Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ОЙГОНГУЛА! ОКТЯБРЬ 2015

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Адамдар Кудайга бергиси келген үч суроо

Адамдар Кудайга бергиси келген үч суроо

СЮЗАН 7 жашынан тартып эле Кудай жөнүндө суроолорду бере баштаган. Ошол кезде Элл деген 9 жаштагы досу полиомиелит болуп ооруп калып, аппарат менен дем алып калган. Сюзандын ал тууралуу айтып бергени 2013-жылы «Нью-Йорк таймс» гезитине чыккан.

Досун көргөнү баргандан кийин Сюзан апасынан: «Эмнеге Кудай кичинекей балдарды оорутуп коёт?» — деп сураптыр.

Апасы ага: «Дин кызматчылар Кудайдын ошентишине себептер бар болуш керек дешет. Бирок эмне себеп экенин мен билбейм»,— деп жооп бериптир.

Эки жылдан кийин, 1954-жылы, Жонас Солктун полиомиелитке каршы вакцинасы чыкканда, Сюзандын апасы ага Кудай жардам берсе керек деп ойлорун айтыптыр.

Ошондо Сюзан: «Анда эмне үчүн Кудай доктурларга мурунураак жардам берген жок? Ошондо Элл оорубайт эле да?!» — дептир.

Эң аягында ал: «[Элл] 8 жылдан кийин эле каза болуп калды. Мен болсо ошол учурда атеист болуп калгам»,— деп жазган.

Көптөр башына кырсык түшкөндө же башкалардын кыйналганын көргөндө, Сюзанга окшоп, Кудайга байланышкан суроолоруна жооп таба алышпайт. Ошондон улам айрымдар атеист болуп калса, башкалары Кудайдын бар экенин толук четке какпаса да, шектене башташат.

Ошондуктан атеисттер менен Кудайдын бар экенине шектенгендердин дин жөнүндө такыр түшүнүгү жок деп айтууга болбойт. Тескерисинче, алардын Кудайга ишенбей калышына көбүнчө дин себеп болот. Алардын ою боюнча, дин жашоодогу орчундуу суроолорго тыңгылыктуу жооп бере албайт. Ал эмне болгон суроолор? Кызыктуусу, ал суроолор — көбүнчө так эле Кудайга ишенгендер берген суроолор. Анда көптөр, эгер Кудайга суроо берүүгө мүмкүнчүлүгү болсо, кайсы үч суроону бермектигин жана Ыйык Китепте аларга эмне деп жооп берилерин карап көрөлү.

 1 «ЭМНЕ ҮЧҮН АЗАП-КАЙГЫГА ЖОЛ БЕРЕСИҢ?»

Эмне үчүн мындай суроо туулат?

Анткени көптөр: «Пендесин сүйгөн Кудай кырсыктарды болтурбашы керек»,— дешет.

ОЙЛОНУП КӨРСӨҢӨР: Бизге башка маданияттагылардын айрым адаттары, салттары бир кызыктай көрүнүшү, атүгүл төбө чачыбызды тик тургузушу мүмкүн. Ошондуктан алардын кайсы бир иштерин туура эмес түшүнүп алышыбыз толук ыктымал. Мисалы, кээ бир маданияттарда адамдын көзүн карап сүйлөө ичинде кири жоктугун билдирсе, башка маданияттарда сыйлабагандыкка жатат. Андыктан эч кимисиникин туура эмес деп айта албайбыз. Болгону, аларды туура түшүнүш үчүн жакыныраак таанышышыбыз керек.

Кудай жөнүндө да ушуну айтууга болот. Көптөр адамдардын азап чегип жатканын көрүп, Кудай жок деп ойлошот. Ал эми Кудай эмне үчүн биздин азап чегишибизге жол берип жатканын билгендер анын бар экенине шектенишпейт.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? Кудайдын ойлору менен жолдору биздикинен кыйла айырмаланат (Ышая 55:8, 9). Ошондуктан анын иш-аракеттери, ошондой эле кайсы бир нерсени кылбай жатканынын себеби бир караганда анча түшүнүксүз болушу мүмкүн.

Ошентсе да Ыйык Китептин эч жеринде «Кудайдын жолдорун түшүнүү мүмкүн эмес» деп жазылган эмес. Ал китеп бизди Кудай жөнүндө көбүрөөк билүүгө үндөп, анын качан жана эмне үчүн мындай же тигиндей иш кыларын түшүнүүгө жардам берет *. Ошонун аркасында биз атүгүл аны менен жакын мамиле өрчүтө алабыз (Жакып 4:8).

 2 «ЭМНЕ ҮЧҮН ДИНДЕРДЕ ЭКИ ЖҮЗДҮҮЛҮК КӨП?»

Эмне үчүн мындай суроо туулат?

Айрымдар: «Кудай чынчылдыкты, ак ниеттикти бааласа, эмне үчүн Кудайга ишенем дегендерин арасында эки жүздүүлүк көп?» — деп ойлонушат.

