Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) ДЕКАБРЬ, 2012

Силер кожоюн ишенген башкаруучуларсыңар!

Силер кожоюн ишенген башкаруучуларсыңар!

«Силер өзүңөргө таандык эмессиңер» (1 КОР. 6:19).

1. Бул дүйнөдөгүлөрдүн көбү көз карандысыздыкка кандай карашат?

МЫНДАН 2500 жылдай мурун бир грек драматургу: «Эч ким кулчулуктун моюнтуругун өз эрки менен мойнуна салдырбайт»,— деп жазган. Бүгүнкү күндө көптөр анын айткандарына толугу менен кошулат. «Кулчулук» деген сөздү укканда шак эле эзилген, кимдир бирөөгө көз каранды, кара жанын карч уруп, өздөрү үчүн эмес, аларга үстөмдүк кылган кожоюну үчүн иштеген адамдарды элестетебиз.

2, 3. а) Машаяктын кулдарынын, башкача айтканда, кызматчыларынын абалы жөнүндө эмне айтууга болот? б) Башкаруучуга байланыштуу кандай суроолорду карап чыгабыз?

2 Анткен менен Иса Машаяк өзүнүн жолдоочуларынын момун кызматчылар, тактап айтканда, кулдар болорун айткан. Бирок бул алардын басынтылып, кордолорун билдирбейт. Тескерисинче, алар урмат-сыйга, ишенимге татыктуу. Мисалы, Иса Машаяк жердеги жашоосунун акырында бир «кул» жөнүндө эмне дегенин карап көрөлү. Ал ошол «ишенимдүү жана акылдуу кулга» маанилүү иштерди тапшырарын алдын ала айткан (Мт. 24:45—47).

3 Маанилеш билдирүүдө ал кулдун «башкаруучу» деп аталганы көңүлгө аларлык. (Оку: Лука 12:42—44.) Машаяктын бүгүнкү күндөгү көптөгөн ишенимдүү жолдоочулары ошол ишенимдүү башкаруучу тобунун мүчөлөрү болбосо да, Ыйык Китепте көрсөтүлгөндөй, алардын баары башкаруучунун, тагыраак айтканда, үй башкаруучунун милдетин аткарат. Анын милдеттерине эмнелер кирет? Ал милдеттерге кандай карашыбыз керек? Бул суроолорго жооп алыш үчүн, келгиле, байыркы убактагы үй башкаруучулардын милдеттерине эмнелер киргенин карап көрөлү.

ҮЙ БАШКАРУУЧУЛАР ЖАНА АЛАРДЫН МИЛДЕТТЕРИ

4, 5. Байыркы учурдагы башкаруучулар кандай милдеттерди аткарышкан? Мисал келтир.

4 Байыркы убактарда үй башкаруучу болуп көбүнчө кожоюнунун үй иштерин же чарбасын  көзөмөлдөөгө дайындалган кул эсептелчү. Адатта, үй башкаруучулар бир топ эле чоң бийликке ээ боло турган жана кожоюнунун мал-мүлкүнө, акчасына жана башка кызматчыларына көзөмөл кылчу. Муну Элиезер жөнүндөгү билдирүүдөн көрүүгө болот. Ыбрайым пайгамбар ага өзүнүн чоң мүлкүн ишенип тапшырган. Ошондой эле, сыягы, аны уулу Ыскакка колукту алып келсин деп Месопотамияга жөнөткөн. Бул кандай гана маанилүү, жооптуу тапшырма болгон! (Башт. 13:2; 15:2; 24:2—4).

5 Ал эми Ыбрайым пайгамбардын чөбөрөсү Жусуп Потипардын бүт үйүнө көзөмөл кылган (Башт. 39:1, 2). Кийинчерээк Жусуптун өзүнүн да «үйүнө көзөмөл кылган кишиси» болгон. Анын үй башкаруучусу анын 10 бир тууганына сый көрсөтүлүшүнө кам көргөн. Ошондой эле ал Жусуптун буйругу менен анын күмүш чөйчөгүн бир туугандарынын биринин кабына салдырган. Ооба, үй башкаруучуларга кожоюндары чоң ишеним артышкан (Башт. 43:19—25; 44:1—12).

