Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ОЙГОНГУЛА! МАРТ 2015

 ТАРЫХ БАРАКТАРЫНАН

Дүйнөнү бөлгөн токтомдор

Дүйнөнү бөлгөн токтомдор

ХРИСТОФОР КОЛУМБ 1493-жылы Америкага жасаган биринчи саякатынан кайтып келгенде, Испания менен Португалиянын бийлик башчыларынын ортосунда жаңыдан ачылган жерлерге ким ээлик кыларына жана ал жактагы соода-сатык иштерин ким жүргүзөрүнө байланыштуу талаш чыккан. Испания ал маселени чечүүнү Рим папасы Александр VIга тапшырган.

КОРОЛДОР ЖАНА РИМ ПАПАЛАРЫ

Испаниянын, Португалиянын бийлик төбөлдөрү менен Рим папалары жаңы ачылган жерлерге ким ээлик кыларын эбак эле чечип коюшкан. Себеп дегенде 1455-жылы Рим папасы болуп турган Николас V Португалияга Атлантика океанынын Африкадагы жээктериндеги аймактарды жана аралдарды чалгындоого, ошондой эле ал жакта табылгандын бардыгына ээлик кылууга укук ыйгарган. 1479-жылы түзүлгөн Алькасовас келишиминде Португалиянын королу Альфонс V менен анын уулу Жуандын Канар аралдарын Испаниянын королу Фердинанд менен жубайы Изабелланын колуна өткөрүп бергени жазылган. Анын ордуна Испания Португалиянын Африкадагы соода-сатык иштерине үстөмдүк кылышына жана Азор, Жашыл Тумшук, Мадейра аралдарына бийлик кылышына макулдугун билдирген. Ошондон эки жыл өткөндөн кийин Рим папасы Сикст IV Канар аралдарынын түштүгүндөгү жана чыгышындагы жаңы ачылган жерлердин Португалияга таандык болорун билдирип, ал келишимди бекиткен.

Бирок Жуан (азыр Жуан II деп белгилүү) Колумб ачкан жерлердин баары Португалияга таандык деп жарыялаган. Испаниянын бийлик төбөлдөрү буга караманча каршы чыгып, жаңы дайындалган Рим папасы Александр VIга кайрылып, Колумб ачкан жерлерге бийлик кылууга жана ал жактагы калкты христиан динине өткөрүүгө укук ыйгарышын суранышкан.

Александр VI калеминин учу менен эле дүйнөнү экиге бөлүп койгон

Алардын кайрылуусуна жооп катары Александр VI үч токтом чыгарган. Биринчи токтомдо «Кудуреттүү Кудайдын амири менен» Испанияга жаңы жерлерге биротоло ээлик кылууга  өзгөчө укук ыйгарылган. Экинчисинде түндүктөн түштүккө карай созулган чек ара белгиленген. Чек ара сызыгы Жашыл Тумшук аралдарынан батышты көздөй 560 километрдей алыстыктагы аралыктан өткөн. Александр VIнын чечими боюнча, ошол чек ара сызыгынын батыш тарабындагы жаңы ачылган же ачыла турган бардык жерлер Испанияга таандык болмок. Ошентип, Рим папасы калеминин учу менен эле дүйнөнү экиге бөлүп койгон! Ал эми үчүнчү токтомдо Испаниянын ээлиги, кыязы, чыгыштагы Индияга чейин кеңейтилери бекитилсе керек. Рим папасынын бул токтому корол Жуандын каарын кайнаткан, анткени анын өлкөсүнүн жарандары жаңыдан гана Африканы айланып өтүп, Инди океанынын жээктеринде да соода-сатык иштерине үстөмдүк кыла башташкан.

ЖАҢЫ ЧЕК

Александр VIнын * чечимине макул болбогон Жуан II Испаниянын королу Фердинанд жана анын жубайы Изабелла менен келишим түзөт. «Ошол учурда португалиялыктардын ырайымсыздыгынан чочулаган жана жаңы ачылган жерди [Түндүк жана Түштүк Американы] багынтуу менен алек болуп жаткан Испаниянын монархтары канааттандырарлык шарттарга жан деп эле макул болууга даяр турушкан»,— дейт жазуучу Уильям Бернштейн. Ошентип, 1494-жылы Испаниянын Тордесильяс деген шаарында түзүлгөн жана ошол шаардын атынан аталган келишим бекитилген.

Тордесильяс келишиминде Александр VI белгилеген түндүктөн түштүктү карай созулган чек күчүндө калган. Болгону, батышты көздөй дагы 1480 километрге жылдырылган. Ушундайча, Америка Испанияга, ал эми Африка менен Азия Португалияга «таандык» болуп калган. Чек ара сызыгынын батышты көздөй жылдырылганынын аркасында Португалия ошол учурда ачыла элек жана ачылгандан кийин Бразилия деп аталып калган жердин көбүрөөк бөлүгүнө ээлик кылып калган.

Испания менен Португалияга жаңы ачылган жерлерди басып алууга жана өз карамагында сактап калууга укук берген ал токтомдор көптөгөн кан төгүүлөргө себеп болгон. Ал токтомдор ошол аймактардагы жергиликтүү калктын укугун тебелеп-тепсеп, алардын аргасыздан багынып беришине жана кул болушуна алып келгенден тышкары, элдердин арасында бийлик талашуунун жана деңиз мейкиндигиндеги эркиндик үчүн күрөштүн кылымдарга созулушуна себеп болгон.

^ абз. 9 Жаман атка ээ болгон Рим папасы Александр VI жөнүндө көбүрөөк маалымат алыш үчүн «Күзөт мунарасы» журналынын 2003-жылдын 15-июнундагы санынын 26—29-беттериндеги «Рим унутпаган Александр VI» (ор.) деген макаланы окугула.