Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ойгонгула!  |  Ноябрь, 2015

 ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Дүйнөнүн акыры

Дүйнөнүн акыры

«Бул дүйнө өзүнүн кумарлары менен кошо жок болот» (1 Жакан 2:17). «Дүйнө» деген эмнени билдирет? Ал кантип жана качан жок болот?

Жок боло турган «дүйнө» эмнени билдирет?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Бул аятта дүйнөнүн кумарлары жөнүндө сөз жүргөндүктөн ал кадимки жерди билдирбейт. Ал Кудайга жакпаган иштерди кылып, анын душманы болуп калган адамзат дүйнөсүн билдирет (Жакып 4:4). Ал дүйнөнү түзгөн адамдар «түбөлүккө кыйратылуу жазасына тартылышат» (2 Тесалоникалыктар 1:7—9). Ал эми Иса Машаяктын буйругуна баш ийип, «бул дүйнөгө таандык болбогон» адамдар түбөлүк жашоого жетүүгө үмүттөнө алышат (Жакан 15:19).

Анткени 1 Жакан 2:17де: «Кудайдын эркин аткарган адам түбөлүк жашайт»,— деп жазылган. Андай адамдар, Забур 37:29да «адил адамдар жерди мураска алып, жер бетинде түбөлүк жашашат» деп айтылгандай, жер бетинде жашашат.

«Дүйнөнү да, дүйнөдөгү нерселерди да сүйбөгүлө. Ким дүйнөнү сүйсө, ал Атабызды сүйбөйт» (1 Жакан 2:15).

Кантип жок болот?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Дүйнөнүн жок болушу эки баскычтан турат. Биринчи баскычында Кудай сойку аялга салыштырылган Улуу Бабылды — дүйнөдөгү жалган диндерди — жок кылат (Аян 17:1—5; 18:8). Себеби жалган диндер Кудайга берилгендей түр көрсөткөнү менен, дүйнөдөгү саясий иштерге аралашып, мындайча айтканда, саясий жетекчилер менен бузуктук кылып жатышат. Бирок ошол эле жетекчилер жалган диндерге каршы чыгышат. Алар Улуу Бабылды «жек көрүп, талап-тоношот, жылаңачташат. Анан этин [байлыгын] жеп, өзүн өрттөп жиберишет» (Аян 17:16).

Экинчи баскычында саясий жетекчилердин өздөрүнө — «бүт дүйнөнүн падышаларына» — кезек жетет. Алар ыймансыз адамдар менен бирге Армагедон деп да аталган согушта, «Кудурети Күчтүү Кудайдын улуу күнүндө», жок кылынат (Аян 16:14, 16).

«Бүт жер бетиндеги момундар... Жахабаны издегиле, адилдикти издегиле, момундукту издегиле. Балким, каары төгүлгөн күнү Жахаба силерди жашырып калар» (Сепания 2:3).

 Качан жок болот?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Дүйнөнүн акыры Кудайдын Падышалыгы — адамдардын өкмөтүнүн ордуна келе турган дүйнөлүк өкмөт — жөнүндөгү кабар адамзатка тийиштүү деңгээлде таратылгандан кийин келет (Даниел 7:13, 14). Иса Машаяк: «Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат. Ошондон кийин дүйнө түзүлүшүнүн акыры келет»,— деген (Матай 24:14). Кудайдын адилеттүүлүгү менен ырайымдуулугунун далили болгон ошол кабардын тарашы дүйнөнүн акыры жакындап калганын көрсөткөн белгинин курамына кирет. Ал белгиге согуштар, жер титирөөлөр, ачарчылык, оорулар да кирет (Матай 24:3; Лука 21:10, 11).

Ыйык Китепте дүйнөнүн акырына аз калганда боло турган окуялардан тышкары, «акыркы күндөрдө» жашай турган адамдардын кандай болору да жазылган: «Акыркы күндөрдө өзгөчө оор мезгилдин келерин бил. Себеби адамдар өзүн өзү сүйгөн, акчаны сүйгөн,.. ата-энесинин тилин албаган,.. өзүн өзү кармай албаган, ырайымсыз, жакшылык кылгысы келбеген,.. Кудайдын ордуна ырахатты сүйгөн... болушат» (2 Тиметей 3:1—5) *.

Азыркы ыймансыз дүйнө жакында жок болот (1 Жакан 2:17)

Биринчи дүйнөлүк согуш тутанган 1914-жылдан башталган мезгилди так ушул нерселер өзгөчөлөп турат. Андан тышкары, дал ошол жылдан тартып Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү кабар жердин учу-кыйырына чейин тарай баштаган. Жахабанын Күбөлөрү ошол ишти аткарганы менен таанымал экенине сыймыктанышат. Алардын негизги журналы да «Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт» деп аталат.

«Ошондуктан сергек болгула, себеби ал күндү да, саатты да билбейсиңер» (Матай 25:13).

^ 14-абз. Көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китепте чынында эмне делет?» деген китептин 9-бөлүмүн карагыла. Китеп www.jw.org/ky сайтында да бар.

Көбүрөөк билиңиз

СУРООЛОР ЖАНА ЖООПТОР

Ыйык Китепте 1914-жыл жөнүндө эмне делет?

Даниел китебиндеги «жети мезгил» жөнүндөгү пайгамбарлыктын аткарылышы кандай чоң окуя менен коштолгонун окуп көргүлө.

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ

Силер да аман кала аласыңар

Кантип аман калса болот? Ал үчүн азык-түлүк же дагы башка ушу сыяктуу нерселерди камдаш керекпи?