Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ойгонгула!  |  Май, 2015

Айыгып келаткан жараат

Айыгып келаткан жараат

КУРАЛЧАН кишилердин курчоосунда калган миңден ашуун чоң кишилер жана балдар бири-бирине ыктай жерге отура калышкан. Алардын арасында тогуз жашар Аслан деген баласын калкалаган Наталья менен Анжелика деген он эки жашар кызы бар Зарина да бар эле.

Ошол каргашалуу шаршембиде, 2004-жылдын 1-сентябрында, эртең менен Аланиянын (Түндүк Осетия) Беслан деген чакан шаарында ата-энелер менен балдар биринчи окуу күнүн майрамдоо үчүн мектепке чогулушкан болчу. Капысынан отуз чактыдай куралчан менен жан кечти калың элди жарып кирип, кыйкырып, асманга ок ата башташкан. Анан үрөйү учкан элдин баарын мектептин ичине киргизип, тегерете жардыргычтарды орнотуп коюшкан.

Барымтага алуу

Ошондон тартып террорчулар менен коопсуздук кызматкерлеринин ортосунда үч күнгө созулган сүйлөшүү жүргүзүлө башталган. «Мен Кудайга эч качан ошондогудай жалбарган эмесмин»,— деп эскерет ошол кезде Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп жүргөн Наталья.

Жай мезгилинин аптабы кайта элек болгондуктан, мектептин ичи тез эле үп болуп чыккан. Экинчи күндөн тартып барымтадагылардын жегенге да, ичкенге да эч нерсеси калбай калган. Ошондуктан үчүнчү күн дегенде, жума күнү, кээ бирлер заара ичүүгө жана мугалимдерге алып келген гүлдөрдү жегенге аргасыз болушкан. «Жаныбызда отурган бир бала мага бир жалбырак берди. Мен аны экиге бөлүп, жарымын Анжеликага, жарымын Асланга бердим»,— дейт Наталья.

Ошол эле күнү мектепте чуру-чуу, тополоң башталган. Наталья мындай дейт: «Жардыргычтар жарылганда, ыргып кеттим. Анан айланабызды коюу кара түтүн каптап, ок атыла башталды». Эки тарап атышып жаткан учурда Наталья баласы экөө боортоктоп отуруп сыртка чыгып кетишкен. Аларга  коопсуз жерге жеткенге Алан деген киши жардам берген. Бирок, тилекке каршы, көптөр качып кутула албай калышкан.

Кесепети

Террорчулардын айынан каза тапкан Анжелика

Ал күнү жүздөгөн кишилер, анын ичинде Анжелика да өмүрүнөн айрылган. Ошол апааттан кийин Бесландын тургундарынын көз жашы менен өкүрүгү жумалап тыйылган эмес. Натальянын үйү мектептен анча алыс эмес болгондуктан, мектеп көрүнүп турчу. Кийин анын жанына жаңысы курулган. Бирок Натальянын баласы Аслан жаңы мектептин босогосун аттагандан да коркуп жүргөн, ал эмес ойногону да эшикке чыкпай калган. «Биз Жахаба Кудайдан балабызга коркуу сезиминен арылганга жардам беришин тилечүбүз»,— дейт Наталья. Бара-бара Аслан өзүнө келип, кайрадан мектепке бара баштаган.

Натальяга болсо Падышалык залында өткөрүлгөн Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышына баруу кыйынга турган. «Көп киши чогулган кайсы бир имаратка кирсем эле, бирөөлөр кол салчудай сезилип, коркунуч басчу. Мен дароо Кудайдан эч нерсе болбосо экен деп тиленип кирчүмүн. Ошентип отуруп жыйналышка барбай калдым. Менин жүрөгүмдү биз аман калып, көптөрдүн өлүп калганы да өйүп жүрдү»,— дейт Наталья.

Жүрөктөгү жарааттын айыгышы

Наталья мындай дейт: «Мен жыйналыштагылардын талыкпай көрсөткөн жардамына абдан ыраазымын. Алардын бири Татьяна мага үч күн сайын үзгүлтүксүз келип турду. Бир жолу ал Ыйык Китепти жакшы билген Ульяна деген сылык-сыпаа, абдан боорукер Жахабанын Күбөсүн ээрчитип келди. Ал мени кылган аракетим үчүн аябай мактачу жана дайыма бүт дитин коюп укчу.

«Азыр мен ошол тууралуу сүйлөшкөндө мурункудай жаман болбойм»

Ульяна мага элчи Пабылдын 2 Корунттуктар 1:9да жазылган сөздөрүн окуп берди. Ал аятта элчи Пабылдын Азияда көргөн кордугунан кийин: „Өзүбүздү өлүм жазасына өкүм кылынган адамдардай сезгенбиз“,— деп айтканы жазылган экен. Ошондой эле Ульяна мага Ышая 40:31деги: „Жахабага үмүт арткандар кайрадан күчкө толот. Алар бүркүттөй канат жайып, көккө көтөрүлүшөт“ — деген сөздөрдү окуп берди. Ошол аяттар жана Ульяна менен башкалардын дайыма кубаттап турганы мага балдарым менен чогуу кайрадан жыйналышка бара баштаганга күч-кайрат берди. Анткен менен азыркыга чейин имаратка киргенде корко берем».

Ошол каргашадан кызы Анжеликадан айрылып калган Зарина кийинчерээк Жахабанын Күбөсү болгон. Азыр анын келечекте Кудайдын Падышалыгы башкарганда, жер бети кулпурган бейишке айланып, тынчтык өкүм сүргөн заман келгенде, кызы тирилип, ага жолугарына үмүтү күчтүү (Матай 6:9, 10; Элчилер 24:15). Наталья жана анын балдары 2009-жылы Жахабанын Күбөсү болушкан. Алар дагы деле ошол урап калган мектептин жанында жашашат, бирок мурункудай коркпой калышкан. «Азыр мен ошол тууралуу сүйлөшкөндө мурункудай жаман болбойм. Анткени жүрөгүбүздөгү жараат Кудайдын жардамы менен айыгып келатат»,— дейт Наталья.

Көбүрөөк билиңиз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ

Эмне үчүн жакшы адамдар жамандыкка кабылышат?

Ыйык Китепте дүйнөдөгү азап-кайгынын негизги себеби жөнүндө айтылат.