Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ОЙГОНГУЛА! СЕНТЯБРЬ, 2014

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Дүйнө жүзү

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) билдиргендей, аялдарга кордук көрсөтүү «коомдун саламаттыгына байланыштуу эпидемиялык деңгээлдеги дүйнөлүк көйгөйгө» айланды. ДСУ: «Келечекте аялдардын, болжолу, 35 % чогуу жашаган эркектен же башка эркектен кордук көрөт»,— дейт. «Аялдарга алар менен чогуу жашаган эркектердин кордук көрсөтүшү зомбулуктун эң кеңири тараган түрү,.. андан аялдардын 30 % жабыркоодо».

Британия

Сурамжылоого катышкан 64 303 кишинин 79 % «дүйнөдөгү көптөгөн кагылышууларга жана адамдардын азап тартышына дин себеп болууда» деп эсептейт. 2011-жылы Англияда жана Уэльсте жүргүзүлгөн каттоодон калктын 59 % гана өздөрүн христиан деп эсептээри аныкталган. 2001-жылы болсо андай кишилер 72 % түзгөн. Ошол эле убакыт аралыгында эч бир динди тутпагандардын саны 15 %—25 %га өскөн.

Кытай

Жалпыга маалымдоо каражаттары билдиргендей, жакында эле жарандарды улгайган ата-энесине жөн гана барып турууга эмес, «эмоциялык муктаждыгына» да кам көрүүгө милдеттендирген мыйзам кабыл алынды. Бирок ага ылайык иш кылбагандардын «кандайдыр бир жазага тартылары айтылбайт».

Европа

Кылмыштуу топтор учурда көп колдонулган косметика, жууп-тазалагыч каражаттары сыяктуу товарлардын, жадагалса азык-түлүктүн жасалма түрүн чыгарууда. Азык-түлүктүн сапаты жөнүндө маалымдаган бир уюм: «Продукциянын курамындагы, атүгүл арзан заттардын да дээрлик ар бири жасалма болушу толук ыктымал»,— деп билдирет. Дагы бир адис өнүккөн өлкөлөрдөгү азык-түлүктүн 10 % жасалма экенин айткан.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Бардык эле диндерге ишенсе болобу?

Динден көңүлүңөр калды беле? Эгер ошондой болгон болсо, динге ишениш кыйын болушу мүмкүн. Ыйык Китепти изилдөө динге ишенгенге кандайча жардам берет?