Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ОЙГОНГУЛА! МАРТ 2015

 ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Момчул бүлбүлдөктүн угуу жөндөмдүүлүгү

Момчул бүлбүлдөктүн угуу жөндөмдүүлүгү

МОМЧУЛ бүлбүлдөк жогорку жыштыктагы үндөрдү дүйнөдөгү бардык тирүү жандыктардан жакшыраак кабыл алып, уга алат. Анткен менен анын кымындай кулагынын түзүлүшү жөпжөнөкөй.

Көңүл бурсаңар: Окумуштуулар момчул бүлбүлдөктүн угуу жөндөмдүүлүгүн көп жылдардан бери изилдеп келишет. Жакында эле Стратклайд университетиндеги (Шотландия) окумуштуулар ага ар кандай жыштыктагы үндөрдү угузуп көрүшкөн. Алар анын тарсылдак мембранасынын дирилдешин өлчөп, уктургуч нервдеринин иш-аракетин жаздырышкан. Момчул бүлбүлдөктүн тарсылдагы жыштыгы 300 килогерц болгон үндү да кабыл алган. Салыштыра турган болсок, жарганаттар жыштыгы 212 килогерцке чейин жеткен үндү, дельфиндер болсо 160 килогерцке чейин жеткен үндү гана уга алышат. Ал эми киши жыштыгы 20 килогерцке чейин жеткен үндү гана уга алат.

Изилдөөчүлөр момчул бүлбүлдөгүнүн укмуштуудай угуу жөндөмдүүлүгүн жаңы технологиялар үчүн негиз катары колдонууну ойлонуштурууда. «Бул жакшыраак, ошол эле учурда кичинекейирээк микрофондорду жасаганга жардам бермек,— дейт Стратклайд университетинде эмгектенген профессор Жеймс Виндмил.— Биз аларды чөнтөк телефондор жана угузуучу аппараттар сыяктуу көптөгөн техникаларга орното алмакпыз».

Кандай деп ойлойсуңар? Момчул бүлбүлдөктүн угуу жөндөмдүүлүгү эволюция жолу менен пайда болгонбу? Же ал ошондой жөндөмдүүлүк менен жаратылганбы?