Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ойгонгула!  |  Ноябрь, 2014

Рим акведуктары — инженерия керемети

Рим акведуктары — инженерия керемети

РИМ акведуктары (суу менен камсыз кылыш үчүн жасалган курулуштар) байыркы замандагы инженердик жетишкендиктердин эң бир көрүнүктүүлөрүнүн катарына кирет. Калкты суу менен камсыз кылуу системасынын жетекчиси Секст Юлий Фронтин (б.з.ч. 35—103-жылдар) алар тууралуу: «Эч кандай пайдасы жок пирамидаларды же гректердин, көпчүлүккө белгилүү болгону менен, кереги тийбеген курулуштарын жашоо үчүн зарыл болгон ушул курулуштар менен салыштырып болобу?!» — деп жазган *.

Курулганынын себеби

Байыркы учурда шаарлар көбүнчө суу булактары бар жерлерде жайгашчу. Рим шаары да ошондой жерден орун алган. Башында Римдин калкына ал жактагы Тибр дарыясы менен тегерегиндеги булактар менен кудуктардагы суулар жетиштүү болгон. Бирок б.з.ч. 4-кылымдан тартып Рим тездик менен кеңейип, көбүрөөк суу талап кылына баштаган.

Айрымдардын үйлөрүнүн ичинде суусу болгондуктан, Римде жүздөгөн менчик жана коомдук мончолор курула баштаган. Коомдук мончолордун биринчиси б.з.ч. 19-жылы ишке киргизилген Верджине акведугунун суусу менен камсыз кылынган. Ал акведукту Цезарь Августтун жакын досу Марк Агриппа курган. Ал Римдин суу менен камсыздандыруу системасын оңдоого жана кеңейтүүгө көп каражат жумшаган.

Бара-бара мончолор жөн гана жууна турган жай эмес, бакчалары, китепканалары бар эс ала турган чоң-чоң коомдук жайларга айланган. Акведуктун тынбай аккан суулары мончолордон чыгып, саркындылар аккан түтүктөрдөгү акыр-чикирлерди жана мончолордун дааратканасынан чыккан заң-заараны жууп кетип турчу.

Курулушу жана тейлениши

Рим акведуктары дегенди укканда көптөр кыдырата тизилген, узун аралыкка созулган бийик-бийик аркаларды элестетишет. Бирок, чынында, алардын 20 пайыздан азыраак бөлүгү гана аркалардын үстүнө курулуп, көпчүлүк бөлүгү жер астынан өтчү. Ошондо көп акча үнөмдөлчү. Себеби жердин асты менен өткөрүлгөн акведуктар көп талкаланбай, узакка кызмат кылган жана талаалар  менен тегерек-четиндеги жерлерге да залакасын тийгизген эмес. Алсак, б.з.ч. 140-жылы курулуп бүткөн жана узундугу, болжолу, 92 кмге созулган Марция акведугунун 11 кмдей бөлүгү гана аркалардын үстүндө жайгашкан.

Аларды курардан мурда инженерлер суу башаттарын, суунун тунуктугун, аккан ылдамдыгын жана даамын кылдат текшеришчү. Андан сырткары, ошол суудан ичкендердин ден соолугуна да байкоо салышчу. Эгер суу ичүүгө жарактуу деп табылса, топографтар (жердин бетин өлчөгөндөр) акведуктун кайсы жерден өтөрүн, канчалык деңгээлде жантаярын, ошондой эле анын каналдарынын көлөмүн жана узундугун эсептеп чыгышчу. Адатта акведуктарды кулдардын күчү менен курушчу. Аларды бүтүрүш үчүн жылдар талап кылынчу. Өзгөчө, аркалар салына турган болсо, көп каражат жумшалчу.

Анын үстүнө, аларды дайыма оңдоп, карап туруу зарыл болчу. Бир кездерде Рим шаары акведуктарды тейлөөгө 700 кишини жумушка алган. Аларды тейлөө чаралары алдын ала долбоорлонгон. Мисалы, жер астынан өткөн акведуктарды оңдош үчүн атайын шахталар жасала турган. Ошондуктан жарактан чыгып калган бөлүктөрүн оңдош керек болгондо инженерлер суунун нугун башка жакка буруп коё алышчу.

Шаардын акведуктары

Б.з. 3-кылымынын башында Рим шаарын суу менен 11 негизги акведук камсыз кылып турчу. Алардын биринчиси — б.з.ч. 312-жылы курулган Аппий акведугу — 16 кмдей аралыкка созулган жана дээрлик толугу менен жердин асты менен өткөн. Ал эми узундугу 69 кмдей аралыкка созулган, айрым бөлүктөрү азыркы күнгө чейин сакталган Клавдий акведугунун 10 кмдей бөлүгү аркалардын үстүндө жайгашкан. Ал аркалардын бийиктиги айрым жерлерде 27 метрге жеткен.

Ал акведуктар аркылуу канча көлөмдөгү суу акчу? Мисалы, жогоруда айтылган Марция акведугу аркылуу күн сайын шаарга 190 миллион литрдей суу келип турчу. Жогорудан күү менен агып келген суу шаарга жетип, суу бөлүштүрүлө турган чуңкурларга топтолчу. Анан ал жерден бутактарга бөлүнүп, башка жактардагы суу бөлүштүрүлчү жайларга жана башка жерлерге барчу. Айрым эсептөөлөргө ылайык, суу бөлүштүргөн жерлердеги суунун көлөмү шаардын ар бир тургунун күнүгө 1 000 литрден ашуун өлчөмдөгү суу менен камсыз кылып турууга жеткен.

Рим акведуктары жөнүндөгү бир китепте «империянын чеги кеңейип отуруп жеткен жакка акведуктардын да жеткени» айтылган («Roman Aqueducts & Water Supply»). Ошондуктан Кичи Азия, Франция, Испания жана Түндүк Африкага саякаттап баргандар байыркы замандын инженериясынын керемети болуп эсептелген акведуктарга бүгүнкү күндө да суктана алышат.

^ абз. 2 Римдиктер суу аккан түтүктөрдү жасагандардын алгачкылары болгон эмес. Андай түтүктөр ага чейин эле Ассирия, Египет, Индия жана Персия сыяктуу өлкөлөрдө болгон.