Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ОЙГОНГУЛА! ДЕКАБРЬ, 2014

 ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | НИКЕ

Кантип бир пикирге келсе болот?

Кантип бир пикирге келсе болот?

КӨЙГӨЙ

Кайсы бир нерсеге карата жубайыңар экөөңөрдүн оюңар эки башка болуп жатат дейли. Андайда:

  1. өзүңөр каалагандай болмоюнча, көшөрүп туруп алсаңар болот.

  2. жубайыңардын айтканына кыйыктанып жатып көнсөңөр болот.

  3. кеңешип, бир пикирге келсеңер болот.

Силер: «Кеңешип, талкуулап отургум келбейт. Анте турган болсок, экөөбүздүн тең каалаганыбыздай болбой калат»,— дешиңер мүмкүн.

Бирок, чынында, анча-мынча ийилип койсоңор эле, «бактысыз» болуп калбайсыңар. Анда ийге келүүнү кантип үйрөнсө болот? Адегенде ага байланыштуу айрым ойлорго токтололу.

ЭМНЕЛЕРДИ БИЛИШИҢЕР КЕРЕК?

Биргелешип иш-аракет кылуу. Эгер үй-бүлө курганга чейин өз алдыңарча чечим чыгарып көнүп калсаңар, өзүнчө түтүн булаткан соң жубайыңар менен болгон мамилеңерди жеке каалооңордон жогору коюшуңар керек болот. Муну кандайдыр бир чектөө катары көрүүнүн ордуна, артыкчылыктары жөнүндө ойлонуп көргүлө. Мисалы, Александра деген аял: «Бир маселени жалгыз кишиге караганда эки киши жакшыраак чечиши мүмкүн»,— дейт.

Уга билүү. Никедеги мамилени бекемдөөгө байланыштуу кеңеш берген Жон Готтман деген адис өзүнүн китебинде мындай деп жазган: «Силерден сөзсүз эле өмүрлүк жарыңардын айткан нерселеринин баарына кошулуу талап кылынбайт. Бирок анын да оюн уга билишиңер керек... Жубайыңар кайсы бир көйгөйгө байланыштуу оюн айтып жатканда колуңарды куушуруп, башыңарды чайкасаңар, (же атүгүл ичиңерден «баары бир макул болбойм» деп ойлоп эле койсоңор) талкууңардын натыйжасы жакшы болбой турганы анык» («The Seven Principles for Making Marriage Work»).

Жеке көз караштан баш тартуу. Өзүнүкүн гана туура деп эсептеген киши менен эч ким бактылуу жашай албайт. Ошондуктан жубайлардын экөө тең өзүнүн көз карашынан баш тартууга даяр болгону маанилүү. «Кээде жолдошумдун көңүлү үчүн ал айткандай кылам, ал да ошентет. Үй-бүлөдө ансыз болбойт: өзүңдүкүн эле көздөй бербей, жарыңдын да жыргалчылыгын ойлошуң керек»,— дейт Жун деген бир келин.

 ЭМНЕ КЫЛЫШЫҢАР КЕРЕК?

Башынан эле туура баштагыла. Көбүнчө сөз кандай тон менен башталса, ошондой тондо аяктайт. Эгер чу дегенде эле жарыңарга бир тийсеңер, бир пикирге келериңер күмөн. Ошондуктан Ыйык Китепте: «Боорукердикти, ак көңүлдүктү, момундукту, жумшактыкты жана чыдамкайлыкты кийгиле»,— деген кеңеш берилет (Колосалыктар 3:12). Мындай сапаттар силерге кер-мур айтыша кетпей, көйгөйдү чечүүнүн жолун табууга көбүрөөк көңүл топтогонго жардам берет. (Ыйык Китептеги принцип: Колосалыктар 4:6.)

Жалпылыкты издегиле. Эгер сүйлөшкөнүңөрдөн майнап чыкпай, сөзүңөр чыр-чатакка айланып баратса, мунун себеби экөөңөр тең көз карашыңардын дал келбеген жактарына гана көңүл буруп жатканыңарда болушу мүмкүн. Анткендин ордуна, оюңардын төп келген жактарын да байкай билгиле. Жалпылыкты табыш үчүн төмөнкү кеңешти колдонуп көргүлө.

Бирден барак алып, эки тилкеге бөлүп, биринчисине өзүңөр маанилүү деп эсептеген нерселерди, экинчисине болсо силердин көз карашыңар боюнча анча деле маанилүү эмес жана өзгөртсө боло турган нерселерди жазгыла. Анан жазгандарыңарды талкуулагыла. Ошондо маанилүү деп эсептеген нерселерге карата көз карашыңар көп деле айырмаланбай турганын байкашыңар мүмкүн. Ошентсеңер, бир пикирге келүү оңоюраак болот. Көз карашыңар кыйла айырмаланган күндө да, баракка жазып алсаңар, жагдайыңарды айкыныраак түшүнөсүңөр.

Кеңешип иш кылуу. Кээ бир маселелерди чечүү оңой болсо, кээ бирлерин чечүү кыйыныраак болушу ыктымал. Андайда жубайлар кеңешип иш кылса, маселени чечүүнүн жалгыз кишинин оюна келбеши мүмкүн болгон эң сонун жолу табылышы этимал. Мунун аркасында алардын ортосундагы мамиле чыңдалат (Ыйык Китептеги принцип: Насаатчы 4:9.)

Оюңарды өзгөртүүгө даяр болгула. Ыйык Китепте: «Ар бириңер аялыңарды өзүңөрдү сүйгөндөй сүйгүлө, аял болсо күйөөсүн терең урматтасын»,— делет (Эфестиктер 5:33). Үй-бүлөдө сүйүү жана урмат-сый өкүм сүрсө, жубайлар бири-бирин уга билүүгө, атүгүл оюн өзгөртүүгө дилгир болушат. Камерон деген киши мындай дейт: «Башында айрым нерселерди анча деле жактырбашың мүмкүн. Бирок ал нерселерди жубайың жактыргандыктан, убакыттын өтүшү менен сен да жактырып каласың». (Ыйык Китептеги принцип: Башталыш 2:18.)

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Талашып-тартышпаш үчүн...

Жубайыңар менен дайыма эле талашып-тартыша бересиңерби? Никеңерди бекемдей турган Ыйык Китептеги кеңештерди окуп көргүлө.

Канткенде үй-бүлө бактылуу болот?

Күйөөлөр, аялдар, ата-энелер жана балдар сүйүү көрсөтүү менен Иса Машаяктан үлгү алган болушат. Биз андан эмнеге үйрөнө алабыз?