Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Күзөт мунарасынын изилдөөгө арналган чыгарылышы (жөнөкөйлөтүлгөн чыгарылышы)  |  Декабрь, 2012

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Ыйык Китепти изилдегенге чейин жубайым экөөбүз балалуу болуш үчүн экстракорпоралдык уруктандыруу (ЭКУ) процедурасынан өткөнбүз. Бирок уруктандырылган жыныс клеткаларыбыздын баары колдонулган эмес, айрымдары тоңдурулуп, сакталып турат. Аларды мындан ары да сакташыбыз керекпи же жок кылып салса болобу?

Бул — ЭКУ процедурасынан өтүүнү чечкен жубайлар кабыла турган көптөгөн олуттуу маселелердин бири. Жубайлар чыгарган чечими үчүн Жахабанын алдында жооптуу. Андыктан жасалма жол менен балалуу болууга жардам берген технологиялар жөнүндө жалпы түшүнүк алганыбыз маанилүү. Бул туура чечим чыгарууга көмөк кылат.

Биринчи жолу 1978-жылы Англияда жашаган бир аял жасалма жол менен кош бойлуу болгон. Анын жатын түтүгү бүтөлүп, күйөөсү экөөнүн жыныс клеткаларынын кошулушуна тоскоол болгондуктан, балалуу боло албай жүргөн. Доктурлар хирургиялык жол менен анын жетилген жыныс клеткаларынан алып, айнек идишке салышкан да, күйөөсүнүн жыныс клеткасы менен уруктандырышкан. Пайда болгон түйүлдүк (эмбрион) азык заттар менен камсыздандырылган соң энесинин жатынына көчүрүлүп, өрчүй баштаган. Убакыттын өтүшү менен ал кыз төрөгөн. Бул процедура жана анын башка түрлөрү экстракорпоралдык уруктандыруу деп аталып калган.

ЭКУ процедурасы ар кайсы өлкөдө ар башкача жүргүзүлсө да, жалпы жонунан төмөнкүдөй баскычтардан турат: энелик бези көп жыныс клеткаларын бөлүп чыгарышы үчүн, аялга бир нече жума күчтүү дары-дармектер берилет. Ал эми күйөөсүнөн мастурбация жолу менен жаңы уругун бериши талап кылынышы мүмкүн. Аялдын жыныс клеткалары менен күйөөсүнүн тазалоодон өткөрүлгөн жыныс клеткалары лабораторияда бириктирилет. Анан алардын бир нечеси уруктанып, бөлүнө баштайт да, түйүлдүктөр пайда болот. 1-2 күндөн кийин ал түйүлдүктөр, кемтиги барлары менен эненин жатынына көчүргөндө жакшы өрчүп кете тургандарын ажыратыш үчүн, кылдат текшерилет. Болжол менен үчүнчү күнү эң жакшы түйүлдүктөрдүн бири эле эмес, эки-үчөө эненин жатынына көчүрүлөт. Бул анын боюна бүтүү ыктымалдыгын жогорулатат. Эгер алардын бирөө же андан көбү өрчүп кетсе, аялдын боюна бүткөн болот жана ал убакыттын өтүшү менен көз жарат.

Ал эми аялдын жатынына көчүрүлбөгөн, анын ичинде начардай көрүнгөн, атүгүл кемтиги бар түйүлдүктөр  эмне болот? Эгер аларды карабай койсо, көп өтпөй өлүп калат. Андыктан ашып калган түйүлдүктөрдү кээде суюк азотко салып, тоңдуруп коюшат. Эмне үчүн? Эгер ЭКУ процедурасы биринчисинде ийгиликтүү болбой калса, сакталып турган түйүлдүктөрдүн айрымдарын кийинкисинде колдонсо болот; бул арзан түшөт. Бирок бул жерде эмнени туура, эмнени туура эмес деп эсептээрибизди эске алганыбыз оң. Жогорудагы суроону берген жубайларга окшоп, көптөргө тоңдурулган түйүлдүктөрүн эмне кылууну чечүү кыйынга турат. Алар көп балалуу болгусу келбеши мүмкүн. Ошондой эле курагы өтүп калгандыктан же акчасы тартыш болгондуктан, дагы балалуу болууну каалабашы ыктымал. Андан сырткары, алар эненин боюна бир нече бала бүтүп калуудан коркушу мүмкүн *. Түгөйлөрдүн биринин же экөөнүн тең каза болушу же башка бирөө менен никеге турушу да жагдайды оордотору бышык. Ооба, тынчсыздандыра турган нерселер арбын. Ошондуктан айрым жубайлар түйүлдүктөрүнүн сакталып турушуна макул болуп, көп жылдар бою акы төлөп келишет.

