Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ойгонгула!  |  Июль, 2015

 ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Крокодилдин жаак-тумшугу

Крокодилдин жаак-тумшугу

КРОКОДИЛ учурда табиятта кездешкен жаныбарлардын баарынан катуу тиштейт. Мисалы, Австралияда байырлаган деңиз крокодили (Crocodylus porosus) арстанга жана жолборско караганда үч эсе катуу тиштейт. Бирок ошол эле учурда анын жаак-тумшугу адамдын манжаларынын учтарынан да сезгич келет. Анын ок өтпөс терисин эске алганда, бул абдан таң калыштуу нерсе.

Крокодилдин жаак-тумшугу миңдеген бүртүкчөлөр — сезгич органдары — менен капталган. Крокодилдерди изилдеген Дункан Лейтч деген биолог ал бүртүкчөлөрдөн кеткен нерв талчаларынын учтары баш сөөгү менен туташып турарын айткан. Нерв талчаларынын ушундай терең жайгашканы аларды абдан жакшы коргойт. Крокодилдин терисиндеги бүртүкчөлөр ушунчалык сезгич болгондуктан, аларды атүгүл шаймандардын жардамы менен өлчөө да оңой эмес. Крокодилдер желчү нерсе менен желбечү нерсени так ошол бүртүкчөлөрдүн жардамы менен айырмалайт. Ошондой бүртүкчөлөрү болгону үчүн жумурткадан жаңы чыккан баласын да оозуна салып ташыганда ага эч качан зыян келтирбейт. Крокодилдин жаак-тумшугунун күчтүүлүгү менен сезгичтигинин ушундай укмуштуудай айкалышканы адамды таң калтырбай койбойт.

Кандай деп ойлойсуңар? Крокодилдин жаак-тумшугунун сезгичтиги эволюциянын аркасында пайда болгонбу? Же ал ошондой болуп жаратылганбы?