Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ойгонгула!  |  Декабрь, 2014

 ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Жер

Жер

Кудай жерди кандай максатта жараткан?

«Жерди калыптап жасаган... куру бекер эмес, эл отурукташышы үчүн жараткан» (Ышая 45:18).

КӨПТӨР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Көптөр Жер өзүнөн өзү пайда болгон деп эсептешет. Айрым диндер болсо Кудай Жерди адамдарды сынактан өткөрүп, аларды бейишке чыгаруу керекпи же тозокко түшүрүү керекпи, аныкташ үчүн жараткан деп окутушат.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китепте: «Башында Кудай асман менен жерди жаратты»,— деп жазылган (Башталыш 1:1). Кудай бүт адамзаттын түпкү ата-энеси Адам ата менен Обо энеге: «Укумдап-тукумдагыла, жер бетин толтургула, аны иштеткиле... жер бетиндеги бардык тирүү жандыктарга бийлик кылгыла»,— деп айткан (Башталыш 1:28). Ал аларга, тил албай коюшса гана, өлөрүн айткан (Башталыш 2:17). Мындан Кудайдын Жерди адамдар аны толтуруп, ага кам көрүп, түбөлүккө жашаш үчүн жаратканы көрүнүп турат.

 Жер талкаланып жок болобу?

«Сен жерди бекем пайдубалга орнотконсуң, ал кылымдан кылымга, түбөлүктөн түбөлүккө козголбойт» (Забур 104:5).

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Окумуштуулар жердин кыйрашына же жашоого жараксыз болуп калышына байланыштуу ар жоромолдорду айтышат. Алардын айтымында, адамдын келечегине коркунуч туудурган нерселерге астероиддин же кометанын түшүшү, алп жанар тоолордун атылышы, күндүн энергиясынын түгөнүшү, жер бетиндеги жылуулуктун жогорулашы сыяктуу табигый кырсыктар жана адам себепкер болгон кырсыктар, алсак, ядролук согуш же биологиялык куралдардын колдонулушу өңдүү кырсыктар кирет.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Кудайдын Жерге байланышкан ою өзгөргөн жок. Ыйык Китепте: «Жер... түбөлүктөн түбөлүккө турат»,— деп жазылган (Насаатчы 1:4). Ошондой эле анда: «Адил адамдар жерди мураска алып, жер бетинде түбөлүк жашайт»,— деп да айтылат (Забур 37:29).

МУНУ БИЛҮҮ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Жер акыры жок болот деген көз караш айрымдардын жердин баалуу ресурстарын ач көздүк менен коротушуна себеп болууда. Башкалары болсо келечектен үмүтү жок болгондуктан күнүмдүгүн гана ойлоп жашашат. Ошондон улам аларга жашоонун маңызы жоктой сезилет. Ал эми жер бетинде түбөлүк жашай турганыбызга ишенсек, өзүбүздүн жана үй-бүлөбүздүн азыркы жашоосуна эле эмес, келечегине да оң таасир эте турган туура чечимдерди чыгарышыбыз мүмкүн.

Адамдар акыры асманга барабы?

«Асман Жахабага таандык, жерди болсо ал адам баласына берген» (Забур 115:16).

КӨПТӨР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Көптөр жакшы адамдардын баары асманга барышат дегенге ишенишет.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Асман Кудайга таандык, ал эми Жер адамдар үчүн жаратылган. Ыйык Китепте: «Мүнөзү жумшактар бактылуу, анткени алар жерди мурасташат»,— деп жазылган (Матай 5:5). Адамдардын арасынан асманга кеткендердин биринчиси Иса Машаяк болгон. Ыйык Китепте асманга айрым адамдар гана жана белгилүү бир максат менен кетери айтылат. Алар ал жактан Иса Машаяк менен бирге «жер үстүнөн падышалык кылышат» (Аян 5:9, 10; Лука 12:32; Жакан 3:13).

МУНУ БИЛҮҮ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Жакшы кишилердин баары асманга барат деген көз караш Ыйык Китепте айтылгандарга каршы келет. Эгер Кудай жакшы адамдардын баарын асманга алып кете турган болсо, бул анын Жерге байланышкан баштапкы ою ишке ашпай калганын жана жер бетинде адамдар түбөлүк жашайт деген убадасы калп экенин билдирип калмак. Бирок Ыйык Китепте: «Жахабага үмүт арт, анын жолунан чыкпа, ошондо, жерди мураска аласың» — деп жазылган (Забур 37:34).

Көбүрөөк билиңиз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ

Жер планетасы кандай максатта жаратылган?

Кудайдын Жерге байланыштуу ой-ниети ишке ашабы?