Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ойгонгула!  |  Февраль, 2015

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ЫЙЫК КИТЕПТИН ДООРУ БҮТКӨНБҮ?

Көөнөрбөс баалуулуктар. Сабырдуулук

Көөнөрбөс баалуулуктар. Сабырдуулук

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Акылсыз бүт ачуусун чыгарат, ал эми акылдуу акырына чейин карманат» (Накыл сөздөр 29:11).

«Өзүмдү ажалдан аман калгандай эле сезем»

ПАЙДАСЫ: Эгер сабырдуу болуунун пайдасы жөнүндө жаза турган болсок, кагаз жетмек эмес. Бери дегенде эле, бул сапат ден соолугубузга жакшы таасир этет. Буга байланыштуу Ыйык Китепте: «Жүрөктүн тынч болгону денеге өмүр берет»,— делет. Ошондой эле: «Шайыр жүрөк — дарыдай даба»,— деп да айтылат (Накыл сөздөр 14:30; 17:22). Изилдөөлөр көрсөткөндөй, ачуусу чукул, уруш-талашка жакын кишилер ар кандай ооруларга, өзгөчө, жүрөк ооруларына көбүрөөк чалдыгышат. Бирок сабырдуу болуунун башка да пайдалары бар.

Кассиус азыр отуздарда, ал мындай деп эскерет: «Ачуум аябай чукул болгондуктан, бир нерсе болсо эле мушташа кетчүмүн. Ошондуктан өзүмдү сыйлачу эмесмин. Бирок Ыйык Китептеги кеңештерди колдоно баштаганда баары өзгөрдү. Мен сабырдуу, момун жана кечиримдүү болууга үйрөндүм. Эгер оңолбосом, акыры түрмөгө түшмөк болушум керек. Чынын айтсам, өзүмдү ажалдан аман калгандай эле сезем».

Кассиус ачуусун тыюуга жана кечиримдүү болууга үйрөнгөн

Көбүрөөк билиңиз

КУДАЙДАН КЕЛГЕН ЖАКШЫ КАБАР

Кудайдын мыйзамдары бизди кандайча коргойт?

Иса пайгамбар эмне үчүн жетекчиликке муктаж экенибизди жана эң маанилүү эки осуят кайсы экенин айткан.

ОЙГОНГУЛА!

Чындап байыткан баалуулуктар

Көптөр: «Жүрөгүң кандай десе, ошондой кыл»,— дешет. Ошентүү туурабы? Ыйык Китепте пайда алып келе турган кандай баалуулуктар жөнүндө айтылганын окуп көргүлө.