жүргөн жаш бир тууган болсоң, канткенде туура жолду тандай аласың? Жогоруда айтылып өткөндөй,  жашооң кандай максатка багытталганын билишиң керек. Сен тандаган окуу жайы же жумуш Падышалыктын иштерине көбүрөөк убакыт бөлүүгө шарт түзөбү же тескерисинче, сени Жахабадан алыстатабы? (2 Тим. 4:10). Бактысы банктагы акчасынан көз каранды болгон адамдардай жашоого умтуласыңбы? Же: «Мен жаш элем, эми карыдым, бирок Кудайдын адил адамды калтырып койгонун же анын урпактарынын нан сурап жүргөнүн көргөн жокмун»,— деген Дөөтү падышадай болуп, Жахабага бекем ишенесиңби? (Заб. 37:25). Жолдун бир айрылышы Жахабадан алыстатса, экинчиси эң сонун жашоого алып барарын эстен чыгарба. (Оку: Накыл сөздөр 10:22; Малаки 3:10.) Кайсы жолду тандайсың? *

ЭС АЛУУ ЖАНА КӨҢҮЛ АЧУУ

11. Ыйык Китепте эс алуу жана көңүл ачуу жөнүндө эмне делет, бирок биз эмнени эске алышыбыз керек?

11 Ыйык Китепте көңүл ачуунун жана эс алуунун туура эмес экени, ошондой эле алардын убакытты текке кетиргендикке жатары айтылбайт. Элчи Пабыл Тиметейге «денени машыктыруунун» аз да болсо пайдасы бар экенин жазган (1 Тим. 4:8). Ошондой эле Ыйык Китепте «күлө турган,.. бийлей турган убак бар» экени айтылат (Нас. 3:4; 4:6). Бирок сак болбосоң, эс алуу, көңүл ачуу сени Жахабадан алыстатышы мүмкүн. Кандайча? Көңүл ачуунун туура эмес түрүн тандап алсаң же ага өтө көп убакыт кетирсең, Жахабадан алыстап кетишиң мүмкүн.

Көңүл ачуунун ылайыктуу түрүн тандап, чеги менен эс алуу зор пайда алып келет

12. Эс алууга жана көңүл ачууга байланыштуу эмнелерди эске алышың керек?

12 Алгач, көңүл ачуунун түрүнө токтололу. Албетте, көңүл ачуунун эң сонун түрлөрүн табууга болот. Бирок, эске алчу нерсе, азыркы учурдагы көңүл ачуулардын көбүндө Кудай жек көргөн нерселер: зордук-зомбулук, спиритизм жана жыныстык адеп-ахлаксыздык даңкталып-даңазаланат. Андыктан көңүл ачуунун жана эс алуунун кандай түрүн тандаганыңды кылдат талдап көрүшүң керек. Тандаган көңүл ачууң сага кандай таасир этет? Зордук-зомбулукка, атаандаштыкка, улутчулдукка үндөбөйбү? (Накыл 3:31). Ага көп акчаң кетпейби? Башкалардын мүдүрүлүшүнө себеп болбойбу? (Рим. 14:21).  Көңүл ачуунун ошол түрүн тандасаң, кандай адамдар менен мамилелешүүгө туура келет? (Накыл 13:20). Ал туура эмес иштерди кылууга түрткү бербейби? (Жкп. 1:14, 15).

13, 14. Эс алууга кетирген убакытка байланыштуу эмнени эске алуу зарыл?

13 Ошондой эле көңүл ачууга жана эс алууга канча убакыт кетирериңди да ойлонуп көр. Өзүңөн: «Көңүл ачууга өтө көп убакыт кетиргендиктен, рухий иштерге убактым калбай калып жаткан жокпу?» — деп сурап көр. Эгер көңүл ачууга жана эс алууга ашыкча убакыт коротсоң, ойдогудай канааттануу ала албайсың. Чынында, чеги менен көңүл ачкандар андан көбүрөөк канааттануу алышат. Эмне үчүн? Анткени алар адегенде эң маанилүү иштерин жасашкандыктан, эс алган учурда өзүлөрүн күнөөлүү сезишпейт. (Оку: Филипиликтер 1:10, 11.)

