Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ойгонгула!  |  Февраль, 2015

 ДИЛ МАЕК | АНТОНИО ДЕЛЛА ГАТТА

Чиркөөдөн кетип калган дин кызматчы

Чиркөөдөн кетип калган дин кызматчы

РИМДЕ 9 жыл окугандан кийин Антонио Делла Гатта 1969-жылы дин кызматчы болуп дайындалган. Кийинчерээк ал Неаполь шаарына (Италия) жакын жайгашкан диний мектептин жетекчиси болгон. Ошол кезде көп окуп, көп ой жүгүртүп, акыр-аягы католик дини Ыйык Китепке негизделбей турганын түшүнгөн. Кудайдын чыныгы жолун кантип тапканын билиш үчүн «Ойгонгула!» журналы ага бир нече суроо менен кайрылды.

Бала чагыңыз жөнүндө айтып берсеңиз.

Мен 1943-жылы Италияда төрөлгөм. Эки агам, бир иним, бир эжем, эки карындашым болуп чакан айылда чоңойгонбуз. Атам фермер болчу, жыгач устачылык да кылчу. Ата-энебиз бизди католик динин бекем тутууга үйрөткөн.

Эмнеден улам дин кызматчы болууну чечтиңиз эле?

Бала кезде чиркөөдөгү дин кызматчылардын айткандарын жантыгыман жатып алып укчумун. Мени алардын үнү жана чиркөөдөгү жөрөлгөлөр таасирлентчү. Ошондуктан чоңойгондо сөзсүз дин кызматчы болом деп чечкем. Ошентип, 13кө чыкканда апам мени эркек балдарды дин кызматчылыкка даярдаган жатак мектепке берди.

Ал мектептен силерге Ыйык Китепти да окутчу беле?

Жок. 15 жашымда бир мугалимим мага Инжилди, Иса Машаяктын жашоосу жана кызматы баяндалган тарыхый билдирүүнү камтыган китепти, берди. Мен аны бир нече жолу окуп чыктым. 18 жашымда Рим папасынын алдындагы академиялардан билим алыш үчүн Римге бардым. Ал жерден латын, грек тилдерин, тарыхты, философияны, психологияны жана теологияны окудум. Ошондой эле Ыйык Китептин айрым аяттарын жаттачубуз жана жекшемби күн сайын айтылган насааттарды укчубуз, бирок Ыйык Китептин өзүн изилдечү эмеспиз.

Сиз диний мектепте сабак берчү белеңиз?

Мен, негизинен, жетекчинин милдетин аткарчумун. Бирок балдарга Экинчи Ватикан кеңеши кабыл алган чечимдерди да үйрөтүп сабак берчүмүн.

Эмнеден улам чиркөөнүн окууларынан күмөн санай баштадыңыз?

Мени үч нерсе ойго салды. Биринчиден, чиркөөнүн саясатка аралашып жатканын, экинчиден, дин кызматчылар менен чиркөөгө барган кишилердин туура эмес жүрүм-турумуна көз жумду мамиле кылынып жатканын байкадым. Андан тышкары, католик дининин айрым окууларынын тууралыгына шектене баштадым. Мисалы, мага: «Пендесин сүйгөн Кудай кантип эле аны өлгөндөн кийин түбөлүккө кыйнасын? Кудай андан тиленгенибизде теспе терип, бир эле сөздөрдү жүз кайталышыбызды чындап эле каалайбы?» — деген суроолор тынчтык бербей койду. *

Анан эмне кылдыңыз?

Мен көз жашымды төгүп, Кудайдан туура жолго салышын сурап тилендим. Анан ошол учурда жаңы эле чыккан католиктердин «Иерусалим Ыйык Китебин» сатып алып, окуй баштадым. Бир жолу жекшемби күнү эртең мененки диний кызматтан кийин атайын кийчү кийимимди чечип, илип жатканда мектебибизге эки киши келип калды. Көрсө, Жахабанын Күбөлөрү экен. Алар менен бир сааттан ашык убакыт бою Ыйык Китеп жөнүндө жана чыныгы динди айырмалаган белгилер жөнүндө сүйлөштүм.

 Алар менен сүйлөшкөндөн кийин кандай ойдо калдыңыз?

Алардын ишенимдүү сүйлөгөнүнө жана католиктер басып чыгарган Ыйык Китептен керектүү аяттарды оңой эле таап жатканына аябай суктандым. Кийинчерээк мага Марио деген Жахабанын Күбөсү келе баштады. Ал сабырдуу жана так жүргөн киши болчу. Ар ишемби сайын күндүн ысык-суугуна карабай, саат тогузда коңгуроону басып, мектебибизге келип калчу.

Буга башка дин кызматчылар кандай карачу эле?

Мен аларды да талкуубузга катышууга чакырчумун. Бирок бири да Ыйык Китепти изилдөөгө маани берген жок. Мага болсо изилдөө аябай жакчу. Себеби ошонун аркасында көп нерселерди билчүмүн, анын ичинде мени көптөн бери ойлондуруп келаткан «Кудай эмне үчүн азап-кайгыга жол берет?» деген суроомо жооп алдым.

Сизден жогору тургандар Ыйык Китепти изилдөөдөн айнытууга аракет кылышкан жокпу?

Мен өзүмдүн көз карашымды түшүндүрүш үчүн 1975-жылы Римге бир нече жолу бардым. Ал жактагы жетекчилер оюмду өзгөртүүгө аракет кылышты, бирок эч кимиси Ыйык Китептин негизинде сүйлөгөн жок. Акыры, 1976-жылы 9-январда католик дининен чыкканымды Римге кат жүзүндө билдирдим. Эки күндөн кийин диний мектептен чыгып кеттим. Анан поездге түшүп алып, биринчи жолу Жахабанын Күбөлөрүнүн жолугушуусуна жөнөдүм. Барсам бир эмес, бир нече жыйналыш чогулуп, жыйын өтүп жатыптыр. Ал жакта баары мен көнгөндөн такыр башкача экен. Баяндамачылар сөз сүйлөгөндө, угуп отургандардын ар бири аны менен кошо өздөрүнүн Ыйык Китебин ачып, карап отурушту.

Ушунун баарына үй-бүлөңүз кандай карады?

Үйдөгүлөрдүн көбү каршы болду. Бирок Италиянын түндүгүндөгү Ломбардияда жашаган иним ошол учурда Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаптыр. Муну билген соң аныкына жөнөдүм. Ал жактагы Жахабанын Күбөлөрү мага жумуш, турак жай тапканга жардам беришти. Ошондон бир жыл өтүп мен да Жахабанын Күбөсү болдум.

Азыр мен чындап Кудайга жакын болуп калдым

Эч нерсеге өкүнбөйсүзбү?

Жок, такыр өкүнбөйм. Азыр мен чындап Кудайга жакын болуп калдым, анткени ал жөнүндө билгендерим философияга же чиркөөдөгү жөрөлгөлөргө эмес, Ыйык Китепке негизделет. Эми башкаларга да Кудай жөнүндө ишенимдүү түрдө жана чын жүрөктөн айтып бере алам.

^ абз. 13 Ыйык Китепте ушул жана башка суроолорго так-айкын жооптор камтылган. ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ОКУУЛАР > СУРООЛОР ЖАНА ЖООПТОР деген жерди карагыла.