ОЙЛОНУП КӨРСӨҢӨР: Атасы жакшы тарбия бергенине карабай, баласы жаман жолго түшүп кетет дейли. Атасы анын кылганын туура көрбөсө да, ага өз алдынча чечим чыгарууга жол берет. Андайда башкалардын дароо эле «атасы жаман киши болуш керек» же «атасы жок болуш керек» деп ойлогону туура болот беле? Албетте, жок. Ошо сыңары, динчил адамдардын арасындагы эки жүздүүлүк да Кудайдын адамдарга кандай жашоо өткөрүштү чечүүнү өздөрүнө койгонун гана тастыктоодо.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? Кудай диний эки жүздүүлүктү жек көрөт (Жеремия 7:29—31; 32:35). Ошол эле учурда ал адамдарга өз алдынча чечим чыгарууга эркиндик берген. Бирок Кудайга ишенебиз дегендердин көбү адамдар ойлоп тапкан окууларга карманууну, өздөрүнүн нормасы боюнча жашоону каалашууда (Матай 15:7—9).

Ал эми Кудай туура деп эсептеген динде эки жүздүүлүк болбошу керек *. Иса Машаяк: «Бири-бириңерди сүйсөңөр, баары силердин менин шакирттерим экениңерди билишет»,— деген (Жакан 13:35). Андай сүйүү эки жүздүүлүгү жок чыныгы сүйүү болушу керек (Римдиктер 12:9). Бирок көптөгөн динчил адамдар бул сөздөргө ылайык жашашпайт. Алсак, 1994-жылы Руандада болгон кыргында бир эле диндеги он миңдеген адамдар, уруусу башка болгону үчүн эле, көп кан төгүшкөн. Алардын айырмаланып, Жахабанын Күбөлөрү ишенимдештерин да, башкаларды да куткарып калыш үчүн өмүрүн тобокелге салышкан. Алардын ошондой жан аябастыгы эки жүздүүлүгү жок дин бар экенин көрсөтүүдө.

 3 «ЭМНЕ ҮЧҮН ЖАРАТЫЛГАНБЫЗ?»

Эмне үчүн мындай суроо туулат?

Айрымдар: «Адам эмне үчүн 80-90 эле жыл жашайт? Ушундай кыска жашоонун маңызы эмнеде?» — деп ойлонушат.

ОЙЛОНУП КӨРСӨҢӨР: Кудайга ишенбегендердин арасында деле көптөр табияттын акыл жеткис татаалдыгына, андагы тартипке бир нерсе себеп болушу керек экенин түшүнүшөт. Алар Жер планетасынын өзү да, Ай жана башка планеталар да Жердеги тиричиликке шарт түзгүдөй ылайыкташтырылганын танышпайт. Ошондой эле ааламды жөнгө салып турган физикалык мыйзамдардын укмуштуудай так экенин, эгер алар биртике эле өзгөрө турган болсо, жерде тиричилик болмок эместигин билишет.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? Көптөр жашообуздун кыскалыгын Кудай жок экенинин далили катары эсептегени менен, табиятта Жараткандын бар экенине толгон-токой далилдер бар (Римдиктер 1:20). Кудай табияттагы ар бир нерсени кандайдыр бир максат менен жараткан. Биздин да жаратылганыбыз анын ой-ниети менен түзмө-түз байланышта. Ал бизди жер бетинде түбөлүк жашаш үчүн жараткан жана анын ошол ой-ниети өзгөргөн жок (Забур 37:11, 29; Ышая 55:11).

Табиятка байкоо салуунун аркасында Кудайдын бар экенине ынанып, атүгүл анын айрым сапаттарын биле алсак да, Кудай анын ой-ниетин ошондой жол менен билишибизди каалаган эмес. Анын ой-ниетин жана бизди кандай максатта жаратканын ал өзү айтып бермейинче билүү мүмкүн эмес. Ошондуктан ал бул тууралуу Ыйык Китепке жөнөкөй, түшүнүктүү тил менен жазылышына кам көргөн *. Жахабанын Күбөлөрү силерди Ыйык Китепти окуп көрүүгө чакырат.

^ 17-абз. Кудай эмне үчүн азап-кайгыга жол берерин билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китепте чынында эмне делет?» деген китептин 11-бөлүмүн карагыла. Китеп www.jw.org/ky сайтында да бар.

^ 23-абз. Көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китепте чынында эмне делет?» деген китептин 15-бөлүмүн карагыла. Китеп www.jw.org/ky сайтында да бар.

^ 29-абз. Көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китепте чынында эмне делет?» деген китептин 3-бөлүмүн карагыла. Китеп www.jw.org/ky сайтында да бар.

Көбүрөөк билиңиз

Кудай азап-кайгыга эмне үчүн жол берүүдө?

Жамандык качан башталган жана эмне үчүн Кудай анын болушуна азыркыга чейин жол берип келет? Азап-кайгы жок болобу?

Диндердин баары бирдейби? Алардын баары эле Кудайга жагабы?

Ыйык Китепте бул суроого кандай жооп камтылганын окуп көргүлө.

Жашоонун маңызы эмнеде?

Жашоонун максаты жөнүндө ойлонуп көрдүңөр беле? Ыйык Китепте бул тууралуу эмне деп жазылганын окуп көргүлө.