6. Кудайдын элинин арасындагы аксакалдар кандай милдеттерди аткарышат?

6 Арадан кылымдар өткөндөн кийин, элчи Пабыл Кудайдын элинин арасындагы көзөмөлчүлөрдүн «Кудай дайындаган башкаруучу» болушу керектигин айткан (Тит 1:7). «Кудайдын... оторун кайтарууга» дайындалган көзөмөлчүлөр жыйналыштарда жетекчиликти колго алышат (1 Пет. 5:1, 2). Албетте, алар ар кандай милдеттерди аткарышат. Алсак, көзөмөлчүлөрдүн көбү бир эле жыйналышта кызмат кылышат. Ал эми кыдыруучу көзөмөлчүлөр көптөгөн жыйналыштардын муктаждыктарына кам көрүшөт. Филиалдын комитетинин мүчөлөрү болсо бүтүндөй өлкөдөгү жыйналыштарга кам көрүшөт. Алардын баарынан милдеттерин жакшы аткарышы күтүлөт. Анткени алар Кудайдын алдында «жооп беришет» (Евр. 13:17).

7. Кудайдын бардык кызматчылары кандайдыр бир мааниде башкаруучулар деп эмне үчүн айта алабыз?

7 Ал эми көзөмөлчү болбогон көптөгөн ишенимдүү бир туугандар жөнүндө эмне айтууга болот? Элчи Пабыл Иса Машаяктын жолун жолдогондордун баарына: «Кудайдын ар кандай жолдор менен көрсөтүлгөн ырайымынын жакшы башкаруучулары катары баарыңар Андан алган жөндөмүңөргө жараша бири-бириңерге кызмат кылгыла»,— деген (1 Пет. 1:1; 4:10). Биз ишенимдештерибизге кызмат кыла алышыбыз үчүн, Кудай ар бирибизге мээримдүүлүк менен белектерди, жакшы сапаттарды, шык-жөндөмдүүлүктөрдү берген. Демек, Кудайга кызмат кылгандардын баары кандайдыр бир мааниде башкаруучулар болуп эсептелет жана анын аркасында урмат-сыйга, башкалардын ишеничине ээ болушат, ошондой эле аларга ар кандай милдеттер артылат.

БИЗ КУДАЙГА ТААНДЫКПЫЗ

8. Кайсы маанилүү принципти эстен чыгарбашыбыз керек?

8 Азыр башкаруучу катары кайсы үч принципке көңүл бурушубуз керектигине токтололу. Биринчиси: баарыбыз Кудайга таандыкпыз жана анын алдында жооп беребиз. Элчи Пабыл: «Силер өзүңөргө таандык эмессиңер, анткени кымбат баага сатылып алынгансыңар»,— деп жазган (1 Кор. 6:19, 20). Биз Жахабага таандык болгондуктан анын осуяттарына баш ийүүгө милдеттүүбүз. Анын осуяттары оор эмес (Рим. 14:8; 1 Жкн. 5:3). Биз Машаяктын да кулу болуп эсептелебиз. Байыркы замандагы үй башкаруучулардай болуп, бизге да чоң эркиндик берилген. Бирок бул каалаганыбызды кыла берсек болот дегенди билдирбейт. Биз милдеттерибизди көрсөтмөлөргө ылайык аткарышыбыз керек. Кандай гана сыймыктуу жоопкерчиликтерге ээ болбойлу, Кудайдын жана Машаяктын кызматчылары бойдон кала беребиз.

9. Иса пайгамбар кожоюн менен кулдун ортосундагы мамилени кандайча сүрөттөгөн?

9 Бир жолу Иса пайгамбар шакирттерине бир күн кечке иштеп, үйгө кайтып келген кул жөнүндө айтып, кожоюн менен кулдун ортосундагы мамиле кандай болорун сүрөттөгөн. Ал айткандай, кожоюн кулуна: «Кел тезирээк, дасторконго отур»,— деп айтпайт. Тескерисинче,  ага: «Мага кечки тамак даярда да, алжапкыч тагынып, мен ичип-жегиче, кызмат кыл. Андан кийин өзүң ичип-жейсиң»,— дейт. Иса Машаяк бул мисалы менен шакирттерин эмнеге үйрөткөн? Ал: «Силер да өзүңөргө тапшырылгандын баарын аткаргандан кийин: „Биз эч нерсеге татыбаган кулдарбыз. Аткарышыбыз керек болгон нерсени гана аткардык“,— деп айткыла»,— деген (Лк. 17:7—10).