2008-жылы «Нью-Йорк таймс» гезитине чыккан бир макалада бир эмбриолог көп түгөйлөрдүн ашып калган түйүлдүктөрдү эмне кыларын билбей кыйналарын айткан. Ошол макалада мындай делген: «Бүт өлкө боюнча, бери дегенде, 400000 түйүлдүк клиникаларда тоңдурулуп турат жана алардын саны күн сайын өсүүдө... Эгер тийиштүү түрдө тоңдурулса, түйүлдүктөр он же андан көп жыл жашайт. Бирок эритилгенде баары эле тирүү кала бербейт» (жантайыңкы ариптер биздики, ред.). Бул Кудайдын айрым кызматчыларына терең ой жүгүртүүгө түрткү берет. Эмне үчүн?

ЭКУ процедурасына байланышкан кыйынчылыктарга дуушар болгон жубайлардын ар кандай жагдайлардын үстүнөн ой жүгүртүп көргөнү оң. Мисалы, Кудайдын кызматчысына өмүрү коркунуч алдында турган жана аппараттын жардамы менен дем алып жаткан жакынына байланыштуу чечим чыгарууга туура келиши мүмкүн. Кудайдын кызматчылары медициналык жардамдан баш тартышпайт. Чыгуу 20:13кө жана Забур 36:9га ылайык, алар  өмүрдү жогору баалашат. 1974-жылы 8-майда чыккан «Ойгонгула!» (англ.) журналында мындай делген: «Кудайдын өмүрдү ыйык деп эсептээрин эске алгандыктан, өздөрүнүн абийирине каршы иш кылууну каалабагандыктан жана мамлекеттик мыйзамдарга баш ийгендиктен Ыйык Китептеги принциптер боюнча жашагандар эч качан активдүү эвтаназияга [оорулуунун өмүрүн атайылап кыюуга] барышпайт». Кээде жакын адамыбыз кайсы бир аппараттын жардамы менен гана жашашы мүмкүн. Андайда үй-бүлө мүчөлөрү ал аппаратты андан ары да колдонуу керекпи же жокпу, чечиши керек.

Албетте, ЭКУ процедурасынан өткөн жана түйүлдүктөрү сакталып турган жубайлардын жагдайы жогорку абзацта айтылган жагдайдан айырмаланат. Бирок аларга азотко салынган түйүлдүктөрүн алып чыгып, эритүү сунуш кылынышы мүмкүн. Андай учурда жасалма чөйрөсүз түйүлдүктөр бузулуп, көп узабай өлүп калат. Ошондуктан жубайларга ал сунушка макул болор-болбосун чечүүгө туура келет (Гал. 6:7).

Балалуу болуу үчүн ЭКУ процедурасынан өткөн айрым жубайлар тоңдурулган түйүлдүктөрүн сактоого кеткен чыгымдарды төлөп турууну чечиши мүмкүн. Алар түйүлдүктөрүн жөн эле өлтүргүсү келбегендиктен же келечекте балалуу болууга ниеттенгендиктен сактап турууну каалашы ыктымал. Ал эми башкалары тоңдурулган түйүлдүктөрүн жасалма жол менен гана тирүү турган нерсе катары көрүп, алар үчүн акы төлөбөй эле коюуну туура көрүшү мүмкүн. Мындай жагдайда жубайлар Кудайдын алдында Ыйык Китептин негизинде үйрөтүлгөн абийирине жараша иш кылышы керек. Алар башкалардын абийирин эске алгандан сырткары, өздөрүнүн да абийирин таза сакташы керек (1 Тим. 1:19).