14 Көңүл ачууга көп убакыт кетирүү жагымдуудай сезилсе да, ал Жахабадан алыстатат. 20 жаштагы Ким буга өз тажрыйбасынан ынанган. Ал мындай деген: «Мен отуруш болгон жерден калчу эмесмин. Ар дем алыш сайын: жума, ишемби, жекшемби күндөрү сөзсүз бир нерсе уюштурулчу. Бирок азыр мен көптөгөн маанилүү иштер бар экенин түшүнөм. Мисалы, пионер болгондуктан кабарга чыгыш үчүн эртең менен 6да турам. Андыктан түнкү саат бир-экилерге чейин досторум менен жүрө албайм. Албетте, отуруштардын баары эле жаман эмес, бирок аябай алаксытышы мүмкүн. Ошондуктан, башка нерселердей эле, анын да ордун билиш керек».

15. Ата-энелер канткенде балдарына жакшы көңүл ачууга жардам бере алышат?

15 Ата-энелер өзүлөрүнө жана балдарына материалдык, рухий, эмоциялык жактан кам көрүшү керек. Бул эс алууга да убакыт бөлүү керектигин билдирет. Эгер сен ата-эне болсоң, көңүл ачуунун бардык түрү жаман деп ойлобо. Ошол эле учурда терс таасирлерден абайла (1 Кор. 5:6). Баарын кылдат ойлонуштуруу менен көңүл ачуунун жана эс алуунун үй-бүлөңө чындап канааттануу тартуулай турган түрүн таба аласың *. Ошондо өзүң да, балдарың да, Жахабага жакындата турган жолду тандаган болосуңар.

ҮЙ-БҮЛӨҢ МЕНЕН БОЛГОН МАМИЛЕҢ

16, 17. Ата-энелер кандай оор жагдайга кабылышат жана алардын кайгысын Жахаба жакшы түшүнөрүн эмнеден биле алабыз?

16 Ата-эне менен баланын ортосундагы мамиле ушунчалык ынак болгондуктан, Жахаба аны өзүнүн элине болгон сүйүүсүн сүрөттөө үчүн колдонгон (Ыш. 49:15). Андыктан үй-бүлөсүнөн кимдир бирөө Жахабаны таштап кеткенде, адамдын аябай кайгырганы табигый нерсе. Кызы жыйналыштан чыгарылган бир эже: «Асманым жерге түшкөндөй эле болгон. „Ал эмне үчүн Жахабаны таштап кетти?“ деген суроомо жооп таба албай кыйналгам. Өзүмдү абдан күнөөлөгөм»,— деген.

17 Жахаба сенин канчалык кайгырып жатканыңды жакшы түшүнөт. Адамдардан турган үй-бүлөсүнүн биринчи мүчөсү, ошондой эле кийинчерээк Топон суунун алдында адамдардын көбү ага каршы чыкканда, анын өзүнүн да «жүрөгү ооруган» (Башт. 6:5, 6). Мындайды башынан өткөрүп көрбөгөн адам үчүн анын канчалык кыйын болорун түшүнүү оңойго турбашы мүмкүн. Анткен менен жыйналыштан чыгарылган кишинин туура эмес жүрүм-турумунун айынан Жахабадан алыстап кетсек, акылсыздык кылган болмокпуз. Анда үй-бүлөбүздөн кимдир бирөө Жахабаны таштап кеткенде, кайгыга чөгүп кетпеш үчүн эмне кылсак болот?

18. Баласы Жахабаны таштап кетсе, эмне үчүн ата-энелер өзүлөрүн күнөөлөбөшү керек?

