Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ойгонгула!  |  Декабрь, 2014

 ДИЛ МАЕК | СТИВЕН ТЕЙЛОР

Каржы эсеби боюнча адис менен курулган маек

Каржы эсеби боюнча адис менен курулган маек

Профессор Стивен Тейлор Сиднейдеги (Австралия) Технология университетинде сабак берет жана каржы базарларын жана алардын ишин жөнгө салууну изилдейт. Анын жүргүзгөн изилдөөлөрү диний көз карашына кандай таасир эткенин билиш үчүн «Ойгонгула!» журналы ага бир нече суроо менен кайрылды.

Өзүңүз жөнүндө бир аз айтып берсеңиз.

Ата-энем жөнүндө айта турган болсом, алар абдан чынчыл, эмгекчил кишилер болчу жана чиркөөгө барчу. Алар мени билим алууга үндөгөндүктөн, Жаңы Түштүк Уэльс университетине тапшырдым. Ал жактан коммерция жаатында билим ала баштадым. Мага бир нерсени изилдөө аябай жакчу, ошондуктан академик болууну чечтим.

Кайсы тармакты изилдедиңиз эле?

Мага, өзгөчө, фондулук биржалардын иши кызык болчу *. Фондулук биржалар элге компаниялардын баалуу кагаздарын (акцияларын) сатып алууга жана сатууга шарт түзөт. Ал эми компаниялар ошондон түшкөн акчаны өздөрүнүн бизнесин өнүктүрүүгө жумшашат. Мындан тышкары, мен компаниялардын баалуу кагаздарынын баасына эмнелер таасир этерин изилдейм.

Кененирээк түшүндүрүп берсеңиз.

Негизи, компаниялар өзүнүн кирешеси жөнүндө дайыма маалымат берип турушу керек. Инвесторлор компаниянын иштери кандай жүрүп жатканын ошол маалыматтын негизинде биле алышат. Бирок айрым компаниялар андай маалыматты тийиштүү түрдө бербей коюунун жолдорун табууда. Бул болсо, сынчылардын айтымында, компанияларга өзүнүн чыныгы абалын жана кирешесин жашырууга мүмкүнчүлүк түзүүдө. Ошондуктан: «Инвесторлор так жана толук маалыматты кантип ала алышат? Каржы базарларынын иштерин жөнгө салып, көзөмөлдөп тургандар ал иштердин тийиштүү түрдө жүргүзүлүшүнө кам көрүшү үчүн эмнелерден маалымдар болушу керек?» — деген сыяктуу суроолор туулат. Мен кесиптештерим менен так ушуларды изилдейм.

 Диний көз карашыңыз кандай эле?

Киченекейимде ата-энеме кошулуп, пресвитериандык чиркөөгө барчумун, бирок өспүрүм кезде динге кызыкпай калгам. Анткени Жараткандын бар экенине ишенип, Ыйык Китепти ыйык тутканым менен, турмуштагы кыйынчылыктарды чечүүгө диндин жардам бере аларына шектене баштагам. Диний топтор мага тек гана көз карашы жана жактырган нерселери бирдей адамдардын тобундай эле сезилчү. Кийинчерээк болсо Европага барганымда заңгыраган чиркөөлөрдү көрүп: «Көптөгөн адамдар жакырчылыктан кыйналып жатса, чиркөөлөрдүн минтип байлыкка тунуп жатканы кандай?» — деп таң калгам. Ошондон улам иренжип, динге карата сын көз карашта болуп калгам.

Көз карашыңыз эмнеден улам өзгөрдү?

Жубайым Женифер Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп, алардын жыйналышына бара баштады. Мен алардын эмне болгон дин экенин билиш үчүн жубайым менен чогуу барып турууну чечтим. Көп өтпөй Ыйык Китепти таптакыр билбей турганымды түшүндүм. Мен буга аябай таң калдым. Ошондуктан Ыйык Китепти Жахабанын Күбөлөрү менен изилдей баштадым.

Алардын Ыйык Китепти изилдөө ыкмасы мени абдан таасирлентти. Алар кандайдыр бир суроо көтөрүп, далил топтоп, анализдеп, анан логикага жаткан жыйынтык чыгарышчу. Академик катары изилдөөлөрдү мен так ошондой ыкма менен жүргүзчүмүн. Ошентип, Женифер Жахабанын Күбөсү болгондон бир нече жыл өткөндөн кийин, 1999-жылы, мен да өмүрүмдү Жахаба Кудайга арнадым.

Экономика жаатындагы билимиңиз Ыйык Китепке болгон ишенимиңизге таасир эттиби?

Ооба. Мисалы, Кудайдын байыркы учурда ысрайыл элине берген мыйзамында экономикага байланыштуу азыркы учурга чейин көптөгөн кыйынчылыктарды туудуруп жаткан көйгөйлөрдү кантип чечүү керектиги көрсөтүлгөн. Ал мыйзам боюнча, ысрайылдыктардан кедей-кембагалдарга түшүмүнөн калтырып коюу (азыркы салыктын жана камсыздоонун түрү), муктаж болгондорго үстөгү жок карыз берүү (азыркы насыянын түрү) жана кимдир бирөөнүн менчик жерин 50 жыл өткөн соң кайтарып берүү (жеке менчик укугун коргоо) талап кылынган (Лебилер 19:9, 10; 25:10, 35—37; Мыйзам 24:19—21). Ушул жана башка чаралар карапайым элге үч жагынан жеңилдик берген. Биринчиден, акча жагынан кыйналган учурларда жардам болгон. Экинчиден, жакырчылыкка батып кетүүдөн сактаган. Үчүнчүдөн, элдин арасында экономикалык жактан теңсиздик болушуна бөгөт койгон. Экономика илим катары пайда болгонго чейин 3000 жыл мурун эле ушундай системанын болгону таңдандырбай койбойт.

Ошондой эле Ыйык Китепте экономикалык коопсуздукту шарттаган сапаттар баса белгиленет. Алсак, Ыйык Китеп бизди чынчыл, ишеничтүү, боорукер жана берешен болууга үндөйт (Мыйзам 15:7—11; 25:15; Забур 15). Кызыктуусу, жакында болгон дүйнөлүк каржы каатчылыгынан кийин айрым бизнес мектептеринде жана уюмдарда бизнес жана каржы иштери боюнча адистерден белгилүү бир этикалык жол-жоболорго карманууга ант берүү талап кылына баштаган. Менимче, Ыйык Китептеги адеп-ахлак нормалар бизнес жаатындагы нормалардан алда канча жогору.

Кудайга болгон ишенимиңиз жеке өзүңүзгө кандай таасир этти?

Ыйык Китепти изилдей баштаганымды өмүрүмдө кылган «инвестициялардын» эң жакшысы деп эсептейм

Женифер мени бир топ өзгөрдүң деп айтат. Мурун мен бардык иште жеткилеңдикти талап кылчумун. Эсеп-кысаптагы принциптерди да так аткарганым ошо себептен болушу керек. Ыйык Китептеги принциптер болсо мага тең салмактуу болууга жардам берди. Ошонун аркасында азыр өзүм да, үй-бүлөм да мурункудан бактылуу. Бизге Ыйык Китептен үйрөнгөндөрүбүздү башкалар менен бөлүшкөнүбүз да кубаныч тартуулайт. Мен Ыйык Китепти изилдей баштаганымды өмүрүмдө кылган «инвестициялардын» эң жакшысы деп эсептейм.

^ абз. 7 Баалуу кагаздар базары деп да аталат.