Мындай жагдайда жубайлар Кудайдын алдында Ыйык Китептин негизинде үйрөтүлгөн абийирине жараша иш кылышы керек

Репродуктивдик эндокринология тармагында эмгектенген бир адис көптөгөн жубайлардын «өздөрүнүн [тоңдурулган] түйүлдүктөрүн эмне кылууну чечүүгө жооптуу экенин ойлоп баштары маң болуп, катуу тынчсызданышканын» айткан. Ал сөзүн: «Көп жубайлар үчүн бул маселеде бир да жакшы чечим жоктой көрүнөт»,— деп жыйынтыктаган.

Кудайдын кызматчылары атүгүл ЭКУ процедурасынан өтүүнүн туура болор-болбосун ойлонуп жатканда да анын бардык олуттуу кесепеттерин таразалап көрүшү керек. Ыйык Китепте: «Кыраакы киши кырсыкты көрүп жашынат, ал эми тажрыйбасыздар түз эле барып жазаланат»,— деп айтылат (Накыл 22:3).

Никеге турбай чогуу жашап, Ыйык Китепти изилдеп жаткан эркек менен аялдын чөмүлгүсү келип жатат. Бирок эркек ал өлкөдө каттала элек болгондуктан, мамлекет аларга мыйзамдуу түрдө никеге турууга уруксат бербейт. Алар бири-бирине ишенимдүү болору тууралуу убадасы жазылган документке кол коюп, чөмүлтүлүшсө болобу?

Бул жагдайдан чыгуунун жолундай сезилиши мүмкүн, бирок Ыйык Китептеги талаптарга дал келбейт. Мунун себебин түшүнүү үчүн, келгиле, алгач ал документтин максатын, эмнеден улам пайда болгонун, кантип жана кайсы өлкөлөрдө колдонуларын карап көрөлү.

Ал документке төмөндө келтирилген себептен улам никеге турууга уруксат берилбеген жубайлар күбөлөрдүн көзүнчө кол коюшат. Документте жубайлар бири-бирине ишенимдүү болууга жана мүмкүнчүлүк түзүлгөндө, никесин мыйзамдуу түрдө каттатууга убада беришет. Жыйналыштагылар аларды Кудайдын жана адамдардын алдында бири-бирине ишенимдүү болууга убада берди деп эсептешкендиктен, алардын никеси бийликтегилер тарабынан жарактуу деп табылгандай каралат.

Аталган документ кайсы учурда жана эмне үчүн колдонулат? Жахаба Кудай никени негиздеген жана аны жогору баалайт. Иса пайгамбар: «Кудай  кошконду адам ажыратпасын»,— деген (Мт. 19:5, 6; Башт. 2:22—24). Ошондой эле: «Аялы менен бузуктуктан [жыныстык адеп-ахлаксыздыктан] башка себеп менен ажырашып, башкага үйлөнгөн киши ойноштук кылган болот»,— деп кошумчалаган (Мт. 19:9). Андыктан, Ыйык Китеп боюнча, ажырашууга «бузуктук», башкача айтканда, жыныстык адеп-ахлаксыздык кылынганда гана жол берилет. Мисалы, күйөөсү башка бирөө менен жатса, аялы аны менен ажырашабы же жокпу, өзү чечет. Эгер ажырашса, башы бош болот. Андыктан башка бирөөгө турмушка чыга алат.

Анткен менен айрым өлкөлөрдө, айрыкча, мурунку убактарда чиркөө Ыйык Китепте айкын-так айтылган ал принципти кабыл алган эмес. Тескерисинче, эч бир себеп менен ажырашууга болбойт деп окуткан. Андыктан чиркөөнүн таасири күчтүү болгон кээ бир өлкөлөрдүн мыйзамында ажырашууга жол берилбейт. Андай өлкөлөрдө атүгүл Иса пайгамбар айткан орчундуу себеп боюнча да ажырашуу мүмкүн эмес. Ал эми башка өлкөлөрдө ажырашууга мыйзам боюнча жол берилет, бирок бул татаал процесс болгондуктан көп убакытты, күчтү алат. Ажырашууга көптөгөн жылдар кетиши мүмкүн. Бул чиркөөнүн же мамлекеттин Кудай жол берген нерсеге «тоскоолдук кылганына» барабар (Элч. 11:17).

