Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ОЙГОНГУЛА! ФЕВРАЛЬ 2015

 ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Машаяк

Машаяк

Ыйык Китепте Машаяк келип, бүт адамзатты оорудан, азап-кайгыдан жана өлүмдөн арылтары алдын ала айтылган. Ошол Машаяк ким? Исабы?

Машаякты кантип таанышмак?

Ыйык Китепте айтылган боюнча Машаяк эки жолу келип, эки ролду аткармак *. Ал келе турган эки учурдун ортосунда бир топ убакыт өтмөк. Биринчи келгенинде адам болуп келмек. Ошондуктан эл аны оңой таанымак. Себеп дегенде Ыйык Китепте анын жашоосуна жана кызматына байланыштуу көп нерселер алдына ала айтылган. Негизи эле, «Иса жөнүндөгү күбөлөндүрүү» Ыйык Китепте жазылган пайгамбарлыктардын маңызы болуп эсептелет (Аян 19:10).

Исанын адам болуп келгенде кылган кереметтери келечекте күчтүү рух катары жер жүзү боюнча кыла тургандарынын чети эле болгон

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Машаяктын өзгөчөлүктөрү:

Жерге келгенде Иса пайгамбардын жашоосунда ушул айтылгандардын баары жана мындан башка дагы көп нерселер аткарылган. Алсак, ал оорулууларды сакайткан, өлгөндөрдү тирилткен. Ушундайча өзүнүн Машаяк экенин эле далилдебестен, Ыйык Китепте жазылгандай, келечекте бүт адамзат үчүн ошол сыяктуу кереметтерди жасай турганын тастыктаган. Ошонун аркасында бизде андай кереметтердин болоруна ишенүүгө толук негиз бар (Лука 7:21—23; Аян 21:3, 4). Тирилгенден кийин Иса өзүнүн машаяктык милдетин толук аткара турган убак келгенге чейин Кудайдын «оң жагына» отуруп күтмөк (Забур 110:1—6).

«Машаяк келгенде кантип эле мындан да көп керемет жасасын?» (Жакан 7:31).

 Машаяк өз ишин кантип аягына чыгарат?

Исанын күндөрүндө жашаган жүйүттөр Машаяк келгенде аларды римдиктердин эзүүсүнөн бошотуп, Ысрайылдын падышалыгын калыбына келтирет жана ага башчылык кылат деп үмүттөнүшкөн (Элчилер 1:6). Исанын жолун жолдогондор Машаяк ага тапшырылган ишти чоң бийликке ээ, күчтүү рух катары асмандан бүтүрөрүн кийинчерээк гана түшүнүшкөн (Матай 28:18).

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Экинчи жолу келгенде Машаяк:

Иса жерге келгенде Машаяк катары биринчи ролун толук аткарган. Келечекте экинчи ролун да толугу менен аткарат. Ал жөнүндө көбүрөөк билүүгө аракет кылганыбыз акылдуулукка жатат. Анткени ал өзү жөнүндө: «Мен жолмун, чындыкмын жана өмүрмүн»,— деп айткан (Жакан 14:6).

«Анын күндөрүндө адил адам гүлдөйт, ай жарыгын бербей калганча, тынчтык мол болот. Анын кол алдындагы эли... жердин учу-кыйырына чейин жашайт» (Забур 72:7, 8).

^ абз. 5 «Машаяк» деген сөз еврей тилинен алынган. Грек тилинен алынган «Христос» деген сөз ошол эле мааниге ээ (Жакан 1:41).

^ абз. 7 Келтирилген аяттардын биринчисинде алдын ала айтылган пайгамбарлык, экинчисинде анын аткарылышы жазылган.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Иса Машаяк деген ким?

Иса эмне үчүн өлгөнүн, азыр эмне кылып жатканын, кун деген эмне экенин окуп көргүлө