 18 Болгон иш үчүн өзүңдү жей бербе. Жахаба ар бирибизге өз алдынча чечим чыгарууга эркиндик берген. Андыктан Кудайдын ар бир арналган жана чөмүлгөн кызматчысы «өз жүгүн өзү көтөрөт» (Гал. 6:5). Тандаган жолу үчүн Жахабанын алдында сен эмес, күнөө кетирген киши жооп берет (Жез. 18:20). Ошондой эле башкаларды күнөөлөбө. Жахабанын тартипке салуу чарасын колдо. Жыйналышты коргоо үчүн иш-аракет кылган койчуларга эмес, Шайтанга каршы тур (1 Пет. 5:8, 9).

Жакын адамыбыздын Жахабага кайрылып келерине үмүттөнүүнүн эч жаман жери жок

19, 20. а) Баласы жыйналыштан чыгарылган ата-энелерге кайгыга чөгүп кетпөөгө эмне жардам берет? б) Андай ата-энелер эмнеден үмүтүн үзбөшү керек?

19 Эгер Жахабага таарына турган болсоң, өзүңдү андан алыстатасың. Уулуң же кызың сен үчүн Жахаба баарынан, анын ичинде үй-бүлөдөн да маанилүү экенин көрө алгыдай болушу керек. Андыктан андай оор учурда өзүңдүн рухийлигиңе кам көр. Жыйналыштагы бир туугандардан алыстаба (Накыл 18:1). Кандай сезимде болуп жатканыңды Жахабага айт (Заб. 62:7, 8). Жыйналыштан чыгарылган үй-бүлө мүчөсү менен электрондук почта аркылуу же дагы башка жол менен пикир алышууга шылтоо издебе (1 Кор. 5:11). Толугу менен рухий иштер менен алек бол (1 Кор. 15:58). Жогоруда кеп кылынган бир тууган: «Кызым кайра Жахабага кайрылып келгенде, ага жардам бере алгыдай болушум үчүн, Жахабага жигердүү кызмат кылып, рухий жактан бекем болушум керектигин түшүнөм»,— деген.

20 Ыйык Китепте сүйүүнүн «баарына үмүттөнөрү» айтылат (1 Кор. 13:4, 7). Жыйналыштан чыгарылган балаңдын кайра Жахабага кайрылып келерине үмүттөнгөнүңдүн эч жаман жери жок. Жыл сайын көптөр кылган күнөөсү үчүн өкүнүп, Жахабанын уюмуна кайтып келүүдө. Жахаба өкүнгөндөрдү эч качан четке какпайт, тескерисинче, аларды «кечирүүгө даяр» (Заб. 86:5).

ТУУРА ЧЕЧИМ ЧЫГАР

21, 22. Чечим чыгаруу эркиндигин кандай колдонууга чечкиндүүсүң?

21 Жахаба адам баласына өз алдынча чечим чыгаруу эркиндигин берген. (Оку: Мыйзам 30:19, 20.) Бирок бул бизге чоң жоопкерчилик артат. Кудайдын ар бир кызматчысы өзүнөн: «Мен кандай жолдо баратам? Жумуш, мансап, эс алуу, көңүл ачуу же үй-бүлөм менен болгон мамилем мени Жахабадан алыстатып жаткан жокпу?» — деп сурап көрүшү керек.

22 Жахаба өзүнүн кызматчыларын ар дайым сүйөт. Андыктан андан алыстап кетишибизге өзүбүздүн туура эмес жолго түшүп алганыбыз гана себеп болот (Рим. 8:38, 39). Бирок буга эч качан жол бербейли! Сени эч нерсе Жахабадан алыстатпасын! Кийинки макалада жашообуздун дагы кайсы төрт тармагында Жахабадан алыстабаганга чечкиндүү болушубуз керектиги каралат.

^ абз. 10 Бул тууралуу көбүрөөк маалымат алыш үчүн «Жаштардын суроолору. Пайдалуу кеңештер» деген китептин 2-томунун 38-бөлүмүн кара.

^ абз. 15 Буга байланыштуу кеңештерди «Ойгонгула!» (ор.) журналынын 2011-жылдын ноябрь айындагы санынын 17—19-беттеринен табууга болот.