Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ОЙГОНГУЛА! МАЙ 2015

 ТӨГӨРӨКТҮН ТӨРТ БУРЧУНДА

Көңүл чордонунда Азия

Көңүл чордонунда Азия

Азия континенти калкынын саны боюнча дүйнөдө эң биринчи орунда турат. Кытай менен Индиянын эле калкынын саны жер калкынын санынын үчтөн бирин түзөт. Азия өлкөлөрү жарандарына билим берүү жана аларды коргоо жагынан кандай кыйынчылыктарга туш болууда?

Тарбия балдарды коргойт

Кытай юристтеринин айтымында, ата-энелердин балдарга кичинекей кезинен жыныстык тарбия бербегени алардын саламаттыгына коркунуч туудурат. Кытайда 2010—2013-жылдары сотторго балдарды бузуу боюнча 8 000дей иш түшкөн. Пекин педагогикалык университетинин укук боюнча бир профессору балдардын «алсыз экенин жана оңой олжо болорун», ошондой эле аларды «жыныстык жактан бузууну алдын алуунун жолу туура тарбия берүү» экенин айткан.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? Жакшы ата-энелер балдарына «бузуку сөздөрдү сүйлөгөн» кишилерден кантип сактаныш керектигин үйрөтөт (Накыл сөздөр 2:1, 10—12).

Тайфундун кесепети

Бир изилдөөгө ылайык, Филиппиндеги тайфундан кийинки жылы каза болгон ымыркай кыздардын саны орто эсеп менен тайфундун өзүнөн каза болгондордун санынан 15 эсеге көп болгон. Буга кырсыктан кийинки жумушсуздук, үйдү калыбына келтирүүгө кеткен чыгымдар жана үй-бүлөдөгү каражаттын, анын ичинде тамак-аш менен дары-дармектин туура эмес бөлүштүрүлүшү себеп болушу мүмкүн.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? «Наныңды ачка бирөө менен бөлүшүп, үйү жок бей-бечараны үйүңө киргизишиң керек эмеспи? Жылаңач бирөөнү көрсөң, ага кийим кийгизип, жакыныңдан жашынбашың керек эмеспи?» (Ышая 58:7).

Түштүк Кореядагы улгайгандардын өлүмү

2011-жылы Түштүк Кореяда өз жанын кыйгандардын төрттөн бир бөлүгүнүн көбүрөөгүн 65 же андан улуу жаштагылар түзгөн. Айрым изилдөөлөр боюнча, буга жашы өр тартып калгандарга мурункудай кам көрүлбөй калганы жана экономикалык факторлор, алсак, карылардын 50дөй пайызы салыштырмалуу жакырчылыкта жашаганы себеп болууда. Балдар улгайып калган ата-энесине кам көрүшү керек деп эсептегендердин саны калктын жарымын да түзбөйт.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? «Ата-энеңди сыйла» (Эфестиктер 6:2).