Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ОЙГОНГУЛА! ДЕКАБРЬ, 2014

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Израиль, Иордания, Палестина

Жансыз деңиздин деңгээли жылына 1 метрге төмөндөп жаткандыктан, айрымдар ал 2050-жылы таптакыр соолуп калат деп кооптонууда. Бийликтегилер бул көйгөйдү чечүүнүн жолун издешүүдө. Учурда Кызыл деңиздеги сууну тузсуздандырып, тузсуз сууну тиричиликке колдонуу, ал эми бөлүнүп чыккан туздуу сууну түтүктөр аркылуу Жансыз деңизге куюу ойлонуштурулууда. Бирок сынчылар бул Жансыз деңиздин экосистемасына зыян келтирет деп тынчсызданууда.

Германия

Камсыздандыруу компаниясы жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, Рождество учурунда ооруканага жүрөгү кармап түшкөндөрдүн саны жылдын башка мезгилдерине караганда, болжолу, 30дай пайызга көбүрөөк болгон. Компания элдин көбүрөөк стресс болушуна, негизинен, майрамга карата белек издөө жана үйүндөгүлөрдөн, досторунан көп нерсени күтүп алуу себеп болууда деп эсептейт.

Британия

Британиялык окумуштуулар Исландиядан табылган моллюсканын, башында болжошкондой, 405 жыл эмес, 507 жыл жашаганын аныкташкан. Ал «эң узак жашаган жандык» деп саналат *. 2006-жылы окумуштуулар аны лабораторияга алып баруу максатында тоңдурганда өлтүрүп алышкан.

Латын Америкасы жана Кариб бассейниндеги аралдар

Ушул жылдын башында Гаванада (Куба) өткөн саммитте Латын Америкасы жана Кариб бассейниндеги өлкөлөр коомуна кирген 33 мүчө-өлкө өз аймагын «тынчтык аймагы» деп жарыялап, ортодо жаңжал чыкса, күч колдонбой чечүүнү макулдашып алышкан. Ал саммитке БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун да катышкан.

^ абз. 7 Бул жерде колония болуп миңдеген жылдар бою жашайт деп эсептелген коралл сыяктуу организмдер эсепке алынган жок.