Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ОЙГОНГУЛА! ЯНВАРЬ 2015

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ТИРИЧИЛИК КАНТИП ПАЙДА БОЛГОН?

Эки орчундуу суроо

Эки орчундуу суроо

1 Жашоо кантип башталган?

КЭЭ БИРӨӨЛӨРДҮН ОЮ: Жашоо жансыз материядан кокусунан пайда болгон.

АЙРЫМДАРДЫН БУГА КОШУЛБАГАНЫНЫН СЕБЕБИ: Окумуштуулар учурда тирүү организмдердин химиялык жана молекулалык түзүлүшүн мурункуга караганда жакшыраак түшүнүп калышканы менен, «тиричилик» дегенге так аныктама бере алышпайт. Жансыз материя менен тирүү клетканын ортосунда аябагандай чоң ажырым бар.

Окумуштуулар жер бетинде миллиарддаган жылдар мурун эмне болгонун тек гана жоромолдой алышат. Алар тиричиликтин каякта пайда болгонуна карата кайчы пикирлерди айтышууда. Маселен, айрымдар тиричилик жанар тоолордун ичинде пайда болгон дешсе, башкалары океандын түбүндө деп божомолдошот. Дагы бирөөлөр тирүү клеткалардын негизин түзгөн элементтер алгач ааламдын кайсы бир бөлүгүндө пайда болуп, жерге метеориттер менен кошо келген деп эсептешет. Бирок алардын бул теориясы тиричилик кантип пайда болгонун түшүндүрбөй эле, анын иши кылса бир жакта пайда болгонун гана түшүндүрүүдө.

Окумуштуулар бүгүнкү күндө генофонд деп белгилүү болгон гендердин жыйындысы пайда болгонго чейин, белгилүү бир молекулалар болгон деп болжошот. Алардын айтымында, ал молекулалар инерттүү, башкача айтканда, жансыз материалдардан кокусунан жаралган, ошондой эле өзүнөн өзү көбөйө алган. Бирок андай молекулалардын болгонун ырастаган бир да илимий далил табылган жок, окумуштуулар андай молекуланы лабораториялык жол менен да жарата алышкан жок.

Тирүү организмдердин маалыматты сактоо жана аны иштетүү жөндөмдүүлүгүн укмуштуудай деп айтууга болот. Алардагы клеткалар генетикалык коддогу маалыматты өткөрүп берүүгө, чечмелөөгө жана андагы көрсөтмөлөрдү аткарууга жөндөмдүү. Кээ бир илимпоздор андай генетикалык кодду компьютердин программасына, ал эми клетканын химиялык түзүлүшүн компьютердин өзүнө окшоштурушат. Бирок эволюция теориясы генетикалык коддогу маалыматтын кантип пайда болгонун түшүндүрүп бере албайт.

Клетканын тиричилиги үчүн белок молекулалары абдан зарыл. Кадимки белок молекуласы белгилүү бир тартипте тизилген жүздөгөн амин кислоталарынан турат. Андан сырткары, белок молекуласы өз функциясын тийиштүү түрдө аткарышы үчүн үч өлчөмдүү (3D) түзүлүштө болушу керек. Айрым окумуштуулар ошондой молекулалардын атүгүл биринин эле кокусунан пайда болушу эч мүмкүн эмес деген жыйынтыкка келишкен. «Клетка иштеши үчүн миңдеген ар түрдүү белоктор талап кылынат,— дейт физик Пол Дейвис.—Аларды кокусунан эле жаралып калган деп эсептөө чындыкка коошпойт».

ЖЫЙЫНТЫК: Илимдин дээрлик бардык тармагында ондогон изилдөөлөр жүргүзүлгөндөн кийин деле, тиричилик ага чейин эле бар болгон тиричиликтен гана жаралат деген факты факты бойдон калууда.

2 Тирүү организмдер кантип өрчүгөн?

