Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ОЙГОНГУЛА! НОЯБРЬ, 2014

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Эквадор

2007-жылы Эквадордо Амазонка тропик токоюндагы мунайзат алуу үчүн бургуланып жаткан 10 000 квадрат километрдей аймакты коргоо ишин каржылоо долбоору жарыяланган. Бирок эл аралык уюмдар акчалай колдоо көрсөтпөй койгондуктан, ал долбоор ишке ашпай токтоп калган. Амазонка тропик токоюнун ал бөлүгү дүйнө жүзүндөгү ар түрдүү жаныбарлар менен өсүмдүктөргө бай аймактардын бири болуп эсептелет.

Жапония

Бир гезитте канда вирустун бар экенин дароо аныктоо кыйынга турары жазылган. Ал билдирүүдө 2013-жылы кан куюлган 60 жаштагы кишиге КИВ (кишинин иммункем вирусу) жукканы айтылган. Донордун тапшырган канында КИВдин бар экени, эгер аны жуктуруп алганына аз эле болсо, бир нече айга чейин билинбейт («The Japan News»).

Зимбабве

Зимбабвенин Мозамбик менен чектешкен жеринде болгон партизандык согуштун бүткөнүнө 30 жыл болуп калса да, ал жактагы миналардан көптөгөн адамдар каза табууда жана майып болууда. Эл аралык Кызыл Кресттин комитетинин билдирүүсүнө ылайык, «1980-жылдан бери Зимбабве тараптагы миналардан 2 000 киши майып болуп, 1 500дөн ашуун киши жана 120 000 баш мал өлгөн».

Австралия

Сурамжылоого ылайык, ажырашып жаткандардын арасында үй жаныбарлары үчүн чатакташкандар көбөйүүдө. Алар талашкан нерселердин тизмесинде экөөлөп тапкан кыймылсыз мүлк, акча жана жеке буюмдардан кийинки эле орунда үй жаныбарлары турат.