10. Жахабанын ага кызмат кылуу үчүн жасаган аракетибизди баалаарын эмне көрсөтүп турат?

10 Албетте, Жахаба ага кызмат кылуу үчүн жасаган аракетибизди баалайт. Ыйык Китепте: «Кудай силердин... анын ысмына көрсөткөн сүйүүңөрдү, эмгегиңерди унутуп калгыдай адилетсиз эмес»,— делет (Евр. 6:10). Жахаба бизден эч качан колубуздан келбей турган нерсени талап кылбайт. Анын талаптары оор эмес. Анын үстүнө, аларды аткаруу өзүбүзгө эле пайда алып келет. Ошентсе да Иса пайгамбардын мисалында айтылгандай, кул өз кызыкчылыктарын биринчи орунга коюп, өзүнө жакканды кылбайт. Ооба, биз өзүбүздү Кудайга арнаганда жашообузда анын эркин биринчи орунга коюуну тандаганбыз. Буга кошуласыңбы?

ЖАХАБА БААРЫБЫЗДАН ЭМНЕНИ ТАЛАП КЫЛАТ?

11, 12. Башкаруучулар катары кайсы сапатты чагылдырышыбыз керек жана эмнеден качышыбыз керек?

11 Экинчи принцип: биз башкаруучулар катары баарыбыз бирдей нормаларга карманабыз. Ырас, жыйналыштагы айрым жоопкерчиликтер кээ бир бир туугандарга эле берилет. Анткен менен көптөгөн жоопкерчиликтер баарыбызга артылган. Мисалы, Машаяктын шакирти жана Жахабанын Күбөсү катары баарыбыз бири-бирибизди сүйүүгө милдеттүүбүз. Иса пайгамбар сүйүү Кудайдын кызматчыларын айырмалап турган белги экенин айткан (Жкн. 13:35). Бирок биз ишенимдештерибизге эле эмес, Кудайга ишенбеген адамдарга да сүйүү көрсөтүүгө аракет кылабыз. Бул — баарыбыз кылышыбыз керек болгон нерсе.

12 Бизден жүрүм-турумубуздун үлгүлүү болушу да күтүлөт. Биз Ыйык Китепте айыпталган иштерден качабыз. Элчи Пабыл мындай деп жазган: «Бузуктук кылып жүргөндөр да, бурканга табынгандар да, ойноштук кылып жүргөндөр да, табигый эмес жыныстык катнаштарга колдонулган эркектер да, эркектер менен жатып жүргөн эркектер да, уурулар да, ач көздөр да, аракечтер да, башкаларга тил тийгизгендер да, талап-тоноочулар да Кудайдын Падышалыгын мурастабайт» (1 Кор. 6:9, 10). Ооба, Кудайдын адил нормалары боюнча жашоо үчүн күч-аракет жумшоо талап кылынат. Бирок мунун акыбети кайтпай койбойт. Мисалы, ден соолугубуз жакшы болот, башкалар менен жакшы мамиледе болобуз жана Кудайдын көз алдында жакшы атка ээ болобуз. (Оку: Ышая 48:17, 18.)

13, 14. Кудайдын кызматчыларынын баарына кандай милдет артылган жана биз буга кандай карашыбыз керек?

13 Андан тышкары, үй башкаруучунун өзү да иш кылганын эстесең. Биз да иш кылабыз. Кудай бизге баа жеткис белек — өзү жөнүндө билим — берген жана ал билимди башкалар менен бөлүшүшүбүздү күтөт (Мт. 28:19, 20). Элчи Пабыл: «Башкалар бизди Машаяктын кызматчылары жана Кудайдын ыйык сырларын алган үй башкаруучулары катары көргүдөй болушсун»,— деп жазган (1 Кор. 4:1). Ал үй башкаруучунун «ыйык сырлар» үчүн жооптуу экенин жана Мырзабыз Иса Машаяк буйрук кылгандай, аларды башкаларга жарыялоого милдеттүү экенин түшүнгөн (1 Кор. 9:16).

