Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ОЙГОНГУЛА! ФЕВРАЛЬ 2015

Акылмандык кантип коргойт?

Акылмандык кантип коргойт?

«Адамдын жаны үчүн төлөнүүчү кун — анын байлыгы, ал эми кедей жеме укпайт» (НАКЫЛ СӨЗДӨР 13:8).

БАЙЛЫКТЫН пайдасы болгону менен, азыркы опурталдуу заманда кесепети да болот (2 Тиметей 3:1—5). Айрым жерлерде капчыгы калыңдар, анын ичинде акчалуудай көрүнгөн туристтер уурулар менен киши уурдагандарга жем болууда.

Өнүгүп келе жаткан бир өлкөгө байланыштуу жаңылыктарда: «Мыкаачылык менен коштолгон талап-тоноочулук, шылуунчулук жана киши уурдоочулук колунда барлар менен жокторду айыгышкан душманга айлантууда. Ресторандарды курал-жарактуу коопсуздук кызматкерлери кайтарышат; байлар үйлөрүн учтуу зымдары бар дубал менен курчашат, жарыктандыргычтарды, камераларды орнотушат, күзөт кызматкерлерин жалдашат»,— деп айтылган. Мындайды көптөгөн башка өлкөлөрдөн да байкоого болот.

Ал эми кедейлер, Ыйык Китепте айтылгандай, «жеме укпайт», башкача айтканда, аларды эч нерсе коркутпайт. Акылмандыкты чагылдырган ушул сөздөрдөн кандай тыянакка келсе болот? Эгер силер кылмыштуулук, зордук-зомбулук күч алган жерде жашасаңар же ошондой жерге саякаттап барсаңар, элдин көңүлүн бурдуруп, өзүңөрдү бай кишидей көрсөтүп алуудан сак болгула. Кандай кийим киериңерди жана өзгөчө, көзгө шак эле уруна тургандай нерселериңер болсо, коомдук жайларга барганда жаныңарга кандай буюм аларыңарды жакшылап ойлонгула. Накыл сөздөр 22:3тө: «Кыраакы киши кырсыкты көрүп жашынат, ал эми тажрыйбасыздар түз эле барып жазаланат»,— деп айтылат.

Ыйык Китепте жазылган насаат сөздөр биздин жыргалчылыгыбызды жана коопсуздугубузду ойлогон Жараткан Кудайыбыздын камкордугун чагылдырып турат. Насаатчы 7:12де жазылгандай, андай акылмандык кишини коргойт, анткени ага ээ болгондордун өмүрүн сактайт.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Кудайдын мыйзамдары бизди кандайча коргойт?

Иса пайгамбар эмне үчүн жетекчиликке муктаж экенибизди жана эң маанилүү эки осуят кайсы экенин айткан.

Ыйык Китеп тек гана акылдуу адамдар жазган китеппи?

Ыйык Китеп тууралуу Ыйык Китептин өзүндө эмне деп жазылганын окуп көрүңүз.

Акылмандык «чакырып жатат». Анын үнүнө кулак саласыңарбы?

Адамзаттын көйгөйлөрүн чече ала турган чыныгы акылмандык.