Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ОЙГОНГУЛА! ФЕВРАЛЬ 2015

 ТӨГӨРӨКТҮН ТӨРТ БУРЧУНДА

Көңүл чордонунда ден соолук

Көңүл чордонунда ден соолук

Медицинадагы жетишкендиктерге карабай адамзат оору-кеселден арылбай келет. Анткен менен, изилдөөлөр көрсөткөндөй, оорулардын көбүн алдын алууга болот.

Дүйнө жүзү

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун билдиргени боюнча, рак оорусу аныкталгандардын саны өсүп отуруп 2035-жылга чейин жыл сайын 24 миллионго жетет. Бул учурдагы ошондой диагноз коюлган, чамасы, 14 миллиондон ашуун кишинин санынан 70 пайызга көбүрөөк. Алардын, болжолу, жарымынын рак оорусуна чалдыгышына жашоо мүнөзү, тактап айтканда, спирт ичимдиктерин ашыкча ичүү, аз кыймылдоо, ашыкча салмактуулук, радиациялык нурланууга дуушар болуу жана тамеки чегүү сыяктуу нерселер себеп болот.

Британия

Далил келтирилген соң Британиянын өкмөтү уйлардын кутурма оорусунун адамга жуга турган түрүнүн жайылышына кан куйдуруу сыяктуу процедуралар себеп болуп жаткан-жатпаганын текшерүүгө олуттуу киришкен. Парламенттин мүчөсү Э. Миллер: «Биз бул айыккыс дарттын коомдун саламаттыгына дагы эле чоң коркунуч туудуруп жатканын угуп, абдан тынчсызданып жатабыз... Бизге [бул инфекциянын тарашына] оорулуу кишинин каны жана андай кишинин органдарын трансплантациялоо себеп болуп жатканы маалым болду»,— деп айткан.

Норвегия

Өлкөнүн 63 000дей жаранына 11 жыл бою байкоо жүргүзүлгөн бир изилдөөнүн жыйынтыгында депрессиянын айынан жүрөк оорулуу болуп калган кишилердин саны 40 пайызга өсүшү мүмкүн экени аныкталган. Европа кардиология коомунун маалыматы боюнча, ошол изилдөөнү жүргүзгөндөрдүн бири депрессия жүрөк оорусуна алып бара турган стресс гормондорунун деңгээлине эле таасир этпестен, оорулуунун доктурдун кеңешине карманышына да тоскоол болорун айткан.

Кошмо штаттар

Окумуштуулар тамеки чеккенден кийинки калган түтүндүн, тагыраак айтканда, үйлөрдөгү, мейманкананын бөлмөлөрүндөгү буюмдардын үстүндөгү жана чаңдагы, ошондой эле автоунаалардагы тамекинин күлүндөгү түтүндүн ден соолукка канчалык зыяндуу экенин изилдешүүдө. Алардын ою боюнча, чогула берген андай калдыктар убакыт өткөн сайын мурункудан да уулуу боло бериши мүмкүн.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Канчалык узак жашай алабыз?

Эмне үчүн карып, өлөрүбүздү түшүнсөк, канчалык узак жашай аларыбызды биле алабыз.