14 Чынында, Кудай жөнүндөгү чындыкты башкаларга айтуу сүйүү көрсөтүүгө жатат. Албетте, Кудайдын кызматчыларынын жагдай-шарты бири-бириникинен айырмаланат. Андыктан бардыгы эле бирдей кызмат кыла албайт. Муну Жахаба жакшы түшүнөт. Эң маанилүүсү жагдай-шартыбызга жараша колубуздан келгендин баарын кылышыбыз керек. Ошондо Кудайга жана жакындарыбызга чыныгы сүйүү көрсөткөн болобуз.

Бизге эмне тапшырылса, ошону ишенимдүүлүк менен аткаралы

 ИШЕНИМДҮҮ БОЛУУНУН МААНИЛҮҮЛҮГҮ

15—17. а) Үй башкаруучунун ишенимдүү болгону эмне үчүн маанилүү? б) Иса пайгамбар ишенимсиз болуунун канчалык кесепеттүү экенин кантип түшүндүргөн?

15 Үчүнчү принцип жогоруда каралып өткөн эки принципке бекем негизделет: биз Кожоюнубузга тил алып, ишенимдүү болушубуз керек. Үй башкаруучунун көптөгөн мыкты сапаттары жана жөндөмдүүлүктөрү болушу мүмкүн. Бирок ал милдеттерине жоопкерчиликтүү карабаса жана кожоюнуна берилгендик көрсөтпөсө, алар эч кандай мааниге ээ болбой калат. Тажрыйбалуу, жакшы башкаруучу болуу үчүн Кудайга ишенимдүү болуу абдан маанилүү. Элчи Пабылдын: «Үй башкаруучуларынан болсо ишенимдүүлүк талап кылынат»,— деген сөздөрүн эстесең (1 Кор. 4:2).

16 Эгер ишенимдүү болсок, сөзсүз мол бата алабыз. А эгер ишенимдүү болбосок, көп жакшы нерселерибизден айрылабыз. Бул Иса пайгамбардын таланттар жөнүндөгү мисалынан айкын көрүнүп турат. Кожоюнунун «акчасын айландырган» кулдар мактоого татыктуу болушкан жана чоң сыйлык алышкан. Ал эми кожоюнунун тапшырмасына олуттуу карабаган кул «жаман», «жалкоо» жана «пайдасы жок» деп табылган. Ага берилген таланттар тартылып алынып, өзү сырттагы караңгылыкка ыргытылган. (Оку: Матай 25:14—18, 23, 26, 28—30.)

17 Бир жолу Иса пайгамбар ишенимсиз болуунун кесепети кандай болорун баса белгилеген. Ал мындай деген: «Бир байдын чарба башкаруучусу болот. Башкалар ал байга келип, чарба башкаруучусунун анын мүлкүн ысырап кылып жатканын айтышат. Бай аны чакырып: „Сен жөнүндө ар кандай сөздөрдү угуп жатам. Чарба иштеринин эсеп-кысабын бер, анткени башкаруучулук ишиңен бошотуласың“,— деп айтат» (Лк. 16:1, 2). Үй башкаруучу кожоюнунун мүлкүн ысырап кылганы үчүн, кожоюну аны башкаруучулук  иштен бошотуп салган. Бул биз үчүн кандай чоң сабак! Бизден талап кылынган нерселерди аткарууда эч качан ишенимсиз болуп калгыбыз келбейт.

ӨЗҮБҮЗДҮ БАШКАЛАР МЕНЕН САЛЫШТЫРУУ АКЫЛДУУЛУККА ЖАТАБЫ?

18. Эмне үчүн өзүбүздү башкаларга салыштырбашыбыз керек?

