Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ойгонгула!  |  Февраль, 2015

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ЫЙЫК КИТЕПТИН ДООРУ БҮТКӨНБҮ?

Көөнөрбөс баалуулуктар. Чынчылдык

Көөнөрбөс баалуулуктар. Чынчылдык

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Сенин чатырыңда [Кудайдын чатырында] ким конок боло алат?.. Кынтыксыз жүргөн, адил иш кылган, жүрөгүндө чындыкты сүйлөгөн адам» (Забур 15:1, 2).

ПАЙДАСЫ: Чынчылдык менен ак ниеттүүлүктү көптөр баалайт. Бирок алдамчылыкка барып, пайда көрүүгө жана ал иштин жигин билгизбей коюуга мүмкүнчүлүк болуп жатсачы? Мына так ошондой учурларда адамдын кандай экени билинет.

Ракел бир компанияда иштечү. Анын жумушуна компаниясына керектүү нерселерди сатып алуу да кирчү. Ал мындай дейт: «Бир жолу сатуучулар мага ортодон пайда көрүүнү сунушташты. Алар мага, эгер дайыма алардан соода кыла турган болсом, айрым нерселерди өз баасынан арзаныраак берерин, ал эми калган акча өз чөнтөгүмө түшөрүн айтышты. Бирок мен Ыйык Китептеги чынчылдыкка байланыштуу талапка ылайык иш кылып, алардын айтканына макул болбой койдум. Муну жетекчимдин кулагы чалып калыптыр. Ошондон кийин ал мага мурункудан көбүрөөк ишеним артып калды».

Ракел ал сунушка азгырылса, убактылуу пайда көрмөк. Бирок ал тууралуу жетекчиси билип калса эмне болот эле? Ракел ал жумушта калат беле? Андан кийин жумуш таба алат беле? Абийирин таза сактоо жана өзүн-өзү сыйлоо сезими Ракел үчүн акчадан да маанилүү болчу. Ыйык Китепте: «Жакшы ат көп байлыктан артык, урмат-сый күмүш менен алтындан артык»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 22:1).

Жезе жумушунда чынчылдыгы менен белгилүү

Жезе да чынчыл, ишеничтүү киши болгондуктан жумуш берүүчүсүнүн алдында жакшы атка ээ болгон. Мунун ага пайдасы тийгенби? Ооба, жетекчиси ага башкаларды жетектөөнү тапшыргандан тышкары, жумуш убактысын да өзүнө ылайыкташтырууга уруксат берген. Анын аркасында Жезе үй-бүлөсүнө жана Кудайга кызмат кылууга көбүрөөк убакыт бөлө алган.

Айрым жумуш берүүчүлөр жумушчуларды ишеничтүү кишилер катары белгилүү болгондордун арасынан издешет. Мисалы, Филиппиндеги бир компаниянын жетекчиси Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү офисине кат жазып, Жахабанын Күбөлөрүнө жумуш сунуштаган. Ал алардын «эмгекчил, чынчыл жана өз ишин майын чыгара аткарган кишилер» экенин айткан. Жахабанын Күбөлөрү андай сапаттарга «жамандыкты жек көрүп, жакшылыкты жакшы көрүүгө» үйрөтүп жаткан Жахаба Кудайдын жардамы менен ээ болууда (Амос 5:15).

Көбүрөөк билиңиз

КУДАЙДАН КЕЛГЕН ЖАКШЫ КАБАР

Кудайдын мыйзамдары бизди кандайча коргойт?

Иса пайгамбар эмне үчүн жетекчиликке муктаж экенибизди жана эң маанилүү эки осуят кайсы экенин айткан.

ОЙГОНГУЛА!

Чындап байыткан баалуулуктар

Көптөр: «Жүрөгүң кандай десе, ошондой кыл»,— дешет. Ошентүү туурабы? Ыйык Китепте пайда алып келе турган кандай баалуулуктар жөнүндө айтылганын окуп көргүлө.