Маселен, түгөйлөр ажырашуу такыр мүмкүн болбогон же абдан кыйын болгон, балким, көптөгөн жылдарды талап кылган өлкөдө жашашы мүмкүн. Эгер алар мурунку жубайы менен ажырашуу үчүн колунан келгендин баарын кылса жана Кудайдын көз карашы боюнча бөлөк никеге турууга укуктуу болсо, бири-бирине ишенимдүүлүгүн сактай тургандыгы тууралуу убадасы жазылган документке кол коё алышат. Мындай чара ушундай өлкөлөр үчүн гана караштырылган. Ал ажырашууга көп каражат кеткен жана кандайдыр бир денгээлде кыйынчылыктар менен коштолгон, бирок жол берилген өлкөлөр үчүн караштырылган эмес.

Бири-бирине ишенимдүүлүгүн сактай тургандыгы тууралуу убадасы жазылган документтин максатын түшүнбөгөндүктөн айрымдар, мыйзамда ажырашууга жол берилген өлкөдө жашашса да, анын кыйынчылыктарынан качып, андай документке кол коюуну суранышкан.

Макаланын башында айтылган жагдайда чогуу жашап жаткан эркек менен аял баш кошууну каалап жатышат. Экөөнүн тең, Ыйык Китептеги талаптар боюнча, башы бош; эч кимиси башка бирөө менен никеде турбайт. Бирок эркек ал өлкөдө мыйзамдуу түрдө катталган эмес жана мамлекет тарабынан аларга мыйзамдуу түрдө никеге турууга уруксат берилбейт. (Көптөгөн өлкөлөрдө баш кошо тургандардын бири же экөө тең катталбаса да, никеге турууга уруксат берилет). Биз талкуулап жаткан суроого катыштыгы бар эркек менен аял жашаган өлкөдө ажырашууга жол берилет. Демек, бири-бирине ишенимдүүлүгүн сактай тургандыгы тууралуу убадасы жазылган документке кол коюуга болбойт. Алардын жагдайы мурунку жубайы менен ажырашайын деп, бирок ага мыйзам боюнча уруксат ала албай жаткандардыкынан айырмаланат. Экөөнүн тең башы бош. Ал эми эркектин жагдайын эске алганда, алар кантип никеге тура алат? Алар эркектин жарандыгы никесин каттатууга тоскоолдук болбой турган өлкөгө барышса болот. Же эгер эркек учурда жашап жаткан өлкөдө мыйзамдуу түрдө катталууга аракет кылып көрсө, балким, ошол жактан эле никеге тура алышаттыр.

Ооба, алар жашоосун Кудайдын талаптарына жана мамлекеттин мыйзамына ылайык келтире алышат (Мр. 12:17; Рим. 13:1). Ошондон кийин чөмүлүүгө жарактуу боло алышат (Евр. 13:4).

^ абз. 6 Эгер эненин ичинде өрчүй баштаган түйүлдүктүн кандайдыр бир кемтиги болсо же бир нече түйүлдүк өрчүй баштасачы? Андайда түйүлдүктүн өсүшүн атайылап токтотуу бойдон алдырууга жатып калмак. ЭКУ процедурасында бойго бир нече (эки, үч же андан көп) бала бүтүп калган учурлар арбын кездешет. Бул көбүнчө ай-күнүнө жетпей төрөө, кан кетүү сыяктуу терс натыйжаларга алып келет. Доктурлар боюна бир нече бала бүтүп калган аялга алардын санын «тандап азайтууну», башкача айтканда, бирин же андан көбүн өлтүрүүнү сунуш кылышы мүмкүн. Бул бойдон алдырууга жатат. Ал эми бойдон алдыруу киши өлтүрүүгө тете (Чыг. 21:22, 23; Заб. 139:16).