Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ОЙГОНГУЛА! АПРЕЛЬ 2015

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Таалим-тарбияга эмне болгон?

Таалим-тарбияга эмне болгон?

Акыркы жылдары Батыш өлкөлөрүндө үй-бүлөдөгү мамиле кескин өзгөрдү. Бир убактарда балдар ата-энесине баш ийип, алардын тилин алчу. Азыр болсо кээ бир үй-бүлөлөрдө тескерисинче болуп калгандай сезилет. Бүгүнкү күндө кадимки көрүнүшкө айланган жагдайлар чагылдырылган мисалдарга көңүл бурсаңар.

  • Апасын ээрчип дүкөндө жүргөн төрт жашар бала бир оюнчукту көрө калат да, алмакчы болот. Апасы ага: «Үйдө оюнчуктарың толуп жатпайбы, албай эле койчу»,— дейт да, бекер эле: «Албай эле койчу»,— деп жумшак айтканын түшүнөт. Анткени баласы: «Алам!» — деп ыйлактай баштайт. Адатынча чыр салат деп корккон апасы оюнчукту сатып берет.

  • Беш жаштагы кыз бирөө менен сүйлөшүп турган атасынын жанына барып: «Тажап кеттим. Үйгө кетким келип жатат!» — деп алардын сөзүн бөлөт. Атасы эңкейе калып, жумшак үн менен: «Алтыным, кичине чыдай турчу, макулбу?» — деп айтат.

  • Он эки жаштагы Жеймстин ата-энесине баласы мугалимине дагы кыйкырып салганын айтышат. Атасы болсо баласына эмес, мугалимине нааразы болуп: «Ал эмне эле сага асыла берет, ыя? Деректириңерге кирип, арызданбасам!» — дейт.

Булар тек гана мисал болгону менен, жашоодо ушу сыяктуу нерселер көп учурайт. Бул мисалдарда ата-энеси балдарынын оройлугуна көз жумган, дайыма алардын ою менен боло берген жана аларды жаман жүрүм-турумунун кесепетинен калкалай берген үй-бүлөлөрдөгү чоң көйгөй чагылдырылган. Бир китепте буга байланыштуу: «Бийликти баласына өткөрүп берип койгон ата-энелер барган сайын көбөйүп баратат. Мындан бир нече жыл мурун эле балдар үйдө ким башчы экенин жакшы билчү. Алар эч качан чоңдорду башкарчу эмес»,— деп жазылган («The Narcissism Epidemic»).

 Албетте, баласына жакшы үлгү көрсөткөн жана керектүү учурда аларды жумшактык менен оңдоп-түзөп, туура тарбия берүүгө умтулган ата-энелер да көп. Бирок, жогоруда сөз кылынган китепте жазылгандай, андай ата-энелерди «коомдогу үстөмдүк кылган көз караштын нугуна каршы сүзүп баратат» деп айтууга болот.

Ушундай абалга жетип калганыбыздын себеби эмнеде? Тарбияга эмне болгон?

Ата-эне кадырынын түшүшү

Айрымдардын айтымында, ата-эненин бийлиги 1960-жылдары солгундай баштаган. Себеби ошол жылдары адистер балага жумшагыраак мамиле кылуу керек деген ойду кеңири жайылтышкан. Алар: «Балага башчы эмес, дос болгула. Жазалагандын ордуна, мактагыла. Жаман жагын айткандан көрө, жакшы иштерине көңүл бургула»,— деген сыяктуу кеңештерди беришкен. Ата-энелерге баланы мактоо менен оңдоп-түзөөнүн ортосундагы тең салмактуулукту сактоону үйрөткөндүн ордуна, ал адистер баланы тарбияга салуу анын назик сезимин жаралайт жана жүрөгүнө так калтырып, ата-энесине болгон мамилесине таасир этет деген пикирди жактаган көрүнөт.

Кийинчерээк болсо адистер өзүн сыйлоо сезиминин маанилүүлүгүн жар салышкан. Ошондо жакшы ата-эне болуунун сыры капысынан табылгандай сезилген. Адистер анын сыры балага өзүн жакшы адам сезгидей мамиле кылууда деп эсептешкен. Албетте, балага өзүн ишенимдүү сезүүгө жардам берүү маанилүү. Бирок адистер: «Жок жана туура эмес деген сөздөрдү айтуудан качкыла», «балаңарга ал өзгөчө экенин жана ким болууну кааласа, ошол боло аларын кулагына куя бергиле» — деген кеңештерди берип, өзүн сыйлоо сезиминин маанилүүлүгүн баса белгилөөдө чектен чыгып кетишкен. Анткени бул баланын өзүн жакшы сезгени чындап жакшы адам болгонунан маанилүүрөөк дегенге тете болгон.

Өзүн өзү сыйлоо сезимине басым жасай берүү баланын өзүн хан сезишине алып келет

Акырында айрымдар өзүн өзү сыйлоо сезимине эле басым жасай берүү баланын өзүн хан сезип, баары анын көзүнүн кареги менен тең айланып турушу керек деп ойлоп калышына алып келгенден башка пайдасы жок экенин айтып чыгышкан. Бала тарбиялоо жөнүндөгү бир китепте ушинтип ой жүгүрткөн балдар «кийин сөзсүз айтыла турган сын пикирлерди кабыл алууга жана жашоонун ысык-суугун көтөрүүгө жөндөмсүз болуп калары» айтылган.  Ошол эле китепте бир атанын бул ойду бышыктап: «Жумушта эч ким адамдын өзүн өзү сыйлоо сезими менен эсептешпейт... Мисалы, отчётту жаман даярдап барсаң, жетекчиң эч качан: „Отчёт жазган кагаздын түсүн жакшы тандапсың“ — деп, жакшы жагыңды байкаганга аракет кылбайт. Андыктан баланы ошентип тарбиялоо, артык кылам деп, тыртык кылууга барабар»,— деп айтканы жазылган («Generation Me»).

Көз караштардын туруксуздугу

Жылдар бою бала тарбиялоого карата болгон көз караштар өзгөрүп келген. Рональд Мориш аттуу мугалим: «Бала тарбиялоо ыкмалары дайыма өзгөрүп турат», «бул коомдогу өзгөрүүнүн таасири»,— деп жазган. Андыктан, Ыйык Китепте айтылгандай, ата-энелердин оңой эле «ар кандай окуулардын шамалына айдалып, толкун сыяктуу ары-бери чайпалып» жатканы таң калыштуу эмес (Эфестиктер 4:14).

Андай «жумшак» тарбиянын кесепеттүү болгону айдан ачык. Анын айынан ата-эненин кадыры эле түшпөстөн, балдар да зыян тартууда. Алар туура чечимдерди чыгарууга жана жашоодо өздөрүн чындап ишенимдүү сезүүгө жардам берген акыл-насааттан кур калууда.

Анда бала тарбиялоонун туура жолу барбы?

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Балдарды кантип тарбиялоо керек?

Ыйык Китепте балага жакшы тарбия берүүгө байланыштуу үч маанилүү нерсе жөнүндө айтылат.

Өспүрүм баланы кантип тарбияласа болот?

Тарбиялоо үйрөтүү дегенди билдирет. Ыйык Китептеги кеңештер өспүрүм балаңарды эрежелериңерге баш ийгенге үйрөткөнгө жардам берет.

Үй-бүлө канткенде бактылуу болот?

Бактылуу Кудай Жахаба үй-бүлөлөрдүн бактылуу болушун каалайт. Ыйык Китепте жубайлар, ата-энелер, балдар үчүн кандай пайдалуу кеңештер жазылганын окуп көргүлө.