Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ОЙГОНГУЛА! МАЙ 2015

 ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Зордук-зомбулук

Зордук-зомбулук

Адамзат тарыхы зомбулукка толгон. Бул көрүнүш түбөлүккө улана береби?

Кудай зордук-зомбулукка кандай карайт?

КӨПТӨР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Көптөр, анын ичинде динчил кишилер да зордук-зомбулукту атайлап жасалган жамандыкка адилеттүү түрдө кайтарылган жооп деп эсептешет. Ошондой эле миллиондогондор жалпыга маалымдоо каражаттарында көрсөтүлгөн зомбулукту тек гана көңүл ачуу катары көрөт.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ирактын түндүгүндөгү Мосул деген шаардын жанында байыркы Ассирия империясынын борбору Нинебинин урандылары бар. Ал шаар гүлдөп турган кезде эле, Ыйык Китепте Жахаба Кудайдын аны «ээн талаага... айлантары» алдын ала айтылган (Сепания 2:13). Нинеби «канкор шаар» болгондуктан, Кудай аны «баарына шерменде кылмак» (Накум 1:1; 3:1, 6). Анткени Кудай «кан төккөн... кишиден... жийиркенет». Муну Нинеби шаарынын урандылары далилдеп турат (Забур 5:6).

Зордук-зомбулук Кудайдын жана адамдардын башкы душманы Шайтандан башталган. Иса Машаяк аны «киши өлтүргүч» деп атаган (Жакан 8:44). Анын үстүнө, азыр бүт дүйнө «Шайтандын бийлиги астында» болгондуктан, элдин жалпысынан зомбулукка карата болгон көз карашынан, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарындагы зордук-зомбулук камтылган көңүл ачууну жактырганынан Шайтандын таасири даана байкалууда (1 Жакан 5:19). Ал эми Кудайга жаккандай иш кылгысы келген киши зомбулукту жек көргөндү жана Кудай сүйгөн нерсени сүйгөндү үйрөнүшү керек *.

«Жахаба... зордук-зомбулукту жакшы көргөндөрдү... жек көрөт» (Забур 11:5).

Зомбулукту жакшы көргөндөр өзгөрө алабы?

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Адам табиятынан зомбулукка жакын келет, ал эми табиятты өзгөртүү мүмкүн эмес.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китепте: «Каардан, ачуудан, жамандыктан, кемсинтерлик сөздөрдөн арылгыла»,— делет. Ошондой эле: «Эски табиятты иштери менен кошо чечип... жаңы табиятты кийгиле»,— деп жазылган (Колосалыктар 3:8—10). Кудай адамдардан алардын колунан келбеген нерсени талап кылбайт. Адам кааласа, өзгөрө алат *. Бирок кантип өзгөрсө болот?

Биринчиден, Кудайды так таанып-билүү керек (Колосалыктар 3:10).  Жүрөгү таза киши Жараткандын сапаттарын, көз карашын билгенде ага тартылып, ага жаккыдай иш кылууну каалай баштайт (1 Жакан 5:3).

Экинчиден, чөйрөнү туура тандаш керек. «Ачуусу чукул менен достошпо, тез каарданган менен байланышпа. Болбосо анын жолдорун үйрөнүп, өз жаныңды тузакка түшүрөсүң» (Накыл сөздөр 22:24, 25).

Үчүнчүдөн, ой жүгүртүүнү өзгөртүү керек. Адамдын зомбулукка болгон жакындыгы — анын өзүн башкара албагандыгынын белгиси. Ал эми өзүн башкара билгендерди эрки күчтүү десе болот. Накыл сөздөр 16:32де: «Ачууланууга шашпаган киши эр жүрөктөн артык»,— деп айтылат.

«Бардык адамдар менен тынчтыкта болууга... умтулгула» (Еврейлер 12:14).

Зомбулук болбогон убак келеби?

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Зордук-зомбулук буга чейин да болгон жана боло берет.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китепте: «Дагы бир аздан кийин ыймансыз жок болот... Ал эми мүнөзү жумшактар жерди мураска алышат да, мол тынчтыкка ырахаттанышат»,— деп жазылган (Забур 37:10, 11). Байыркы Нинеби шаарынын тургундарын жок кылгандай эле, Кудай жакында зомбулукту жакшы көргөндөрдү жок кылат. Ал эми тынчтыкка умтулган, мүнөзү жумшак адамдарды аман алып калат. Ошондон кийин жер бетинде эч качан зордук-зомбулук болбойт (Забур 72:7).

«Мүнөзү жумшактар... жерди мурасташат» (Матай 5:5)

Ошондуктан азыртадан тынчтыкты сүйүүгө умтулуп, Кудайдын ырайымына ээ болууга аракет кылышыбыз керек. 2 Петир 3:9да: «Жахаба... эч кимдин өлүшүн каалабагандыктан, тескерисинче, баарынын өкүнүшүн каалагандыктан силерге чыдамдуулук көрсөтүп жатат»,— деп жазылган.

«Алар кылычтарынан соконун тишин, найзаларынан багбандын бычагын жасашат» (Ышая 2:4).

^ абз. 7 Кудай байыркы ысрайыл элине өзүнүн жерин коргош үчүн согушууга жол берген (2 Жылнаама 20:15, 17). Бирок кийин алар менен түзгөн келишимин жокко чыгарып, дүйнөнүн чар тарабында жашаган Иса Машаяктын жолдоочуларын жаңы эли катары кабыл алганда, жагдай өзгөргөн.

^ абз. 11 Ыйык Китептин жардамы менен өзгөргөндөрдүн мисалын «Күзөт мунарасындагы» «Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат» деген рубрикадан окуй аласыңар.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту токтотуу мүмкүнбү?

Ыйык Китептеги кеңештер үй-бүлөсүнө аябай кордук көрсөткөндөргө да оңолгонго кандайча жардам берет?