Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ОЙГОНГУЛА! СЕНТЯБРЬ, 2014

 ТАРЫХ БАРАКТАРЫНАН

Испаниянын морискилерди куугунтукташы

Испаниянын морискилерди куугунтукташы

Тарыхтагы бул кейиштүү окуядагы иштердин дээрлик баары чиркөөнүн демилгеси менен жасалган деп айтылып келет. Бул окуя тууралуу окуп көргүлө.

ИСПАНИЯНЫН бийлик төбөлдөрү жарандары бирдей мыйзамга баш ийген христиан өлкөсүн негиздөөнү көздөшкөн. Бутпарастар деп эсептелгендиктен, морискилердин Испанияда жашаганы Кудайдын көз алдында жийиркеничтүү нерсе катары каралган. Ошол себептен, акыры, морискилердин баары өлкөдөн чыгып кетиши керек деген чечим чыккан *.

БАШКА ДИНГЕ ӨТҮҮГӨ МАЖБУРЛОО

Кылымдар бою Испаниядагы маврлар — мудехарлар деп аталган мусулман азчылыгы — католиктердин бийлиги алдында тынч эле жашап келишкен. Алар жашаган айрым аймактарда аларга өздөрүнүн мыйзамына, каада-салттарына карманууга, өз динин тутууга жол берилчү.

Бирок 1492-жылы католик монархтары Фердинанд II менен Изабелла Гранаданы басып алган. Гранада Иберия жарым аралындагы мусулмандар бийлик кылган жерлердин акыркысы болгон. Ал жактагы маврларга, эгер алар багынып беришсе, мудехарлар ээ болгон укуктарга ээ болору айтылган. Бирок кийинчерээк католик дининин төбөлдөрү мусулман азчылыгын куугунтуктоону күчөтүп, католик динине өтүүгө мажбурлай башташкан. Башында түзүлгөн келишим бузулгандыктан, 1499-жылы гранадалык маврлар көтөрүлүшкө  чыккан. Бирок испан өкмөтүнүн аскери көтөрүлүштү дароо басып койгон. Ошондон кийин ал жактагы мусулмандардын айрымдары католик динине өтүүгө мажбур болсо, башкалары өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Католик динине өтүп, Испанияда калып калгандарды жергиликтүү калк морискилер деп атап коюшкан.

«ЧЫНЫГЫ ХРИСТИАН ДА, ЖАКШЫ ЖАРАН ДА БОЛБОЙ ТУРГАНДАР»

Бүт Испания боюнча ислам динине 1526-жылга чейин эле тыюу салынган. Анткен менен морискилер жашыруун түрдө өз динине кармана беришкен жана эл катары маданий өзгөчөлүктөрүн сактап калышкан.

Башында испаниялыктар морискилердин католик динин ооз жүзүндө гана карманышканына көз жумуп келишкен. Себеби алар кол өнөрчүлүк, устачылык менен алектенишчү, ошондой эле кара жумуштун көбүн кылышчу, салык да төлөшчү. Ошентсе да испандыктар менен жуурулушуп кетүүнү каалабаганы үчүн жек көрүндү болуп, бийликтегилер тарабынан да, эл тарабынан да басынтылышкан. Андай мамиленин күч алышына чиркөөнүн морискилердин католик динин чын дилден кабыл алганына шектениши да шыкак болгон.

Көп өтпөй аларга кысым көрсөтүлө баштаган. 1567-жылы Филипп II морискилерге эне тилинде сүйлөөгө, улуттук кийимин кийүүгө, үрп-адаттарына карманууга тыюу салган буйрук чыгарган. Бул алардын кайрадан көтөрүлүшкө чыгышына жана көп кан төгүлүшүнө алып келген.

300 000дей мориск кордук көрүп, Испаниядан айдалган

Тарыхчылардын айтканына ылайык, испан төбөлдөрүнүн «морискилердин чыныгы христиан да, жакшы жаран да болбой турганына» көзү жеткен. Алар морискилерди Испаниянын душмандары: деңизде каракчылык кылган берберлер, француз протестанттары жана түрктөр менен тымызын байланышып, аларга Испанияны басып алууга жардам берүүнү көздөшөт деп айыпташкан. Морискилерди жек көргөндүктөн жана акыры чыккынчылык кылат деп корккондуктан 1609-жылы Филипп III аларды өлкөдөн кууп чыгарууну буйрук кылган *. Кийинки жылдары морискилер деп шек саналгандардын баары куугунтукка алынган. Мына ушундай пастыкка жаткан иш-чаралардын аркасында Испания жалаң католиктер жашаган өлкөгө айланган.

^ абз. 4 «Морискилер» деген сөз испан тилинен которгондо «кичинекей маврлар» дегенди билдирет. Тарыхчылар бул терминди католик динине өтүп, 1492-жылы мусулмандардын бийлиги кулагандан кийин Иберия жарым аралында калып калган мусулмандарга карата колдонушат. Бул сөз аларды басынтуу максатында колдонулбайт.

^ абз. 12 Тарыхчылардын божомолуна ылайык, испан төбөлдөрүнүн бири морискилердин мүлкүн тартып алып, пайда көрүүнү колдогон.