КЭЭ БИРӨӨЛӨРДҮН ОЮ: Эң биринчи тирүү организмдин акырындап өрчүгөнүнүн, ошондой эле мутациянын жана табигый тандалуунун аркасында түрдүү тирүү организмдер, анын ичинде адамдар да келип чыккан.

АЙРЫМДАРДЫН БУГА КОШУЛБАГАНЫНЫН СЕБЕБИ: Айрым клеткалардын түзүлүшү башка клеткалардыкына караганда алда канча татаал болот. Бир эмгекке ылайык, жөнөкөй клеткалардын татаал клеткаларга айланышын «көп учурда эволюция теориясындагы тиричиликтин келип чыгышына байланыштуу табышмактан кийинки эле чоң табышмак деп эсептешет».

Окумуштуулар ар бир клетканын ичинде белок молекулаларынан куралган жана татаал функцияларды аткарыш үчүн бири-бири менен кызматташа билген укмуштуудай татаал түзүлүштөгү молекулалык механизмдер бар экенин аныкташкан. Ал функцияларга азык заттарды ташуу, аларды энергияга айлантуу, клетканын жарактан чыгып калган бөлүктөрүн калыбына келтирүү, ошондой эле клетканын ичинде маалымат ташуу кирет. Ушундай татаал түзүлүштөгү элементтердин чогулушу жана иштеши мутациянын жана табигый тандалуунун натыйжасы болушу мүмкүнбү? Көптөр буга кошулбайт.

Жаныбарлар да, адамдар да жалгыз эле клеткадан, уруктандырылган урук клеткасынан, өрчүйт. Түйүлдүктүн клеткалары адегенде көбөйөт. Анан бара-бара ар түрдүү функцияны аткара турган, ар кандай формадагы клеткаларга бөлүнө баштайт да, дененин ар кандай мүчөлөрүн түзүшөт. Эволюция теориясы ошол клеткалардын кандай клетка болушу керектигин жана организмдин кайсы бөлүгүнө барышы керектигин каяктан «билерин» түшүндүрүп бере албайт.

Учурда илим жаатындагылар жаныбарлардын бир түрү экинчи түргө айланышы үчүн клетканын ичиндеги, тактап айтканда, молекулалык деңгээлдеги өзгөрүүлөр талап кылынарын жакшы билишет. Эгер алар жадагалса «эң жөнөкөй» клетканын эволюциянын аркасында кантип пайда болгонун лабораториялык жол менен көрсөтүп бере албаса, анда жер бетиндеги түрдүү жаныбарлар мутациянын жана табигый тандалуунун аркасында пайда болгон дегенге ишенүү негиздүүбү? Жаныбарлардын организминин түзүлүшүнө байланыштуу биология илимдеринин профессору Майкл Бихи илимий изилдөөлөр «биз күтпөгөндөй айран-таң каларлык татаал нерселерди түшүнүүгө жол ачканы менен, ошондой нерселердин кантип аң-сезимдин таасирисиз эле өзүнөн өзү өрчүп отуруп пайда болгонун түшүнүүгө эч кандай деле жардамы тийбегенин» айткан.

Адам баласы аң-сезимге ээ жана өзүнүн инсандык өзгөчөлүгүн баамдай билет. Ошондой эле ой-жүгүртүп, акыл калчоого жөндөмдүү жана берешендик, жан аябастык сыяктуу моралдык сапаттарды чагылдыра алат, андан тышкары, туураны туура эместен айырмалай билет. Баш аламан мутациялар жана табигый тандалуу адамдар эмне себептен ушундай сапаттарга ээ экенин түшүндүрүп бере албайт.

ЖЫЙЫНТЫК: Көптөр тиричиликтин эволюция жолу менен пайда болгонун талашсыз деп эсептешкени менен, эволюция теориясынын тиричиликтин кантип пайда болгонун жана өрчүгөнүн түшүндүргөнүнө канааттанбагандар да арбын.