Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ОЙГОНГУЛА! ЯНВАРЬ 2015

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Тиричилик кантип пайда болгон?

Тиричилик кантип пайда болгон?

Төмөнкү жерге кайсы вариантты жазат элеңер?

ТИРИЧИЛИК....... ЖОЛУ МЕНЕН ПАЙДА БОЛГОН

  1. А. ЭВОЛЮЦИЯ

  2. Б. ЖАРАТУУ

АЙРЫМДАР шак эле илимий көз караштагылар «эволюция» дегенди, ал эми динге ишенгендер «жаратуу» дегенди тандашат деп ойлошу мүмкүн.

Бирок сөзсүз деле андай эмес.

Канададагы Мак-Мастер университетинин биология боюнча профессору Рама Сингх мындай дейт: «Эволюция теориясына каршы чыккандардын арасында динге бекем кармангандар эле эмес, илимдүү-билимдүү кишилер да көп кездешет».

Алсак, коллежден эволюцияны окуган энтомологиянын профессору Жерард: «Тест тапшырганда профессорлор туура деп эсептеген, алар каалаган жоопту жазчумун, бирок өзүм ага ишенчү эмесмин»,— дейт.

Жашоо эволюциянын натыйжасында пайда болгон дегенге ишенүү эмне себептен атүгүл илимдүү-билимдүүлөргө да кыйынга турат? Бул суроого жооп алыш үчүн адегенде окумуштуулардын башын маң кылган: «Тиричилик кантип пайда болгон? Тирүү организмдер кантип өрчүгөн?» — деген эки суроого токтололу.