Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ОЙГОНГУЛА! ЯНВАРЬ 2015

 ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Бал аарысынын уюгу

Бал аарысынын уюгу

БАЛ ААРЫЛАРЫ (Apis mellifera) уюктарын ич көңдөйүнүн ылдый жагындагы бездерден бөлүнүп чыккан момдон курушат. Алардын уюгу инженердик керемет деп саналат. Эмне үчүн?

Көңүл бурсаңар: Кылымдар бою математиктер аянтты аз эле курулуш материалдарын коротуп, бир да бош орун калтырбай, көбүрөөк бөлүккө бөлүш үчүн тең жактуу үч бурчтукка же төрт бурчтукка, же дагы башка геометриялык фигураларга караганда алты бурчтуктун артыкчылыгы көп экенин божомолдоп келишкен. Бирок алар анын себебин толук түшүндүрө алышкан эмес. 1999-жылы математика илимдеринин профессору Томас Хейлз «уюк гипотезасы» деп атаган гипотезасынын артыкчылыктарын математикалык жол менен далилдеген. Ал аянтты капталдары мүмкүн болушунча жука келген, бирдей бөлүктөргө бөлүү үчүн туура алты бурчтукту колдонуу эң ыңгайлуу экенин көрсөтүп берген.

Бал аарыларынын уюгундагы чөнөктөрдүн алты бурчтуу формасы аянтты толугу менен колдонууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле чөнөктөрдүн андай түзүлүштө болушу алардын көп бал баткыдай жана жеңил, ошол эле учурда бекем болушун шарттайт. Анын үстүнө, аларды курууга көп мом кетпейт. Ошондуктан бал аарысынын уюгунун «архитектуралык шедевр» деп эсептелгени таң калыштуу эмес.

Учурда окумуштуулар аарынын уюгундагы чөнөктөрдүн түзүлүшүнө окшоштуруп, аянтты толугу менен колдоно алгыдай, бышык түзүлүштөгү конструкцияларды жаратууда. Мисалы, авиация инженерлери, учактар азыраак күйүүчү май сарпташы үчүн, чөнөктөргө окшош, жеңил, ошол эле учурда бекем панелдерди жасап жатышат.

Кандай деп ойлойсуңар? Аарылар укмуштуудай түзүлүштөгү уюктарды жасоо жөндөмдүүлүгүнө эволюциянын аркасында ээ болгонбу же аларды Кудай ошондой кылып жаратканбы?