18 Ар бирибиз өзүбүздөн: «Башкаруучулук милдетиме кандай карайм?» — деп сурап көрсөк болот. Өзүбүздү башкалар менен салыштырсак, көйгөй пайда болушу мүмкүн. Ыйык Китепте: «Ар ким өзүнүн иштерин текшерсин, ошондо ал өзүн башкаларга салыштырбай, өз иштерине кубанат»,— делет (Гал. 6:4). Кылган иштерибизди башкалардыкы менен салыштыргандын ордуна, колубуздан келген нерселерге көңүл топтогонубуз маанилүү. Бул бизди менменсинип кетүүдөн эле эмес, көңүл чөгөттүктөн да коргойт. Өзүбүзгө баа берип жатканда жагдай-шарттын өзгөрөрүн эске алышыбыз керек. Балким, ден соолугубуздун начардыгына, курагыбыз өтүп калгандыгына же ар кандай жоопкерчиликтерибизге байланыштуу мурун кылып келгенибиздин баарын кыла албашыбыз мүмкүн. Же тескерисинче, жагдай-шартыбыз өзгөргөндүктөн, азыр кылып жаткандан да көптү кыла алышыбыз мүмкүн. Эгер ошондой болсо, көбүрөөк кызмат кылууга аракет кылсак кандай?

19. Эгер кайсы бир сыймыктуу жоопкерчиликке ээ болбой калсак, эмне үчүн көңүлүбүздү чөгөрбөшүбүз керек?

19 Кандай жоопкерчиликтерге ээ экенибизди же ээ болгубуз келерин да карап көрөлү. Алсак, кайсы бир бир тууган жыйналышта аксакал болуп кызмат кылгысы же жыйындарда сөз сүйлөп чыккысы келиши мүмкүн. Мындай жоопкерчиликтерди аткарууга жарактуу болуу үчүн күч-аракет жумшоо маанилүү. Бирок алар биз күткөн убакта берилбей калса, көңүлүбүздү чөгөрбөшүбүз керек. Кайсы бир себептерден улам айрым жоопкерчиликтер биз ойлогондон бир топ эле кеч берилиши мүмкүн. Мисалы, Муса пайгамбар ысрайыл элин Мисирден алып чыгууга даяр болгондой сезилген, бирок ага 40 жыл күтүүгө туура келген. Ошонун аркасында анда тоң моюн жана козголоңчул элди жетектеп жүрүүгө зарыл сапаттарды өрчүтүүгө жетиштүү убакыт болгон (Элч. 7:22—25, 30—34).

20. Жонатандан эмнеге үйрөнсөк болот?

20 Кээде айрым сыймыктуу жоопкерчиликтерге такыр эле жетпешибиз мүмкүн. Буга Жонатандын жагдайы мисал боло алат. Ал Шабул падышанын уулу болгондуктан атасынан кийин Ысрайылдын падышасы болушу керек болчу. Бирок Кудай андан алда канча жаш Дөөтүнү падыша болууга тандаган. Жонатан буга кандай караган? Ал буга макул болуп, өмүрүн тобокелге салса да, Дөөтүнү колдогон. Ал ага: «Сен Ысрайылга падыша болосуң, мен болсо сенден кийин турган адам болом. Муну атам да билет»,— деген (1 Шем. 23:17). Бул сөздөрдүн маанисин түшүндүңбү? Жонатан жагдайга туура караган жана атасынан айырмаланып, Дөөтүгө көрө албастык кылган эмес. Башкалардын сыймыктуу жоопкерчиликтерге ээ болуп жатканына ичибиз тарыгандын ордуна, ар бирибиз өзүбүзгө берилген жоопкерчиликтерди аткарууга бүт күчүбүздү жумшаганыбыз маанилүү. Жаңы дүйнөдө Жахабанын бардык кызматчыларынын туура каалоолорун канааттандырарына эч шектенбесек болот.

21. Үй башкаруу милдетибизге кандай карашыбыз керек?

21 Келгиле, ишеничтүү үй башкаруучулар катары биз эзилген, көз жашын төккөн, жек көрүндү кулдар эмес экенибизди эстен чыгарбайлы. Тескерисинче, урмат-сыйга ээбиз, ошондой эле бизге эч качан кайталанбай турган иш — бул дүйнө түзүлүшүнүн аягында жакшы кабар таратуу иши — тапшырылган. Андан тышкары, бизге жоопкерчиликтерибизди кандай аткарууга байланыштуу эркиндик берилген. Андыктан ишенимдүү үй башкаруучулардан болуп, ааламдын Эгедерине кызмат кылуу артыкчылыгын баалайлы.